Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай жамандыкка эмне үчүн жол берүүдө?

Кудай жамандыкка эмне үчүн жол берүүдө?

Кудай жамандыкка эмне үчүн жол берүүдө?

АЗЫРКЫ дүйнөнүн ар кандай жамандыкка толгонун эч ким танбас. Согуштук кагылышуулардан тынч жаткан элдин да, согушка катышкан аскерлердин да өмүрү кыйылууда. Кылмыштуулук жана зордук-зомбулук боло жүргөн нерсеге айланды. Балким, сен да жакында эле адилетсиздикке, бейкалыс мамилеге кабылган чыгарсың. Өз башыңан ар кандай кыйынчылыктарды кечиргенде же башкалардын кыйналганын көргөндө: «Кудай жамандыкка, азап-кайгыга эмне үчүн жол берип жатат?» — деп ойлойттурсуң.

Бул суроону адамдар тээ эзелтен бери берип келишет. Мындан 3 600 жылдай мурун Кудайдын ишенимдүү кызматчысы Аюб: «Эмне үчүн мыйзамсыздар жашап, карылыкка жетишет?» — деген (Аюб 21:7). Б.з.ч. жетинчи кылымда жашаган Жеремия пайгамбар да замандаштарынын кыянаттыгына жаны кейип: «Эмне үчүн мыйзамсыздардын жолу ийгиликтүү? Эмне үчүн ишенимсиз адамдардын баары жыргап жашашат?» — деп сураган (Жеремия 12:1). Аюб да, Жеремия да Кудайдын адилеттүү экенин билишкен. Бирок алар дүйнөдө азап-кайгынын эмне себептен көп экенин түшүнө алышкан эмес. Балким, бул сага да табышмак болсо керек.

Айрымдар жамандыктын өкүм сүрүп жатканына Кудайды күнөөлөшөт. Башкалары болсо: «Эгер Кудай кудуреттүү, адилеттүү, мээрман болсо, эмне үчүн жамандык менен азап-кайгыны жок кылбайт? Эмне үчүн азыркыга чейин жамандыктын таралышына жол берип келет?» — деп таң калышат. Ушул жана башка маанилүү суроолорго кийинки макаладан жооп алабыз.

AP Photo/Adam Butler