Жахабанын Сөзү аткарылбай калбайт
Жахабанын Сөзү аткарылбай калбайт
«Силер жөнүндө Кудай-Теңириңер айткан бардык жакшы сөздөрдүн бири да аткарылбай калбаганын... билгиле, бардыгы силер үчүн жүзөгө ашты» (Жашыя 23:14).
1. Жашыя деген ким болгон жана ал өмүрүнүн аягында эмне кылган?
АЛ КУДАЙГА берилген, күчтүү, эржүрөк аскер башчы болгон жана Муса менен чогуу жүргөн. Жахаба аны ысрайыл элин какшыган чөлдөн сүт менен бал аккан жерге алып барууда жетекчилик кылууга дайындаган. Терең урмат-сыйга ээ болгон Жашыя өмүрүнүн аягында ысрайыл элинин аксакалдарына керээзин айтат. Анын жүрөктү козгогон сөздөрү ошол убакта угуп турган ысрайылдыктардын ишенимин бекемдегени шексиз. Анын айткандары биздин да ишенимибизди бекемдейт.
2, 3. Жашыя ысрайыл аксакалдарына керээзин качан айткан жана ал эмне деген?
2 Ыйык Китепте сүрөттөлгөн бул окуяны көз алдыңарга элестетип көрсөңөр. «Теңир Ысрайыл уулдарын туш тараптагы бардык душмандарынан куткарып, тынчтандыргандан кийин, көп мезгил өттү. Жашыя абдан карып калды. Жашыя Ысрайылдын бүт жамаатын, алардын аксакалдарын, башчыларын, башкаруучуларын, көзөмөлдөөчүлөрүн чакыртып алып, аларга мындай деди: “Мен карып калдым“» (Жашыя 23:1, 2).
3 Жашыя болжол менен 110го чыгып калган эле. Ал ысрайыл элинин тарыхындагы маанилүү учурда жашаган. Жашыя Кудайдын зор иштерине күбө болуп, анын көп убадаларынын аткарылышын өз көзү менен көргөн. Ошондуктан ал ишенимдүү түрдө: «Силер жөнүндө Кудай-Теңириңер айткан бардык жакшы сөздөрдүн бири да аткарылбай калбаганын бүт жүрөгүңөр, жан-дилиңер менен таанып билгиле, бардыгы силер үчүн жүзөгө ашты, бир да сөз аткарылбай калган жок»,— деп айта алган (Жашыя 23:14).
4. Жахаба ысрайылдыктарга кандай убадаларды берген?
4 Жашыянын убагында Жахабанын кайсы сөздөрү аткарылган? Келгиле анда, анын ысрайылдыктарга берген үч убадасын карап чыгалы. Биринчиден, Кудай аларды кулчулуктан бошотмок. Экинчиден, аларды коргомок. Үчүнчүдөн, аларга кам көрмөк. Жахаба бүгүнкү күндөгү кызматчыларына да ушундай убадаларды берген жана биз, Жашыяга окшоп, ал убадалардын аткарылышын көрүп жатабыз. Жахабанын азыр кылып жаткан иштерин карап чыгардан мурун, келгиле, анын Жашыянын күндөрүндө берген убадаларын кандайча аткарганына токтололу.
Жахаба өз элин куткарат
5, 6. Жахаба ысрайылдыктарды Мисирдин кулчулугунан кантип куткарган жана бул эмнени көрсөткөн?
