Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык рухка каршы күнөө деген эмне?

Ыйык рухка каршы күнөө деген эмне?

Ыйык рухка каршы күнөө деген эмне?

«Өлүмгө дуушар кыла турган күнөө бар» (1 Жакан 5:16).

1, 2. Ыйык рухка каршы күнөө кылып алышыбыз мүмкүн экенин кайдан билебиз?

ГЕРМАНИЯДА жашаган бир аял Кудайга кызмат кылып жүрсө да: «Ыйык рухка каршы күнөө кылдым деген ойдон улам аябай кыйналгам»,— деп жазган. Ыйсанын жолдоочусу Кудайдын ыйык рухуна же иш-аракеттүү күчүнө каршы күнөө кылып алышы мүмкүнбү?

2 Ооба, мүмкүн. Ыйса Машайак: «Ар бир күнөө жана акарат сөздөр кечирилет, бирок Рухка каршы айтылган акарат сөздөр кечирилбейт»,— деген (Матай 12:31). Бизге: «Эгерде биз чындыкты билип туруп, атайлап күнөө кылсак, анда күнөөлөр үчүн чалына турган башка курмандык жок. Тескерисинче, сотту жана каршы чыккандарды жеп жутууга даяр турган жалындаган отту коркунуч менен күтүү гана калат»,— деген эскертүү берилет (Эврейлерге 10:26, 27). Элчи Жакан да: «Өлүмгө дуушар кыла турган күнөө бар»,— деп жазган (1 Жакан 5:16). Бирок олуттуу күнөө кетирген кишинин «өлүмгө дуушар кыла турган күнөө» кылган-кылбаганын ким чечет?

Өкүнүүнүн маанилүүлүгү

3. Кетирген күнөөбүзгө кайгырганыбыз эмнени билдирет?

3 Туура эмес иш кылгандарды соттоого Жахаба гана укуктуу. Чынында, баарыбыз анын алдында жооп беребиз, ал болсо дайыма туура иш кылат (Башталыш 18:25; Римдиктерге 14:12). Кечирилгис күнөө кылган-кылбаганыбызды Жахаба гана чечет жана ал өзүнүн рухун алып коё алат (Забур 50:13). Эгер кетирген күнөөбүзгө кайгырсак, чынында эле, өкүнгөн болобуз. Бирок чындап өкүнүү деген эмне?

4. а) Өкүнүү деген эмне? б) Забур 102:10—14-аяттар кандайча жубатат?

4 Өкүнүү деген — бул кылган же кылууга ниеттенген туура эмес ишке карата ой-жүгүртүүбүздү өзгөртүү. Ошондой эле капаланууну жана күнөөлүү жолдон баш тартууну билдирет. Эгер олуттуу күнөө кетирип алып, өкүнгөнүбүздү көрсөтүү үчүн тийиштүү кадамдарды жасасак, забурчунун сөздөрүнөн жубатуу ала алабыз. Ал мындай деген: «Ал [Жахаба] бизге мыйзамсыз иштерибизге жараша жасаган жок, бизди күнөөлөрүбүзгө жараша жазалаган жок. Анткени асман жерден кандай бийик болсо, Теңирден корккондорго Анын ырайымы ошондой зор. Чыгыш батыштан канчалык алыс болсо, Ал биздин мыйзамсыз иштерибизди бизден ошончолук алыстатты. Атасы балдарына ырайым кылгандай, Теңир Өзүнөн корккондорго ырайым кылат. Анткени Ал биздин түзүлүшүбүздү билет, биздин топурак экенибизди билет» (Забур 102:10—14).

5, 6. 1 Жакан 3:19—22-аяттардын маанисин түшүндүрүп бер.

5 Бизди элчи Жакандын айткан сөздөрү да сооротот. Ал мындай деген: «Чындыктан экенибизди ушундан билип алабыз, бизди жүрөгүбүз айыптаса да, жүрөгүбүздү Кудай алдында тынчтандырабыз. Анткени Кудай жүрөгүбүздөн чоң, Ал баарын билет. Сүйүктүүлөрүм, эгерде жүрөгүбүз айыптабаса, анда Кудай алдында кайраттуулукка ээбиз. Эмне сурасак да, Андан алабыз, анткени Анын осуяттарын аткарып жатабыз жана Ага жакканды кылып жатабыз» (1 Жакан 3:19—22).

