Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жезекиел китебиндеги урунттуу ойлор (2-бөлүк)

Жезекиел китебиндеги урунттуу ойлор (2-бөлүк)

Жахабанын Сөзү тирүү

Жезекиел китебиндеги урунттуу ойлор (2-бөлүк)

БИЗДИН заманга чейинки 609-жылдын декабрь айы. Бабыл падышасы Иерусалимди акыркы жолу курчоого алганы жаткан. Буга чейин Жезекиел Бабылдагы туткундарга алардын сүйүктүү шаары Иерусалим кулап, кыйратыларын айтып келген. Эми ал Кудайдын элинин башына түшкөн кырсыгына кубанган бутпарас элдерге каршы пайгамбарлык кылат. Ал эми Иерусалимдин талкаланышынан он сегиз ай өткөндөн кийин Жезекиел чыныгы сыйынуунун кереметтүү жол менен калыбына келтирилерин кабарлайт.

Жезекиел китебинин 25:1—48:35-аяттарда Ысрайылдын айланасындагы элдерге карата айтылган жана Кудайдын элинин куткарылышы жөнүндөгү пайгамбарлыктар камтылат *. Ал билдирүүлөр, Жезекиел 29:17—20-аяттардагы Мисирге байланыштуу пайгамбарлыктан башкасы, хронологиялык жана тематикалык тартипте баяндалат. Чынында эле, рухтун жетеги менен жазылган Жезекиел китебиндеги кабар «тирүү жана таасирдүү» (Эврейлерге 4:12).

«БУЛ... ЖЕР ЭЙДЕН БАГЫНДАЙ БОЛОТ»

(Жезекиел 25:1—39:29)

Амон, Маап, Эдом, Пелишти, Тир жана Сидон Иерусалимдин кулаганына сүйүнгөнү үчүн Жахаба Жезекиелге аларга каршы пайгамбарлык кылууну буйрат. Мисир болсо таланып-тонолот. Кедр жыгачына салыштырылган «Мисир падышасы фараон жана анын эли» «Бабыл падышасынын кылычы» менен кыйылат (Жезекиел 31:2, 3, 12; 32:11, 12).

Иерусалимдин б.з.ч. 607-жылы талкаланышынан алты айдай өткөн соң, качкындар Жезекиелге келип: «Шаар кыйратылды!» — деп кабарлашат. Ошондо пайгамбар аларга «кайра сүйлөй баштайт» (Жезекиел 33:21, 22). Анын Иерусалимдин калыбына келтирилери жөнүндө айта турган пайгамбарлыгы бар эле. Жахаба: «Алардын үстүнө бир Кайтаруучу коём... Өз кулум Дөөттү коём»,— дейт (Жезекиел 34:23). Эдом ээн жерге айланат, ал эми Жүйүт жери «Эйден багындай болот» (Жезекиел 36:35). Жахаба кайтып келген элин «Гоктун» кол салуусунан коргоорун убадалайт (Жезекиел 38:2).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Жезекиел 29:8—12 — Мисир качан кырк жылга ээн калган? Б.з.ч. 607-жылы Иерусалим кыйратылгандан кийин Жүйүттүн калдыгы, Жеремия пайгамбардын эскертүүлөрүн укпай, Мисирге качып кеткен (Жеремия 24:1, 8—10; 42:7—22). Бирок алар бабылдыктардан баары бир качып кутула алышкан эмес. Себеби Небухаданасар Мисир менен согушуп, аны басып алган. Ошондон кийин Мисир кырк жылга ээн калса керек. Азырынча буга тарыхый далилдер жок. Анткен менен ал пайгамбарлыктын аткарылганы шексиз: Жахаба өз сөзүн дайыма ишке ашырат (Ышайа 55:11).

Жезекиел 29:18 — Кандайча «баарынын чачтары түшүп», «ийиндери тытылган»? Тир шаарын курчоого алуу абдан оор болгон жана көп күчтү талап кылган. Ошондуктан Небухаданасардын аскерлери узак убакыт бою башындагы туулгасын чечпей, чачтары түшүп калган. Ошондой эле шаарды басып алуу үчүн курчоо мунараларын жана тосмолорду курууда курулуш материалдарын көтөрүп жүрүшкөндүктөн, алардын ийиндери тытылган (Жезекиел 26:7—12).

