Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын алдында байсыңбы?

Кудайдын алдында байсыңбы?

Кудайдын алдында байсыңбы?

«Өзү үчүн байлык жыйнаган, бирок Кудайдын байлыгы менен байыбаган адамга ушундай болот» (Лука 12:21).

1, 2. а) Адамдар эмнеге жетүү үчүн чоң курмандыктарга барышат? б) Ыйсанын жолдоочулары кандай кыйынчылыкка кабылат?

КЫЛЫМДАР бою ар кайсы доордогу адамдар байлыкка жетүүнү көздөп келишкен. Мисалы, 19-кылымда Австралияда, Түштүк Африкада, Канадада жана Кошмо Штаттарда жашаган адамдар алтын издөө «оорусуна» чалдыгып, үй-жайын, үйбүлөсүн таштап, баюу үчүн бөтөн эл, бөтөн жерге кетишкен. Ооба, көптөр жүрөгү эңсеген байлыкка умтулгандыктан, өмүрүн тобокелге салып, чоң курмандыктарга барууда.

2 Бүгүн адамдардын көбү кадимки кенчти издебесе да, жашоого каражат табуу үчүн оор эмгектенишет. Бул азыркы түзүлүштө көп күч-аракетти талап кылып, бир топ кыйынчылыктар менен коштолушу мүмкүн. Адам тамак-аш, кийим-кечек, үй маселесине байланыштуу түйшүк менен алпурушуп жүрүп, маанилүү нерселерди көңүлгө албай, атүгүл унутуп калышы ыктымал (Римдиктерге 14:17). Ыйса адамдын ушундай ийкемдүүлүгүн так сүрөттөгөн мисал айтып берген. Аны Лука 12:16—21-аяттардан окуйбуз.

3. Лука 12:16—21-аяттарда жазылган мисалды кыскача айтып бер.

3 Өткөн макалада талкуулангандай, ачкөздүктөн сак болуу керектигин эскерткенден кийин Ыйса бай адам жөнүндө бир мисал айтып берет. Кампалары жык толгонуна ыраазы болбогон ал киши аларды буздуруп, көбүрөөк түшүм жыйноо үчүн чоңураак кылып салдырат. Анан жыргап-куунап жашайм деп ойлогондо, Кудай ага жашоосунан айрыларын, жыйган-тергенинин баары башка бирөөгө каларын айтат. Акырында Ыйса мындай жыйынтык чыгарат: «Өзү үчүн байлык жыйнаган, бирок Кудайдын байлыгы менен байыбаган адамга ушундай болот» (Лука 12:21). Бул көрсөтмөлүү мисалдан биз эмнеге үйрөнө алабыз жана аны жашообузда кантип колдонсок болот?

«Эмне кылсам?»

4. Ыйсанын мисалындагы киши кандай болгон деп айта алабыз?

4 Ыйык Китептеги бул мисал көптөргө белгилүү. Ыйса ал окуяны: «Бир бай адам талаасынан мол түшүм алат»,— деп баштаганына көңүл бурсаңар. Ыйык Китепте анын бирөөлөрдү алдап же кандайдыр бир мыйзамсыз жол менен байлык тапкан деп айтылбайт. Бир сөз менен айтканда, ал жаман киши катары сүрөттөлбөйт. Балким, ал үйбүлөсүнүн жыргалчылыгын ойлоп, келечегине кам көрүп, көп эмгектенгендир. Дүйнөлүк көзкараш менен караганда, ал өз милдетин аткара билген, эмгекчил кишидей көрүнөт.

5. Ыйсанын мисалындагы киши кандай маселеге туш болот?

5 Кандай болбосун, мисалдагы кишини Ыйса бай деп айткан. Демек, анын ага чейин жыйнаган мал-мүлкү көп болгон. Бирок ал баш катырган бир маселеге туш болот: жеринен өзү ойлогондон да, өзүнө керек болгондон да, сактай алгандан да көп түшүм алат. Эми ал эмне кылмак?

6. Бүгүн Кудайдын кызматчыларына кандай чечим чыгарууга туура келет?