5 Ысрайылдыктар Мисирде кулчулукта жүрүп Кудайдан боздоп жардам сурашканда, Жахаба алардын ыйын уккан (Чыгуу 2:23—25). Күйүп жаткан бадалдын жанында ал Мусага: «Мен аны [өз элимди] мисирликтердин колунан куткаруу үчүн, бул жерден алып чыгып, сүт менен бал аккан жакшы, кенен жерге... алып баруу үчүн келдим»,— деген (Чыгуу 3:8). Жахабанын бул сөздөрүнүн аткарылышын көрүү абдан толкундандырарлык болсо керек. Фараон ысрайыл элин коё берүүдөн баш тартканда, Кудай Муса аркылуу Нил дарыясын канга айлантарын эскерткен. Жахабанын сөзү ишке ашпай калган эмес. Чын эле, Нилдин суусу канга айланган, балыктар кырылып, дарыядагы суу ичүүгө жараксыз болуп калган (Чыгуу 7:14—21). Бирок фараон дагы деле өжөрлөнө бергендиктен, Жахаба алдын ала эскертип, дагы тогуз жаза жиберет (Чыгуу 8—12-бөлүмдөр). Эң акыркысында мисирликтердин тун уулдары өлөт. Ошондон кийин фараон ысрайылдыктарды коё берет (Чыгуу 12:29—32).
6 Бул куткарылуунун аркасында Жахаба ысрайылдыктарды өзүнүн тандалган эли катары кабыл алган. Ошондой эле Жахаба убадасын дайым аткарган Кудай катары даңкталган. Андан тышкары, бул башка элдердин кудайлары анын алдында алсыз экенин көрсөткөн. Ысрайылдыктардын бул куткарылуусу жөнүндө окуп-билүү биздин ишенимибизди бекемдейт. Бул окуяны башыбыздан өткөрсөк, биз кандай сезимде болмокпуз?! Жашыянын бир гана Жахаба «жер үстүндөгү бардыгынан жогору турган» Кудай экенине ынанганы шексиз (Забур 82:19).
Жахаба өз элин коргойт
7. Жахаба ысрайылдыктарды фараондун колунан кантип куткарган?
7 Жахаба өз элин коргойм деген убадасын кантип аткарган? Ал элин Мисир кулчулугунан бошотуп, Убадаланган жерге алып барарына ынандырган. Бирок каары кайнаган фараон күчтүү аскери, жүздөгөн майдан арабалары менен ысрайылдыктардын аркасынан кууп жөнөйт. Ысрайылдыктардын тоо менен деңиздин ортосунда камалып калганын көргөн текебер фараон аларды колго түшүрдүм деп ойлойт. Бирок Жахаба өз элин сакташ үчүн ысрайылдыктар менен мисирликтердин ортосуна булут каптатып коёт. Кудайдын эли турган жер жарык болуп, ал эми мисирликтер тарапты караңгылык каптап калган. Андыктан алар ысрайылдыктарга жакын келе алышкан эмес. Ошондо Муса колундагы таягын сунганда, деңиз экиге бөлүнөт да, ысрайылдыктарга качып кутулууга жол ачылат. Ал эми мисирликтер өлүмгө дуушар болот. Ошентип, Жахаба фараондун күчтүү аскерлерин толугу менен жок кылып, өз элин өлүмдөн алып калат (Чыгуу 14:19—28).
8. Кудай ысрайылдыктарды а) чөлдө; б) Убадаланган жерге киргенде кантип коргогон?
8 Кызыл деңизден өткөндөн кийин ысрайылдыктар «уулуу жылан, кара курт жашаган коркунучтуу ээн кара чөлдө», «бир тамчы суусу жок жерлерде» жашашкан (Мыйзам 8:15). Анткен менен Жахаба ошол жерде да өз элин коргогон. Алар Убадаланган жерге кантип кирген? Күч-кубаттуу канаандыктар аларга катуу каршылык көрсөткөн. Бирок Жахаба Жашыяга: «Сен тур, Мен Ысрайыл уулдарына берип жаткан жерге Ысрайыл уулдары менен бирге мына бул Иордан аркылуу өт. Өмүрүң өткөнчө сага эч ким туруштук бере албайт. Мен Муса менен кандай болсом, сени менен да ошондой болом. Сенден четтебейм, сени таштабайм»,— деген (Жашыя 1:2, 5). Жахабанын бул сөздөрү аткарылбай калган эмес. Андан болжол менен 6 жыл өткөн соң, Жашыя 31 падышага сокку уруп, Убадаланган жердин көп бөлүгүн басып алган (Жашыя 12:7—24). Жахабанын жардамы, колдоосу болбосо, ысрайылдыктар жеңишке ээ боло алат беле?
