Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Рухтун жетеги менен жашап» жатасыңарбы?

«Рухтун жетеги менен жашап» жатасыңарбы?

«Рухтун жетеги менен жашап» жатасыңарбы?

«Ыйык Рухтун жетеги менен жашагыла, ошондо денеңердин күнөөлүү каалоолорун аткарбайсыңар» (Галатиялыктарга 5:16).

1. Ыйык рухка каршы күнөө жасап албоо үчүн эмне кылышыбыз керек?

ЫЙЫК РУХКА каршы күнөө жасап албоо үчүн эмне кылуу керек? Ан үчүн Пабылдын айткандарына ылайык иш кылышыбыз зарыл. Ал мындай деген: «Ыйык Рухтун жетеги менен жашагыла, ошондо денеңердин күнөөлүү каалоолорун аткарбайсыңар» (Галатиялыктарга 5:16). Ооба, ыйык рухка жетектелсек, дененин каалоолоруна алдырбайбыз (Римдиктерге 8:2—10).

2, 3. Рухтун жетеги менен жашоо бизге кандай таасир этет?

2 Ыйык рухтун же Жахабанын иш-аракеттүү күчүнүн «жетеги менен жашасак», ал бизге Жахабага баш ийүүгө түрткү берет. Андан сырткары, Кудайдын сапаттарын кабар айтууда, жыйналышта, үйдө жана башка жерлерде чагылдырууга көмөк кылат. Ыйык рухтун жемишин чагылдырып жатканыбыз жубайыбызга, балдарыбызга, ишенимдештерибизге жана башкаларга жасаган мамилебизден көрүнө баштайт.

3 Ыйык рухтун жетеги менен жашоо бизди күнөө кылуудан да сактайт (1 Петир 4:1—6). Эгер рухка жетектелсек, эч качан кечирилгис күнөө жасабайбыз. Рухтун жетеги менен жашоонун дагы кандай пайдалары бар?

Кудай менен Машайакка жакындай бер

4, 5. Ыйык рухтун жетеги менен жашоо Ыйса жөнүндөгү көзкарашыбызга кандай таасир этет?

4 Эгерде ыйык рухтун жетеги менен жашасак, Жахаба жана Машайак менен ар дайым тыгыз мамиледе болобуз. Рух аркылуу берилүүчү жөндөмдүүлүктөр тууралуу жазып жатып, Пабыл Корунттагы ишенимдештерине мындай деген: «Ошондуктан силерге [мурун бурканга сыйынгандарга] айтарым: „Кудайдын Руху аркылуу сүйлөгөн адам Ыйсага каршы анафема [каргыш] айтпайт жана ал Кудайдын Руху аркылуу гана Ыйсаны “Теңир“ дей алат“» (1 Корунттуктарга 12:1—3). Демек, адамдарды Ыйсага каргыш айтууга түрткөн рухтун баары Шайтандан. Ал эми ыйык рухка жетектелгендиктен, биз Ыйсанын жолдоочулары катары Жахабанын Ыйсаны тирилтип, бардык жаратуулардан жогору койгонуна ишенебиз (Филипиликтерге 2:5—11). Ошондой эле Ыйсанын куткаруу курмандыгына ишенип, аны Жахаба дайындаган Падыша катары кабыл алабыз.

5 Б.з. І кылымында Ыйсанын жолдоочуларыбыз дегендердин кээ бирлери Ыйсанын адам болуп келгендигин четке кагышкан (2 Жакан 7—11). Ушундай көзкараштан улам айрымдар Ыйса — Мессия — жөнүндөгү чындыкты кабыл алышкан эмес (Марк 1:9—11; Жакан 1:1, 14). Ыйык рухтун жетеги менен жашоо бизди чындыктан чегинүүчүлүктөн сактайт. Рухий жактан дайыма сергек болуу менен гана Жахабанын ырайымына ээ болуп, «чындык жолунда жүрө» алабыз (3 Жакан 3, 4). Ошондуктан, келгиле, чындыктан чегинүүчүлүктү чечкиндүүлүк менен четке кагып, асмандагы Атабыз менен болгон мамилебизди бекем сактайлы.

6. Ыйык рух ага жетектелгендерге кандай сапаттарды өрчүтүүгө жардам берет?

