Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба адилеттикти сүйгөн Кудай

Жахаба адилеттикти сүйгөн Кудай

Жахаба адилеттикти сүйгөн Кудай

«Мен, Теңир, акыйкаттыкты жакшы көрөм» (Ышайа 61:8).

1, 2. а) «Адилеттик» жана «адилетсиздик» деген сөздөр эмнени билдирет? б) Ыйык Китепте Жахаба жана анын адилеттүүлүгү жөнүндө эмне делет?

АДИЛЕТТИК калыстыкты, чынчылдыкты билдирет жана адеп-ахлак нормаларына карманып туура иш кылууга түрткү берет. Ал эми адилетсиздик болсо, тескерисинче, беткарамалыкты, чынчыл эместикти, жамандык кылууну жана башкаларга жөн жерден зыян келтирүүнү билдирет.

2 Мындан 3 500 жылдай мурун Муса Ааламдын Эгедери Жахаба жөнүндө мындай деген: «Анын жолдору — чындык. Кудай ишенимдүү, Анда адилетсиздик жок» (Мыйзам 32:4). Андан жети кылым өткөн соң, Кудай Ышайа пайгамбарга: «Мен, Теңир, акыйкаттыкты жакшы көрөм»,— деген сөздөрдү жаздырган (Ышайа 61:8). Ал эми биринчи кылымда Пабыл: «Кудай да адилетсизби? Албетте, жок!» — деген (Римдиктерге 9:14). Анын замандашы Петир мындай деп айткан: «Кудайда бет карамалык жок экенине, ар бир элден Кудайдан корккон жана адилеттик боюнча иш кылган адам Ага жагарына чыны менен ынанып турам» (Элчилер 10:34, 35). Ооба, «Теңир чындыкты [«адилеттикти», «ЖД»] сүйөт» (Забур 36:28; Малахия 3:6).

Адилетсиздиктин үстөмдүк кылышы

3. Адилетсиздик кандайча пайда болгон?

3 Бүгүнкү күндө адилеттүүлүк эмес, адилетсиздик үстөмдүк кылууда. Биз жашообуздун бардык тармагында — жумушта, мектепте, бийликтегилер тарабынан, атүгүл үйбүлөдө да — адилетсиздикке кабылабыз. Албетте, мындай көрүнүш атам замандан бери эле бар. Себеби Шайтан Ибилис болуп кеткен козголоңчул рухий жаратуунун шыкагы менен эң биринчи түгөй козголоң чыгарып, мыйзамды бузгандан тартып адилетсиздик жер үстүндө өкүм сүрүп келүүдө. Адам ата, Обо эне, Шайтан Жахабанын кереметтүү белегин — эрк боштондугун — кыянат пайдаланып, адилетсиздик кылышкан. Алардын кылган туура эмес иши адамзаттын катуу азап чегишине жана өлүмүнө алып келген (Башталыш 3:1—6; Римдиктерге 5:12; Эврейлерге 2:14, 15).

4. Адилетсиздик качантан бери үстөмдүк кылууда?

4 Адилетсиздик Эйден багындагы козголоңдон тартып болжол менен 6 000 жылдан бери коомдо басымдуулук кылууда. Бул таң калыштуу эмес, анткени Шайтан — бул дүйнөнүн кудайы (2 Корунттуктарга 4:4). «Ал — жалганчы... жалгандын атасы», ушакчы жана Жахабанын душманы (Жакан 8:44). Шайтан дайыма барып турган адилетсиз иштерди жасап келет. Мисалы, анын жаман таасири Топон суунун алдындагы Нухтун күндөрүндө күчтүү болгондуктан, Жахаба Кудай «жер бетиндеги адамдардын абдан бузулганын, алардын бардык ойлору, жүрөгүндөгү каалоолору ар убакта жамандык экенин көргөн» (Башталыш 6:5). Мындай жагдай Ыйсанын күндөрүндө да өкүм сүргөн. «Ар бир күндүн өз түйшүгү өзүнө жетиштүү»,— деген сөздөр менен Ыйса адилетсиздиктин айынан адам түйшүккө малынып, кыйналарын айткысы келген (Матай 6:34). Ооба, Ыйык Китепте бардык жаратуунун «ушул убакка чейин... онтоп, толгоо тарткан сыяктуу азап тартып жатканы» таамай белгиленет (Римдиктерге 8:22).

5. Биздин күндөрдө адилетсиздик эмне үчүн мурдагыдан көп жасалууда?

