Кудайдын ой-ниетине ылайык жашагыла
Кудайдын ой-ниетине ылайык жашагыла
«Жашап жаткандар эми өздөрү үчүн эмес, өздөрү үчүн өлгөн... Машайак үчүн жашашсын» (2 Корунттуктарга 5:15).
1. Бир миссионер менен болгон окуяны айтып бергиле.
«ЖАРАНДЫК согуш бүткөндөн кийин Африканын алыскы айылына биринчи кирген согуштук эмес, кадимки машине биздин автоунаа эле,— деп эскерет Арон * аттуу миссионер.— Ал айылдагы чакан жыйналыш менен болгон байланыш таптакыр үзүлүп калган болчу. Биз болсо ал жактагы биртуугандарга кам көрүш үчүн барганбыз. Тамак, кийим-кечек, ыйык китептик адабияттар менен кошо „Жахабанын Күбөлөрү — атына татыктуу уюм“ * деген видеотасманы да ала барган элек. Ал тасманы көрүүгө көп киши келип, айылдагы „театрга“ — видеомагнитофон, телевизор жайгашкан чоң камыш үйгө — чогулушту. Тасманы эки жолу көрсөттүк. Аны көргөндөн кийин көптөр Ыйык Китепти изилдөөгө макул болуп жатышты. Ооба, биздин жумшаган күч-аракетибиздин акыбети кайтты десек болот».
2. а) Ыйсанын жолдоочулары өмүрүн эмне үчүн Кудайга кызмат кылууга арнашат? б) Азыр кайсы суроолорду карап чыгабыз?
2 Арон менен анын шериктерине мындай оңой эмес ишти колго алууга эмне түрткү берген? Ыйса Машайактын куткаруу курмандыгына болгон терең ыраазычылык. Алар өмүрүн Кудайга арнап, анын ниетине ылайык жашоого умтулушкан. Алар сыяктуу эле, Ыйсанын арналган жолдоочуларынын баары «өздөрү үчүн» жашабайт жана бардыгын «Жакшы Кабар үчүн кылууга» чечкиндүү (2 Корунттуктарга 5:15; 1 Корунттуктарга 9:23). Кудайдын эли бул дүйнөнүн акыры келгенде, акча, атак-даңк бир тыйынга да татыбай каларын жакшы билет. Ошондуктан анын ниетине ылайык жашоону каалашат (Насаатчы 12:1). Биз канткенде Кудайдын эркине ылайык жашай алабыз? Ан үчүн кайрат-күчтү каерден табууга болот? Кызмат кылууга кандай мүмкүнчүлүктөр ачылууда?
Чечкиндүү кадамдарды жасоо
3. Кудайдын эркин аткаруу үчүн кандай негизги кадамдарды жасоо керек?
3 Ыйсанын жолдоочулары үчүн Кудайдын эркин аткаруу — үзгүлтүксүз процесс. Ал негизги кадамдарды жасоодон башталат. Мисалы, Теократиялык кызмат мектебине жазылуу, Ыйык Китепти күн сайын окуу, кабар айтуу ишине катышуу жана чөмүлтүлүш үчүн зарыл өзгөрүүлөрдү жасоо. Ал эми рухий жактан өскөндөн кийин, биз элчи Пабылдын: «Ошол үчүн кам көр, ошону таштаба, сенин ийгилигиңди бардыгы көргүдөй болсун»,— деген сөздөрүнө ылайык иш кылабыз (1 Тиметейге 4:15). Албетте, мындай ийгиликти өзүбүзгө даңк издегендиктен эмес, Кудайдын эркин жан аябастан аткарууну каалагандыктан жасайбыз. Муну менен жашообуздун бардык тармагында кадамыбызды Кудай жетектешине жол берип жатканыбызды көрсөтөбүз. Анын бизге өзүбүзгө караганда туура багыт бере аларына шектенбейбиз (Забур 31:8).
4. Ашыкча тынчсызданууларды кантип жеңе алабыз?