6 Пабыл бурканга табынуучулук менен сектантчылыкты «күнөөкөр табияттын иштерине» кирген бузуктук жана бузуку жүрүм-турум менен бирдей эле санап өткөн. Ал мындай деген: «Машайак Ыйсага тиешелүү болгондор өздөрүнүн күнөөкөр табиятын кумардануулары жана күнөөлүү каалоолору менен бирге айкаш жыгачка кадашкан. Эгерде биз Рух аркылуу өмүргө ээ болсок, анда Рухтун жетеги менен жашайлы» (Галатиялыктарга 5:19—21, 24, 25). Кудайдын иш-аракеттүү күчү, ыйык руху, ага жетектелгендерге кандай сапаттарды өрчүтүүгө жардам берет? Пабыл: «Рухтун жемиши болсо булар: сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамдуулук, ак көңүлдүк, боорукердик, ишенимдүүлүк, момундук, өзун өзү токтото билүү»,— деп жазган (Галатиялыктарга 5:22, 23). Келгиле анда, булардын ар бирин карап чыгалы.

«Бири-бирибизди сүйүү»

7. Сүйүү деген эмне жана ага эмнелер мүнөздүү?

7 Сүйүү — ыйык рухтун жемишинин бири — ынактыкты жана кимдир бирөөгө чын дилден кам көрүүнү билдирет. Кудай сүйүүнүн жандандырылышы болгондуктан, Ыйык Китепте: «Кудай — сүйүү»,— деп айтылат. Кудайдын жана анын Уулунун адамзатка болгон улуу сүйүүсү Ыйса Машайактын куткаруу курмандыгы аркылуу көрсөтүлгөн (1 Жакан 4:8; Жакан 3:16; 15:13; Римдиктерге 5:8). Бизди, Ыйсанын жолдоочуларын, бири-бирибизге көрсөткөн сүйүүбүз айырмалап турат (Жакан 13:34, 35). Андыктан бизден «бири-бирибизди сүйүү» талап кылынат (1 Жакан 3:23). Пабыл сүйүү эбегейсиз чыдамдуу жана боорукер экендигин айткан. Ошондой эле сүйүү көрө албастык кылбайт, мактанбайт, текеберденбейт, адепсиздик кылбайт, өз пайдасын көздөбөйт, ачууланбайт, кек сактабайт, адилетсиздикке кубанбайт, чындыкка кубанат, баарын жаап коёт, баарына ишенет, баарынан үмүт үзбөйт, баарын көтөрөт, андан тышкары, ал эч качан токтобойт (1 Корунттуктарга 13:4—8).

8. Жахабага жана ишенимдештерибизге эмне үчүн сүйүү көрсөтүшүбүз керек?

8 Эгер ыйык рухтун бизде сүйүү өстүрүшүнө жол берсек, ал сапат Кудай жана жакындарыбыз менен болгон мамилебизден көрүнөт (Матай 22:37—39). Элчи Жакан мындай деп жазган: «Бир тууганын сүйбөгөн адам өлүмдүн бийлиги астында. Бир тууганын жек көргөн адам — киши өлтүрүүчү. Киши өлтүрүүчү адам өзүндө бар болуп турган түбөлүк өмүргө ээ эмес экендигин силер билесиңер» (1 Жакан 3:14, 15). Ысрайылдын убагында киши өлтүргөн адам өлтүрүлгөн кишини мурда-кийин жек көрбөсө гана баш калкалай турган шаарда кала алмак (Мыйзам 19:4, 11—13). Эгер ыйык рухка жетектелсек, Кудайга, ишенимдештерибизге жана башкаларга сүйүү көрсөтөбүз.

«Теңирдин алдында кубануу силерге күч болот»

9, 10. Кубанууга кандай себептер бар?

9 Жахаба «бактылуу Кудай» (1 Тиметейге 1:11, «ЖД»; Забур 103:31). Кудайдын Уулу да анын эркин аткаруудан кубаныч алат (Забур 39:9; Эврейлерге 10:7—9). Ошондой эле «Теңирдин алдында кубануу силерге [бизге] күч болот» (Некемия 8:10).

