Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кудайдын улуу сырларын» изилдөө

«Кудайдын улуу сырларын» изилдөө

«Кудайдын улуу сырларын» изилдөө

«Рух бардыгын, Кудайдын улуу сырларын да билет» (1 Корунттуктарга 2:10).

1. Ыйык китептик кайсы чындыктар жаңы изилдеп жаткандарды кубандырат?

КӨБҮБҮЗ чындыкты биринчи жолу укканда аябай кубанганбыз. Себеби Жахабанын ысмынын маанисин, ал эмне себептен азап-кайгыга жол берерин, эмне үчүн айрым ишенимдүү адамдар асманга кетерин жана адамзатты кандай сонун келечек күтүп турганын билгенбиз. Балким, буга чейин Ыйык Китепти окуп көргөндүрбүз, бирок ал окуулар башка адамдардан жашыруун болгондой, бизге да ачылган эместир. Биздин ошол кезибизди таң ата электе жолго чыккан жолоочуга салыштырууга болот. Башында эшик караңгы болгондуктан, ал эч нерсе көрбөйт. Бирок күн чыга баштаганда, айлана-тегерегиндеги нерселер көзгө илине баштайт. Көп өтпөй ал курчап турган кооз айлананы, атүгүл майда-чүйдө нерселерди да так-даана көрөт. Ошол сыяктуу эле, бизге кимдир бирөө Ыйык Жазманы түшүнүүгө жардам бере баштаганда, биз «Кудайдын улуу сырларын» «көрө» баштаганбыз (1 Корунттуктарга 2:8—10).

2. Кудайдын Сөзүн изилдөөдөн эмне үчүн чексиз кубаныч алууга болот?

2 Ыйык Китептеги чындык жөнүндө үстүртөдөн эле билүү жетиштүүбү? «Кудайдын улуу сырларын» билүү башкалардан жашырылган, бирок ыйык рух аркылуу Ыйсанын жолдоочуларына ачылып берилген Кудайдын акылмандыгын түшүнүүнү билдирет (1 Корунттуктарга 2:7). Жахабанын чексиз акылмандыгын изилдей берүү менен көп кубаныч алабыз. Ошентсе да биз анын жолдорун, акылмандыгын эч качан изилдеп бүтпөйбүз. Бирок «Кудайдын улуу сырларын» изилдөөнү токтотпосок, ыйык китептик негизги окууларды билгенде алган кубанычыбызды сактап кала алабыз.

3. Ишенимибиздин эмнеге негизделерин түшүнүү эмне үчүн маанилүү?

3 Ал «улуу сырларды» эмне үчүн түшүнүшүбүз керек? Биздин ишенимибизди эмнелерге ишенерибиз эле эмес, аларга эмне себептен ишенерибиз — ишенимибиздин эмнеге негизделгенин түшүнүү — бекемдейт. Ыйык Жазма бизди «Кудайдын жакшы, Өзүнө жаккан жана жеткилең эрки эмне экендигин таанып билүү» үчүн, акыл жөндөмүбүздү колдонууга үндөйт (Римдиктерге 12:1, 2). Жахабанын кайсы бир нерсени эмне себептен талап кыларын түшүнсөк, ага оңой баш ие алабыз. Демек, «улуу сырларды» түшүнүү азгырыктарга каршы турууга жардам берип, «жакшы иштерди» ынталуулук менен кылууга түрткү берет (Титке 2:14).

4. Ыйык Китепти изилдөөгө эмне кирет?

4 Кудайдын терең сырларын түшүнүү үчүн, изилдөө жүргүзүү талап кылынат. Ал эми изилдөө жүргүзүү деген маалыматка көз жүгүртүп коюуну эле билдирбейт. Ага окугандарыбыздын мурун билгендерибиз менен кандай байланышы бар экенин аңдоо үчүн маалыматты кылдат изилдеп чыгуу кирет (2 Тиметейге 1:13). Ошондо айтылгандардын маңызын түшүнө алабыз. Андан сырткары, Ыйык Китепти изилдеп жатып, үйрөнүп-билгендерибизди акылдуу чечим чыгаруу үчүн, башкаларга жардам берүү үчүн кандайча колдоно аларыбыз жөнүндө ой жүгүртүшүбүз керек. Ошондой эле «Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылып», биз үчүн пайдалуу болгондуктан, «Кудайдын оозунан чыккан ар бир сөздү», тактап айтканда, Ыйык Китепти толугу менен изилдешибиз зарыл (2 Тиметейге 3:16, 17; Матай 4:4). Албетте, Ыйык Китепти изилдөө күч-аракетти талап кылат. Анткен менен ал көп кубаныч тартуулайт. Анын үстүнө, «Кудайдын улуу сырларын» түшүнүү кыйын эмес.