4 Бирок чечкинсиздик жана өзүбүз жөнүндө өтө эле көп тынчсыздана берүү кызматыбызды кеңейтүүгө тоскоол болушу мүмкүн (Насаатчы 11:4). Ошондуктан Кудайга жана башкаларга кызмат кылуудан кубаныч алуу үчүн адегенде жеке кооптонуулардан арылышыбыз керек. Мисалы, Эрик бөтөн тилдеги жыйналышта кызмат кылуу жөнүндө ойлонуп жүргөн. Ал башында: «Мен ал жыйналышка аралашып кете аламбы? Биртуугандарды сүйө аламбы? Алар мени кандай кабыл алат?» — деп чочулаган. Кийин мындай деген: «Мен өзүмдү эмес, биртуугандарды көбүрөөк ойлошум керектигин түшүндүм. Тынчсызданганымды токтотуп, башкалар менен кызматташуу үчүн эмнелерди жасай аларыма көңүл бурдум. Анан Кудайдан жардам сурап тиленип, ошол жыйналышка которулдум. Азыр мен кызматыман аябай чоң кубаныч алып жатам» (Римдиктерге 4:20). Ооба, биз Кудайга жана башкаларга канчалык көп кызмат кылсак, ошончолук көп кубаныч, канааттануу алабыз.
5. Кудайдын эркин аткарууда эмне үчүн кылдат пландаштыруу маанилүү? Мисал менен бышыктагыла.
5 Кудайдын эркин ийгиликтүү аткаруу үчүн кылдат пландаштыруу да маанилүү. Бул бизди карыздарга батуудан сактайт. Себеби карыздар бул дүйнөгө кул кылып, Кудайга көбүрөөк кызмат кылууга жолтоо болот. Ыйык Китепте: «Карыз болгон адам карыз бергендин кулу болуп калат»,— деген эскертүү берилет (Накыл сөздөр 22:7). Жахабага таянуу жана рухий иштерди биринчи орунга коюу негизги максатыбызга жетүүгө жардам берет. Алсак, Гуомиң эжеси, карындашы, апасы болуп, үйлөр кымбат, туруктуу жумуш табуу кыйын болгон жерде жашашат. Алар акчаны туура пайдаланып, чыгымдарын азайткандыктан, кээси иштебеген учурда да жашоо үчүн зарыл нерселерден кем болушкан эмес. «Кээде бирибиз да маяна албай калган учурлар болот,— дейт Гуомиң.— Ошентсе да кызматыбызды улантып, апабызга кам көрөбүз. Биз апабызга пионердик кызматыбызды токтотуп, ага ыңгайлуу жашоо шарт түзүп беришибизди талап кылбаганы үчүн терең ыраазыбыз» (2 Корунттуктарга 12:14; Эврейлерге 13:5).
6. Кудайдын ниетине ылайык жашай аларыбызды кайсы мисал тастыктап турат?
6 Эгер сен дүйнөлүк максаттарды — көбүрөөк акча табууну же дагы башка нерсени — көздөгөндөрдөн болсоң, Кудайдын ниетине ылайык жашоо үчүн сага чоң өзгөрүүлөрдү жасоого туура келиши мүмкүн. Мындай өзгөрүүлөрдү жасоо оңойго турбайт жана жасаган алгачкы кадамдарың ийгиликсиз болсо, бул колуңан эч нерсе келбейт дегенди билдирбейт. Мисалы, бүт убактысын көңүл ачууга жумшаган Коичини алалы. Ал өспүрүм курагында Ыйык Китепти изилдей баштайт, бирок видеооюндарды ойноого көп жылын коротот. Бир күнү ал ойлонуп: «Мен эмне кылып жүрөм? Мына, жашым отуздан өтүп калды, а мен жашоомдо арзырлык эч нерсе кыла элекмин»,— дейт. Ошондон кийин Ыйык Китепти изилдей баштайт да, жыйналыштагылардан жардам алат. Өзгөрүлүү оңойго турбаса да, ал багынган эмес. Кайра-кайра тиленүүнүн, башкалардын сүйүү менен берген жардамынын аркасында Коичи жаман адатын жеңген (Лука 11:9). Азыр ал кызмат жардамчысы болуп кызмат кылып жатканына кубанычта.
Теңсалмактуу болууга үйрөнүү
7. Кудайдын эркин аткарууда эмне үчүн теңсалмактуу болушубуз керек?
