Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жоел жана Амос китебиндеги урунттуу ойлор

Жоел жана Амос китебиндеги урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Жоел жана Амос китебиндеги урунттуу ойлор

ЖОЕЛ өзү тууралуу Петуелдин уулу экенинен тышкары эч нерсе айткан эмес (Жоел 1:1). Өзүнүн ысмы менен аталган китебинде Жоел бөлөк маалыматтарга караганда айткан кабарына көбүрөөк басым койгондуктан, анын качан пайгамбарлык кылганын божомолдоого туура келет. Анын пайгамбарлык кылган маалы болжол менен б.з.ч. 820-жылга, Узиянын Жүйүт жеринде падышалык кылуусунун онунчу жылына, дал келет көрүнөт. Эмне үчүн Жоел өзү жөнүндө кеңирирээк маалымат берген эмес? Кыязы, ал өзүнө эмес, айткан кабарына көңүл бурдургусу келген.

Ошол эле Узиянын учурунда Жүйүт жеринде жашаган «койчу» жана «тыт дарагын өстүрүүчү» Амос аттуу бир киши пайгамбар болууга дайындалат (Амос 7:14). Ал түндүктөгү Ысрайыл падышалыгынын он уруусуна жиберилет, ал эми Жоел Жүйүт жеринде пайгамбарлык кылат. Амос Жүйүткө кайтып келгенден кийин, б.з.ч. 804-жылдын аяк ченинде, жөнөкөй, көркөм сүрөттөлгөн жана анын аты менен аталган китепти жазат.

«ОО, ЭМНЕ ДЕГЕН КҮН!»

(Жоел 1:1—3:21)

Жоел кыркаяктын, чегирткенин жана коңуздун каптап кетиши жөнүндө аян көрөт. Ал курт-кумурскалар «сансыз көп жана күчтүү бир эл» менен «жоокерлерди» билдирген (Жоел 1:4; 2:2—7). «Теңирдин күнү жакын» калгандыктан: «Оо, эмне деген күн!» — деп үшкүрүнөт Жоел. Себеби ал күн «Кудуреттүүдөн кыйратуучу» катары келе турган күн болчу (Жоел 1:15). Андыктан Жахаба Сиондун тургундарына: «Мага бүт жүрөгүңөр менен... кайрылгыла»,— деген кеңеш берет. Эгер алар ошентишсе, Жахаба «өз элин аяп», курт-кумурскалардан — «түндүктөн келген душмандан» — куткармак. Өзүнүн улуу күнү келгенге чейин Жахаба «ар бир адамдын үстүнө Өз Рухун төгөт» жана «асманда да, жерде да жышаандарды көрсөтөт» (Жоел 2:12, 18—20, 28—31).

«Соколоруңарды кылыч кылып, орокторуңарды найза кылып кайра согуп чыккыла»,— деген сөздөр менен элдер согушка даярданууга чакырылат. Соттолуп, кыйратылуу үчүн аларга «Жошапаттын өрөөнүнө түшүүгө буйрук кылынат». Ал эми «Жүйүт болсо түбөлүк жашайт» (Жоел 3:10, 12, 20).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Жоел 1:15; 2:1, 11, 31; 3:14 — «Теңирдин күнү» эмне болгон күн? Теңирдин күнү — Жахабанын душмандарын соттой турган күн. Ал күнү Жахабанын душмандары жок болот, ал эми чыныгы сыйынуучулары куткарылат. Мисалы, б.з.ч. 539-жылы Мадай менен Персия аскерлери Бабылды басып алышканда, Бабылдын башына ошондой каран түн түшкөн (Ышайа 13:1, 6). Жалган диндин дүйнөлүк империясы болгон «Улуу Бабыл» жазага тартыла турган «Теңирдин күнүнө» да аз калды (Аян 18:1—4, 21).

Жоел 2:1—10, 28 — Курт-кумурскалар каптай тургандыгы жөнүндөгү пайгамбарлык кандайча аткарылган? Ыйык Китепте чалкыган Канаан жерине, Жоел китебинде баяндалгандай, курт-кумурскалардын каптап кетиши жөнүндөгү билдирүүлөр жок. Ошондуктан курт-кумурскалардын каптоосу Жахаба б.з. 33-жылы Ыйсанын алгачкы жолдоочуларына ыйык рухун берип, алар жалган диний жетекчилердин кыжырын келтирген кабарды тарата баштаганда аткарылган пайгамбарлык болсо керек (Элчилер 2:1, 14—21; 5:27—33). Ошондой ишке бүгүн биз да катышуудабыз.

