Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жамандыктан эмне үчүн арылбай келебиз?

Жамандыктан эмне үчүн арылбай келебиз?

Жамандыктан эмне үчүн арылбай келебиз?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ «Теңирдин Өзүнүн бардык жолунда адилет» экени айтылат (Забур 144:17; Аян 15:3). Муса пайгамбар да: «Кудай ишенимдүү, Анда адилетсиздик жок. Ал акыйкат. Ал чындык»,— деген (Мыйзам 32:4). Ошондой эле Ыйык Китептин дагы бир жазуучусу шакирт Жакып Кудайдын «аябай ырайымдуу жана боорукер» экенин айткан (Жакып 5:11). Ырас, Кудай азап-кайгыга себепкер эмес.

Шакирт Жакып мындай деген: «Азгырылып жатканда, эч ким: „Кудай мени азгырып жатат“,— деп айтпасын. Анткени Кудай жамандыкка азгырылбайт жана эч кимди азгырбайт» (Жакып 1:13). Жахаба Кудай адамдардын башына азап-кайгы жиберип сынабайт жана эч кимди жамандык кылууга түртпөйт. Анда жамандык менен азап-кайгынын өкүм сүрүшүнө ким күнөөлүү?

Күнөө кимде?

Шакирт Жакып күнөө кандайдыр бир деңгээлде адамдардын өзүндө экендигин айткан. Ал: «Ар ким өзүнүн кумарына берилип, алданып азгырылат. Кумар түйүлүп, күнөө туулат. Ал эми кылынган күнөө өлүмгө дуушар кылат»,— деп жазат (Жакып 1:14, 15). Адамдар көп учурда орунсуз каалоолоруна жетеленип иш кылышат. Анын үстүнө, ар бирибизге күнөө тукум кууп өткөн. Дал ошол күнөөлүү абалыбыздан улам жүрөгүбүздө бузуку каалоолор өрчүп отуруп, аягы жамандыкка барышыбыз мүмкүн (Римдиктерге 7:21—23). Чынында эле, күнөө адамзаттын үстүнөн «бийлик жүргүзүп», аларды ыпылас иштердин кулу кылып келет (Римдиктерге 5:21). Бул айтылгандардан тышкары, адамдын жаман ишке барышына чөйрөсү да таасир этет (Накыл сөздөр 1:10—16).

Анткен менен жамандыктын негизги себепкери — Ибилис Шайтан. Ыйса аны «каардуу душман», «бул дүйнөнүн [же адилетсиз адамзат коомунун] төрөсү» деп атаган. Шайтандын таасирине алдырган адамзаттын басымдуу бөлүгү Кудайдын жолу менен жүргүсү келбейт (Матай 6:13, «Мукаддас»; Жакан 14:30; 1 Жакан 2:15—17). Ыйык Китепте айтылгандай, «бүт дүйнө амалкөйдүн бийлиги астында» (1 Жакан 5:19). Шайтан жана анын жин-перилери «бүткүл ааламды азгырып», адамдарга «кайгы» гана алып келет (Аян 12:9, 12). Андыктан кайгы-касыретке, негизинен, Шайтан Ибилис күнөөлүү.

Жамандыктын дагы бир себеби Ыйык Китептеги Насаатчы 9:11де («ЖД») айтылган. Ал жерде: «Баары мезгил менен кокустуктун капшабына кабылат»,— делет. Ыйса Машайак да кокустуктун айынан бир мунара кулап, 18 киши каза тапканын айткан (Лука 13:4). Алар, болгону, ылайыксыз учурда, ылайыксыз жерде болуп калып кырсыкка кабылышкан. Бүгүн да ошондой. Мисалы, тамдын башынан оор бир нерсе кулап кетип, ылдый жакта өтүп бараткан кишинин башына келип тийди дейли. Ага Кудай күнөөлүүбү? Жок. Анткени бул — тек гана кокустуктан болгон иш. Ошол сыңары эле, кимдир бирөө ооруга чалдыкканда же жубайын — жесир, балдарын жетим калтырып дүйнөдөн өтүп кеткенде да ушуну айтсак болот.

Демек, Кудай жамандыкка да, азап-кайгыга да жооптуу эмес. Ал жакында жамандыкты да, аны жасагандарды да түп-тамыры менен жок кылат (Накыл сөздөр 2:22). Анткен менен ал жамандыкты жоюп эле тим болбойт. Ыйык Китепте айтылгандай, Кудайдын ой-ниети — «шайтандын иштерин» Ыйса аркылуу талкалоо (1 Жакан 3:8). Ошондо ачкөздүккө, жек көрүүчүлүккө жана зордук-зомбулукка толгон азыркы дүйнө жок кылынат. Кудай бардык адамдардын көз жашын аарчыйт, азап-кайгы дегендер унутулат (Аян 21:4). Балким, сен: «Эмне үчүн Кудай мурун эле ошенткен эмес? Эмне үчүн Ал жамандык менен азап-кайгынын жайылышына азыркыга чейин жол берип келет?» — деп сурайттырсың. Бул суроолорго жоопту Ыйык Китептеги Адам менен Обо тууралуу билдирүүдөн табабыз.