7 Кудайдын эркин жан-дилден аткаруу — арзырлык иш. Андыктан Кудайдын эркине ылайык жашоодо өзүбүздү өтө эле аяп, жалкоо болбошубуз керек (Эврейлерге 6:11, 12). Бирок Жахаба биздин денелик, эмоциялык, акыл-эс жактан чарчап-чаалыгышыбызды каалабайт. Ошондуктан момун болуп, Кудайдын эркин өз күчүбүз менен аткара албаарыбызды түшүнсөк, ага даңк алып келебиз жана өзүбүздүн теңсалмактуу экенибизди көрсөтөбүз (1 Петир 4:11). Жахаба бизге анын эркин аткаруу үчүн зарыл күч берерин убадалаган. Анткен менен чектелүү мүмкүнчүлүктөрүбүзгө карабай өзүбүздү кыйнап, Кудай талап кылбаган нерселерди жасоого аракеттенбешибиз керек (2 Корунттуктарга 4:7). Демек, Кудайга кызмат кылууда чарчап-чаалыгып калбаш үчүн, күч-кубатыбызды туура колдонушубуз зарыл.
8. Бир ишенимдешибиз кызмат кылууда да, жумушунда да ийгиликке жетүүгө умтулганда эмне болгон жана ал жашоосун кантип өзгөрткөн?
8 Маселен, Чыгыш Азияда жашаган Жи Хе эки жыл бою оор жумушта иштеп, ошол эле учурда пионер болуп кызмат кылган. «Мен Жахабага кызмат кылууда да, жумушумда да ийгиликке жетүүгө аракет кылчумун,— дейт ал кыз.— Бирок түнкүсүн беш эле саат уктачумун. Марк 12:30). Ал мындай дейт: «Үйдөгүлөр көп акча тап деп кыйнаса да, Кудайдын эркин биринчи орунга коюуну чечтим. Азыр деле тапкан акчам жарашыктуу кийинүүгө, башка муктаждыктарымды канааттандырууга жетет. Ошондой эле жетиштүү уктап, эс ала алгандыктан, өзүмдү жакшы сезем. Азыр дүйнөгө мурдагыдай аралашпагандыктан, рухий жактан бекемделип, кызматымдан көп кубаныч алам» (Насаатчы 4:6; Матай 6:24, 28—30).
Акыр-аягы, аябай чарчап, кызматыман кубаныч албай калгам». Жахабага чын жүрөгү, бүт жан-дили, бүт түшүнүгү, бардык күч-кубаты менен кызмат кылууну каалагандыктан, Жи Хе жумушун алмаштырган (9. Жасаган аракетибиз кабар уккан адамдарга кандай таасир этиши мүмкүн?
9 Албетте, Кудайга баары эле толук убакытта кызмат кыла албайт. Эгер жашың өр тартып калса, денсоолугуң начар же башка тоскоолдуктар болсо, Жахаба сенин чын жүрөктөн кылган кызматыңды, ишенимдүүлүгүңдү жогору баалаарын унутпа (Лука 21:2, 3). Ошондуктан жумшаган аракетибиз анча баалуу эмес же натыйжа бербейт деп ойлобошубуз керек. Мисалы, бир нече үйгө барып, чындыкка кызыккан бир да адамды жолуктурган жокпуз дейли. Бирок биз кеткенден кийин үй ээлери, эшикти ачпаса да, келип-кеткендигибиз тууралуу кийинчерээк кимдир бирөө менен сүйлөшүшү мүмкүн. Жакшы кабарды баары эле уга бербесе да, кабыл алгандар болот (Матай 13:19—23). Ал эми кээ бирөөлөр кабарды дүйнөдөгү абал же жашоосу өзгөргөндө угушу ыктымал. Кандай болбосун, эл алдында жакшы кабарды таратуу үчүн колубуздан келгендин баарын жасоо менен биз Кудай тапшырган ишти аткарып жатабыз. Анткени «биз Кудайдын кызматташтарыбыз» (1 Корунттуктарга 3:9).
10. Жыйналыштагылардын бардыгында кандай мүмкүнчүлүктөр бар?
