Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Асмандагы атаңар кайрымдуу»

«Асмандагы атаңар кайрымдуу»

«Асмандагы атаңар кайрымдуу»

«Асмандагы Атаңар кандай кайрымдуу болсо, силер да ошондой кайрымдуу болгула» (Лука 6:36, «ЖД»).

1, 2. Ыйсанын мыйзам окутуучуларга, фарисейлерге жана шакирттерине айтканынан кайрымдуулук көрсөтүү маанилүү экени кандайча көрүнүп турат?

МУСА аркылуу берилген Мыйзам 600дөй мыйзамды жана осуятты камтыган. Ысрайылдыктардан ошол Мыйзамды аткаруу талап кылынган. Кайрымдуулук көрсөтүү да ошондой эле маанилүү болгон. Кайрымдуулук көрсөтпөгөн фарисейлерге Ыйсанын эмне дегенин карап көрөлү. Ыйса аларды эки жолу айыптап, Кудайдын: «Мен курмандыкты эмес, кайрымдуулукту каалайм»,— деген сөздөрүн келтирип, Анын эмне талап кыларын көрсөткөн (Матай 9:10—13, «ЖД»; 12:1—7; Ошуя 6:6). Жердеги кызматынын аягында Ыйса мындай деп айткан: «Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, силерге кайгы! Эки жүздүүлөр! Силер жалбыздан, анистен жана зиреден ондук бергениңер менен, мыйзамдагы эң негизги нерселерди: акыйкаттыкты, ырайымдуулукту [«кайрымдуулукту», «ЖД»] жана ишенимди таштап койдуңар» (Матай 23:23).

2 Ыйсанын кайрымдуулук көрсөтүү канчалык маанилүү экенин түшүнгөнү шексиз. Ал шакирттерине: «Асмандагы Атаңар кандай кайрымдуу болсо, силер да ошондой кайрымдуу болгула»,— деп айткан (Лука 6:36, «ЖД»). Бул жагынан «Кудайды тууроо» үчүн чыныгы кайрымдуулук деген эмне экенин билүү зарыл (Эфестиктерге 5:1). Ошондой эле кайрымдуу болуу кандай пайда алып келерин түшүнсөк, бул сапатты жашоодо көбүрөөк чагылдырууга түрткү алабыз.

Муктаж болгондорго

3. Чыныгы кайрымдуулукка эмне үчүн Жахабадан үйрөнө алабыз?

3 Забурчу мындай деп ырдаган: «Теңир кайрымдуу жана ырайымдуу, чыдамдуу жана абдан боорукер. Теңир бардык адамдарга жакшылык кылат, Өзү жараткандарынын бардыгына кайрымдуулук кылат» (Забур 144:8, 9). Жахаба кайрымдуулуктун жана «сооронуунун булагы» (2 Корунттуктарга 1:3). Кайрымдуулук кимдир бирөөгө боор оорууну билдирет. Кайрымдуулук — Жахабанын сапаттарынын бири. Анын үлгүсү жана көрсөтмөлөрү бизге чыныгы кайрымдуулук деген эмне экенин түшүнүүгө жардам берет.

4. Ышайа 49:15тен кайрымдуулукка байланыштуу эмнеге үйрөнө алабыз?

4 Ышайа 49:15те Жахаба: «Аял эмчектеги баласын унутмак беле? Өзүнүн курсагынан чыккан уулун аябай коймок беле?» — дейт. Бул жердеги «аёо» деп которулган сөзгө маанилеш эврей сөздөрү жогоруда келтирилген Забур 144:8, 9да да колдонулган. Жахабанын адамдарга кайрымдуу болууга түрткү берген сезими мээримдүү эненин ымыркайына болгон жылуу сезими менен салыштырылган. Ымыркайы ачка болгондо же башка нерсеге муктаж болгондо, энеге ымыркайынын муктаждыктарына кам көрүүгө боор ооруу жана аёо сезими түрткү берет. Жахабага да адамдарга кайрымдуулук көрсөтүүгө ушундай сезимдер түрткү берет.