Олуттуу талаш маселе

Кудайдын жамандыкка азыркыга чейин жол берип келишинин себеби адамзат тарыхынын эң башында болгон окуяга байланыштуу. Ошондо болуп өткөн бир окуя Жараткандын өзүнө тиешеси бар татаал талаш маселени пайда кылган. Аны ошо замат чече салуу мүмкүн эмес эле. Ошол маселенин эмне болгон окуядан улам пайда болгонун кененирээк карап көрөлү.

Жахаба Кудай аял менен эркекти жеткилең кылып жаратып, аларды Бейишке жайгаштырган. Алар жаныбарлардан айырмаланып, тандоо эркиндигине ээ болгон (Башталыш 1:28; 2:15, 19). Андыктан Адам менен Обо аң-сезимдүү жаратуулар катары Жаратканды сүйүүнү, ага кызмат кылууну, баш ийүүнү өз алдынча чече алышмак. Же, тескерисинче, Кудайдан көзкаранды болбош үчүн билип туруп ага баш ийбөө да алардын эркинде болчу.

Кудай Адам менен Обого белгилүү бир тыюу салып, аларга Ага болгон сүйүүсүн далилдөөгө мүмкүнчүлүк берген. Кудай Адамга: «Бактагы ар кандай дарактын жемишинен жесең болот, бирок жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, анткени андан даам таткан күнү өлүп каласың»,— деп тыюу салат (Башталыш 2:16, 17). Адам менен Обо Кудайдын жактыруусунан айрылбаш үчүн, ошондой эле өзүлөрүнүн да, келечектеги урпактарынын да жыргалчылыгы үчүн ошол дарактын жемишинен ооз тийбеши керек эле. А бирок алар эмне кылышты?

Ыйык Китепте мындайча баяндалат. Шайтан Обого жылан аркылуу сүйлөп: «Кудай чын эле: „Бейиштеги эч бир дарактын жемишинен жебегиле“,— деп айтты беле?» — деп сурайт. Обо Шайтанга Кудайдын айткандарын айтат. Ошондо Шайтан ага: «Жок, өлбөйсүңөр: бирок Кудай силердин анын жемишинен жеген күнү көзүңөр ачылып, жакшылык менен жамандыкты билген Кудайдай болуп каларыңарды билет»,— дейт. Обонун дарактын мөмөсүнө кызыгуусу артып, андан үзүп жейт. Анан күйөөсүнө да берет, ал да жейт (Башталыш 3:1—6). Ошентип, Адам ата да, Обо да Кудайдын тилин алышпай күнөөгө батышкан. Алар тандоо эркиндигин, өз алдынча чечим чыгаруу укугун туура эмес колдонушкан.

Болуп өткөн окуянын олуттуулугун аңдап жатасыңбы? Шайтан Кудайдын Адамга айткандарына карама-каршы сүйлөгөн. Шайтандын ырастоосу боюнча, Адам менен Обо эмне жакшы, эмне жаман экенин Жахаба Кудайсыз эле чече алышмак. Шайтан койгон талаш маселенин айынан Жахабанын адамдардын үстүнөн башкаруусунун тууралыгына жана укуктуулугуна шек туулган. Ошол окуядан улам Жахабанын адамдардын үстүнөн ээлик кылууга укугу барбы же жокпу деген орчундуу суроо пайда болгон. Кудай ал талаш маселени кантип чечкен?

Жетиштүү мөөнөт керек болгон

Албетте, козголоң чыгарышканда үчөөнү тең: Шайтанды да, Адам менен Обону да дароо жок кылып жиберүүгө Жахабанын күчү жетмек. Анын кудурети алардыкынан алда канча ашып түшөрү айтпаса да белгилүү эмеспи. Бирок Шайтан Кудайдын күчүнө эмес, башкарууга укуктуу экенине шек туудурган. Ошондо көтөрүлгөн талаш маселе тандоо эркиндигине ээ жаратуулардын баарына тийиштүү болчу. Ал жаратуулар өз алдынча чечим чыгарууда Кудайдын денелик, адеп-ахлактык жана рухий жактан берген жетекчилигине ылайык иш кылуу маанилүү экендигин түшүнүшү кажет эле. Антпесе алар, тартылуу мыйзамын эсепке албай, бийик имараттан секирип жараат алган киши сыяктуу, өзүлөрүнө чоң зыян келтиришмек (Галатиялыктарга 6:7, 8). Акыл-эстүү жаратуулардын баары: периштелер да, адамдар да Кудайдан көзкарандысыз болууга умтулуу кесепеттүү экенине өздөрү күбө болуп, сабак ала алышмак. Ан үчүн белгилүү бир убакыт өтүшү керек болчу.