10 Андан тышкары, баарыбыз үйдөгүлөрүбүзгө жана рухий биртуугандарыбызга жардам бере алабыз (Галатиялыктарга 6:10). Биздин үлгүбүз башкаларга жакшы таасир калтырышы мүмкүн (Насаатчы 11:1, 6). Аксакалдар жана кызмат жардамчылары жоопкерчиликтерин тырышчаактык менен аткарышканда, жыйналыштагылардын ишеними, рухийлиги бекемделип, кызматка жигердүү катышышат. Ооба, «Теңирдин ишин ар дайым жан-дилибиз» менен кылсак, эмгегибиз «текке кетпээри» шексиз (1 Корунттуктарга 15:58).
Кудайдын эркин аткаруу өмүрүңдүн жолу болсун
11. Жергиликтүү жыйналышта кызмат кылгандан тышкары, дагы кандай мүмкүнчүлүктөр ачылууда?
11 Ыйсанын жолдоочулары катары биз жашоону сүйөбүз жана ар бир иште Кудайды даңктоону каалайбыз (1 Корунттуктарга 10:31). Жакшы кабар айтууга, башкаларга Ыйсанын буйруктарын аткарууну үйрөтүүгө берилгендик менен катышуунун аркасында биз үчүн кызматтын кубаныч тартуулаган жактары ачылат (Матай 24:14; 28:19, 20). Бизде жергиликтүү жыйналышта кызмат кылгандан тышкары, башка тилде, муктаждык көп болгон аймакта же өлкөдө кызмат кылууга мүмкүнчүлүк бар. Үйлөнө элек аксакалдар жана кызмат жардамчылары Кызматка окутуу мектебине чакырылышы мүмкүн. Аны бүткөндөн кийин алар тажрыйбалуу биртуугандарга муктаж болгон жерлерде, өз өлкөсүндө же чет өлкөдө, кызмат кыла алышат. Толук убакыттуу кызмат кылган жубайлар болсо миссионердик Гилат мектебин бүтүрүп, башка жерде кызмат кылууга дайындалышы ыктымал. Ошондой эле Бейтелде ар кандай тапшырмаларды аткарууга, Падышалык залдарын, филиалдарды курууга жана аларга кам көрүүгө ыктыярдуу кызматчылар дайым керек.
12, 13. а) Кызматтын кайсы түрүн тандоо керектигин кантип чече аласың? б) Кызматтын бир түрүндө топтогон тажрыйбанын кийин пайдасы тиерине мисал келтир.
12 Сен кызматыңды кантип кеңейте аласың? Жахабанын арналган кызматчысы катары дайыма андан жана анын уюмунан жетекчилик изде. Ошондо Кудайдын «жакшы Руху» сага туура чечим чыгарууга жардам берет (Некемия 9:20). Көбүнчө кызматтын бир түрү башка түрүнө жол ачат. Мурун топтогон тажрыйбанын, өрчүткөн жөндөмдүүлүктөрдүн пайдасы кийинки дайындоодо сөзсүз тиет.
13 Мисалга Деннис менен жубайы Женнини алалы. Алар Падышалык залдарын курууга дайым катышышат. Кошмо Штаттарынын түштүгүндө «Катрина» бороон-чапкыны болуп өткөндөн кийин, ал жубайлар жабыр тарткандарга жардам көрсөтүшкөн. Деннис мындай деп эскерет: «Курулуш ишинде үйрөнгөндөрүбүздү биртуугандарга жардам берүү үчүн колдонуудан көп кубаныч алдык. Алардын ыраазычылыгы жүрөгүбүздү жылытты. Жардам берүүгө келген башка уюмдардын иш-аракеттери пайда алып келсе да, Жахабанын Күбөлөрү көбүрөөк иш кылышты. Тактап айтканда, 5 300 үйдү, көптөгөн Падышалык залдарын калыбына келтирип, кээ бирин кайра курушту. Муну байкагандар азыр чындыкка кызыгып жатышат».
14. Толук убакыттуу кызматты баштоону кааласаң, эмне кылсаң болот?