5. Жахаба «ырайымга бай» экенин ысрайылдыктарга кылган мамилесинде кандайча көрсөткөн?

5 Муктаж болгондорго боор ооруу — башка, ал эми аларга иш жүзүндө жардам берүү такыр башка нерсе. Мындан 3 500 жыл мурун өз эли Мисирде кулчулукта жүргөндө Жахаба аларга кандай мамиле кылганын карап көрөлү. Ал Мусага мындай деген: «Мен Өз элимдин Мисирде тарткан азабын көрдүм, башкаруучулардан кордук көрүп, боздогон үнүн уктум. Мен анын кайгысын билем. Мен аны мисирликтердин колунан куткаруу үчүн, бул жерден алып чыгып, сүт менен бал аккан жакшы, кенен жерге... алып баруу үчүн келдим» (Чыгуу 3:7, 8). Ысрайылдыктардын Мисирдин кулчулугунан бошонгонунан 500 жылдай өткөндөн кийин Жахаба аларды куткаргандыгын эсине салып: «Мен Ысрайылды Мисирден алып чыктым, силерди мисирликтердин колунан жана силерди эзген бардык падышачылыктардын колунан куткардым»,— деген (1 Шемуел 10:18). Ысрайыл эли Кудайдын мыйзамдарына ылайык жашабагандыктан көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болгон. Бирок Жахаба боор ооруп, аларды көп жолу куткарган (Башкаруучулар 2:11—16; 2 Жылнаама 36:15). Бул мээримдүү Кудайдын муктаж болгондорго, коркунучка, кыйынчылыкка кабылгандарга кандай мамиле кыларын көрсөтүп турат. Ооба, Жахаба кайрымдуулукка, «ырайымга бай» (Эфестиктерге 2:4).

6. Кайрымдуулук көрсөтүү жагынан Ыйса Машайак атасын кандайча туураган?

6 Ыйса жерде жүргөндө атасын туурап, кайрымдуулук көрсөткөн. Эки сокур киши Ыйсадан: «Теңир, Дөөттүн Уулу, бизге ырайым кыла көр!» — деп өтүнгөндө, ал аларга кандай жооп кайтарган? Ал кишилер Ыйсадан көздөрүн айыктырып беришин суранышкан. Ыйса аларды керемет жолу менен айыктырган, бирок ал муну эч кандай сезимсиз эле жасаганбы? Ыйык Китепте: «Ыйса боор ооруп, алардын көзүнө колун тийгизди. Ошол замат алардын көзү көрүп калды»,— деп айтылат (Матай 20:30—34). Дал ошол боорукердигинен улам Ыйса сокурларды, жин оорулууларды, пес оорулууларды айыктырып, керемет жасаган. Анын ичинде балдарды да айыктырып, алардын кайгырган ата-энелерине жубатуу берген (Матай 9:27; 15:22; 17:15; Марк 5:18, 19; Лука 17:12, 13).

7. Жахаба менен Ыйсанын үлгүсүнөн кайрымдуулукка байланыштуу эмнеге үйрөнөбүз?

7 Жахаба менен Ыйсанын үлгүсүнөн кайрымдуулук эки нерсени: муктаж болгондорго боор оорууну же аёо сезимин жана алардын пайдасын көздөп иш-аракет кылууну камтырын билүүгө болот. Кайрымдуу болуу үчүн ушул эки нерсе зарыл. Ыйык Китептен кайрымдуулук көбүнчө муктаж болгондорго боорукердик менен мамиле кылууну билдирерин көрүүгө болот. Ал эми жазалоо чараларын колдонууда кайрымдуулук кандайча көрсөтүлөт? Ал күнөөкөргө карата эч кандай жаза колдонбоо керек дегенди билдиреби?

Күнөө кетиргендерге

8, 9. Дөөт менен Бат-Шебага көрсөтүлгөн кайрымдуулук эмнени камтыган?

