Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Абийирдин «үнүнө» кулак салгыла

Абийирдин «үнүнө» кулак салгыла

Абийирдин «үнүнө» кулак салгыла

«Мыйзамды [Кудайдын мыйзамын] билбеген бутпарастар табиятынан эле мыйзам буйруганды аткарып жатышат» (Римдиктерге 2:14).

1, 2. а) Көптөр башкалардын кызыкчылыгы үчүн кандай иштерди кылышкан? б) Ыйык Жазмада башкаларга жардам берүүгө байланыштуу кандай мисалдар бар?

СТАНЦИЯДА турган жыйырма жаштагы жигиттин талмасы кармап, метронун жолуна жыгылып калат. Аны көрүп калган бир киши ага жардам берүү үчүн кыздарын таштай коюп, ошол жакка чуркайт. Анан ал эстен танган жигитти рельсалардын ортосуна сүйрөй коюп, аны басып жыгылат. Поезд кы-ы-ыйч деп келип, алардын так жанына токтоп калат. Ким да болсо аны эржүрөк экен демек. Бирок ал өзү жөнүндө: «Биз жакшы иш кылууга милдеттүүбүз. Мен аны элге таанылыш үчүн же атак-даңкка ээ болуш үчүн эмес, боорум ооругандыктан куткардым»,— деген.

2 Башкаларга жардам бериш үчүн өмүрүн тобокелге салган адамдарды силер да билеттирсиңер. Мисалы, Экинчи дүйнөлүк согуш маалында көптөр чоочун кишилерди жашырып, аман алып калышкан. Ошондой эле Сицилиянын жанындагы Мальта деген жерден элчи Пабыл менен 275 киши түшкөн кеме кыйроого учурагандагы окуяны эстесеңер. Ал жердин тургундары тааныш эмес адамдарга жардам берип, «өзгөчө адамгерчилик көрсөтүшкөн» (Элчилер 27:27—28:2). Же болбосо, өмүрүн тобокелге салбаса да, аны туткундаган сириялыктардын бирине жакшылык кылган ысрайылдык кызды эстесеңер (2 Падышалар 5:1—4). Ыйсанын аңгемесиндеги самариялык боорукер адам жөнүндө да ойлонуп көрсөңөр. Жарадар болуп, араң жан жаткан жүйүткө ыйык кызмат кылуучу да, леби да жардам бербей кетип калышкан. Ал эми ошол жол менен бараткан самариялык киши ага жардам берген. Бул аңгеме кылымдар бою ар кандай маданияттагы адамдардын жүрөгүн козгоп келет (Лука 10:29—37).

3, 4. Башкалар үчүн өз кызыкчылыгынан кечүү сапатын эске алганда, эволюция теориясы жөнүндө эмне деп айтууга болот?

3 Биз, чынында эле, «акыркы оор убакта» жашап жатабыз. Ошондуктан адамдардын көбү «кара мүртөз» болуп, «жакшы нерсени жек көрүшөт» (2 Тиметейге 3:1—3). Ошентсе да башкалардын жыргалчылыгын ойлоп, жакшылык кылгандар аз эмес. Адамдарга жардам берүү үчүн жеке кызыкчылыгынан кечкендерди адамгерчиликтүү киши деп сыпаттап коюшат.

4 Андай адамдарды ар кайсы улуттун өкүлдөрүнөн, ар башка маданияттан жолуктурууга болот. Адамдагы ал сапат эволюциянын «күчтүүлөр алсыздарды тукум курут кылат» деген мыйзамына карама-каршы келет. Америкалык окумуштуу Френсис Коллинз кишинин ДНКсы жөнүндө мындай деген: «Башка бирөө үчүн өз кызыкчылыгынан кечүү сапаты эволюционисттер үчүн чоң көйгөйдү жаратат... Ал сапатты өзүмчүл гендердин өзүн түбөлүккө сактап калууга жасаган аракети деп түшүндүрүүгө болбойт». Анан ал: «Айрымдар үйбүлөсүнүн мүчөсү болбогон, таптакыр тааныбаган, дини, улуту бөлөк адамдар үчүн чоң курмандыктарга барышат... Муну Дарвиндин теориясы менен түшүндүрүү мүмкүн эмес көрүнөт»,— деп кошумчалаган.

Абийирдин «үнү»

5. Адамдардан көбүнчө эмнени байкоого болот?