14 Толук убакытта кызмат кылууну чечип, Кудайдын эркин аткарууну өмүрүңдүн жолуна айланта аласыңбы? Эгер ошентсең, көп бата аларың күмөнсүз. Азыркы жагдай-шартың буга жол бербесе, балким, кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү жасоого туура келеттир. Андыктан Кудайдан маанилүү тапшырма алууну абдан каалаган Некемиядай болуп сен да: «Теңир! Эми Өз кулуңду колдой көр»,— деп тилен (Некемия 1:11). Анан тиленүүнү уккан Жахабага таянып, суранычыңа жараша иш кыл (Забур 64:3). Кызматыңды кеңейтүүгө Жахабанын жардам беришин кааласаң, алгач өзүң иш-аракет кыл. Толук убакыттуу кызматты баштоону чечкен соң, ошого бекем карман. Ошондо убакыттын өтүшү менен бай тажрыйбага ээ болуп, кубанычың артат.
Маңыздуу, бактылуу жашоо
15. а) Кудайга көптөн бери кызмат кылган биртуугандар менен пикир алышуу жана алар жөнүндө окуу кандай пайда берет? б) Ишенимиңди кайсы өмүр баяндар бекемдегенин айтып бер.
15 Кудайдын ниетине ылайык жашоонун натыйжасы кандай болот? Жахабага көптөн бери, өзгөчө, толук убакытта кызмат кылып келаткандар менен пикир алмашып көр. Алардын жашоосу, чынында эле, маңыздуу жана кубанычтуу (Накыл сөздөр 10:22). Алар сага Жахабанын эч качан калтырбаганын, эң оор учурда да зарыл нерселердин баары менен камсыз кылганын айтып беришет (Филипиликтерге 4:11—13). Көп жылдардан бери «Күзөт мунарасы» журналына ишенимдүү биртуугандардын өмүр баяны чыгып келет. Мындай өмүр баяндарда Элчилер китебинде жазылган Ыйсанын жолдоочуларынын ынталуулугу менен кубанычтуу руху чагылдырылат. Бул окуяларды окуу менен: «Мен да ушундай жашоо өткөргүм келет!» — деп айтууга түрткү аласың.
16. Жашообузду эмне маңыздуу, бактылуу кылат?
16 Жогоруда айтылган Арон мындай дейт: «Африкада жүргөндө жашоонун маңызын издеген жаштарды көп көргөм. Алардын көпчүлүгү аны тапкан жок. Ал эми биз болсо Падышалыктын жакшы кабарын таратуу менен Кудайдын ниетине ылайык жашоого умтулуп, маңыздуу, кызыктуу жашоо өткөрүп жатканыбызга кубанабыз. Биз алганга караганда берген бактылуу кыларын өз тажрыйбабыздан билебиз» (Элчилер 20:35).
17. Эмне үчүн азыртадан Кудайдын ой-ниетине ылайык жашашыбыз зарыл?
17 Сен кандай максаттарды көздөйсүң? Эгер көздөгөн рухий максатың болбосо, башка иштер бат эле күчүңдү, убактыңды алып коёт. Баа жеткис өмүрүңдү Шайтандын туруксуз дүйнөсүнө коротуунун кереги барбы? Жакында улуу кайгы башталганда, байлыктын, дүйнөгө мүнөздүү нерселердин баарынын баасы кетет, бир гана Жахаба менен болгон мамилебиз маанилүү болот. Ошондо Кудайга жана биртуугандарыбызга кызмат кылып, Анын ой-ниети менен жашоого умтулганыбыз үчүн кандай ыраазы болобуз! (Матай 24:21; Аян 7:14, 15).
[Шилтемелер]
^ 1-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.
^ 1-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.
Түшүндүрө аласыңарбы?
• Жахаба биздин кызматыбызга кандай карайт?
• Кудайга жана биртуугандарга кызмат кылууда теңсалмактуу болуу кандай жардам берет?
• Кудайга көбүрөөк кызмат кылууга кандай мүмкүнчүлүктөр бар?
• Жашообузду азыртадан кандайча маңыздуу кыла алабыз?
[Изилдөө суроолору]
[26-беттеги сүрөт]
Кудайга кызмат кылуунун көп түрү бар