8 Ысрайылдын падышасы Дөөт Бат-Шеба менен ойноштук кылганда, Натан пайгамбар аны айыптагандан кийин эмне болгонун карап чыгалы. Дөөт кылганына абдан өкүнүп, мындай деп тиленген: «Кудайым, мени Өзүңдүн улуу ырайымың боюнча ая, Өзүңдүн улуу кайрымдуулугуң боюнча күнөөлөрүмдү өчүрүп сал. Күнөөлөрүмдү тазаргыча жууп, кылмышымдан тазала. Анткени мен күнөөлөрүмдү мойнума алам, кылмышым көз алдымдан кетпейт. Мен Сага, бир гана Сага каршы күнөө кылдым, Сенин көз алдыңда жаман иш кылдым» (Забур 50:1—4).

9 Дөөт чын жүрөктөн өкүнгөндүктөн, Жахаба анын күнөөсүн кечирип, Бат-Шеба экөөнө карата өкүм чыгарууда сабырдуулук көрсөткөн. Мусанын мыйзамына ылайык, Дөөт да, Бат-Шеба да өлүм жазасына тартылышы керек эле (Мыйзам 22:22). Кылган күнөөсүнүн бардык кесепеттеринен качып кутула алышпаса да, алардын өмүрү сакталып калган (2 Шемуел 12:13). Ооба, Кудайдын кайрымдуулугуна күнөөнү кечирүү да кирет. Бирок бул Кудай тийиштүү чара көрбөйт дегенди билдирбейт.

10. Жахабанын кайрымдуулугун эмне үчүн боло жүргөн нерсе катары карабашыбыз керек?

10 «Дүйнөгө бир адам [Адам ата] аркылуу күнөө кирген», ал эми «күнөө үчүн жаза — өлүм». Ошентип, адамзат өлүмдүн кулу болуп калган (Римдиктерге 5:12; 6:23). Андыктан бизге кайрымдуулук көрсөтүп жаткандыгы үчүн Жахабага кандай гана ыраазыбыз! Бирок Кудайдын кайрымдуулугун боло жүргөн нерсе катары көрүүдөн сак болушубуз керек. Мыйзам 32:4тө Жахаба тууралуу: «Анын жолдору — чындык [адилет]»,— деп айтылат. Демек, кайрымдуулук көрсөтүп жатып, Кудай адил нормаларын бузбайт.

11. Жахаба Дөөт менен Бат-Шебага кандайча тийиштүү түрдө адилеттүүлүк көрсөткөн?

11 Дөөт менен Бат-Шебанын күнөөсүн өлүм өкүмү чыгарылганга чейин кечирүүгө болмок. Бирок Ысрайылдагы башкаруучуларга андай укук берилген эмес. Эгер бул жагдайды башкаруучулар чече турган болсо, аларга өлүм өкүмү чыгарылмак: андан башка жол жок болчу. Анткени Мыйзам ошону талап кылган. Бирок Жахаба Дөөт менен келишим түзгөндүктөн, анын күнөөсүн кечирүүгө кандайдыр бир негиз барбы, жокпу, ынангысы келген (2 Шемуел 7:12—16). «Бүт жер жүзүнүн Соту», «жүрөктү сыноочу» Жахаба Кудай бул маселени өзү кароону чечкен (Башталыш 18:25; 1 Жылнаама 29:17). Кудай Дөөттүн жүрөгүн көргөн, башкача айтканда, чындап өкүнгөнүн көрүп, аны кечирген.

12. Күнөөлүү адамдар Кудайдын кайрымдуулугунан кантип пайда ала алышат?