Убакыт талап кылынганын тастыкташ үчүн, бир мисал карап көрөлү. Бир киши экинчисин күч сынашып көрүүгө чакырат дейли. Алардын кимиси күчтүү экенин аныктоо оңой эле: мисалы, оор ташты кимиси көтөрө алса, ошонусу күчтүүрөөк экени айкын болот. Ал эми экөө үйбүлөлүү кишилерден болуп, башкача талаш суроолор көтөрүлсөчү? Мисалы, экөөнүн кимиси бала-бакырасын чындап жакшы көрөт, кимиси сүйүктүү ата? Кимиси үйбүлөсүн мыкты башкарат? Бул жерде кимиси ким экенин билиш үчүн күч сынашып көрүү же сөз менен эле «тиги — тигиндей, бул мындай киши» деп коюу жетишсиз. Аны убакыт гана көрсөтмөк. Ошол убакыт аралыгында алардын жүрүм-турумуна сырттан байкоо салып көрүш керек. Ошондо гана экөөнүн кандай адамдардан экенине байланыштуу туура жыйынтыкка келе аласың.

Убакыт эмнени көрсөттү?

Шайтан Кудайдын башкарууга болгон укугуна шек туудурганынан бери 6 000 жылдай өттү. Бул убакыт аралыгында эмнелер далилденди? Шайтандын Кудайга таккан курулай айыптоолорунун эки тарабын карап көрөлү. Ал Обону: «Жок, өлбөйсүңөр»,— деп ишендирген (Башталыш 3:4). Муну менен Шайтан Жахабаны жалганчы кылып көрсөтүп, аны ак жеринен каралаган. Эгер Кудай ушундай нерселерде жалганчы болсо, анда башка нерселерде кантип ишенүүгө татымак? Убакыттын өтүшү менен эмне далилденди?

Адам менен Обо оорунун, азап-кайгынын, карылыктын торуна түшүп, акыры, өлүшкөн. Ыйык Китепте: «Адам бардыгы болуп тогуз жүз отуз жыл жашап көз жумду»,— делет (Башталыш 3:19; 5:5). Адамдан кийинки муундарга болсо өлүм тукум кууп өткөн (Римдиктерге 5:12). Ооба, убакыт Шайтандын «жалганчы жана жалгандын атасы» экенин, ал эми Жахабанын «чындыктын Кудайы» экенин көрсөттү (Жакан 8:44; Забур 30:6).

Шайтан андан ары: «Кудай силердин [Адам менен Обонун] анын жемишинен жеген күнү көзүңөр ачылып, жакшылык менен жамандыкты билген Кудайдай болуп каларыңарды билет»,— деп сөзүн улаган (Башталыш 3:5). Шайтандын ырастоосу боюнча, адамдар Кудайдан көзкарандысыз болуп, өзүлөрүн өзүлөрү башкарып, эң сонун жашап кетишмек. Анын айткандары чын болуп чыктыбы?

Адамзат тарыхында канчалаган империялар пайда болуп, кайра жок болду. Адамдар башкаруунун бардык түрлөрүн колдонуп көрүштү. Анткен менен коом жамандык менен азап-кайгыдан арылган жок. Ыйык Китептин бир жазуучусу мындан 3 000 жыл мурун «адам адамдын үстүнөн бийлик кылып, ага зыян келтирерин» айткан (Насаатчы 8:9). Жеремия пайгамбар да: «Адамдын жолу өзүнүн эркинде эмес экенин, өзүнүн бутуна багыт берүү бара жаткандын бийлигинде эмес экенин билем»,— деп жазган (Жеремия 10:23). Илим менен техника өнүккөн кылымда жашап жатсак да, жогоруда айтылгандардын калетсиз экенин тана албайбыз. Аны убакыт тастыктады.

Ким тарапты ээлейсиң?

Кудай тарабынан берилген мөөнөт ичинде Кудайдын башкарууга болгон укугуна шек туудурган Шайтандын жалганчы экени тастыкталды. Ооба, Жахаба — Ааламдын жападан жалгыз Эгедери. Бир гана ал жаратууларынын үстүнөн башкарууга укуктуу жана анын башкаруусу гана баарынан мыкты. Кылымдар бою Кудайдын бийлиги астында жашап келаткан асмандагы периштелер Жахабаны: «Теңир, Сен даңкталууга, урматталууга жана бийлик кылууга татыктуусуң, анткени бардыгын Сен жараттың, бардыгы Сенин каалооң менен жаратылып, бар болуп турат»,— деп даңкташат (Аян 4:11).

Ал эми сен Кудайдын башчылык кылуусуна байланыштуу талаш маселеде ким тарапты ээлейсиң? Бийликти бир гана Кудай жүргүзүүгө укуктуу экенине кошуласыңбы? Эгер кошулсаң, анда Жахабанын эгедерлигин кабыл ал. Ан үчүн Кудай Сөзү Ыйык Китепте камтылган кереметтүү чындыктар менен кеңештерди жашооңдун ар бир тармагында колдон. «Кудай — сүйүү», андыктан анын мыйзамдары менен көрсөтмөлөрү сүйүүгө негизделет (1 Жакан 4:8). Жахаба биздин бактылуу болушубузду гана каалайт. Ошондуктан: «Бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн, өз акылыңа таянба. Бардык жолдоруңда Кудайды таанып бил»,— деген кеңешти жүрөгүңө бекем түй. «Ошондо Ал сенин жолдоруңду багыттайт» (Накыл сөздөр 3:5, 6).