5 Башка бирөө үчүн өз кызыкчылыгынан кечүү сапатынын бир өзгөчөлүгү тууралуу Френсис Коллинз: «Абийирдин үнү башкалардан бир нерсе алууга үмүттөнбөстөн аларга жардам берүүгө түрткү берет»,— деген. Анын «абийир» жөнүндө айтканы элчи Пабылдын төмөнкү сөздөрүн эске салат: «Мыйзамды билбеген бутпарастар табиятынан эле мыйзам буйруганды аткарып жатышса, анда алар мыйзамды билишпегенине карабастан, өздөрүнө өздөрү мыйзам. Ошентип, алар мыйзам талабынын жүрөктөрүндө жазылганын көрсөтүп жатышат. Бул жөнүндө алардын абийири жана бирде айыптаган, бирде актаган ойлору күбөлөндүрүп жатат» (Римдиктерге 2:14, 15).

6. Эмне үчүн бардык адамдар Жараткандын алдында жооп беришет?

6 Пабыл римдиктерге жазган катында айтып өткөндөй, «дүйнө жаратылгандан бери» Кудайдын бар экени, анын сапаттары жаратууларынан айкын көрүнүп тургандыктан, адамдар Кудайдын алдында жооптуу (Римдиктерге 1:18—20; Забур 18:1—4). Тилекке каршы, көптөр Жаратканды четке кагып, адеп-ахлаксыз жашоо өткөрүп жатышат. Бирок Кудай адамдардын адил нормалар боюнча жашашын жана жаман иштеринен баш тартышын каалайт (Римдиктерге 1:22—2:6). Жүйүттөрдө Кудайдын эркин аткарууга бардык негиздер бар болчу: аларга Кудай Муса аркылуу Мыйзамын берген. Анткен менен «Кудайдын Сөзүн» билбеген элдер да анын бар экенин моюнга алышы керек эле (Римдиктерге 2:8—13; 3:2).

7, 8. Адилеттүүлүк сезими эмне үчүн бардык адамдарга мүнөздүү жана мындан кандай жыйынтык чыгарууга болот?

7 Бардык адамдар туураны туура эместен ажырата билүү тубаса шык-жөндөмүнө ээ болгондуктан, Кудайдын бар экенин моюнга алып, ошого жараша иш кылышы керек. Адилеттүүлүк сезимине ээ болгонубуз бизде абийир бар экенин күбөлөндүрүп турат. Мисалы, балдар селкинчек тебүү үчүн өз кезегин күтүп турат дейли. Анан алардын бири башкаларга көңүл бурбай эле биринчи туруп алат. Ошондо алар ага: «Кезекке турбайсыңбы!» — деп айтары турган иш. Ойлонуп көрсөңөр, эмне үчүн кичинекей балдар да адилеттүүлүк сапатын чагылдыра алат? Анткени аларда туураны туура эместен ажырата билүү тубаса шык-жөндөмү бар. Бул жөнүндө Пабыл: «Мыйзамды билбеген бутпарастар табиятынан эле мыйзам буйруганды аткарып жатышат»,— деп жазган. Анын «бутпарастар... мыйзамды чанда эле аткарышат» дебегенине көңүл бурсаңар. Тескерисинче, ал «аткарып жатышат» дегени менен алардын көбүнчө туура иш кылып келишкенин көрсөткөн. Ооба, адамдар «табиятынан эле мыйзам буйруганды аткарып жатышат», башкача айтканда, аларды туураны туура эместен ажырата билүү тубаса шык-жөндөмү — абийири — Кудай Сөзүндө жазылган мыйзамдар боюнча иш кылууга үндөйт.

8 Андай тубаса шык-жөндөм көптөгөн өлкөдөгү адамдарга мүнөздүү. Кембриж университетинин бир профессору белгилегендей, бабылдыктардын, мисирликтердин, гректердин, Австралиянын жана Американын байыркы калкынын мыйзамдарында «башкаларды кысымга алуу, киши өлтүрүү, чыккынчылык, калп айтуу айыпталып, карыларга, балдарга жана алсыздарга жакшы мамиле кылуу талап кылынчу». Ал эми доктор Коллинз: «Эмне жакшы, эмне жаман жөнүндөгү түшүнүк дээрлик бардык адамдарда кездешет»,— деп жазат. Бул Римдиктерге 2:14төгү сөздөрдүн калетсиздигин тастыктап турган жокпу?