12 Жахабанын бизди тукум кууп өткөн күнөөнүн жазасынан куткарып, кайрымдуулук көрсөтүшү адилеттүүлүккө негизделген. Ал өзүнүн адилет мыйзамдарын бузбай, күнөөлөрүбүз кечирилиши үчүн өз Уулун, Ыйса Машайакты, кун катары курмандыкка берип, укмуштуудай зор кайрымдуулук көрсөткөн (Матай 20:28; Римдиктерге 6:22, 23). Өмүрүбүздү күнөөнүн жазасы болгон өлүмдөн сактап кала алчу Жахабанын ушундай кайрымдуулугунан пайда алуу үчүн анын Уулуна ишеним көрсөтүшүбүз керек (Жакан 3:16, 36).

Кудай кайрымдуу жана адилеттүү

13, 14. Кудайдын кайрымдуулугу анын адилеттүүлүгүн теңсалмакташтырып турабы? Түшүндүр.

13 Жахабанын кайрымдуулугу анын адил мыйзамдарын бузбаса да, кандайдыр бир башка жол менен адилеттүүлүгүнө таасир эте алышы мүмкүнбү, мисалы, жазаны жеңилдетеби? Жок.

14 Жахаба Ошуя пайгамбар аркылуу Ысрайыл элине мындай деген: «Мен сени менен түбөлүккө никелешем, Мен сени менен чындык жана адилеттиктин, ырайым жана боорукердиктин негизинде никелешем» (Ошуя 2:19). Бул сөздөр Жахаба кайрымдуулугун башка сапаттары, анын ичинде адилеттүүлүгү менен шайкештикте колдонорун көрсөтүп турат. Жахаба «ырайымдуу... айыбын, кылмышын жана күнөөсүн кечире турган, бирок жазасыз калтырбай турган» Кудай (Чыгуу 34:6, 7). Ал кайрымдуу, ошол эле учурда адилеттүү. Ыйык Китепте Жахаба тууралуу: «Ал — таяныч. Анын иштери жеткилең, Анын жолдору — чындык [«адилеттүү», «ЖД»]»,— деп айтылат (Мыйзам 32:4). Жахабанын адилеттүүлүгү, кайрымдуулугундай эле, жеткилең. Бул эки сапаттын бири экинчисинен жогору турбайт жана бири экинчисинин теңсалмакташтырып турушуна муктаж эмес. Экөө тең шайкештикте, жеткилең түрдө чагылдырылат.

15, 16. а) Кудайдын адилеттүүлүгүндө катаалдык жок экенин эмнеден көрүүгө болот? б) Жахаба бул каардуу түзүлүштү жок кылганда, анын кызматчылары эмнеге шектенбесе болот?

15 Жахабанын адилеттүүлүгүндө катаалдык жок. Адатта, адилеттүүлүк дайыма күнөөкөрлөрдү тийиштүү түрдө жазалоону талап кылат. Бирок, ошону менен бирге, Кудайдын адилеттүүлүгү күнөөсүздөрдүн куткарылышын да шарттайт. Мисалы, Содом менен Амор шаарларындагы ыймансыздар жок кылынганда, Лот жана анын кыздары аман калышкан (Башталыш 19:12—26).

16 Жахаба бул каардуу түзүлүшкө чыгарган өкүмүн ишке ашырганда «эбегейсиз көп адамдарды» — «кийимдерин жууп», «Козунун канына агартышкан» чыныгы кызматчыларын — сактап каларына шектенбесек болот. Алар «улуу кайгыдан» аман өтүшөт (Аян 7:9—14).

Эмне үчүн кайрымдуу болуу керек?

17. Кайрымдуу болуунун негизги себеби эмнеде?

17 Жахаба менен Ыйса Машайактан чыныгы кайрымдуулукка үйрөнө алабыз. Кайрымдуу болуунун негизги себеби Накыл сөздөр 19:17де мындай деп түшүндүрүлөт: «Жакырга жакшылык кылган адам Теңирге насыя берет, кылган жакшылыгын Теңир кайтарымсыз калтырбайт». Бири-бирибизге кайрымдуулук көрсөтүп, Жахабаны жана анын Уулун туурасак, Жахаба сүйүнөт (1 Корунттуктарга 11:1). Андан сырткары, башкаларга кайрымдуу болсок, алар да бизге кайрымдуулук кылат (Лука 6:38).