6 «Чындыктан экенибизди» биртуугандык сүйүү чагылдыруу жана күнөө кылуудан качуу менен көрсөтөбүз (Забур 118:11). Ал эми өзүбүздү кандайдыр бир себептен улам айыптасак, «Кудай жүрөгүбүздөн чоң» экенин, «Ал баарын билерин» эстегенибиз оң. Жахаба «бир туугандык таза сүйүүбүздү», күнөөгө каршы күрөшүп, анын эркин аткарууга аракет кылып жатканыбызды билгендиктен, бизге кайрымдуулук кылат (1 Петир 1:22). Эгер Жахабага таянсак, биртуугандык сүйүү көрсөтсөк, атайлап күнөө жасабасак, «жүрөгүбүз айыптабайт». Андан сырткары, Кудайга эркин кайрыла алабыз жана анын айткандарын аткарып жаткандыктан, ал бизди угат.

Ыйык рухка каршы күнөө кылгандар

7. Күнөөнүн кечирилгис экенин аныктоодо эмне роль ойнойт?

7 Кандай күнөөлөрдү кечирилгис деп айтууга болот? Бул суроого жооп алуу үчүн Ыйык Китептеги айрым мисалдарды карап көрөлү. Эгер олуттуу күнөө кылганыбыз үчүн өкүнүп, аябай капаланып жатсак, бул мисалдардан жубатуу ала алабыз. Төмөндө күнөө кечирилгиспи, жокпу, адамдын кандай күнөө жасаганынан эмес, анын ниетинен, жүрөгүнүн абалынан жана күнөөнү атайлап кылган-кылбаганынан көзкаранды экенин талкуулайбыз.

8. Биринчи кылымда жүйүт диний жетекчилеринин айрымдары кандайча ыйык рухка каршы күнөө кылышкан?

8 Биринчи кылымда Ыйса Машайакка атайлап каршылык көрсөткөн жүйүт диний жетекчилери ыйык рухка каршы күнөө кылышкан. Алар Ыйсанын Жахабаны даңктаган кереметтери аркылуу Кудайдын рухунун иш-аракетин даана эле көрүшкөн. Бирок алар Машайак муну Шайтан Ибилистин күчү менен жасап жатат дешкен. Ал эми Ыйсанын сөзүнө ылайык, Кудайдын ыйык рухуна каршы акарат сөз айткан киши «бул кылымда да, келечек кылымда да» кечирилбей турган күнөө жасаган болот (Матай 12:22—32).

9. Акарат келтирүү деген эмне жана Ыйса ал тууралуу эмне деген?

9 Акарат келтирүү бирөөгө жалаа жабууну, тил тийгизүүнү билдирет. Ыйык рух Кудайдын иш-аракеттүү күчү болгондуктан, ага акарат келтирүү Жахаба Кудайдын өзүнө акарат келтирүүгө тете. Өкүнбөстөн Кудайга тил тийгизүүнү уланта берүү кечирилбейт. Ыйса күнөөнүн ушундай түрү тууралуу сөз кылганда, Кудайдын ыйык руху менен кылынып жаткан иштерге атайлап каршы чыгып жаткандар жөнүндө айткан. Фарисейлер Ыйсанын кереметтерди Жахабанын руху менен жасап жатканын көрүшсө да, Шайтандын күчү менен жасап жатат деп айтышкандыктан, ыйык рухка каршы акарат келтиришкен. Ошондуктан Ыйса: «Ким Ыйык Рухка акарат келтирсе, ал түбөлүккө кечирилбейт, түбөлүккө күнөөлүү болот»,— деп айткан (Марк 3:20—29).

10. Ыйса Жүйүттү эмне үчүн «өлүм уулу» деп атаган?

10 Жүйүт Искариотту да мисалга алалы. Ал өзүнө тапшырылган акча салынуучу кутудан акча уурдап жүрчү (Жакан 12:5, 6). Кийинчерээк болсо жүйүт жетекчилерине барып, Ыйсаны 30 күмүш тыйынга алардын колуна салып берүүнү макулдашкан. Жүйүт Ыйсаны сатып жибергенден кийин өзүнүн күнөөсүн сезгени менен, атайлап жасаган ишине өкүнгөн эмес. Ал тирилтилүүгө татыксыз болгондуктан, Ыйса аны «өлүм уулу» деп атаган (Жакан 17:12; Матай 26:14—16).

Ыйык рухка каршы күнөө кылбагандар

11—13. Дөөт Бат-Шеба менен кандай күнөө кылган жана Кудайдын аларга кылган мамилеси бизди кандайча сооротот?

11 Кээде Ыйсанын айрым жолдоочулары олуттуу күнөөсүн мойнуна алып, жыйналыштын аксакалдарынан рухий жактан жардам алгандан кийин деле Кудайдын мыйзамын бузганына абдан кайгырышы мүмкүн (Жакып 5:14). Эгер биздин да жагдайыбыз ушундай болсо, күнөөлөрү кечирилген кишилер жөнүндө Жазмада эмне айтыларын карап чыгуу биз үчүн пайдалуу болот.