Абийир кандайча «иштейт»?

9. Абийир деген эмне жана ал сага кандайча эскертүү бериши мүмкүн?

9 Ыйык Китепте айтылгандай, абийир — бул иш-аракетибизге туура баа берүүчү шык-жөндөм. Ал кайсы бир иштин туура же туура эмес экенин эскертип туруучу ичтен чыккан үнгө окшош. Пабыл ал үн тууралуу: «Ыйык Рух аркылуу ыйыкталган абийирим да күбөлөндүрүп жатат»,— деген (Римдиктерге 9:1). Мисалы, абийирдин «үнү» сени адеп-ахлактыкка байланыштуу чечим чыгарарда алдын ала эскертиши мүмкүн. Абийир жасай турган ишиңди алдын ала таразалоого жана андай ишке барсаң, өзүңдү кандай сезериңди элестетүүгө жардам берет.

10. Абийир көбүнчө кандай «иштейт»?

10 Көбүнчө абийирибиз кандайдыр бир ишти жасагандан кийин «иштей» баштайт. Мисалы, Дөөт Шабулдан качып жүргөндө Кудайдын майланган падышасын сыйлабагандыкка жаткан ишке барган. Бирок андан кийин «Дөөттүн жүрөгү ооруган» (1 Шемуел 24:2—6; Забур 31:3, 5). Бул билдирүүдө «абийир» деген сөз колдонулбаса да, Дөөттүн кыйналганынан аны абийири соттогонун билүүгө болот. Мындай сезим ар бирибизде эле болгон. Кайсы бир ишти жасагандан кийин абийирибиз соттоп, жандүйнөбүз кыйналган. Кээ бирөөлөр салык төлөбөй коюшканда абийири соттоп, тынчтык бербей койгондуктан, төлөгөнгө аргасыз болушкан. Башкалары болсо жубайына ойноштук кылганын ачык айтышкан (Эврейлерге 13:4). Ал эми абийирдин «үнүнө» кулак салып, туура иш кылгандар жандүйнө тынчтыгына ээ болуп, өздөрүн бактылуу сезишет.

11. Абийирди гана угуу эмнеси менен кооптуу? Мисал менен бышыктагыла.

11 Абийирди гана угуу туурабы? Абийирибиздин «үнүн» укканыбыз жакшы дечи, бирок кээде ал бизди адаштырышы мүмкүн. Ооба, «ички адамдын» үнү бизди туура эмес жакка багытташы ыктымал (2 Корунттуктарга 4:16). Буга байланыштуу бир мисалды карап көрөлү. Ыйык Китепте «ишеними бекем, күчкө толгон» Ыйсанын берилген жолдоочусу Степан жөнүндө айтылат. Аны айрым жүйүттөр Иерусалимдин сыртына алып чыгып, ташбараңга алып өлтүрүшкөн. Кийин элчи Пабыл болгон Шабыл ал кезде Степанды «өлтүргөндөр тарапта эле». Бул окуядан көрүнүп тургандай, ошол жүйүттөр өздөрүнүн кылган ишин абдан туура деп эсептешкендиктен, аларды абийири соттогон эмес. Шабыл жөнүндө да ушуну айтууга болот. Ал «мурункусундай эле Теңирдин шакирттерин коркутууну жана өлтүрүүнү каалап», аларды куугунтуктаган. Демек, мындан абийири аны адаштырганын көрө алабыз (Элчилер 6:8; 7:57—8:1; 9:1).

12. Биздин абийирибизге эмне таасир этиши мүмкүн?

12 Шабылдын абийирине эмне таасир эткен? Кандайдыр бир деңгээлде ага башкалар менен тыгыз мамиледе болуу таасир эткендир. Биз телефон аркылуу кимдир бирөө менен сүйлөшкөндө, анын үнү атасыныкына аябай окшош экенин байкагандырбыз. Балким, тукум кууп өткөндүктөн, үнү атасыныкына окшоштур. Бирок ал атасын туурап сүйлөшү да мүмкүн. Анын сыңарындай, Шабылга Ыйсаны жек көргөн жана анын окууларын четке каккан жүйүттөр менен тыгыз мамиледе болгону таасир этсе керек (Жакан 11:47—50; 18:14; Элчилер 5:27, 28, 33). Ооба, Шабылдын чөйрөсү анын ички үнүнө, тактап айтканда, абийирине таасир этиши мүмкүн эле.