Жахаба өз элине кам көргөн
9, 10. Жахаба чөлдө өз элине кантип кам көргөн?
9 Эми Жахабанын үчүнчү убадасын — өз элине кантип кам көргөнүн — карап чыгалы. Ысрайылдыктарды кулчулуктан бошотконунан көп өтпөй, Кудай аларга: «Мен силерге асмандан нан жаадырам. Эл күн сайын сыртка чыгып, бир күнгө жеткидей нан жыйнап алсын»,— дейт. Өзү айткандай, Кудай аларды нан менен камсыз кылган. «Ысрайыл уулдары аны көргөндө, бири-биринен: „Бул эмне?“ — деп сурашкан». Бул Жахаба Кудайдын аларга берем деп убадалаган маннасы эле (Чыгуу 16:4, 13—15).
10 Ысрайылдыктар чөлдө жүргөндө Жахаба аларды 40 жыл бою тамак-аш, суу менен камсыз кылган. Атүгүл алардын кийими да жыртылган эмес жана буту шишиген эмес (Мыйзам 8:3, 4). Мунун баарына Жашыя күбө болгон. Жахаба өзү убадалагандай, ысрайыл элин куткарып, коргоп-сактап жана аларга кам көрүп келген.
Азыркы учурдагы куткарылуу
11. 1914-жылы Рассел кандай кулактандыруу айткан жана ал эмнени билдирген?
11 Биздин күндөр жөнүндө эмне айтууга болот? 1914-жылдын 2-октябрында жума күнү эртең менен Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрүнүн жетекчиси Чарлз Тейз Расселл Бруклиндеги (Нью-Йорк) Бейтелдин ашканасына кирип: «Кутмандуу таңыңар менен!» — деп жылуу учурашкан. Анан отурардан мурун: «Бутпарастардын заманы аяктады. Алардын падышаларынын башкаруусу соңуна чыкты»,— деп кубаныч менен кулактандырган. Эми Ааламдын Эгедерине — Жахабага — өз эли үчүн иш-аракет кылууга убакыт келген жана ал ошондой кылган.
12. 1919-жылы кандай куткарылуу болгон жана ал кандай жыйынтыкка алып келген?
12 Андан беш жыл өткөн соң, Жахаба өз элин жалган диндин дүйнөлүк державасы болгон Улуу Бабылдан куткарган (Аян 18:2). Ал куткарылууну арабыздан аз гана адамдар көрүшкөн. Бирок биз анын жыйынтыгын көрүп жатабыз: Жахаба таза сыйынууну калыбына келтирип, ага кызмат кылууга чын дилден умтулгандарды бириктирген. Бул жөнүндө Ышайа: «Акыркы күндөрү Теңир үйү турган тоо бардык тоолордун башына коюлат, бардык дөбөлөрдөн жогору көтөрүлөт, ага бүт элдер агылып келишет»,— деп пайгамбарлык кылган (Ышайа 2:2).
13. Жахабанын эли канчалык көбөйдү?