12 Алсак, Дөөт падыша Урийдин аялы Бат-Шеба менен олуттуу күнөө жасаган. Ал жуунуп жаткан сулуу аялды чатырынан көрүп калып, өзүнүн үйүнө алдырып, аны менен бузуктук кылат. Кийинчерээк анын боюна бүтүп калганын укканда кылган ишинин изин жашырууну ойлонуштурат. Урий үйүнө келсе, аялы менен жыныстык катнашта болот деген ой менен аны согуштан чакыртат. Ойлогону ишке ашпай калганда Дөөт Урийдин согуштан каза табышына чара көрөт. Андан кийин Бат-Шебаны аялдыкка алат. Бат-Шеба уул төрөйт, бирок көп өтпөй ал чарчап калат (2 Шемуел 11:1—27).

13 Жахаба Дөөт менен Бат-Шебанын ишин караган. Ал Дөөттүн өкүнгөнүн жана аны менен Падышалык келишими түзүлгөнүн эске алгандыктан аны кечирген көрүнөт (2 Шемуел 7:11—16; 12:7—14). Бат-Шебанын да өкүнгөнү күмөнсүз, анткени ал Сулайман падышанын энеси жана Ыйса Машайактын чоңенелеринен болуп калган (Матай 1:1, 6, 16). Эгер биз да күнөө кылып алсак, Жахаба өкүнгөнүбүздү байкабай койбоорун эсибизден чыгарбаганыбыз дурус.

14. Менаше менен болгон окуядан Кудайдын канчалык ырайымдуу экени кандайча көрүнүп турат?

14 Жахабанын канчалык ырайымдуу экенин Жүйүт падышасы Менаше менен болгон окуядан да көрүүгө болот. Ал Жахабага жакпаган иштерди жасаган. Менаше Баалга курмандык чалуучу жайларды куруп, «асман кошуундарына» сыйынган. Атүгүл жалган кудайларга арнап, ийбадаткананын эки короосуна да курмандык чалуучу жайларды курган. Ал өзүнүн уулдарын курмандыкка чалып, өрттөгөн. Ошондой эле спиритизмге иришип, Жүйүт менен Иерусалимдин тургундарын «Ысрайыл уулдарынын алдынан Теңир кууп салган элдердин иштеринен да жаман иштерди кылууга түрткөн». Кудайдын пайгамбарлар аркылуу айттырган эскертүүлөрүнө эл көңүл бурган эмес. Акыры Менашени Ашурдун падышасы туткунга алып кетет. Туткунда жүргөндө ал өкүнүп, момундук менен Кудайга тиленет. Жахаба анын күнөөсүн кечирип, Иерусалимге кайрадан падыша кылат. Андан кийин Менаше чыныгы сыйынууну калыбына келтирет (2 Жылнаама 33:2—17).

15. Петирдин жашоосундагы кайсы окуя Жахабанын зор ырайымдуулугун айгинелеп турат?

15 Ошол окуядан бир нече кылым өткөндөн кийин жашаган элчи Петир Ыйсадан баш тартып, чоң күнөө кетирген (Марк 14:30, 66—72). Бирок Жахаба ага зор ырайымдуулук көрсөтүп, аны кечирген (Ышайа 55:7). Эмне үчүн? Анткени Петир чын жүрөктөн өкүнгөн (Лука 22:62). Кудайдын Петирди кечиргенин анын Элүүнчү күн майрамында Ыйса жөнүндө тайманбастык менен күбөлөндүрүү бергенинен айкын көрүүгө болот (Элчилер 2:14—36). Анда Кудай Ыйсанын бүгүнкү күндөгү чындап өкүнгөн жолдоочуларына зор ырайымдуулук көрсөтпөйт деп айтууга кандайдыр бир негиз барбы? Забурчу: «Теңирим, эгерде Сен мыйзамсыздыктын баарын эсиңе сактай берсең, Теңирим, анда ким туруштук бере алат? Бирок Сенде кечирим бар»,— деген (Забур 129:3, 4).

Ашыкча тынчсызданбоо

16. Кудай бизди эмненин негизинде кечирет?

16 Жогорудагы мисалдар ыйык рухка каршы күнөө кылып алдым деп ашыкча тынчсызданбоого жардам берет. Ал мисалдар Жахаба өкүнгөндөрдү кечирерин көрсөтүп турат. Күнөө кетиргенде Кудайга жалындуу тиленүү абдан маанилүү. Биз Кудайдан Ыйсанын куткаруу курмандыгынын, Анын ырайымдуулугунун, тукум кууп өткөн жеткилеңсиздиктин жана Ага ишенимдүүлүк менен кылып жаткан кызматыбыздын негизинде кечирим сурай алабыз. Жахабанын ырайымдуу экенин билгендиктен анын кечирерине толук ишенсек болот (Эфестиктерге 1:7).

17. Эгер күнөө кетирип алып, рухий жактан алсырап калсак, эмне кылышыбыз керек?