18. Кайрымдуу болууга эмне үчүн умтулушубуз керек?

18 Кайрымдуулук өзүнө ырайымдуулук, сүйүү, боорукердик жана жакшылыкчылдык сыяктуу көптөгөн жакшы сапаттарды камтыйт. Кайрымдуу болууга, негизинен, боорукердик жана аёо сезими түрткү берет. Жахабанын кайрымдуулугу анын адилеттүүлүгүн жумшартпайт. Анткени Жахаба ачууга алдырбайт жана күнөөкөрлөргө чыдамдуулук көрсөтүп, алар өкүнүшү үчүн жетиштүү убакыт берет (2 Петир 3:9, 10). Демек, кайрымдуулук чыдамдуулук менен да байланышта. Кайрымдуулук көп жакшы сапаттарды, анын ичинде рухтун жемишине кирген сапаттардын айрымдарын да камтыгандыктан, кайрымдуу болуунун аркасында ошол сапаттарды өрчүтө алабыз (Галатиялыктарга 5:22, 23). Бул сапатты өстүрүүгө умтулганыбыз кандай гана маанилүү!

«Кайрымдуулар бактылуу»

19, 20. Кандайча кайрымдуулук соттон жогору турат?

19 Шакирт Жакып кайрымдуулуктун жашообузда эмне үчүн маанилүү роль ойношу керектигин айткан. Ал: «Кайрымдуулук соттон жогору турат»,— деген (Жакып 2:13б, «ЖД»). Жакып Жахабанын кызматчылары башкаларга көрсөтүшү керек болгон кайрымдуулук тууралуу айткан. «Кудайдын алдында ар бирибиз өзүбүз үчүн жооп бере» турган күн келгенде, Жахаба адамдын башкаларга кайрымдуулук кылганын эске алат жана аны Уулунун курмандыгынын негизинде кечирет. Кайрымдуулук соттон жогору турары ошондо айкын болот (Римдиктерге 14:12). Дөөттүн Бат-Шеба менен кылган күнөөсүнүн кечирилгенинин себептеринин бири Дөттүн башкаларга кайрымдуу болгонунда экени шексиз (1 Шемуел 24:4—7). Анткени «ким кайрымдуулук көрсөтпөсө, соттолгондо ага да кайрымдуулук көрсөтүлбөйт» (Жакып 2:13а, «ЖД»). Андыктан кайрымдуулук көрсөтпөгөндөр Кудай «өлүмгө татыктуу» деп эсептеген адамдардын арасына кирери таң калыштуу эмес (Римдиктерге 1:31, 32).

20 Ыйса Тоодогу насаатында мындай деген: «Кайрымдуулар бактылуу, анткени аларга кайрымдуулук көрсөтүлөт» (Матай 5:7, «ЖД»). Бул сөздөр Кудайдын кайрымдуулугуна үмүттөнгөндөр өздөрү да кайрымдуу болушу керектигин кандай гана таамай сүрөттөп турат! Эмки макалада кайрымдуулукту күн сайын иш жүзүндө кандайча көрсөтө аларыбыз талкууланат.

Эмнелерди билдиңер?

• Кайрымдуулук деген эмне?

• Кайрымдуулук кандай жолдор менен көрсөтүлөт?

• Жахаба адилеттүүлүк менен кайрымдуулукту кандайча көрсөтөт?

• Эмне үчүн кайрымдуу болушубуз керек?

[Изилдөө суроолору]

[7-беттеги сүрөт]

Жахабанын муктаж болгондорго туйган сезими мээримдүү эненин ымыркайына болгон жылуу сезими менен салыштырылат

[8-беттеги сүрөт]

Жахаба Дөөткө кайрымдуулук кылуу менен өзүнүн адилеттүү мыйзамдарын бузганбы?