Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Аңчынын торунан куткарылуу

Аңчынын торунан куткарылуу

Аңчынын торунан куткарылуу

«Ал [Жахаба] сени аңчынын торунан куткарат» (Забур 90:3).

1. «Аңчы» деген ким жана бизге кандай коркунуч туудурат?

КУДАЙДЫН кызматчыларынын баарына күчтүү, амалкөй рухий жаратуу менен күрөшүүгө туура келет. 90-забурдун 3-аятында ал «аңчы» деп аталган. Ал душман ким? 1883-жылдын «Күзөт мунарасынын» 1-июнунда чыккан (англ.) санында эле анын Шайтан Ибилис экени айтылган. Бул күчтүү душман, аңчы канаттууну кармап алууга аракет кылгандай, куулук менен Жахабанын кызматчыларын туура жолдон буруп, торго түшүрүүгө умтулат.

2. Шайтанды эмне үчүн аңчыга салыштырууга болот?

2 Байыркы убакта адамдар канаттуу-куштарды сайраганын угуп, кооздугуна суктаныш үчүн же алардын этин жеш үчүн жана курмандыкка чалыш үчүн кармашчу. Бирок канаттуу-куштар табиятынан сак келгендиктен, аларды кармоо оңой эмес болчу. Ошондуктан байыркы учурдагы аңчылар алгач ар бир канаттуунун өзгөчөлүктөрүнө байкоо салып, изилдешчү. Анан аларды кармаш үчүн ар кандай амалдуу ыкмаларды ойлоп табышчу. Шайтан да адамдарды адаштыруу үчүн аңчыныкындай ыкмаларды колдонот. Бактыга жараша, биз Ыйык Китептин жардамы менен анын ыкмаларын биле алабыз. Ал ар бирибиздин адаттарыбызды, кулк-мүнөзүбүздү кылдат изилдеп, тирүүлөй кармаш үчүн байкатпай амалдуу торлорун жаят (2 Тиметейге 2:26). Анын торуна түшүү деген рухий жактан өлүүнү жана кийин келечектен айрылууну билдирет. Демек, «аңчынын» торуна түшүп калбаш үчүн анын ар түрдүү ыкмаларын билишибиз керек.

3, 4. Шайтандын ыкмалары кандайча арстандыкына жана уулуу жыландыкына окшош?

3 Ыйык Китепте Шайтандын ыкмалары жаш арстандын жана уулуу жыландын ыкмаларына салыштырылат (Забур 90:13). Шайтан Жахабанын элине арстандай болуп, ачык — куугунтуктап же бийликтегилерге Кудайдын элине каршы мыйзам чыгарууга түрткү берип — кол салат (Забур 93:20). Натыйжада айрымдар Жахабадан баш тартып кетишет. Бирок көбүнчө Шайтандын андай иш-аракеттери тескери натыйжа берип, Кудай элинин биримдиги ого бетер чыңдалат. Анда Шайтандын уулуу жылан сымал амалдуу чабуулдары жөнүндө эмне айтууга болот?

4 Ибилис өзүнүн күчү, амалкөйлүгү менен бизди өлүмгө дуушар кылыш үчүн уулуу жылан сымал, жашыруун жерден кол салат. Мындай ыкманы колдонуп, ал Кудайдын айрым кызматчыларынын акылын караңгылаткан. Ошентип ал амалкөйлүк менен аларды Жахабадан алыстатып, өзүнүн каалоосун аткартууга жетишкен. Бактыга жараша, бизге анын арам ойлору маалым (2 Корунттуктарга 2:11). Андыктан, келгиле, «аңчынын» өлүмгө дуушар кыла турган төрт торун карап чыгалы.

Адамдардан коркуу

5. «Адамдардан коркуу тузагы» эмне үчүн натыйжалуу?

5 Адам тегерегиндегилеринин жактыруусуна ээ болууну каалаарын «аңчы» жакшы билет. Албетте, Кудайдын кызматчылары да башкалардын ой-сезимдерине кошкөңүл карабайт. Муну билген Ибилис алардын «башкалар кандай ойдо калат» деген табигый тынчсыздануусун колдонгусу келет. Анан кээ бирөөлөрдү «адамдардан коркуу тузагына» түшүрүп, рухий жактан алсыратат (Накыл сөздөр 29:25). Жахабанын кызматчылары адамдардан коркуп, ага жакпаган ишти жасаса же ал буйруган ишти аткарбаса, «аңчынын» торуна түшөт (Жезекиел 33:8; Жакып 4:17).