13 Ышайа пайгамбардын айткан сөздөрү аткарылбай калган эмес. 1919-жылы майланган калдык эржүрөктүк менен бүткүл дүйнө жүзү боюнча күбөлөндүрүү ишин баштаган. Бул таза сыйынуунун кеңири таралышына өбөлгө түзгөн. 1930-жылы «башка койлор» да чогултулушу керектиги айкын болгон (Жакан 10:16). Алгач миңдеген, анан жүз миңдеген адам чындыкка келип, эми миллиондогондор таза сыйынууну колдоп жатышат. Алар элчи Жакан көргөн аянда «ар бир уруудан, ар бир улуттан, ар бир элден, ар бир тилден эч ким санай алгыс, эбегейсиз көп адамдар» катары сүрөттөлгөн (Аян 7:9). Сен чындыкты жаңы укканда Жахабанын Күбөлөрүнүн саны канча эле? Ал эми бүгүн Жахабага кызмат кылгандардын саны 6 700 000ден ашат. Жахабанын өз элин Улуу Бабылдан куткарганы Кудайдын кызматчыларынын бүт дүйнө жүзү боюнча көбөйүшүнө өбөлгө түздү.
14. Биз кандай куткарылууну күтүүдөбүз?
14 Бизди алдыда дагы бир куткарылуу күтүүдө. Жер жүзүндө жашагандардын баары аны өз көзү менен көрө алат. Жакында Жахаба зор күчкө ээ экенин көрсөтүп, бардык каршылаштарын жок кылат жана өз элин куткарып, адилеттик өкүм сүргөн жаңы дүйнөгө алып барат. Жамандыктын жок болушун, адамзат тарыхындагы эң сонун доордун башталышын өз көзүбүз менен көргөнүбүз кандай сонун болот! (Аян 21:1—4).
Жахаба өз элин бүгүн да коргойт
15. Бүгүнкү күндө Жахабанын коргоосуна эмне үчүн муктажбыз?
15 Жогорудан билгенибиздей, Жашыянын күндөрүндө ысрайылдыктар Жахабанын коргоосуна абдан муктаж болушкан. Ал эми Жахабанын бүгүнкү күндөгү эличи? Алар да Кудайдын жардамына муктаж. Ыйса жолдоочуларын: «Силерди кыйнашат, өлтүрүшөт. Менин ысымым үчүн бардык элдерге жек көрүндү болосуңар»,— деп эскерткен (Матай 24:9). Бир нече жылдар бою Жахабанын Күбөлөрү көптөгөн өлкөлөрдө катуу каршылыктарга, куугунтуктоолорго чыдап келишкен. Бирок Жахаба эч качан өз элин таштаган эмес (Римдиктерге 8:31). Анын Сөзүндө айтылгандай, бизге «каршы жасалган бир да курал» жакшы кабарды таратуу жана шакирт даярдоо ишин токтото албайт (Ышайа 54:17).
16. Жахабанын өз элин коргоору эмнеден көрүнүп турат?
16 Кудайдын эли бул дүйнөнүн жек көрүүсүнө карабай гүлдөп жатат. Алардын 236 өлкөдө кызмат кылып жатканы Жахабанын өз элин душмандардан же кабар айтуу ишин токтоткусу келгендерден коргоп жатканынын далили. Силер чындыкты тааныгандан бери Кудайдын элине катуу каршылык көрсөткөн саясий же диний жетекчилерди эстей аласыңарбы? Алар көздөгөн максатына жеттиби? Алар азыр кайда? Муса менен Жашыянын учурунда жашаган фараон сыяктуу эле, алардын көбү эч нерсе кыла алган эмес. Ал эми ишенимдүүлүгүн сактап өмүрүнөн ажыраган Кудайдын азыркы кызматчылары жөнүндө эмне айтууга болот? Алар Жахабанын эсинде. Алар үчүн мындан өткөн коопсуз жай жок. Чынында эле, Жахабанын коргойм деген убадасы аткарылбай калбайт.
Жахаба өз элине бүгүн да кам көрөт
17. Жахаба рухий тамак жөнүндө кандай убада берген?