6 Жахабанын Күбөлөрүнүн көбү бүгүнкү күндө жогоруда айтылган бай кишиникиндей жагдайга кабылышат. Кудайдын кызматчылары жумушта чынчыл, аракетчил, ак ниет болууга умтулушат (Колосалыктарга 3:22, 23). Алар бирөөгө иштейби же жеке иши барбы, мыкты иштегендиктен, көп учурда ийгиликке жетишет. Ошондуктан жумушу боюнча өйдө көтөрүлүү же көп маяналуу иш сунушталганда аларга чечим чыгарууга туура келет. Андайда алар эмне кылат: сунушту кабыл алып, көбүрөөк акча табууга умтулушабы? Жахабанын Күбөсү болгон жаштар да мектепте башкалардан айырмаланып, жакшы окушат. Натыйжада сыйлыктар берилип, беделдүү жогорку окуу жайларда окууга мүмкүнчүлүктөр түзүлүшү мүмкүн. Алар көпчүлүктү туурап, берилген сунуштарга макул болушабы?

7. Ыйсанын мисалындагы киши эмне кылган?

7 Көңүлүбүздү кайрадан Ыйсанын мисалына буралы. Бай киши жеринен абдан мол түшүм алып, аны сактай турган жайы калбай калганда эмне кылган? Эски кампаларын бузуп, ашып-ташыган түшүмүн жыйноо үчүн чоң кампаларды курууну чечкен. Муну ишке ашыргандан кийин канааттануу алып, өзүн коопсуз сезгендиктен, ал ичинен: «Жаным, сенде көп жылдарга жете турган байлык бар. Эс ал, ичип-же, көңүл ач»,— дейт (Лука 12:19).

Эмне үчүн «акылсыз»?

8. Бай киши эмнени эске алган эмес?

8 Ыйсанын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, бай кишинин планы ага коопсуз жашоону камсыз кылмак эмес. Ишинин жыйынтыгы жакшы болчудай көрүнгөнү менен ал маанилүү нерсени — Кудайдын эркин — эске албай калган. Ал өзү жөнүндө гана: кантип эс алып, ичип-жеп, көңүл ачарын ойлогон. Көп «байлыкка» ээ болгондуктан, «көп жыл» жашайм деген. Тилекке каршы, баары ал элестеткендей болгон эмес. Ыйса айткандай, «адамдын өмүрү байлыгынын көптүгүнө көз каранды эмес» (Лука 12:15). Ошол эле түнү бай киши жыйган-тергенинин баарынан күтүлбөгөн жерден айрылмак. Кудай ага: «Акылсыз, ушул түнү жаның алынат. Ошондо сенин жыйып койгондоруң кимге калат?» — деген (Лука 12:20).

9. Мисалдагы киши эмне себептен акылсыз делген?

9 Ыйсанын мисалындагы негизги ойго токтололу. Кудай ал бай кишини «акылсыз» деп атаган. Бир сөздүккө ылайык, бул жерде колдонулган грек сөзүнүн формасы «түшүнүү жөндөмдүүлүгүнүн жоктугу» деген маанини берет. Ал сөздүктө белгиленгендей, Кудайдын байды «акылсыз» деп атаганы «баюуну көздөп түзгөн пландарынын пайдасыздыгын» көрсөтөт. Бирок бул адамдын логикалык ой жүгүртүүсүнүн жетишсиздигин эмес, «Кудайдан көзкаранды экенин моюнга алуудан баш тартканын» билдирет («The Exegetical Dictionary of the New Testament»). Ал мисал Ыйсанын кийинчерээк биринчи кылымдагы жолдоочуларына айткан сөздөрүн эсибизге салат. Ал Лаодикеядагы (Кичи Азия) жыйналышка: «Сен: “Мен баймын, байып калдым, эч нерсеге муктаж эмесмин“,— деп айтып жатасың. Бирок сен өзүңдүн бактысыз, аянычтуу, жакыр, сокур жана жылаңач экендигиңди билбейсиң»,— деген (Аян 3:17).

10. «Байлык» эмне үчүн адамдын «көп жыл» жашаарына кепилдик бербейт?

10 Бул мисалдан эмнеге үйрөнө аларыбыз жөнүндө ой жүгүрткөнүбүз маанилүү. Биз жогоруда айтылган бай кишидей болуп, «байлыкка» ээ болууга умтулуп жатабызбы же «көп жыл» жашоо үчүн чындап зарыл болгон нерселерди жасап жатабызбы? (Жакан 3:16; 17:3). Ыйык Китепте айтылгандай, «каар төгүлө турган күнү байлык жардам бербейт», тескерисинче, «байлыгына таянган адам кулайт» (Накыл сөздөр 11:4, 28). Ошондуктан Ыйса мындай деп эскерткен: «Өзү үчүн байлык жыйнаган, бирок Кудайдын байлыгы менен байыбаган адамга ушундай болот» (Лука 12:21).

11. Байлыкка таянып, аны коопсуздуктун булагы катары көрүү эмне себептен пайдасыз?