Жахаба момундарга өз сөзүн түшүнүүгө жардам берет

5. «Кудайдын улуу сырларын» кимдер түшүнө алат?

5 Мектепте жакшы окубасаң же буга чейин изилдөө жүргүзүп көрбөсөң, «Кудайдын улуу сырларын» түшүнө албайм деп тынчсызданба. Ыйса жерде жүргөндө, Жахаба өзүнүн ой-ниетин акылдуулар менен билимдүүлөргө эмес, Уулунан билим алууга даяр болгон жөнөкөй, момун адамдарга ачып берген. Алар билими барларга салыштырмалуу жаш баладай болушкан (Матай 11:25; Элчилер 4:13). «Кудай Өзүн сүйгөндөргө... даярдап койгон» нерселер жөнүндө элчи Пабыл ишенимдештерине мындай деп жазган: «Бизге муну Кудай Өзүнүн Руху менен ачып берди. Анткени Рух бардыгын, Кудайдын улуу сырларын да билет» (1 Корунттуктарга 2:9, 10).

6. Кудайдын руху кандайча «бардыгын» изилдейт?

6 Кудайдын руху кандайча «бардыгын, Кудайдын улуу сырларын да» изилдейт? Жахаба ыйык китептик окууларды Ыйсанын ар бир жолдоочусуна өз-өзүнчө эмес, ыйык руху менен өз уюмуна, ага биримдикте кызмат кылган элине, ачып берет (Элчилер 20:28; Эфестиктерге 4:3—6). Дүйнө жүзүндөгү бардык жыйналыштар бир эле программа боюнча Ыйык Китепти изилдешет. Мунун аркасында алар көптөгөн ыйык китептик окууларды түшүнүшкөн. Ыйык рух жыйналыш жолугушуулары аркылуу «Кудайдын улуу сырларын» түшүнүшүбүз үчүн туура маанайда болууга жардам берет (Элчилер 5:32).

«Кудайдын улуу сырларын» түшүнүүгө эмне кирет?

7. Көптөр эмне себептен «Кудайдын улуу сырларын» түшүнө алышпайт?

7 «Кудайдын улуу сырларын» түшүнүү абдан кыйын деп ойлобошубуз керек. «Улуу сырлар» көптөрдөн Кудайдын акылмандыгын түшүнүү кыйын болгондуктан эмес, Шайтан адамдардын акылын караңгылатып, аларды Жахабанын уюму аркылуу берилген жардамын четке кагууга түрткөндүктөн жашырылган (2 Корунттуктарга 4:3, 4).

8. Пабыл эфестиктерге жазган катынын 3-бөлүмүндө кайсы терең сырлар жөнүндө айткан?

8 Пабыл эфестиктерге жазган катынын 3-бөлүмүндө «Кудайдын улуу сырларына» эмнелер кирерин айтып өткөн. Аларга убадаланган Тукум, айрым адамдардын асманда жашоого тандалышы жана Кудайдын Ыйса башкарган Падышалыгы сыяктуу Жахабанын эли жакшы билген чындыктар кирет. Пабыл мындай деп жазган: «Азыркы күндө Анын ыйык элчилерине жана пайгамбарларына Рух аркылуу белгилүү болгон бул сыр мурунку муундун адамдарына белгилүү болгон эмес. Ал сыр мындай: бутпарастар да мураскорлор жана ошол эле дененин мүчөлөрү болушат... Машайак Ыйса аркылуу Анын убадасы аларга да тиешелүү». Пабыл ага «Кудайдын Өзүндө эзелтеден бери жашыруун болуп келген сырдын мааниси кандай экенин» «бардык адамдарга» ачып берүү тапшырылганын айткан (Эфестиктерге 3:5—10).

9. «Кудайдын улуу сырларын» түшүнүүнү эмне үчүн сыймык десек болот?

9 Анан Пабыл: «Кудайдын ар тараптуу акылмандуулугу асмандагы башкаруучуларга... Жыйын аркылуу азыркы учурда белгилүү болду»,— деп жазган (Эфестиктерге 3:9). «Асмандагы башкаруучулар», башкача айтканда, периштелер Жахабанын өз кызматчыларына жасаган мамилесинен анын акылмандуулугун көрүп, көп нерсеге үйрөнүшөт. Биз атүгүл периштелерди кызыктырган сырларды түшүнөбүз. Бул кандай чоң сыймык! (1 Петир 1:10—12). Андан ары Пабыл «бардык ыйыктар менен бирге» ишенимибиздин «кеңдиги менен узундугу, тереңдиги менен бийиктиги эмне экенин түшүнүүгө» аракет кылышыбыз керектигин айткан (Эфестиктерге 3:11, 18). Келгиле анда, билимибизди кеңейте турган улуу сырлардын айрымдарын карап чыгалы.

