Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Ыйса ишенимдүү кулду эмне үчүн «акылдуу» деп да сыпаттаган?

Ыйса: «Кулдардын тамагын өз убагында берип турсун деп, кожоюн дайындаган ишенимдүү жана акылдуу кул ким?» — деген суроо берген (Матай 24:45). «Кул» — Ыйсанын рухий «тамак» менен камсыз кылып турган майланган жолдоочуларынан турган жыйналыш. Ыйса эмне себептен аларды «акылдуу» деген? *

«Акылдуу» деген сөздүн маанисин жакшыраак түшүнүш үчүн Ыйсанын окууларына кайрылып көрөлү. Мисалы, Ыйса «ишенимдүү жана акылдуу кул» жөнүндө айтканда, күйөөнүн келишин күтүп жаткан он кыз тууралуу көрсөтмөлүү мисал келтирген. Ал мисалдагы кыздар Ыйсанын 1914-жылга чейинки майланган жолдоочуларын билдирет; алар Күйөөнү — Ыйса Машайакты — чыдамсыздык менен күткөн. Он кыздын бешөө чырактарына жетиштүү май албагандыктан, күйөө келгенде үйлөнүү тоюна кирбей калышкан. Ал эми калган бешөө акылдуулук көрсөтүшкөн. Алар жетиштүү өлчөмдө май камдап алышкандыктан, күйөө келгенде, чырактары күйүп жаткан болот. Ошон үчүн тойго киришкен (Матай 25:10—12).

Ыйсанын майланган жолдоочуларынын көбү 1914-жылы, Ыйса тактыга отурганда, дароо эле асманга барып, ага кошулабыз деп ойлошкон. Бирок жерде алардын аткара турган жумушу көп эле; аны аткарууга айрымдары даяр эмес болчу. Алар, Ыйсанын мисалындагы акылсыз кыздардай болуп, өздөрүн рухий жактан алдын ала бекемдебегендиктен, жарыгын көбүрөөк чагылдырууга даяр эмес болушкан. Бирок майлангандардын көбү акылдуулук менен, башкача айтканда, даанышмандык жана кыраакылык менен иш кылып, рухий жактан бекем болушкан. Ошондуктан алдыда али көп жумуш бар экенин билишкенде, аларды кубаныч менен аткара башташкан. Ошентип, Ыйсанын ал майланган жолдоочулары өздөрүнүн «ишенимдүү жана акылдуу кул» экенин далилдешкен.

Ошондой эле Матай 7:24төгү «акылдуу» деген сөздү Ыйса дагы кандай мааниде колдонгонун карайлы. Ал: «Ким Менин ушул сөздөрүмдү укса жана аткарса, ал үйүн таштын үстүнө курган акылдуу адамга окшош»,— деген. Акылдуу адам бороон-чапкын болуп кетиши мүмкүн экенин эске алып, үйүн бекем негизге курат. Ал эми акылсыз адам, үйүн кумдун үстүнө кургандыктан, үйүнөн ажырайт. Ошол сымал, Ыйсанын акылдуу жолдоочусу адамдын акылына таянуунун аягы жаман болуп бүтөрүн алдын ала көрө билет. Ал баамчыл жана эстүү болгондуктан, ишенимин, иш-аракетин жана окууларын Ыйсанын окууларына негиздейт. «Ишенимдүү жана акылдуу кул» да так ошентет.

Эврей Жазмаларындагы «акылдуу» деген сөз кезиккен айрым аяттарга да көңүл буралы. Мисалы, фараон Жусупту Мисир эли үчүн азык-түлүк камдоого дайындаган. Бир жагынан, бул Жахабанын өз элин азык менен камсыз кылыш үчүн караштырган чарасы эле. Мындай ишке эмне себептен Жусуп тандалып алынган? Себеби фараон Жусупка: «Сендей акылдуу, сендей даанышман адам жок»,— деген (Башталыш 41:33—39; 45:5). Ыйык Китепте Абигейилдин да акылдуу аял болгону айтылат. Ошондуктан ал Жахабанын майланганы Дөөткө жана анын кишилерине тамак жеткирип барган (1 Шемуел 25:3, 11, 18). Жусуп менен Абигейил Жахабанын эркин аңдай билип, кыраакылык жана эстүүлүк менен иш кылгандыктан акылдуу делген.

Демек, Ыйса ишенимдүү кулду акылдуу дегенде, кул тобун түзгөн адамдар ишенимин, иштерин жана окууларын Кудай Сөзүндөгү чындыкка негиздеп, кыраакы, эстүү болорун айткысы келген.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Бул жерде грекче фро́нимос деген сөз колдонулган. Адатта, ал «акылдуу» деп которулат. М. Винсенттин эмгегинде белгиленгендей, ал көбүнчө даанышмандыкка жана кыраакылыкка карата колдонулат («Word Studies in the New Testament»).