Жоел 2:32 — «Теңирдин ысмын чакыруу» деген эмнени билдирет? Жахабанын ысмын чакыруу деген анын ысмын билүү, терең урматтоо, ал ысымдын ээсине таянуу жана ага ишеним артуу дегенди билдирет (Римдиктерге 10:13, 14).

Жоел 3:14 — «Сот боло турган өрөөн» деген эмне? Ал Кудай сот өкүмүн ишке ашыра турган каймана маанидеги жерди билдирет. Ысмы «Жахаба — Сот» деген маанини туюнткан Жүйүт падышасы Жошапаттын күндөрүндө Жахаба Жүйүттү тегерек-четтеги элдерден алардын согуш күчтөрүн башаламандыкка салуу менен куткарган. Ошондуктан ал жер «Жошапаттын өрөөнү» деп да аталган (Жоел 3:2, 12). Бүгүнкү күндө ал келечекте элдер жүзүмдөй тебелене турган каймана маанидеги жүзүм сыгуучу жайды билдирет (Аян 19:15).

Биз алчу сабактар:

Жоел 1:13, 14. Куткарылуу үчүн чындап өкүнүү жана Жахабаны чыныгы Кудай катары кабыл алуу маанилүү.

Жоел 2:12, 13. Чындап өкүнүү — чын жүрөктөн өкүнүү. Чындап өкүнүүгө сырткы «кийимибизди эмес», «жүрөгүбүздү тытуу» кирет.

Жоел 2:28—32. «Теңирдин улуу, коркунучтуу күнүндө» «Теңирдин ысымын чакырган» адам гана куткарылат. Жахабанын ыйык рухун берип, баарыбызды: кары-жаш, аял-эркек дебей, пайгамбарлык ишке, башкача айтканда, «Кудайдын улуу иштери жөнүндө» жар салууга катыштырып жатканына кандай гана ыраазыбыз! (Элчилер 2:11). Кудайдын күнүнө аз калгандыктан, «жүрүм-турумубуз ыйык жана Кудайга берилген адамдардан» болушубуз керек эмеспи? (2 Петир 3:10—12).

Жоел 3:4—8, 19. Жоел тегерек-четтеги элдер Кудайдын тандалган элине жаман мамиле кылгандыгы үчүн жоопко тартылары тууралуу пайгамбарлык кылган. Анын пайгамбарлыгы аткарылып, Бабыл падышасы Небухаданасар материктеги Тир шаарын кыйраткан. Кийинчерээк, шаардын аралдагы бөлүгүн Искендер Зулкарнайн каратып алганда, шаардын миңдеген жоокерлери жана көрүнүктүү инсандары өлтүрүлүп, 30 000 кишиси кулчулукка сатылып кеткен. Пелиштиликтер да Искендер жана анын орун басарлары тарабынан ушундай мамилеге дуушар болушкан. Ал эми Эдом б.з.ч. 4-кылымга чейин ээн калган (Малахия 1:3). Аткарылган бул пайгамбарлыктар Жахабанын өз убадаларын аткарган Кудай экенине болгон ишенимибизди бекемдейт. Андан тышкары, мындан биз Жахаба өзүнүн кызматчыларын куугунтуктаган элдерге кандай мамиле кыларын билебиз.

Жоел 3:16—21. «Асман менен жер солкулдап», элдер Жахабанын жазасын алышат. «Бирок Теңир Өз элине коргонуч болуп», аларга бейиште түбөлүк өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жахабанын азыркы бузулган дүйнөнү жазалаар убагы жакындап калгандыктан, Аны менен тыгыз мамиледе болууга чечкиндүү болушубуз керек эмеспи?