Терең сырлардын айрымдары

10, 11. Жазмага ылайык, Ыйса качан «тукумдун» негизги бөлүгү болгон?

10 Биз Башталыш 3:15те айтылган Кудайдын асмандагы «аялынын» «тукумунун» негизги бөлүгү Ыйса экенин билебиз. Муну тереңирээк түшүнүү үчүн: «Ыйса качан убадаланган Тукум болгон? Адам болуп жерге келгенге чейинби, адам болуп төрөлгөндөбү, чөмүлтүлгөндөбү же тирилтилгендеби?» — деген суроолорго жооп алалы.

11 Пайгамбарлыкта «аял» катары сүрөттөлгөн Кудайдын уюмунун асмандагы бөлүгү жыландын башын жанча турган тукум чыгарары убадаланган. Бирок миңдеген жылдар өтсө да, Шайтанды жана анын иштерин жок кыла турган Кудайдын каймана маанидеги аялынан тукум чыккан эмес. Ошондуктан Ышайанын пайгамбарлыгында ал аял «баласы жок», «кайгыга баткан» деп сүрөттөлөт (Ышайа 54:1, 5, 6). Акыры, Бейт-Лехемде Ыйса төрөлгөн. Чөмүлтүлгөндөн кийин ал рух менен майланган жана Кудайдын рухий уулу болгондуктан, Жахаба: «Бул Менин... Уулум»,— деп жарыялаган (Матай 3:17; Жакан 3:3). Ошентип, «аялдын тукумунун» негизги бөлүгү пайда болгон. Кийинчерээк Ыйсанын жолдоочулары да рух менен майланып, Кудайдын уулдары аталышкан. Жахабанын «төрөбөс» аялга салыштырылган «аялы» эми «кубанып», шаттанган (Ышайа 54:1; Галатиялыктарга 3:29).

12, 13. Ыйсанын жердеги майланган жолдоочуларынын баары «ишенимдүү жана акылдуу кул» тобун түзөрүн кайсы аяттар көрсөтүп турат?

12 Бизге ачылып берилген сырлардын экинчиси — Кудайдын адамдардын арасынан 144 000ди тандап алуу жөнүндөгү ой-ниети (Аян 14:1, 4). Биз жер үстүндө жашаган майлангандардын баары үйүндөгүлөрүн рухий «тамак» менен өз убагында камсыз кылган «ишенимдүү жана акылдуу кул» тобун түзөрүн билебиз (Матай 24:45). Муну Ыйык Китептеги кайсы аяттар далилдейт? Ыйса ишенимдештерин рухий тамак менен камсыз кылгандардын баары эле кул тобуна кирет деп айтышы мүмкүн беле?

13 Кудай ысрайыл элине: «Менин күбөлөрүм болсо — силер жана Өзүм тандап алган кулумсуңар»,— деген (Ышайа 43:10). Бирок б.з. 33-жылы 11-нисанда Ыйса диний жетекчилерге Кудай ысрайыл элин четке какканын айткан. Ал: «Кудайдын Падышачылыгы силерден тартылып алынып, жемишин бере турган адамдарга берилет»,— деген. Анан: «Мына, үйүң ээн калат!» — деп кошумчалаган (Матай 21:43; 23:38). Жахабанын кулу катары ысрайыл эли ишенимдүү да, акылдуу да болгон эмес (Ышайа 29:13, 14). Ошол эле күнү Ыйса: «Ишенимдүү жана акылдуу кул ким?» — деп сураган. Бул сөздөр менен ал: «Кайсы эл ысрайыл элинин ордуна Кудайдын ишенимдүү кулу болот?» — деп айткысы келген. Бул суроого кийинчерээк элчи Петир Ыйсанын майланган жолдоочуларына: «Силер... ыйык элсиңер, Кудай энчилеп алган элсиңер»,— деп кайрылганда жооп берген (1 Петир 1:4; 2:9). Ошол рухий эл, «Кудайдын Ысрайыл эли», Жахабанын кулу болуп калган (Галатиялыктарга 6:16). Демек, бүтүндөй ысрайыл эли бир «кулду» түзгөндөй эле, Ыйсанын ар кайсы убакта жашаган майланган жолдоочуларынын баары «ишенимдүү жана акылдуу кул» тобун түзөт. Кудайдын кулу аркылуу рухий «тамак» алып жатканыбыз кандай чоң сыймык!

Өздүк изилдөө кубаныч алып келет

14. Эмне үчүн Ыйык Китепти жөн эле окууга караганда кылдат изилдөө көбүрөөк кубаныч берет?