10 Кыйынчылыктар менен куугунтукка дуушар болуп, кайгыга батып жатсак да, Кудайдын эркин аткаруудан кубаныч жана терең канааттануу алабыз. Кудай жөнүндө «билимге жетүү» кандай бакыт! (Накыл сөздөр 2:1—5). Кубаныч тартуулап жаткан Кудай менен болгон мамилебиз так билимге, Ага жана Ыйсанын куткаруу курмандыгына болгон ишенимге негизделген (1 Жакан 2:1, 2). Эларалык биртуугандыктын мүчөсү болуу да кубаныч тартуулайт (Сепания 3:9; Акай 2:7). Андан сырткары, Падышалыкка болгон үмүтүбүздөн жана жакшы кабар таратуудан кубаныч алабыз (Матай 6:9, 10; 24:14). Ошондой эле түбөлүк өмүр алууга үмүттөнөбүз (Жакан 17:3). Ушундай үмүткө ээ болгондуктан, кубанычыбызды жоготпошубуз керек (Мыйзам 16:15).

Тынчтыкты сүйүүчү жана чыдамдуу бол

11, 12. а) Тынчтык деген эмне? б) Кудайдын тынчтыгы бизге кандай таасир этет?

11 Тынчтык дагы ыйык рухтун жемишине кирет. Ал бейпилдикти жана бейкуттукту билдирет. Асмандагы Атабыз — тынчтыктын Кудайы — бизди: «Теңир Өз элине тынчтык берип, батасын берет»,— деп ынандырат (Забур 28:11; 1 Корунттуктарга 14:33). Ыйса да шакирттерине: «Силерге тынчтык калтырып жатам, силерге Өз тынчтыгымды берип жатам»,— деп айткан (Жакан 14:27). Ал тынчтык Ыйсанын жолдоочуларына кандайча жардам бермек?

12 Ыйса берген тынчтык анын шакирттеринин жандүйнөсүн тынчтандырып, коркуу сезиминен арылткан. Алар, өзгөчө, убада кылынган ыйык рухту алышканда тынчтыкка ээ болушкан (Жакан 14:26). Ыйык рухка жетектелгенде жана тиленүүлөрүбүзгө жооп алганда «Кудайдын тынчтыгына» ээ болуп, жүрөгүбүздө бейкуттук орнойт (Филипиликтерге 4:6, 7). Андан тышкары, Жахабанын руху ишенимдештерибиз жана башкалар менен тынчтыкта болууга көмөк кылат (Римдиктерге 12:18; 1 Тесалоникалыктарга 5:13).

13, 14. Эбегейсиз чыдамдуулук деген эмне жана эмне үчүн аны көрсөтүшүбүз керек?

13 Эбегейсиз чыдамдуулук тынчтыкка умтулуу менен тыгыз байланышта. Бул сапат кимдир бирөө кыжырдантканда же жамандык кылганда абалдын жакшырышына үмүттөнүп, чыдоону билдирет. Кудай абдан чыдамдуу (Римдиктерге 9:22—24). Ыйса да ушул сапатты чагылдырган. Пабыл жазгандай, Ыйсанын бул сапатты чагылдырганынан биз пайда алабыз. Ал мындай деген: «Ыйса Машайакка ишенип түбөлүк өмүргө ээ боло тургандарга үлгү кылып көрсөтүү үчүн, Ал Өзүнүн чыдамдуулугун алгач мага көрсөтүп, мага ырайым кылды» (1 Тиметейге 1:16).

14 Эбегейсиз чыдамдуулук башкалар бизге жамандык кылып, ойлонбой сүйлөп же иш кылып алганда чыдоого жардам берет. Пабыл ишенимдештерин: «Баарына чыдамдуулук көрсөткүлө»,— деп чакырган (1 Тесалоникалыктарга 5:14). Баарыбыз жеткилеңсизбиз жана ката кетиребиз. Ошондуктан өзүбүз ката кетиргенде, башкалардын чыдамдуу болушун каалаарыбыз шексиз. Анда биз да «чыдамдуулукту кубаныч менен көрсөтө» берели (Колосалыктарга 1:9—12).

Боорукердик жана жакшылыкчылдык көрсөтүү

15. Боорукердик деген эмне жана аны кимдер көрсөтүшкөн?

15 Боорукердик башкаларды сөзүбүз, ишибиз менен бекемдеп, аларга кызыгуу көрсөтүүнү билдирет. Жахаба жана анын Уулу да боорукер (Римдиктерге 2:4; 2 Корунттуктарга 10:1). Кудай менен Машайактын кызматчылары да боорукер болушу керек (Михей 6:8; Колосалыктарга 3:12). Атүгүл Кудайга кызмат кылбаган адамдар боорукердик же «адамгерчилик» көрсөткөн учурлар болгон (Элчилер 27:3; 28:2). Андыктан «рухтун жетеги менен жашасак», биздин боорукердик көрсөтө аларыбыз күмөнсүз.