17 Күнөө кетирип алып, жасаган күнөөбүздүн айынан рухий жактан алсырап, тилене албай жатсакчы? Бул тууралуу Жакып мындай деген: «Ким ооруп жатса, ал Жыйын башчыларын чакыртсын. Алар аны Теңирдин атынан зайтун майы менен майлап, ал үчүн сыйынышсын. Ишеним менен сыйынганда, оорулуу айыгат, Теңир аны бутуна тургузат. Эгерде оорулуу күнөө кылган болсо, күнөөлөрү кечирилет» (Жакып 5:14, 15).

18. Күнөө кетирген кишинин жыйналыштан чыгарылганы эмне үчүн анын кечирилгис күнөө жасаганын билдирбейт?

18 Күнөө кылган киши өкүнбөй, жыйналыштан чыгарылган болсо, бул анын сөзсүз эле кечирилгис күнөө жасаганын билдирбейт. Корунттагы жыйналыштан чыгарылган киши жөнүндө Пабыл: «Мындай адамга көпчүлүктүн бул жазасы жетиштүү. Кайгыга чөгүп мүңкүрөп калбашы үчүн, ал адамды кечирип, сооротконуңар жакшы»,— деп жазган (2 Корунттуктарга 2:6—8; 1 Корунттуктарга 5:1—5). Бирок андай кишилер рухий жактан бутуна туруу үчүн жыйналыштын аксакалдарынын Ыйык Китепке негизделген жардамын кабыл алышы жана чындап өкүнүшү зарыл. Алар өкүнгөнүн иши менен көрсөтүүгө тийиш (Лука 3:8).

19. Ишенимибиздин «туура болушуна» эмне жардам берет?

19 Айрымдар эмнеден улам өзүн ыйык рухка каршы күнөө кылып алгандай сезиши мүмкүн? Буга адамдын өзүнөн көптү талап кылышы, денсоолугу же психикалык абалы себеп болушу ыктымал. Андайда тиленүү жана тийиштүү эс алуу пайдалуу. Эң негизгиси, Шайтанга ындыныбызды өчүрүп, Кудайга кылган кызматыбызды токтотушуна жол бербешибиз керек. Жахаба мыйзамсыздардын да өлүмүн каалабаса, анда өзүнүн кызматчыларынын бирин да жоготууну каалабаары шексиз. Андыктан ыйык рухка каршы күнөө кылдык деп тынчсызданып жатсак, Кудай Сөзүн, анын ичинде Забур сыяктуу жубатарлык китептерди окууну уланта беришибиз керек. Ошондой эле жыйналыш жолугушууларына барууну жана Падышалык тууралуу кабар айтуу ишине катышууну токтотпошубуз зарыл. Булар ишенимибиздин «туура болушуна» жана кечирилгис күнөө кылып алдымбы деп ашыкча тынчсызданбоого жардам берет (Титке 2:2).

20. Адамга ыйык рухка каршы күнөө кылбаганын түшүнүүгө кандай суроолор жардам берет?

20 Ыйык рухка каршы күнөө кылдым деп тынчсыздангандар өздөрүнө төмөнкү суроолорду берип көргөнү дурус: «Мен ыйык рухка акарат келтирдимби? Кылган күнөөмө чындап өкүнөмбү? Кудайдын ырайымдуу экенине ишенемби? Рухий жарыкты четке кагып, ишенимден чегинип кеттимби?» Ыйык рухка каршы күнөө кетирдим деп тынчсызданып жаткандар ушул суроолордун үстүнөн ой жүгүрткөн соң Кудайдын ыйык рухуна акарат келтирбегенин, ошондой эле ишенимден чегинип кетпегенин да түшүнүшү мүмкүн. Эгер андай адамдар өкүнүшсө жана Жахабанын ырайымдуу экенине ишенишсе, анда Жахабанын ыйык рухуна каршы күнөө кылышкан жок.

21. Эмки макалада кандай суроолорду талкуулайбыз?

21 Ыйык рухка каршы күнөө жасабаганыбызды билүү кандай гана жубатат! Бирок бизде: «Мен чынында эле ыйык рухка жетектелемби? Анын жемишин жашоомдо чагылдырып жатамбы?» — деген суроолор пайда болушу мүмкүн. Ыйык рухка байланыштуу ушул жана башка суроолорду эмки макалада талкуулайбыз.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Ыйык рухка каршы күнөө кылып алышыбыз мүмкүнбү?

• Өкүнүү деген эмнени билдирет?

• Ыйсанын күндөрүндө кимдер ыйык рухка каршы күнөө кылышкан?

• Кечирилгис күнөө кылып алдым деп тынчсызданбоого эмне жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[10-беттеги сүрөт]

Петир Ыйсадан баш тартса да, кечирилгис күнөө кылган эмес