6. Жаштар «аңчынын» торуна кандайча түшүп калышы мүмкүн?

6 Мисалы, бир өспүрүм классташтарынын кысымына алдырып, чылым чекти дейли. Ошол күнү мектепке баратканда чылым чегүү анын оюна да келген эместир. Ошентсе да ал оңой эле өзүнүн денсоолугуна зыян келтирген, Жахабага да жакпаган иш кылат (2 Корунттуктарга 7:1). Ал эмнеден улам азгырылган? Балким, ал теңтуштарынын жаман таасирине алдырып, алардын жактыруусунан ажырап калуудан корккон. Ошондуктан, жаштар, эч качан «аңчынын» силерди азгырып, торуна түшүрүшүнө жол бербегиле! Тирүүлөй торго түшпөш үчүн аз нерседе да ишенимдүү болгула. Жаман чөйрөдөн качуу жөнүндөгү Ыйык Китептеги эскертүүгө кулак салгыла (1 Корунттуктарга 15:33).

7. Шайтан кандайча кээ бир ата-энелерди теңсалмактуулугунан тайдырган?

7 Кудайга кызмат кылган ата-энелер үйбүлөсүнө материалдык жактан кам көрүүгө олуттуу карашат (1 Тиметейге 5:8). Бирок Шайтан алардын бул жагынан рухий теңсалмактуулугун жоготуусун максат кылат. Балким, кээ бир ата-энелер жумушундагы жетекчилеринин кысымына алдырып, жыйналыш жолугушууларын калтырууну адатка айландырып алышкандыр. Алар жумуш берүүчүдөн суранууга батынбагандыктан, Жахабага сыйынууга арналган облустук жыйындын бардык күнүнө катыша албай калышы мүмкүн. Мындай тузакка түшпөш үчүн Жахабага таянуу керек (Накыл сөздөр 3:5, 6). Ошондой эле биз Жахабанын үйбүлөсүнө кирерибизди жана ал бизге кам көрүүнү убада кылганын унутпасак, теңсалмактуулугубузду жоготпойбуз. Ата-энелер, Жахабанын эркин аткарсаңар, ал силерге, үйбүлөңөргө кам көрөрүнө ишенесиңерби? Же адамдардан коркуп, Шайтандын торуна тирүүлөй түшүп, анын каалосун аткарасыңарбы? Ушул суроолор жөнүндө тиленүү менен ой жүгүртүшүңөрдү суранабыз.

Дүнүйөкордуктун тору

8. Шайтан дүнүйөкордуктун торун кандайча колдонот?

8 Шайтан бизди байлыкка азгыруу менен да торго түшүрөт. Бул дүйнөнүн коммерция системасы тез баюунун ар кандай жолдорун жарнамалап келет, ал жолдорго Кудайдын кызматчыларынын кээси да азгырылып кетүүдө. Кээде кимдир бирөө: «Жумушка кан-жаныңды берип иштеп, материалдык абалыңды жакшыртып алсаң, кийин анча көп иштебей эле, жашоонун ырахатын көрөсүң. Атүгүл, пионер да болуп кызмат кыла аласың»,— деши мүмкүн. Бирок мындай сөздөрдү башкаларды өз кызыкчылыгы үчүн колдонууга аракеттенген бирөө айтышы ыктымал. Ошондуктан андай сунуш жөнүндө жакшылап ойлонуп көр. Бул Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалындагы «акылсыз» бай адамдын ой жүгүртүүсүн чагылдырып жаткан жокпу? (Лука 12:16—21).

9. Айрым ишенимдештерибиз торго кандайча түшүшү мүмкүн?