13. Абийирибизге чөйрө кандай таасир этиши мүмкүн?

13 Башкалардын сүйлөгөнү тилибизге таасир эткендей эле, адамдын абийирине маданияты же жашаган чөйрөсү да таасир этет (Матай 26:73). Буга мыкаачылыгы менен белгилүү болгон байыркы ассириялыктар мисал боло алат. Ташка чегилген сүрөттөрүнөн алардын туткундарды аёосуз кыйнаганын билүүгө болот (Накум 2:11, 12; 3:1). Жахабанын Жунустун күндөрүндө Нинеби шаарынын ошол тургундары жөнүндө: «Оң колун сол колунан ажырата албагандар»,— деп айтканы таң калыштуу эмес. Башкача айтканда, алар Кудайдын алдында эмне туура, эмне туура эмес экенин ажырата билишкен эмес. Нинеби шаарында туулуп-өскөн кишинин абийирине чөйрөнүн кандай таасир эткенин элестетип көрсөң! (Жунус 3:4, 5; 4:11). Ушул сыяктуу эле, бүгүн адамдын абийирине айлана-чөйрөдөгүлөрдүн көзкарашы, маанайы таасир эте алат.

Абийирди тарбиялоо

14. Абийирге ээ болгонубуз менен Башталыш 1:27де айтылгандардын кандай байланышы бар?

14 Жахаба Адам менен Обого абийир белегин бергендиктен, биз да абийирге ээбиз. Башталыш 1:27де айтылгандай, адамдар Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган. Бул биздин сырткы көрүнүшүбүз Кудайдыкына окшош экенин билдирбейт. Анткени Ал — көзгө көрүнбөгөн рух, биз болсо эт-булчуңдан, кандан турабыз. Адам Жахабага таандык сапаттарга, абийирге ээ болгондуктан, анын бейнеси боюнча жаратылган деп айтууга болот. Демек, абийирибизди бизге туура багыт бергидей кылып тарбиялашыбыз керек. Ан үчүн Жараткан жөнүндө көбүрөөк билишибиз жана ага жакындашыбыз зарыл.

15. Асмандагы Атабыз жөнүндө билүүнүн кандай пайдасы бар?

15 Ыйык Китепте Жахаба кандайдыр бир мааниде бардыгыбыздын Атабыз экени айтылат (Ышайа 64:8). Ыйсанын асманда же жер бетиндеги бейиште жашоого үмүттөнгөн ишенимдүү жолдоочуларынын баары Кудайга өз атасына кайрылгандай кайрыла алышат (Матай 6:9). Биз асмандагы Атабыз менен абдан ынак мамиледе болууну каалашыбыз керек. Мунун аркасында анын көзкарашы менен нормаларын үйрөнө алабыз (Жакып 4:8). Бирок көптөр муну каалабайт. Алар: «Силер эч качан Анын үнүн уккан эмессиңер, жүзүн да көргөн эмессиңер. Анын сөзү силердин жүрөгүңөрдөн орун алган эмес»,— деп Ыйса айткан жүйүттөргө окшош (Жакан 5:37, 38). Биз Кудайдын үнүн түзмө-түз укпайбыз. Анткен менен Ыйык Китепти окусак, анын сөзү жүрөгүбүздөн орун алат да, биз ага окшош болуп, аныкындай сезимде боло алабыз.

16. Жусуп жөнүндөгү билдирүү абийирди тарбиялоонун жана аны угуунун маанилүүлүгүн кандайча көрсөтүп турат?

16 Муну Жусуп менен болгон окуядан айкын көрүүгө болот. Потипардын аялы Жусупту адеп-ахлаксыз ишке азгырууга аракет кылган. Ал маалда Ыйык Китеп, атүгүл Он осуят жок болсо да, Жусуп ага: «Кантип мен ушундай жаман ишти кылып, Кудай алдында күнөөгө батам?» — деген (Башталыш 39:9). Ал адеп-ахлаксыздыкка алыста жашаган ата-энесин, биртуугандарын сыйлаганы үчүн эле эмес, биринчи кезекте Кудайга жагууну каалагандыктан барган эмес. Жусуп Кудайдын никеге карата бекиткен нормасын — эркектин бир эле аялы болушу керектигин жана «экөө бир дене болорун» — билген. Ошондой эле ал, сыягы, Абы-Мелектин Ребеканын күйөөсү бар экенин билгенде кандай иш кылганын укса керек. Абы-Мелек Ребеканы аялдыкка алуу туура эмес болорун, элин да күнөөгө батырмактыгын түшүнгөн. Бирок, акыр-аягы, баары жакшы болуп бүткөн. Жахаба батасын берип, ойноштукка карата кандай көзкарашта экенин билдирген. Кыязы, Жусуптун бул окуяны билгени анын абийирине күчтүү таасир этип, бузукулукту четке кагууга түрткү берген (Башталыш 2:24; 12:17—19; 20:1—18; 26:7—14).