5 Ошентип, тарых бою жасалган жаман иштер адилетсиздиктин көбөйүшүнө алып келген. Азыр жагдай мурдагыдан да начар. Эмне үчүн? Себеби бул кудайсыз дүйнөнүн «акыркы убагы» ондогон жылдар мурун эле башталган жана анын акыры жакындаган сайын күндөр оор болууда. Ыйык Китепте алдын ала айтылгандай, адамзат тарыхынын ушул маалында «адамдар өзүн өзү сүйүүчү, акчаны сүйүүчү, бой көтөргөн, менменсинген, заар тилдүү... жакшылыкты билбеген, кудайсыз, таш боор, элдешпес, ушакчы, өзүн өзү кармай албаган, кара мүртөз, жакшы нерсени жек көргөн, чыккынчы, кара өзгөй, көөдөнүн көтөргөн... болушмак» (2 Тиметейге 3:1—5). Алардын мындай кулк-мүнөзүнөн улам дүйнө ар кандай адилетсиздикке толгон.

6, 7. Биздин күндөрдө адилетсиздик адамдарды канчалык жабыр тарттырууда?

6 Акыркы жүз жылда адилетсиздик болуп көрбөгөндөй кеңири тарады. Мунун бир себеби ушул жылдарда согуштардын көп болгону. Мисалы, айрым тарыхчылар белгилегендей, Экинчи дүйнөлүк согушта эле болжол менен 50 миллиондон 60 миллионго чейин кишилер курман болуп, алардын көбүн бейкүнөө карапайым калк — эркектер, аялдар жана балдар — түзгөн. Ал согуш токтогондон кийин деле ар кандай кагылышуулардан миллиондогон күнөөсүз адамдар каза тапкан. Андай адилетсиздиктин артында Шайтан турат: ал жакында толугу менен жок кылынарын билип, катуу каарданууда. Ыйык Китепте бул жөнүндө мындай делет: «Шайтан өз убагынын аз калганын билип, силерге катуу каары менен түштү!» (Аян 12:12).

7 Бүткүл дүйнө жүзү боюнча жыл сайын триллиондой доллар аскердик күчтөргө жумшалат. Ошол эле учурда жүз миллион адам күнүмдүк нанга жетпей келет. Эгер ошол каражаттын баары туура максатта колдонулса, кандай пайда алып келмектигин ойлонуп көргүлөчү. Бир миллиарддай адам чала тоюудан жабыр тартып жатса, башкалары майкөл-сүткөл жашап жатышат. Бириккен Улуттар Уюмунун билдирүүсүнө ылайык, жыл сайын беш миллиондой бала ачарчылыктын кесепетинен өмүрүнөн ажырайт. Кандай гана адилетсиздик! Андан сырткары, жыл сайын 40 миллиондон 60 миллионго чейин бейкүнөө наристелер бойдон алдырылып, жарык дүйнөнү көрбөй калат. Бул кандай гана аза бойду дүркүрөткөн көрүнүш!

8. Адилеттикти ким орнотуп бере алат?

8 Бийликтегилер азыр адамзатты кыйнап келген ар кандай кыйынчылыктарды чече албайт; келечекте да алардын аракети менен абалды оңдоо мүмкүн эмес. Биздин күндөрдө «кара ниет жана алдамчы адамдар... башкаларды азгырып, өздөрү да азгырылып, мурункудан да көбүрөөк жамандыкка барышары» Кудай Сөзүндө алдын ала айтылган (2 Тиметейге 3:13). Ооба, адилетсиздик адамзат коомунун ажырагыс бөлүгү болуп калгандыктан, аны адамдар эмес, адилеттикти сүйгөн Жахаба Кудай гана жоё алат. Ошондой эле Кудай Шайтанды, жин-перилерди жана каардуу адамдарды да жок кылат (Жеремия 10:23, 24).

Жүйөлүү тынчсыздануулар

9, 10. Асап рухий жактан эмне үчүн алсырап калган?

9 Байыркы убакта Ыйык Китепти жазууга катышкандардын кээси Кудай адамзаттын ишине кийлигишип, эмне үчүн адилеттикти орнотпойт деп ойлонушкан. Ошол заманда жашаган бир кишини мисалга алалы. 72-забурдун башсөзүндө Асап деген ысым турат. Ал, сыягы, Дөөт падышанын убагындагы белгилүү музыкант лебини же Асап башчы болгон музыканттар тобун билдириши мүмкүн. Асап жана анын тукуму сыйынууга арналган көп ырларды жазышкан. Бирок бир убакта ошол забурдун жазуучусу рухий жактан алсырап калган. Ага ыймансыздар материалдык жактан гүлдөп, жашоосуна ыраазы болуп жашап жаткандай, жаман иштеринин кесепетин тартпачудай көрүнгөн.