«ӨЗ КУДАЙЫҢ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУГА ДАЯРДАН»

(Амос 1:1—9:15)

Амос Ысрайылдын айланасындагы кас элдерге жана Жүйүт менен Ысрайылга Кудайдын кабарын жарыялайт. Сирия, Пелишти, Тир, Эдом, Маап Кудайдын элине жасаган катаал мамилеси үчүн жок кылынат. Жүйүт да Кудайдын көрсөтмөлөрүн сактабаганы үчүн жазаланат (Амос 2:4). Ал эми он уруудан турган Ысрайыл падышалыгы эмне болот? Алар жакырларды аёосуз кысымга алышы, адеп-ахлаксыздыгы жана Кудайдын пайгамбарларын барктабашы менен күнөөгө батышкан. Ошон үчүн Жахаба Амос аркылуу: «Бейтелдеги курмандык чалынуучу жайлары үчүн да жазага тартам... кышкы үйдү жайкы үй менен кошо кыйратам»,— деп эскерткен (Амос 3:14, 15).

Буга чейин бир топ жаза тартса да, жансыз кудайларга сыйынган ысрайыл эли тоңмоюн бойдон кала берет. Ошондуктан Амос аларга: «Өз Кудайың менен жолугушууга даярдан»,— дейт (Амос 4:12). Жахабанын күнүнүн келиши ысрайылдыктар үчүн, алардын «Дамасктан ары» — Ассирияга — айдалып кетишин билдирген (Амос 5:27). Амос пайгамбарга Бейтелдин ыйык кызмат кылуучусу каршылык көрсөтөт. Бирок Амос андан коркпойт. Жахаба Амоско: «Менин элим Ысрайылдын акыры келди. Мындан ары аны кечирбейм»,— дейт (Амос 8:2). Андыктан алар өлгөндөр жаткан жайга да, эң бийик тоонун чокусуна да жашынып алышкан күндө деле Кудайдын жазасынан качып кутула алышпайт (Амос 9:2, 3). Бирок Жахаба өз элин кайра чогултарын убадалап, мындай дейт: «Мен Өз элим Ысрайылды туткундан кайра алып келем, алар кыйраган шаарларды кайрадан куруп, аларга отурукташышат; жүзүмзарларды отургузуп, алардын шарабын ичишет; жемиш бактарын тигип, алардын мөмөлөрүн жешет» (Амос 9:14).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Амос 4:1 — «Башан кунажындары» деген кимдер? Галилея деңизинин күн чыгыш тарабынан орун алган Башан тайпак тоосунда малдын, анын ичинде уйдун асыл тукумдары багылчу. Ал жер оттуу, чөбү күчтүү болгондуктан, мал кармоого абдан ылайыктуу эле. Амос Самариянын байлыкты ыксыз сүйгөн аялдарын Башандын кунажындарына салыштырган. Ал аялдар «өз мырзаларын» же күйөөлөрүн куулук менен кембагалдардын мүлкүн тартып алып, үйлөрүнө жыйнап келүүгө мажбурлаган көрүнөт.

Амос 5:5 — Ысрайылдыктар «Бейтелди» кандай мааниде издебеши керек эле? Жаробам сыйынуу үчүн Бейтелге торпоктун айкелин орноткон. Ошондуктан ал шаар жалган сыйынуунун борбору болуп калган. Гилгал менен Бейер-Шебада да жалган сыйынуу кеңири таралган. Алдын ала айтылган алааматтан сактаныш үчүн, ысрайылдыктар ошол жактарга зияратка барууну токтотуп, Жахабаны издей баштоого тийиш эле.

Амос 7:1 — «Падышанын чөп чабыгы» деген эмне? Ал падышанын чабандестерин камсыз кылуу жана мал-жанын багуу үчүн төлөнүүчү салык болсо керек. Ал салык «жайкы чөп чыга баштаганда» төлөнүүгө тийиш эле. Ошондон кийин гана эл данын жыйноого кирише алмак. Бирок ал маал келе электе чегиртке каптап, алардын түшүмүн жана башка жашылча-жемиштерин жеп кеткен.

Амос 8:1, 2 — «Бир себет бышкан жемиш» эмнени билдирген? Ал жакында Жахабанын күнү келерин билдирген. Жайында отургузулган жемиштер айыл чарба иштери аягына чыгып калган маалда түшүмдүн арты болуп жыйналган. Амоско «бир себет бышкан жемишти» көрсөткөндө, Жахаба Ысрайылдын кыйраар маалы жакындап калганын түшүндүргөн. Ошо себептен ал Амоско: «Ысрайылдын акыры келди. Мындан ары аны кечирбейм»,— деген.