11 «Ушундай болот» деген сөздөр менен Ыйса байлыкка таянган жана аны коопсуздуктун булагы катары көргөн адамдар акыры акылсыз байдыкындай кесепетке кабыларын баса белгилеген. Анын негизги кемчилиги — Кудайдын алдында байыбай, «өзү үчүн байлык жыйнаганында» эле. Шакирт Жакып да ушу сыяктуу эскертүү берген: «„Бүгүн же эртең баланча шаарга барып, ал жерде бир жыл жашап, соода кылып пайда табабыз“,— дегендер, кулак салгыла, силер, эртең эмне болорун билбейсиңер». Алар эмне кылышы керек эле? «Анын ордуна: „Кудай буюрса, аман болсок, тигини же муну кылабыз“,— дешиңер керек эле»,— деп айтылган (Жакып 4:13—15). Демек, адамдын байлыгы, мал-мүлкү канчалык көп болбосун, Кудайдын алдында бай болбосо, анын баары пайдасыз. Анда Кудайдын алдында бай болуу деген эмнени билдирет?

Кудайдын алдында баюу

12. Бизди Кудайдын алдында эмне байытат?

12 Ыйсанын айтканы боюнча, Кудайдын алдында баюу менен өзүнө байлык топтоо бири-бирине карама-каршы келет. Демек, Ыйса муну менен байлык жыйноо же жыйнаган нерселерибиздин ырахатын көрүү жашообузда негизги орунда турбашы керектигин белгилеген. Биз колубуздагынын баарын Жахаба менен болгон мамилебизди бекемдөөгө жумшашыбыз керек. Ошондо Кудайдын алдында сөзсүз бай боло алабыз. Анткени бул көптөгөн баталарга жол ачат. Ыйык Китепте мындай делет: «Теңирдин батасы байытат, өзү менен кошо кайгы алып келбейт» (Накыл сөздөр 10:22).

13. Жахабанын батасы кандайча «байытат»?

13 Жахаба өз элине батасын төккөндө, дайыма эң жакшысын берет (Жакып 1:17). Мисалы, Ал ысрайылдыктарды «сүт менен бал аккан жерге» алып келген. Мисир жери да ошондой сүрөттөлгөнү менен Жахаба ысрайылдыктарга тартуу кылган жер, жок эле дегенде, бир жагынан өзгөчө эле. «Ал жер — Кудай-Теңириң кам көргөн жер»,— деген Муса. Башкача айтканда, Жахаба өзү кам көргөндүктөн, алар гүлдөп, ийгиликке жетишкен. Ысрайылдыктар Жахабага берилгендигин сактаганда, мол бата алышкан жана аларды курчап турган кошуна элдерден жакшы жашашкан. Чынында эле, Жахабанын батасы «байытат»! (Сандар 16:13; Мыйзам 4:5—8; 11:8—15).

14. Кудайдын алдында бай болгондор кандай бата алышат?

14 «Кудайдын байлыгы менен баюу» деген сөз айкашы башка котормолордо «Кудайдын көз алдында баюу» деп да берилет («The New Testament in Modern English, by J. B. Phillips»). Материалдык жактан бай болгондор башкалардын көз алдында кандай таасир калтырарын көбүрөөк ойлошот. Жашоосунан көрүнүп тургандай, алар байлыгы, «колунда болгон нерселери менен» мактанып, башкаларды таасирлентүүгө умтулушат (1 Жакан 2:16, «ЖД»). Ал эми Кудайдын көз алдында бай болууга умтулгандар анын жактыруусуна, ырайымына ээ болуп, аны менен болгон ынак мамиледен кубаныч алышат. Бул аларга бир да материалдык жыргалчылык бере албаган бакытты, коопсуздукту тартуулайт (Ышайа 40:11). Бирок: «Кудайдын көз алдында бай болуу үчүн эмне кылышыбыз керек?» — деген суроо дагы деле жоопсуз калууда.

Кудайдын көз алдында байыгандар

15. Кудайдын алдында бай болуу үчүн эмне кылышыбыз зарыл?

15 Ыйсанын мисалындагы киши керт башынын кызыкчылыгын ойлоп, баюу үчүн талбай эмгектенгендиктен акылсыз делген. Демек, Кудайдын алдында баюу үчүн Анын көзкарашы боюнча баалуу болгон иштерге толук катышууга умтулушубуз керек. Андай иштердин бирин Ыйсанын төмөнкү буйругунан биле алабыз. «Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла»,— деген ал (Матай 28:19). Андыктан убактыбызды, күчүбүздү, шык-жөндөмүбүздү өзүбүздүн жашоо-шартыбызды жакшыртуу үчүн эмес, кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине жумшашыбыз зарыл. Муну банкка акча салуу менен салыштырууга болот. Бул рухий мол «киреше» алууга шарт түзөрүн төмөнкү окуялар тастыктап турат (Накыл сөздөр 19:17).