9 Ошондой эле Ибилис кол астындагы каардуу дүйнөнү колдонуп, адамдарды көп буюм-тайымдарга ээ болууга үндөйт. Бул бара-бара Кудайдын кызматчысынын жашоосуна таасир этиши, жүрөгүндөгү Кудайдын «сөзүн» басып, жемишсиз кылып салышы мүмкүн (Марк 4:19). Ыйык Китеп бизди болгонуна ыраазы болуп жашоого үндөйт (1 Тиметейге 6:8). Бирок көптөр бул кеңешти жашоосунда колдонбогону үчүн «аңчынын» торуна түшүп калышкан. Балким, алар текебердиктен улам «жакшы жашоону» каалагандыр. Өзүбүз жөнүндө эмне айтууга болот? Байлыкка ээ болуу үчүн Падышалыктын кызыкчылыктарын экинчи орунга жылдырып койгон жокпузбу? (Акай 1:2—8). Тилекке каршы, азыркы экономикалык оор убакта кээ бирөөлөр эл катары жашоого аракеттенип, рухий жактан алсырап калышкан. Бул «аңчыны» абдан кубантат.

Көңүл ачуунун тору

10. Өзүбүздү кантип текшерип турушубуз керек?

10 «Аңчынын» дагы бир натыйжалуу ыкмасы — адамдардын жакшы менен жаманды ажырата билүү жөндөмүн бурмалоо. Азыр көңүл ачуу тармагында Содом жана Амор шаарларындагы маанай чагылдырылууда. Алсак, телеберүүлөр, гезит-журналдар зордук-зомбулукка, адеп-ахлаксыздыкка жык толгон. Массалык маалымат каражаттарында көрсөтүлгөн ушундай көңүл ачуулардын көпчүлүгү адамдардын «жаман-жакшыны айырмалай билүү» жөндөмүн бурмалайт (Эврейлерге 5:14). Бирок Жахаба Ышайа пайгамбар аркылуу: «Жаманды жакшы деп, жакшыны жаман дегендерге... кайгы»,— деген (Ышайа 5:20). Андыктан: «„Аңчы“ зыяндуу көңүл ачуулар менен ой жүгүртүүмө таасир этип жаткан жокпу?» — деп өзүбүздү текшерип көрүшүбүз керек (2 Корунттуктарга 13:5).

11. «Күзөт мунарасы» журналында сериалдар жөнүндө кандай эскертүү берилген?

11 Кудайдын элине мындан жыйырма беш жылдай мурун «Күзөт мунарасы» аркылуу сериалдарды көрүүнүн зыяндуу экени эскертилген *. Ал макалаларда сериалдардын акырындык менен абийирди мокотору жөнүндө мындай делген: «Сүйүү үчүн туура эмес иштерге да көз жумушат. Мисалы, сериалдагы турмушка чыга элек кош бойлуу бир кыз досуна: „Мен Викторду аябай сүйөм. Башкасы мен үчүн маанилүү эмес... Андан балалуу болорума сүйүнөм!“ — дейт. Мунун баары жагымдуу музыка менен коштолот да, ал кыздын иши туурадай көрүнөт. Виктор да силерге жага баштайт. Кызга бооруңар ооруп, анын адеп-ахлаксыз ишин актай баштайсыңар. Көп жылдан бери сериалдарды көрүп жүргөн бир аял анын таасири жөнүндө мындай дейт: „Таң калыштуусу, бара-бара адеп-ахлаксыздыкты күнөө деп эсептебей каласың. Анын жаман, туура эмес иш экенин акылың менен түшүнүп эле турасың... Бирок жүрөгүңдүн түпкүрүндө ал каармандарды жактырып туруп аласың“».

12. Телеберүүлөр жөнүндөгү эскертүүлөрдүн орундуу экенин эмне көрсөтүп турат?

12 Эскертүү камтылган ал макалалар чыккандан бери жүрөктү бузган андай телеберүүлөр, сериалдар мурдагыдан да көбөйдү. Көп жерлерде андай телеберүүлөр 24 саат бою көрсөтүлөт. Аны көргөн чоңдор да, өспүрүмдөр да акылына, жүрөгүнө зыяндуу маалыматты сиңиришет. Андыктан телеберүүлөр дүйнөдө болуп жаткан нерселерди эле көрсөтүп жатпайбы деп өзүбүздү алдабашыбыз керек. Чын эле, Кудайдын кызматчысы эч качан үйүнө киргизбей турган адамдар менен чогуу көңүл ачууну тандайт беле?