17. Биз Жусупка караганда асмандагы Атабыздын көзкарашын кандайча көбүрөөк биле алабыз?

17 Албетте, биздин жагдайыбыз Жусуптукуна караганда жакшыраак. Себеби бизде толугу менен жазылган Ыйык Китеп бар. Андан асмандагы Атабыздын көзкарашын, сезимдерин, эмнени жактырып, эмнени жактырбаарын биле алабыз. Ыйык Жазманы канчалык терең изилдесек, Кудайга ошончолук жакындап, ага окшошо алабыз. Мунун аркасында абийирибиз барган сайын Кудайдын ой жүгүртүүсүн тагыраак чагылдыра берет (Эфестиктерге 5:1—5).

18. Мурун таасир этип келген чөйрөгө карабай, абийирибиз туура багыт бериши үчүн аны кантип тарбиялай алабыз?

18 Айлана-чөйрөдөгүлөр абийирибизге кандай таасир этет? Бизге кичине кезибизден эле туугандарыбыз менен жакындарыбыздын ой жүгүртүүсү, иш-аракеттери күчтүү таасир этип келсе керек. Ошондуктан абийирибиздин «үнү» адаштырышы же туура эмес багыт бериши ыктымал. Муну айланадагылардын тилибиздин бурулуп кетишине таасир тийгизгенине салыштырууга болот. Албетте, биз өткөндү өзгөртө албайбыз, бирок абийирибизге мындан ары жакшы таасир эте турган досторду жана чөйрөнү тандасак болот. Андыктан көп жылдан бери асмандагы Атабызды тууроого аракет кылып келаткан ишенимдүү биртуугандар менен көбүрөөк пикир алышалы. Буга жыйналыш жолугушууларында, ошондой эле ага чейин жана андан кийин жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биз андай биртуугандардын ыйык китептик принциптерди чагылдырган ой жүгүртүүсүн, маанайын, Кудай Сөзү боюнча тарбияланган абийиринин «үнүнө» даярдуулук менен кулак салып жатканын байкай алабыз. Бул бизге абийирибизди Ыйык Китептин негизинде үйрөтүүгө жардам берет, ал эми мунун аркасында Кудайдын ой жүгүртүүсүн жакшыраак чагылдырабыз. Демек, абийирибизди Кудайдын принциптери боюнча тарбияласак жана үлгүлүү ишенимдештерибиз менен пикирлешсек, абийирибиздин «үнүнө» ишенимдүү түрдө кулак кага алабыз (Ышайа 30:21).

19. Абийирге байланыштуу дагы эмнелерге көңүл буруу зарыл?

19 Ошентсе да айрымдарга абийиринин «үнүн» угуу үчүн, күн сайын күч-аракет жумшоого туура келет. Кийинки макалада Ыйсанын жолдоочулары кабылган айрым жагдайлар каралат. Аларды карап чыгуу менен биз абийирдин ролун жакшыраак түшүнөбүз. Ошондой эле эмне үчүн ар кимдин абийири ар кандай болорун жана канткенде анын «үнүнө» даярдуулук менен кулак төшөй аларыбызды билебиз (Эврейлерге 6:11, 12).

Эмнелерди билдиңер?

• Туураны туура эместен ажырата билүү тубаса шык-жөндөмү же абийир эмне үчүн бардык адамдарга мүнөздүү?

• Абийирди гана угуудан эмне үчүн сак болушубуз керек?

• Абийирибизди кантип үйрөтө алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги сүрөт]

Дөөттү абийири жемелеген

ал эми тарстык Шабылды абийири соттогон эмес

[14-беттеги сүрөт]

Биз абийирибизди үйрөтө алабыз