17 Жахаба ысрайылдыктарга чөлдө жүргөндө кам көргөндөй эле, бизге да кам көрөт. Биз «ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу рухий тамакты алып жатабыз (Матай 24:45). Ошондой эле кылымдар бою жашыруун болуп келген чындыкты таанып-билүүдөбүз. Буга байланыштуу Даниел пайгамбарга бир периште: «Акыркы мезгилге чейин бул сөздөрдү жашырып кой, бул китепке мөөр басып кой. Аны көптөр окушат, билим көбөйөт»,— деген (Даниел 12:4).
18. Кудай жөнүндөгү билим азыр мол деп эмне себептен айта алабыз?
18 Биз акыркы күндөрдө жашап жатабыз жана Кудай жөнүндө мол билимге ээбиз. Дүйнө жүзү боюнча чындыкты сүйгөн адамдар чыныгы Кудай жана анын ой-ниети тууралуу так-туура билим алып жатышат. Анткени Ыйык Китеп төгөрөктүн * аттуу китептин мазмунун карап чыгалы. Анын айрым бөлүмдөрү «Кудай жөнүндөгү чындык», «Өлгөндө адам каякка барат?», «Кудайдын Падышалыгы деген эмне?» жана «Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берүүдө?» деп аталат. Адамдар бул суроолордун жообун миңдеген жылдар бою издеп келишкен. Азыр ошол суроолордун жообун оңой табууга болот. Жүздөгөн жылдар бою Ыйык Китеп четке кагылып, христиан дүйнөсү жалган окууларды таратып келсе да, Кудай Сөзү баалуулугун жоготпой Жахабага кызмат кылууну каалагандардын баарын рухий жактан азыктандырып келүүдө.
төрт бурчуна кеңири таралган, ошондой эле андагы баалуу чындыкты түшүнүүгө жардам берген адабияттар да арбын. Мисалга, изилдөөгө арналган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?»19. Жахабанын кайсы убадаларынын аткарылышын көрдүң жана кандай жыйынтыкка келдиң?
19 Жахабанын убадаларынын аткарылганына күбө болгондуктан, биз да ишенимдүү түрдө: «Кудай-Теңириңер айткан бардык жакшы сөздөрдүн бири да аткарылбай калбаганын... билгиле, бардыгы силер үчүн жүзөгө ашты, бир да сөз аткарылбай калган жок»,— деп айта алабыз (Жашыя 23:14). Ооба, Жахаба кызматчыларын куткарат, колдоп-коргойт жана аларга кам көрөт. Анын кайсы бир убадасы өз убагында аткарылбай калды беле? Жок, андай болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан ишенүүгө татыктуу болгон Кудай Сөзүнө мындан ары да таянсак, акылдуулук кылабыз.
20. Келечекке эмне үчүн ишенимдүү карай алабыз?
20 Бизди кандай келечек күтүп турат? Жахаба көпчүлүгүбүзгө кооз бейиш багына айланган жерде жашоого үмүт берет. Ал эми Ыйса менен бирге асманда башкаруу мүмкүнчүлүгүнө арабыздагы саналуу кишилер гана ээ болот. Үмүтүбүз жердеги же асмандагы жашоого болобу, бизде, Жашыядай болуп, ишенимдүү бойдон калууга толук негиз бар. Жаркын үмүтүбүз жакында сөзсүз ишке ашат. Ошол күн келгенде, биз артыбызды карап, Жахабанын бардык убадаларын эстейбиз да, анан: «Бардыгы... жүзөгө ашты»,— деп айтабыз!
[Шилтемелер]
^ 18-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.
Түшүндүрө аласыңарбы?
• Жашыя Жахабанын кайсы убадасынын аткарылышын көргөн?
• Кудайдын кайсы убадасынын аткарылганын көрдүң?
• Кудай сөзүнө байланыштуу эмнеге ишенсек болот?
[Изилдөө суроолору]
[25-беттеги сүрөт]
Жахаба өз элин куткарган
Жахаба өз элин Кызыл деңиздин жанынан кантип сактап калган?
[26-беттеги сүрөт]
Жахаба өз элине кам көрүүдө