13, 14. Айрымдар телеберүүлөргө байланыштуу кеңештерден кандай пайда алышкан?

13 Көптөргө «ишенимдүү жана акылдуу кулдун» кеңештерине кулак салуу жардам берген (Матай 24:45—47). Алардын айрымдары ыйык китептик кеңештер камтылган макалаларды окуп чыгып, кандай пайда алганын кат аркылуу жазып жиберишкен *. Мисалы, бир ишенимдешибиз: «Мен 13 жыл бою сериалдарды үзгүлтүксүз көрүп келгем. Жыйналыш жолугушууларына барып, анда-санда кабарга чыгып турсам, рухийлигим зыянга учурабайт деп ойлогом. Бирок сериалдарды көрүп отуруп, акырындык менен дүйнөдөгү адамдардай ой жүгүртө баштадым: күйөөм мага жаман мамиле кылса же өзүмдү ага кереги жоктой сезсем, ойноштукка барсам болот, себеби ал өзү күнөөлүү да деп ойлочумун. Акыры ойноштукка барып, Жахаба Кудайга, жолдошума каршы күнөө жасадым»,— деп жазган. Ал жыйналыштан чыгарылган. Бирок кийинчерээк күнөөсүн мойнуна алып, өкүнгөндүктөн кайра жыйналышка кабыл алынган. Жахаба жек көргөн көңүл ачууларды четке кагууга ага «Күзөт мунарасындагы» кеңештер жардам берген (Амос 5:14, 15).

14 Сериалдарды көрүүдөн зыян тарткан дагы бир окурман: «Бул макаланы окуп жатканда мен аябай ыйладым. Анткени жүрөгүм Жахабага толугу менен берилбей калганын түшүндүм. Жахаба Кудайыма мындан ары сериалдардын кулу болбоону убадаладым»,— дейт. Ал эми башка ишенимдешибиз макала үчүн ыраазычылыгын билдирген соң, өзүндө ошондой көйгөй бар экенин мойнуна алып: «Таң калам... Жахаба менен болгон мамилем бузулса эмне болмок? Сериалдагы каармандар менен „достошуп“, ошол эле учурда Жахаба менен да кантип дос болуп жүрдүм?» — деп жазган. Эгер мындай телеберүүлөр 25 жыл мурун эле адамдардын жүрөгүн ушунчалык бузса, анда биздин күндөрдө канчалык таасир этет деп ойлойсуңар? (2 Тиметейге 3:13). Ошондуктан сериалдар болобу, зордук-зомбулук чагылдырылган видеооюндар болобу же адеп-ахлаксыздыкка үндөгөн музыкалык клиптер болобу, мунун баары Шайтандын тору экенин унутпашыбыз керек.

Өз ара келишпестиктер

15. Кээ бирөөлөр Ибилистин торуна кандайча түшүп калган?

15 Шайтан Кудайдын элин бөлүп-жаруу үчүн өз ара келишпестиктерди колдонот. Жыйналышта сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болсок да, анын торуна түшүп калышыбыз мүмкүн. Кээ бирлер өз ара келишпестиктин айынан Ибилистин торуна тирүүлөй түшүп, жыйналыштын рухий өсүшүнө, тынчтыгына, биримдигине доо кетиришкен (Забур 132:1—3).

16. Шайтан кандайча куулук менен биримдигибизди бузууга аракеттенет?

16 Биринчи дүйнөлүк согуш маалында Шайтан Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгүнө ачык эле кол салып, жок кылгысы келген. Бирок ийгиликке жеткен эмес (Аян 11:7—13). Ошондон бери ал куулук менен биздин биримдигибизди бузууга аракет кылып келет. Өз ара келишпестиктердин ырбап кетишине жол берсек, ынтымагыбыз ыдырайт да, «аңчыга» орун берген болобуз. Бул болсо ыйык рухтун өзүбүзгө жана жыйналышка таасир этишине жолтоо болот. Муну көргөн Шайтан аябай кубанат, анткени тынчтыктын, биримдиктин бузулушу кабар айтуу ишине тоскоолдук кыларын билет (Эфестиктерге 4:27, 30—32).