10 Ал забурда мындай делет: «Кудайсыздардын жыргал турмушун көрүп, акылсыздарга суктандым. Анткени алар өмүрүнүн аягына чейин азап тартышпайт, күч-кубаттуу. Алар башка адамдардай мээнет кылышпайт, башка адамдардай кыйынчылык көрүшпөйт» (Забур 72:2—8). Бирок кийин ал забурчу ой жүгүртүүсүнүн туура эмес экенин түшүнгөн (Забур 72:15, 16). Ой жүгүртүүсүн оңдоого аракет кылса да, ал эмне себептен ыймансыздардын жазаланбай эле жамандык кыла берерин, ал эми Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынын көп азап чегерин түшүнө алган эмес.

11. Забурчу Асап эмнени түшүнгөн?

11 Анткен менен кийин ишенимдүү забурчу мыйзамсыздардын эч кандай келечеги жок экенин, Жахаба акыр-аягы жагдайды өзгөртөрүн, адилеттиктин жеңерин түшүнгөн (Забур 72:17—19). Ал эми Дөөт падыша мындай деген: «Теңирден үмүт кыл, Анын жолунан чыкпа. Ошондо жерди мурастап калышың үчүн, Ал сени сактап жүрөт. Кудайсыздардын кырылып жатканын өз көзүң менен көрөсүң» (Забур 36:9, 11, 34).

12. а) Жахабанын жамандык менен адилетсиздикке карата кандай ой-ниети бар? б) Адилетсиздиктин жакында жок болору сенде кандай ой-сезимди туудурат?

12 Жахаба жердеги жамандыкты жана аны менен коштолгон адилетсиздикти өзү белгилеген убакта сөзсүз жок кылат. Ыйсанын ишенимдүү жолдоочулары муну дайыма эсине салып турушу керек. Жахаба анын эркине баш ийбегендерди жок кылат, ал эми эркине ылайык жашагандарга сыйлык берет. «Анын көздөрү адам баласын көрүп турат, каректери аларды сынап турат. Теңир адил адамды сындан өткөрөт, ал эми кудайсызды жана зордук-зомбулукту жакшы көргөндү Анын жаны жек көрөт. Ал кудайсыздарга күйүп турган чокту, отту, күкүрттү жамгырдай жаадырат. Күйгүзгөн ысык шамал — алардын... үлүшү. Анткени Теңир адилеттүү, Ал чындыкты сүйөт» (Забур 10:4—7).

Адилеттүү жаңы дүйнө

13, 14. Эмне үчүн жаңы дүйнөдө адилдик менен адилеттик гана өкүм сүрөт?

13 Жахаба Шайтандын кол астындагы адилетсиз дүйнөнү жок кылып, жаңы дүйнөнү орнотот. Ал убакта Кудайдын асмандагы Падышалыгы бийлик кылат. Ыйса шакирттерин ал Падышалыктын келиши жөнүндө тиленүүгө үйрөткөн. Жакында жамандык менен адилетсиздик адилдик менен адилеттикке алмаштырылат. Ошондо: «Сенин Падышачылыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да Сенин эркиң аткарылсын»,— деген тиленүүбүз орундалат (Матай 6:10).

14 Ыйык Китепте жүрөгү таза адамдар чыдамсыздык менен күтүп келген өкмөт өзүнүн башкаруусун кандай жүргүзөрү жөнүндө айтылган. Забур 144:16дагы Жахаба Кудай тууралуу: «Колуңду ачып, кең пейилдигиң менен бардык тирүү жандарды тойгузасың»,— деген сөздөр ошондо аткарылат. Андан сырткары, Ышайа 32:1де мындай деп айтылган: «Мына, Падыша [Ыйса Машайак асмандан] акыйкаттык менен падышачылык кылат, төрөлөр [Машайактын жердеги өкүлдөрү] мыйзам боюнча башкарышат». Ыйса Машайактын Падышалыгы жөнүндө Ышайа 9:7де алдын ала мындай делген: «Ал Өзүнүн падышачылыгын адилеттик менен, чындык менен бүгүнкү күндөн тартып түбөлүккө бекитиши жана бекемдеши үчүн, Дөөттүн тагында жана анын падышачылыгында Анын бийлиги жана тынчтык чексиз өсөт. Муну Себайот Теңирдин кызганычы ишке ашырат». Ошол бийликке баш ийип жашап жатканыңды элестете аласыңбы?

15. Жахаба жаңы дүйнөдө адамзат үчүн эмнелерди жасайт?