16, 17. Кудайдын алдында байыгандардын окуяларынан айтып бере аласыңбы?

16 Азиянын бир өлкөсүндөгү Ыйсанын жолдоочусу компьютер боюнча адис болгондуктан, айлыгы көп жумушта иштечү. Бирок жумушу анын дээрлик бардык убактысын алып, рухийлигин алсыраткан. Ошондуктан ал рухий жактан өсүүгө көбүрөөк убакыт бөлүү үчүн жумушунан бошонуп, балмуздак жасап сата баштайт. Аны мурдагы чогуу иштешкендери шылдыңдашат. Бирок анын мындай чечим чыгарганынын жыйынтыгы кандай болгон? «Компьютер менен иштегенге караганда көбүрөөк таап калдым.— дейт ал.— Мурдагыдай жумуштан көп стресс болбогондуктан, өзүмдү бактылуу сезем. Баарынан маанилүүсү, Жахабага жакындадым». Жашоосунда жасаган өзгөрүүлөр бул биртууганга толук убакытта кызмат кылууга шарт түзгөн. Учурда ал өлкөсүндөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалында кызмат кылат. Ооба, Жахабанын батасы, чынында эле, «байытат».

17 Дагы бир ишенимдешибиз менен болгон окуяны карап көрөлү. Ал кыз жогорку билим алуу негизги орунда турган үйбүлөдө чоңойгондуктан, Франциянын, Мексиканын, Швейцариянын университеттеринде окуп, беделдүү ишканаларда иштөөгө мүмкүнчүлүк алган. «Кадыр-баркка ээ болдум, көп ийгиликтерге жеттим.— дейт ал.— Бирок баары бир көкүрөгүм толбой, бир нерсе жетишпегенсип жатты». Кийин ал Жахаба жөнүндө билим алат. «Рухий жактан өскөн сайын, Жахабага көбүрөөк жагууну каалай баштадым. Анын мага кылган жакшылыгы үчүн жүрөгүм ыраазычылыкка толуп, кайсы жолду тандашым керектигин түшүнгөндүктөн, толук убакытта кызмат кылууну чечтим»,— дейт. Ал жумушунан бошонуп, көп өтпөй чөмүлтүлгөн. Жыйырма жылдан бери ал толук убакытта кубанычтуу кызмат кылып келатат. «Кээ бирөөлөр мени алган билимин талаага кетирип жатат деп ойлошот. Бирок алар менин бактылуу экенимди көрүп, жактаган принциптеримди сыйлашат. Мен Жахабанын жактыруусуна ээ болуш үчүн, күнүгө момундук сурап тиленем»,— деп кошумчалайт.

18. Биз Пабылдай болуп, кандайча Кудайдын алдында бай боло алабыз?

18 Кийин элчи Пабыл болгон Шабылдын да учурунда коомдо көрүнүктүү абалды ээлөөгө мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок ал: «Теңирим Машайак Ыйсаны таанып билүү артыкчылыгы үчүн башка нерсенин баарын пайдасыз деп эсептейм»,— деген (Филипиликтерге 3:7, 8). Пабыл Ыйса аркылуу ээ болгон байлыгын жогору баалап, дүйнө сунуштаган нерсенин баарын пайдасыз деп тапкан. Ошо сыңары, биз да өзүмчүл каалоолордон баш тартып, берилгендигибизди сактап жашасак, Кудайдын көз алдында бай боло алабыз. Кудай Сөзү бизди: «Моюн сунуудан кийин, Теңирден коркуу, байлык, атак-даңк жана өмүр келет»,— деп ынандырат (Накыл сөздөр 22:4).

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Ыйсанын мисалындагы кишинин кандай маселеси бар эле?

• Бай киши эмне үчүн акылсыз деп аталган?

• Кудайдын алдында бай болуу эмнени билдирет?

• Кудайдын алдында канткенде бай боло алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[29-беттеги сүрөт]

Көп маяналуу иш сунушталганда ишенимибиз кандайча сыналат?

[30-беттеги сүрөт]

«Теңирдин батасы байытат»

[32-беттеги сүрөт]

Бай киши эмне үчүн акылсыз делген?