Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаратылыштын жаратманы жокпу?

Жаратылыштын жаратманы жокпу?

Жаратылыштын жаратманы жокпу?

МЫНДАН дээрлик 150 жыл мурун Чарлз Дарвин тирүү жандыктардын татаалдыгын жана ар түрдүүлүгүн табигый тандалуу шарттайт деген теорияны ойлоп чыгарган. Бирок жакындан бери эволюция теориясы тирүү организмдердин укмуштуудай так жөнгө салынган катыштыгы алардын жөндөн-жөн пайда болбогонунан кабар берүүдө деп ырастагандар тарабынан төгүнгө чыгарылууда. Атүгүл, бир катар беделдүү окумуштуулар жер бетиндеги тиричилик эволюция аркылуу пайда болгон деген пикирди четке кагышат.

Андай окумуштуулардын айрымдары бардык нерсе ойлонуштурулуп жаратылган деген көзкарашты жакташат. Алар бул көзкараштын жүйөлүү экенин биология, математика илимдери тастыктаарын, андыктан анын акылга сыярлык экенин айтышат. Ал эле эмес, аны мектеп-университеттердин окуу программасына киргизүүгө далалат кылышууда. Эволюция жөнүндө талаш-тартыштар, негизинен, Кошмо Штаттарда кызуу жүрүп жатат. Бул маселе боюнча Англия, Нидерландия, Пакистан, Сербия жана Түркия окумуштууларынын ортосундагы кайчы пикирлер да чечилбей келет.

Баш катырма

Анткен менен бардык нерселердин жаралышына аң-сезим катышкан дегендер төгүндөлгүс чындыкты — бардык нерсенин Жаратманы бар экенин — айтпай кетишүүдө. Жаратылыштын Жаратманы жок экендигине ишенүү акылга сыярлыкпы? «Нью-Йорк таймс мэгэзин» журналында: «Бардык нерсе ойлонуштурулуп жаратылган деген көзкарашты жактагандар табияттын жаралышына ким же эмне себеп болгонун ачык билдиришпейт»,— деп айтылган. Жазуучу Клодия Уоллис белгилегендей, алар «жаратылыштын ойлонуштурулуп жаратылганына Кудай себепкер экендигин айткысы келбейт». «Ньюсуик» журналында да: «Бардык нерсенин ойлонуштурулуп жаратылганы долбоорчунун бар экенин билдирбейт»,— делген.

Кантсе да, силер тиричиликтин пайда болушуна себепкер болгон кимдир бирөөнүн бар-жогун билүү маанилүү экенин баамдаган чыгарсыңар. Чынында эле, Жаратманды көмүскөдө калтырып, Ааламдын жана тиричиликтин кандайча пайда болгонун толук билүү мүмкүнбү?

Аң-сезимдүү Долбоорчунун бар-жогуна байланыштуу талаш-тартыштардын аркасында төмөнкүдөй суроолор туулат: «Жаратмандын бар экенин кабыл алуу илимдин өнүгүшүнө жана элдин аң-сезиминин өсүшүнө бөгөт коёбу? Ааламдын пайда болушун түшүндүрө албай калганда эле Кудайды бетке кармоо керекпи? Жаратылыштын Жаратманы жок деп ырастоо акылга сыярлыкпы? Бул суроолор кийинки макалада талкууланат.

[3-беттеги сүрөт]

Чарлз Дарвин тирүү жандыктардын татаалдыгын табигый тандалуу шарттайт деп эсептеген

Darwin: From a photograph by Mrs. J. M. Cameron/U.S. National Archives photo