15 Кудайдын жаңы дүйнөсүндө: «Мен күн астында болуп жаткан ар кандай эзүүнү көрдүм: мына, эзилгендердин көз жашы агып жатат, бирок алардын сооротуучусу жок. Аларды эзип жаткандардын колунда — күч, ал эми алардын сооротуучусу жок»,— деген сөздөрдү эч ким айтпайт (Насаатчы 4:1). Чынында эле, адилеттүү жаңы дүйнөдө жашоо кандай кереметтүү болорун жеткилеңсиз акылыбыз менен элестете албайбыз. Ошондо жамандык таптакыр болбойт, кайра, ар бир жаңы күн жакшы, жагымдуу нерселер менен коштолот. Ооба, Жахаба жамандыкты түп-тамыры менен жок кылып, биз күткөндөн да көптү жасайт. Ошондуктан Ал элчи Петирге мындай сөздөрдү жаздырган: «Биз Анын убадасы боюнча адилеттик гана өкүм сүргөн жаңы асманды жана жаңы жерди күтүп жатабыз» (2 Петир 3:13).

16. «Жаңы асман» кандай мааниде орнотулган жана «жаңы жердин» негизи кандайча түзүлүүдө?

16 Белгилей кетерлик нерсе, «жаңы асман» — Ыйса башкарган Кудайдын асмандагы өкмөтү — эчак эле орнотулган. Ал эми «жаңы жер» — жаңы коомдун негизин түзгөн адил адамдар — бул дүйнөнүн акыркы күндөрүндө чогултулууда. Азыр алардын саны жети миллионго чукулдап барат жана болжол менен 235 өлкөдөн чогултулуп, 100 000дей жыйналышты түзөт. Бул миллиондогон адамдар бүткүл дүйнө жүзү боюнча Жахабанын адилеттүү мыйзамдарына окутулуп-үйрөтүлүүдө. Натыйжада, алардын ортосунда сүйүү, биримдик өкүм сүрүүдө. Алардын биримдиги айкын көрүнүп, убакыт сынагынан өткөн. Ал эми Шайтан тараптагылар жөнүндө минтип айтууга болбойт. Мындай сүйүүнү, биримдикти көрүү менен биз адилдикке, адилеттикке негизделген Кудайдын жаңы дүйнөсүнүн кандай болорун элестете алабыз (Ышайа 2:2—4; Жакан 13:34, 35; Колосалыктарга 3:14).

Шайтандын кол салуусунан майнап чыкпайт

17. Шайтандын акыркы жолу Жахабанын элине кол салуусунан эмне үчүн майнап чыкпайт?

17 Шайтан жана анын тарабындагылар жакында Жахабанын кызматчыларын жер менен жексен кылууга аракет кылышат (Жезекиел 38:14—23). Бул Ыйса айтып кеткен «жер жаралгандан тартып, азыркыга чейин болбогон жана андан кийин да болбой турган чоң алааматта» аткарылат (Матай 24:21). Шайтан ийгиликке жетеби? Жок. Кудай Сөзү бизди мындай деп ынандырат: «Теңир чындыкты [«адилеттикти», «ЖД»] сүйөт, Өзүнүн ыйыктарын таштабайт. Алар түбөлүк сакталышат, ал эми кудайсыздардын тукуму кырылып жок болот. Адил адамдар жерди мурастап, анда түбөлүк жашашат» (Забур 36:28, 29).

18. а) Кудай Шайтандын кол салуусуна кандай жооп кайтарат? б) Адилеттиктин орноорун Ыйык Китептин негизинде карап чыгуу сага эмнеси менен пайдалуу болду?

18 Шайтан таламдаштары менен акыркы жолу Жахабанын кызматчыларына кол салат. Бул Жахабага кандай таасир этерин Захария мындай деп жазган: «Силерге ким тийсе, ал Анын [Кудайдын] көзүнүн карегине тийген болот» (Захария 2:8). Демек, кимдир бирөөнүн Жахабанын кызматчыларына кол салганы Аны көзгө сайганга тете. Кудай дароо иш-аракет кылып, козголоңчуларды жок кылат. Негизи, Жахабанын эли сүйүүсү, биримдиги, тынчтыкка умтулганы жана мыйзамга баш ийгени менен белгилүү. Ошондуктан Шайтандын аларга себепсиз эле кол салганы барып турган адилетсиздикке жатат. Муну «адилеттикти сүйгөн» Кудай карап тура албайт. Ал өз элинин душмандарын түбөлүк жок кылып, адилеттикти орнотот. Ал эми ага кызмат кылгандарды куткарат. Бизди алдыда кандай гана жүрөк толкуткан кереметтүү окуялар күтүп турат! (Накыл сөздөр 2:21, 22).

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Адилетсиздик эмне үчүн азыр кеңири жайылган?

• Жахаба жер үстүнө адилеттикти кантип орнотот?

• Адилеттиктин акыры орноорун билүү сага кандай таасир этти?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Жамандык, Топон суунун алдында күч алгандай, азыр да күч алууда

[10-беттеги сүрөт]

Бейиште жамандыктын ордуна адилдик менен адилеттик орнойт