Биз алчу сабактар:

Жезекиел 29:19, 20. Тирликтер байлыгынын көбүн жанындагы аралга көчүрүп кеткендиктен, Небухаданасар Тирден көп олжо ала алган эмес. Небухаданасар текебер, өзүмчүл, бутпарас башкаруучу болсо да, Жахаба кызматы үчүн Мисир жерин анын «аскерине сыйлык» катары берген. Биз да бийликтегилерге кылган кызматы үчүн салык төлөө менен чыныгы Кудайды туурай алабыз. Алар бийлигин кыянат колдонушу же акчабызды өздөрү билгендей пайдаланышы мүмкүн. Бирок бул бизди салык төлөөдөн бошотпойт (Римдиктерге 13:4—7).

Жезекиел 33:7—9. Бүгүнкү күндөгү сакчы тобу — майланган калдык — менен алардын шериктери элдерге Падышалык жөнүндө жакшы кабар айтууну жана «чоң алаамат» жакындап келатканын эскертүүнү токтотпошу керек (Матай 24:21).

Жезекиел 33:10—20. Биздин куткарылуубуз жаман жолдон бурулуп, Кудайдын талаптарына ылайык жашаганыбыздан көзкаранды. Чынында эле, Жахабанын жолу «туура».

Жезекиел 36:20, 21. «Теңирдин [Жахабанын] эли» деген атка ылайык жашабагандыктан, ысрайылдыктар башка элдердин алдында Анын ысмын булгашкан. Биз Жахабага сөз жүзүндө эле сыйынып калбашыбыз керек.

Жезекиел 38:1—23. Жахабанын өз элин Магок жериндеги Гоктун кол салуусунан куткарарын билүү бизди кандай гана бекемдейт! Гок деген ысым «бул дүйнөнүн төрөсү» Шайтан Ибилиске асмандан түшүрүлгөндөн кийин берилген. Ал эми Магок жери Шайтан менен жин-перилер түшүрүлгөн Жердин айланасын билдирет (Жакан 12:31; Аян 12:7—12).

«САГА ЭМНЕНИ КӨРСӨТСӨМ, ОШОНУН БААРЫН ДИТ КОЮП КАРА»

(Жезекиел 40:1—48:35)

Иерусалим шаары кулагандан бери 14 жыл өттү (Жезекиел 40:1). Сүргүндүн 56 жылы али алдыда (Жеремия 29:10). Жезекиелдин жашы элүүгө чамалап калды. Көрүнүштө ал Ысрайыл жерине алынып барылат. Ошондо ага мындай деп айтылат: «Адам уулу! Көзүң менен көр, кулагың менен ук, Мен сага эмнени көрсөтсөм, ошонун баарын дит коюп кара» (Жезекиел 40:2—4). Жезекиел аянда жаңы ийбадаткананы көрүп, абдан толкунданса керек.

Жезекиел көргөн кереметтүү ийбадаткананын алты дарбазасы, тамак иче турган отуз бөлмөсү, Ыйык жайы, Ыйыктардын Ыйыгы, жыгачтан жасалган курмандык чалынуучу жайы жана бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар чалынуучу жайы бар эле. Ийбадатканадан «агып турган» суу көбөйүп отуруп чоң дарыяга айланат (Жезекиел 47:1). Ошондой эле Жезекиел аянда урууларга жер бөлүнүп берилгенин көрөт. Ар бир үлүш чыгыштан батышты көздөй бөлүнүп отурган. Жүйүт менен Бенжеминдин үлүшүнүн ортосунда башкаруу тилкеси жайгашкан. Ошол тилкеде «Теңирдин ыйык жайы» жана «Теңир ошол жерде болот» деген шаар да жайгашкан (Жезекиел 48:9, 10, 15, 35).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Жезекиел 40:3—47:12 — Көрүнүштөгү ийбадаткана эмнени билдирет? Жезекиел көргөн ийбадаткана, чынында, ушунчалык чоң болгондуктан аны куруу мүмкүн эмес эле. Ал Кудайдын рухий ийбадатканасын — биздин күндөрдө таза сыйынуу үчүн караштырылган чарасын — билдирет (Жезекиел 40:2; Михей 4:1; Эврейлерге 8:2; 9:23, 24). Ийбадаткана жөнүндөгү көрүнүш «акыркы убакта», ыйык кызмат кылуучулар тобу «тазаланганда» аткарылган (2 Тиметейге 3:1; Жезекиел 44:10—16; Малахия 3:1—3). Бирок бул пайгамбарлык толугу менен Бейиште аткарылат. Учурунда бул көрүнүш аркылуу туткундагы жүйүттөр таза сыйынуу калыбына келтирилерине жана ар бир үйбүлө мекенине кайтып, жер үлүшүн аларына ынандырылган.