16. Кандай жагдайларда боорукердик көрсөтүшүбүз керек?

16 Боорукердикти кимдир бирөөнүн сөздөрүнө же кылган иштерине таарынууга себеп бар болгон күндө да көрсөтүүгө болот. Пабыл мындай деген: «Ачууланганыңарда күнөө кетирбегиле: күн батканча, ачууңарды баскыла, шайтанга орун бербегиле... Бири-бириңерге кайрымдуу, боорукер болгула. Кудай силерди Машайак аркылуу кечиргендей, бири-бириңерди кечиргиле» (Эфестиктерге 4:26, 27, 32). Боорукердикти, өзгөчө, башынан кыйынчылыктарды өткөрүп жаткандарга көрсөтүшүбүз зарыл. Албетте, жыйналыштын аксакалы «боорукердик, адилдик, чындык» жолунан четтеп бараткан ишенимдешибизге жүрөгүн оорутуп алам деп ыйык китептик кеңеш бербей койсо, бул боорукердикке жатмак эмес (Эфестиктерге 5:9).

17, 18. Жакшылыкчылдык деген эмне жана ал жашообузда кандай роль ойношу керек?

17 Жакшылыкчылдык адеп-ахлактуулукту, башкача айтканда, жакшылык кылууну билдирет. Жахаба жакшылыкчыл Кудай (Забур 24:8, СК; Захария 9:17, СК). Ыйса да жакшылыкчыл болгон. Бирок ага «Жакшы Устат» деп кайрылганда, ал антип аталуудан баш тарткан (Марк 10:17, 18). Анткени ал жакшылык кылуу жагынан Жахабага теңдеш эч ким жок экенин билген.

18 Тукум кууп өткөн күнөөнүн айынан жакшылык кылуу оңой эмес (Римдиктерге 5:12). Ошондой болсо да, Жахабадан жакшылык кылууга үйрөтүшүн сурап тиленсек, бул сапатты чагылдыра алабыз (Забур 118:66, «ЖД»). Пабыл Римдеги ишенимдештерине мындай деп айткан: «Бир туугандарым, силер өзүңөр деле ар кандай жакшы нерселерге жана билимге байсыңар, ошондой эле бири-бириңерге акыл-насаат айта аласыңар деп ишенем» (Римдиктерге 15:14). Көзөмөлчүлөр да «жакшылыкты сүйүүчүлөрдөн» болушу керек (Титке 1:7, 8). Ыйык рухтун жетеги менен жашасак, жакшылык кылуучулар катары белгилүү болобуз. Андан сырткары, Жахаба биз кылган жакшылыктарды эч качан «унутпайт» (Некемия 5:19; 13:31).

«Чыныгы ишеним»

19. Эврейлерге 11:1дин негизинде ишеним эмне экендигин айтып бергиле.

19 Ишеним — рухтун жемишинин бири, «үмүттөнүп күтүп жаткан нерсенин ишке ашарынан шектенбөө жана көрүнбөгөн нерсеге бекем ишенүүнү» билдирет (Эврейлерге 11:1). Эгер ишенимибиз бар болсо, Жахабанын убадаларынын бардыгы аткарыларына шектенбейбиз. Көрүнбөгөн нерселердин бар экенинин далилдери ушунчалык айкын жана көп болгондуктан, ишенимдин өзү эле буга далил болуп эсептелинет. Мисалы, жаратылыш Жараткандын бар экендигин күбөлөндүрүп турат. Ыйык рухтун жетеги менен жашасак, ушундай ишеним көрсөтө алабыз.

20. «Оңой эле чырмап алчу» күнөө деген эмне, аны жана дененин иштерин канткенде четке кага алабыз?

20 Ишенимдин жетишсиздиги «оңой эле чырмап алчу... күнөө» болуп эсептелинет (Эврейлерге 12:1). Ишенимибизди кыйратуучу дененин иштерин, байлыкка умтулууну жана жалган окууларды четке кагуу үчүн Кудайдын рухуна таянуу зарыл (Колосалыктарга 2:8; 1 Тиметейге 6:9, 10; 2 Тиметейге 4:3—5). Ыйык рух Жахабанын азыркы кездеги кызматчыларына байыркы убактагы кызматчыларыныкындай ишеним өрчүтүүгө көмөк кылат (Эврейлерге 11:2—40). Биздин «чыныгы ишенимибиз» да башкалардын ишенимин бекемдей алат (1 Тиметейге 1:5; Эврейлерге 13:7).