17. Өз ара келишпестиктерди чечүүгө эмне жардам берет?

17 Ишенимдешиң менен келишпестик пайда болсо, эмне кыласың? Албетте, бир жагдай экинчисине окшош болбойт. Кыйынчылыктар ар кандай себептерден улам пайда болушу ыктымал, бирок аларды чечпей калтырып коюуга негиз жок (Матай 5:23, 24; 18:15—17). Ыйык Жазма Кудайдын жетеги менен жазылгандыктан, андагы кеңештер — жеткилең. Ошондуктан ыйык китептик принциптерди колдонуу сөзсүз жакшы натыйжа берет!

18. Жахабаны тууроо келишпестиктерди чечүүгө кандайча жардам берет?

18 Жахаба «кечирүүгө даяр» жана өтө ырайымдуу (Забур 85:5, «ЖД»; 129:4). Биз Жахабанын сүйүктүү балдары экенибизди аны тууроо менен көрсөтөбүз (Эфестиктерге 5:1). Баарыбыз күнөөкөр болгондуктан Жахабанын кечиримине зарбыз. Андыктан башкаларды кечирүү кыйын болгондо, өзгөчө сак болушубуз керек. Болбосо, Ыйсанын мисалындагы жаман кулга окшошуп калабыз. Падыша анын чоң карызын кечирген, бирок ал өзүнө бир аз эле карыз болгон башка кулду кечирбей койгон. Бул жөнүндө укканда падыша кечирбей койгон кулду түрмөгө каматкан. Ыйса мисалын мындай сөздөр менен корутундулаган: «Эгерде ар бириңер өз бир тууганыңардын күнөөсүн чын жүрөктөн кечирбесеңер, асмандагы Атам да силерге так ушундай мамиле кылат» (Матай 18:21—35). Бул мисалдын үстүнөн ой жүгүртүү жана Жахабанын бизди даярдуулук менен көп жолу кечиргенин унутпоо ишенимдешибиз менен болгон келишпестиктерди чечүүгө жардам берери шексиз (Забур 18:15).

«Бардыгынан жогору турган... Кудайды далдаа кыл»

19, 20. Азыркы оор убакта эмне үчүн Жахабанын «далдаасынан», «үйүнөн» коргоо издешибиз керек?

19 Биз кооптуу убакта жашап жатабыз. Жахабанын коргоосу болбосо, Шайтан бизди эчак эле жок кылмак. Ошондуктан «аңчынын» торуна түшпөш үчүн «бардыгынан жогору турган Кудайдын үйүндө жашап», «кудуреттүү Кудайды далдаа кылышыбыз», башкача айтканда, каймана маанидеги коргоочу жайда болушубуз керек (Забур 90:1).

20 Эмесе, Жахабанын эскертүүлөрү менен жетекчилиги эркиндигибизге коюлган чектөө эмес, коргоо экенин унутпайлы. Биз баарыбыз күчтүү, амалкөй рухий жаратуу менен күрөшүп жатабыз. Жахабанын жардамысыз анын торунан качып кутулуу мүмкүн эмес (Забур 123:7, 8). Ошондуктан, келгиле, Жахабага «аңчынын» торунан бизди куткарышын сурап тиленели! (Матай 6:13).

[Шилтемелер]

^ 11-абз. «Күзөт мунарасы», 1982-жыл, 1-декабрь, 3—7-беттер, англ.

^ 13-абз. «Күзөт мунарасы», 1983-жыл, 1-декабрь, 23-бет, англ.

Эсиңердеби?

• «Адамдардан коркууну» эмне үчүн өлүмгө дуушар кыла турган тузак десек болот?

• Шайтан дүнүйөкордуктун торуна кантип түшүрөт?

• Зыяндуу көңүл ачууларды колдонуп, Шайтан айрымдарды кандайча торго түшүргөн?

• Биримдигибизди бузуш үчүн Шайтан кандай ыкманы колдонот?

[Изилдөө суроолору]

[31-беттеги сүрөт]

Ишенимдешиң менен келишпестик пайда болгондо, эмне кылсаң болот?