Жезекиел 40:3—43:17 — Ийбадаткананын ченелиши эмнени түшүндүрөт? Бул Жахабанын таза сыйынууга байланыштуу ой-ниети сөзсүз аткарыларын билдирет.

Жезекиел 43:2—4, 7, 9 — Ийбадатканадан алынып салына турган «падышаларынын өлүктөрү» деген эмне? Өлүктөр буркандарды билдирген көрүнөт. Иерусалимдин башкаруучулары жана эли Кудайдын ийбадатканасына буркандарды коюу менен аны булгап, аларды «падыша» кылып алышкан.

Жезекиел 43:13—20 — Жезекиел көргөн курмандык чалынуучу жай эмнени символдоштурат? Каймана маанидеги курмандык чалынуучу жай Ыйсанын куткаруу курмандыгына байланыштуу Кудайдын эркин билдирет. Куткаруу курмандыгынын аркасында майлангандар Кудайдын алдында адил деп, «эбегейсиз көп адамдар» болсо таза деп жарыяланышкан (Аян 7:9—14; Римдиктерге 5:1, 2). Ошон үчүн, сыягы, Жезекиелдин аянында Сулаймандын ийбадатканасында жайгашкан жана ыйык кызмат кылуучулар жууна турган суу куюлган жез чара жок болгон көрүнөт (1 Падышалар 7:23—26).

Жезекиел 44:10—16 — Ыйык кызмат кылуучулар тобу кимди билдирет? Алар — Ыйсанын биздин күндөрдөгү майланган жолдоочуларынын прообразы. Жахаба аларды 1918-жылы өзүнүн рухий ийбадатканасында «эритип тазалаган» (Малахия 3:1—5). Таза болуп табылгандары же өкүнгөндөрү кызмат кылуу сыймыгын андан ары улантышкан. Ошондон бери алар өздөрүн «бул дүйнөдө таза сактоого» аракет кылуу менен ыйык кызмат кылуучулар тобуна кирбеген «эбегейсиз көп адамдарга» үлгү көрсөтүшүүдө (Жакып 1:27; Аян 7:9, 10).

Жезекиел 45:1; 47:13—48:29 — «Жер» жана жер үлүшү эмнени түшүндүрөт? Жер Кудайдын элинин жүргүзгөн жалпы иш-аракетин билдирет. Жахабанын кызматчысы каерде болбосун, таза сыйынууну колдосо, калыбына келтирилген жерде жашап жаткан болот. Жер бөлүштүрүү жөнүндөгү убада толугу менен жаңы дүйнөдө аткарылат. Ошол убакта ар бир ишенимдүү адам мураска жер алат (Ышайа 65:17, 21).

Жезекиел 45:7, 16 — Элдин ыйык кызмат кылуучуга жана төрөгө берген тартуусу эмнени билдирет? Рухий ийбадатканада бул, негизинен, рухий жактан көрсөтүлгөн жардамды: колдоо көрсөтүүнү жана кызматташтык рухун чагылдырууну билдирет.

Жезекиел 47:1—5 — Жезекиел көргөн дарыядагы суу эмнени билдирет? Суу Жахабанын өмүр үчүн берген рухий белектерин, анын ичинде Ыйса Машайактын куткаруу курмандыгын жана Ыйык Китептеги Кудай жөнүндөгү билимди билдирет (Жеремия 2:13; Жакан 4:7—26; Эфестиктерге 5:25—27). Ал дарыя барган сайын кеңейип, жаңылар чыныгы сыйынууга агылып келүүдө (Ышайа 60:22). Дарыянын өмүр суусу Миң жылдыктын убагында күргүштөп агат жана кийин ачыла турган «китептерди» түшүнүүгө өбөлгө түзөт (Аян 20:12; 22:1, 2).