Момундук жана өзүн өзү токтото билүү

21, 22. Момундук деген эмне жана аны эмне үчүн көрсөтүшүбүз керек?

21 Момундук жумшак мүнөздү жана жүрүм-турумдагы жумшактыкты билдирет. Момундук — Жахабанын сапаттарынын бири. Муну Жахабанын сапаттарын жеткилең түрдө чагылдырган Ыйсанын үлгүсүнөн билебиз, ал болсо момун болгон (Матай 11:28—30; Жакан 1:18; 5:19). Ал эми бизден, Кудайдын кызматчыларынан, эмне талап кылынат?

22 Ыйсанын жолдоочулары катары бизден «бардык адамдарга момундук менен мамиле кылуу» талап кылынат (Титке 3:2). Бул сапатты кызматыбызда көрсөтө алабыз. Ошондой эле рухий жактан жетилгендерге күнөө жасап алгандарды «момундук менен оң жолго салуу» кеңеш кылынат (Галатиялыктарга 6:1). «Момун, жоош» болсок, ар бирибиз жыйналыштын биримдигине салым кошобуз (Эфестиктерге 4:1—3). Рухтун жетеги менен жашап, өзүн өзү токтото билүү сапатын чагылдырсак, момундук көрсөтө алабыз.

23, 24. Өзүн өзү токтото билүү деген эмне жана ал бизге кандайча жардам берет?

23 Өзүн өзү токтото билүү оюбузду, сөзүбүздү жана жүрүм-турумубузду ооздуктоого жардам берет. Жахаба Иерусалимди кыйраткан бабылдыктарга эбегейсиз чыдамдуулук көрсөткөн (Ышайа 42:14). Кудайдын Уулу да азап тартканда өзүн өзү токтото билип, бизге «үлгү калтырган». Элчи Петир ишенимдештерин «өзүн өзү токтото билүүгө» чакырган (1 Петир 2:21—23; 2 Петир 1:5—8).

24 Жыйналыштын аксакалдары өзүн өзү кармай билиши керек (Титке 1:7, 8). Ыйык рухтун жетеги менен жашагандардын баары өзүн өзү токтото билүү менен адеп-ахлаксыздыкты, адепсиз сөздөрдү же Жахабага жакпаган башка нерселерди четке кага алышат. Кудайдын ыйык рухуна бизде өзүн өзү токтото билүү сапатын өстүрүүгө жол берсек, бул сүйлөгөн сөздөрүбүздөн жана жүрүм-турумубуздан айкын боло баштайт.

Рухтун жетеги менен жашагыла

25, 26. Ыйык рухтун жетеги менен жашоо башкалар менен болгон мамилебизге жана келечегибизге кандай таасир этет?

25 Рухтун жетеги менен жашасак, Падышалыктын ынталуу жарчыларынан болобуз (Элчилер 18:24—26). Ошондой эле Кудайга берилгендик көрсөткөндөргө биз менен пикирлешүү өзгөчө жагымдуу болот. Андыктан рухтун жетеги менен жашагандар катары ишенимдештерибизди бекемдей алабыз (Филипиликтерге 2:1—4). Бул Ыйсанын жолдоочуларынын баары каалаган нерсе эмеспи?

26 Шайтан башкарган бул дүйнөдө ыйык рухтун жетеги менен жашоо оңой эмес (1 Жакан 5:19). Бирок буга карабай миллиондогон адамдар рухтун жетеги менен жашоодо. Эгер бүт жүрөгүбүз менен Жахабага таянсак, азыртадан эле бактылуу болобуз жана ыйык рух Берүүчүнүн адил жолдору менен түбөлүк жүрө алабыз (Забур 127:1; Накыл сөздөр 3:5, 6).

Эмне деп жооп берет элеңер?

• «Ыйык рухтун жетеги менен жашоо» Жахаба жана анын Уулу менен болгон мамилебизге кандай таасир этет?

• Ыйык рухтун жемишине эмнелер кирет?

• Ыйык рухтун жемишин чагылдыруунун кандай жолдору бар?

• Ыйык рухтун жетеги менен жашоо азыркы жана келечектеги жашообузга кандай таасир этет?

[Изилдөө суроолору]

[12-беттеги сүрөт]

Боорукердикти сөзүң жана ишиң менен көрсөт