Биз алчу сабактар:

Амос 1:3, 6, 9, 11, 13; 2:1, 4, 6. Жахаба Ысрайылга, Жүйүткө жана алардын айланасында жашаган алты элге каарданып: «Аябайм»,— дейт. Жахабанын жазасынан эч ким качып кутула албайт (Амос 9:2—5).

Амос 2:12. Биз пионерлердин, кыдыруучу көзөмөлчүлөрдүн, миссионерлердин же Бейтелдегилердин ындынын өчүрбөшүбүз керек: аларды толук убакыттуу кызматын таштап, «эл катары» жашоого үндөбөйбүз. Кайра, үзүрлүү кызматын мындан ары да аркалай берүүгө кубаттайбыз.

Амос 3:8. Арстандын аркыраган үнүн укканда адам коркпой койбогондой эле, Жахабанын: «Бар, Менин элим Ысрайылга пайгамбарчылык кыл»,— деген сөзү Амоско кабар айтууга түрткү берген (Амос 7:15). Бизге да Кудайдан коркуу сезими жигердүү жарчылардан болууга түрткү бериши керек.

Амос 3:13—15; 5:11. Жахаба колдоо көрсөткөндүктөн, Амос жөнөкөй эле койчу болгонуна карабай, байлыгына чиренген, колунда барына корстон болгон адамдарга кабар айта алган. Жахаба бизди да, аймагыбызда кандай адамдар жашабасын, Падышалык тууралуу кабар айтууга жөндөмдүү болушубуз үчүн окутуп-үйрөтөт.

Амос 4:6—11; 5:4, 6, 14. Ысрайылдыктар тоңмоюндук кылып Кудайга кайрылып келишпесе да, Жахаба аларды: «Мени издегиле, ошондо тирүү болосуңар»,— деп чакырган. Жахаба азыркы бузулган дүйнөнүн өкүм сүрүп турушуна канча убакытка чейин жол берсе, ошончо убакыт бою башкаларды Кудайга кайрылууга чакыра беришибиз керек.

Амос 5:18, 19. Адамдын өзү даяр эмес болуп туруп Жахабанын күнүнүн келишин каалашы акылсыздыкка жатат. Андай адамдар арстандан качса — алдынан аюу чыккандай, аюудан кутулса, жылан чагып алгандай абалда болот. Биз болсо рухий жактан «сергек болуп», даяр турсак, акылмандык көрсөткөн болобуз (Лука 21:36).

Амос 7:12—17. Биз Кудайдын кабарын эржүрөктүк, тайманбастык менен жарыялашыбыз керек.

Амос 9:7—10. Ишенимсиз ысрайылдыктар байыркы ишенимдүү кишилердин урпактары болсо да, Мисирден Кудайдын тандалган эли катары бошотулса да, Эфиопия уулдарындай болуп, Кудайдын жактыруусунан ажырап калышкан. Беткарамалыгы жок Кудайдын жактыруусуна ээ болуу белгилүү бир санжырадан эмес, андан «корккон жана адилеттик боюнча иш кылган» адам болуудан көзкаранды (Элчилер 10:34, 35).

Эмне кылышыбыз керек?

Жакында Шайтандын дүйнөсү жазага тартылат. Кудай өзүнүн кызматчыларына рухун берип, адамзатка өзүнүн күнүнүн келе жатканын эскертүүгө окутуп-үйрөтүүдө. Ошондуктан биз башкаларга Жахабаны билүүгө жана анын «ысмын чакырууга» жардам берүү үчүн бүт күч-аракетибизди жумшоого тийиш эмеспизби? (Жоел 2:31, 32).

Амос: «Жамандыкты жек көргүлө, жакшылыкты сүйгүлө, дарбазаңардын алдында акыйкаттыкты жактагыла»,— деп чакырган (Амос 5:15). Жахабанын күнүнө аз калгандыктан, аны менен тыгыз мамиледе болуп, бузулган дүйнөдөн жана адеп-ахлаксыз чөйрөдөн оолак жүргөнүбүз акылдуулукка жатат. Андыктан Ыйык Жазмадагы Жоел менен Амостун китептеринде камтылган пайдалуу ойлор азыр кандай гана орундуу! (Эврейлерге 4:12).

[6-беттеги сүрөт]

Жоел: «Теңирдин күнү жакын!» — деп пайгамбарлык кылган

[9-беттеги сүрөт]

Амостой болуп, биз да Кудайдын кабарын эржүрөктүк жана тайманбастык менен жарыялашыбыз керек