Жезекиел 47:12 — Жемиш берүүчү дарактар деген эмне? Каймана маанидеги дарак — адамзатты жеткилеңдикке жеткирүү үчүн Кудайдын караштырган рухий чаралары.

Жезекиел 48:15—19, 30—35 — Жезекиел көргөн шаар эмнени билдирет? «Теңир ошол жерде» деген шаар «жалпы пайдалануу үчүн» караштырылган жерде жайгашкан. Демек, ал жер үстүндөгү бир нерсени билдирет. Ал шаар — «жаңы жерге», башкача айтканда, адил адамдарга пайда алып келе турган жердеги башкаруу системасы (2 Петир 3:13). Ар бир тарабында жайгашкан дарбазасы анын дайым ачык экенин көрсөтүп турат. Кудай элинин арасындагы көзөмөлчүлөр да башкалар оңой кайрыла алгыдай болушу керек.

Биз алчу сабактар:

Жезекиел 40:14, 16, 22, 26. Кире бериштеги дубалдарда тартылган пальма дарагынын сүрөтү ийбадаткананын ичине адеп-ахлактык тазалыкты сактагандар гана кире алганын көрсөтүп турат (Забур 91:13). Демек, сыйынуубуз Жахабага жагышы үчүн адил жашоо өткөрүшүбүз керек.

Жезекиел 44:23. Азыркы ыйык кызмат кылуучулар тобунун кызматына ыраазы болууга көптөгөн себептер бар. «Ишенимдүү жана акылдуу кул» жетекчиликти колго алып, рухий тамакты өз убагында камсыз кылуу менен Жахабанын көз алдында эмне таза, эмне таза эмес экенин айырмалай билишибизге жардам берип келүүдө (Матай 24:45).

Жезекиел 47:9, 11. Билим — каймана маанидеги суунун маанилүү бөлүгү — аркылуу биздин күндөрдө айыктыруу иши жүргүзүлүүдө. Ал суу кайсы жерде акпасын, адамдарга рухий өмүр берет (Жакан 17:3). Ал эми өмүр берүүчү сууну кабыл албагандар «туз үчүн калтырылат» же биротоло жок кылынат. «Чындык сөзүн туура жеткирген кызматчы болууга аракеттенгенибиз» кандай гана маанилүү! (2 Тиметейге 2:15).

«ӨЗҮМДҮН УЛУУ ЫСЫМЫМДЫ ЫЙЫК КЫЛАМ»

Дөөттүн тукумундагы акыркы падышаны четтеткенден кийин Кудай падышалык «Кимге таандык болсо, Ошол келгенге чейин» көп убакыт өтүшүнө жол берген. Бирок Кудай Дөөт менен түзгөн келишимин унуткан эмес (Жезекиел 21:27; 2 Шемуел 7:11—16). Жезекиелдин пайгамбарлыгында «өз кулу Дөөт» «койчу» жана падыша болору алдын ала айтылган (Жезекиел 34:23, 24; 37:22, 24, 25). Албетте, ал — падыша Ыйса Машайак (Аян 11:15). Жахаба Мессиялык Падышалык аркылуу өзүнүн «улуу ысмын» ыйыктайт (Жезекиел 36:23).

Кудайдын ыйык ысмын булгагандардын баары жакында жок кылынат. Ал эми Жахабага жаккандай сыйынып, анын ысмын ыйыктагандар түбөлүк өмүрдү мурасташат. Ошондуктан, келгиле, азыркы убакта мол агып жаткан өмүр суусунан толук пайда алып, жашообузда чыныгы сыйынууну биринчи орунга коёлу.

[Шилтемелер]

[25-беттеги сүрөт]

Жезекиел аянда көргөн кереметтүү ийбадаткана

[26-беттеги сүрөт]

Жезекиелдин көрүнүшүндөгү өмүр суусу эмнени билдирет?

Pictorial Archive (Near Eastern History) Est.