14 Ыйык Жазмадан кандайдыр бир жаңы ойду тапканда, ишенимибиз бекемделип, кубаныч алабыз. Ыйык Китепти жөн эле окууга караганда кылдат изилдөө бизге көбүрөөк кубаныч берет. Ошон үчүн Ыйык Китепке негизделген адабияттарды окуп жатканда, өзүңө мындай суроолорду берип көр: «Бул маалыматтын мурда окуп-билгендерим менен кандай байланышы бар? Ушул макаладагы ойлорду ырастаган дагы кайсы аяттарды же далилдерди эстей алам?» Эгер андан ары изилдөө жүргүзүү керек болсо, жооп алгың келген суроону жазып алып, эмкиде ошол теманы изилдеп чык.

15. Эмнелерди изилдөө кубаныч берет жана алар канткенде пайдалуу болот?

15 Жаңы ойлорду таап, изилдөөдөн кубаныч алыш үчүн эмнелерди изилдесек болот? Мисалы, Кудайдын адамдар менен түзгөн келишимдерин өз алдыбызча терең изилдесек, билимибиз кеңейет. Ыйса Машайакка тийиштүү пайгамбарлыктарды же аятма-аят талкууланган пайгамбарлык китептердин бирин изилдеп чыгуу ишенимибизди бекемдейт. «Жахабанын Күбөлөрү — Кудайдын Падышалыгынын жарчылары» * (ор.) аттуу китептин жардамы менен Кудай элинин азыркы тарыхын карап чыгуу да пайдалуу. Ошондой эле «Күзөт мунарасынын» мурунку сандарына чыккан «Окурмандардын суроолорун» изилдөө айрым аяттарды жакшыраак түшүнүүгө көмөк кылат. Изилдөө жүргүзүүдө жыйынтык чыгарууга жардам берген аяттарга көңүл бур. Бул сага «жаман-жакшыны айырмалай билүүгө» жана кыраакылыкты өрчүтүүгө жардам берет (Эврейлерге 5:14). Андан тышкары, кызыктуу ойлорду Ыйык Китебиңе же дептериңе жазып жүрсөң, бул өзүңө да, башкаларга да чоң пайда алып келет.

Балдарга Ыйык Китепти изилдөөдөн кубаныч алууга жардам бергиле

16. Балдарга Ыйык Китепти изилдөөдөн кубаныч алууга кантип жардам берсе болот?

16 Ата-энелер балдарынын рухий табитин арттырыш үчүн көптү кыла алышат. Балдарыңар «улуу сырларды» түшүнө албайт деп ойлобогула. Аларга үйбүлөлүк изилдөөгө кайсы бир суроону изилдеп келүүнү тапшырып, анан эмнелерди үйрөнүп-билгенин сурасаңар болот. Балдарга башкалардын алдында ишенимин коргоп, чындыкты далилдөөгө жардам бериш үчүн үйбүлөлүк изилдөө учурунда инсценировкаларды уюштурса болот. Андан тышкары, байыркы убактагы жерлер жөнүндө көбүрөөк билүү жана Ыйык Китепти жума сайын окууда өтүлгөн материалды айкын ачып берүү үчүн «„Жер соорусун“ карагылачы» * (ор.) аттуу китепчени да колдонсоңор болот.

17. Өздүк изилдөөдө эмне үчүн теңсалмактуулукту сактоо зарыл?

17 Ыйык Китепти жекече изилдөө ары кызыктуу, ары ишенимди бекемдээрлик болушу мүмкүн. Бирок өздүк изилдөөгө өтө эле көп убакыт бөлүп, жыйналыш жолугушууларына даярданбай калба. Анткени Жахаба «ишенимдүү жана акылдуу кулду» колдонуп, жыйналыштар аркылуу да бизди насааттайт. Кошумча изилдөө жүргүзүүнүн аркасында жыйналышта, атап айтканда, китеп изилдөө жолугушуусунда же Теократиялык кызмат мектебиндеги урунттуу ойлордо берген жоопторуң маңыздуу болот.

18. «Кудайдын улуу сырларын» изилдөөгө жумшаган аракетибиздин акыбети кайтат деп эмне үчүн айта алабыз?

18 Кудай Сөзүн өз алдынча кылдат изилдөө Жахабага жакындоого жардам берет. Андай изилдөөнүн зор пайда берери жөнүндө Ыйык Китепте мындай делген: «Анын далдаасында болуу — күмүштүн далдаасында болууга барабар. Бирок билимдин артыкчылыгы бул: акылмандык акылмандыкка ээ болгон адамга өмүр берет» (Насаатчы 7:12). Андыктан билимиңди тереңдетүүгө жумшаган күч-аракетиңдин акыбети кайтарына шектенбе. Анткени Ыйык Китепте Кудай Сөзүн издегендерге: «Кудай жөнүндөгү билимге жетесиң»,— деген убада берилет (Накыл сөздөр 2:4, 5).

[Шилтемелер]

^ 15-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

^ 16-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• «Кудайдын улуу сырлары» деген эмне?

• Терең сырларды изилдөөнү эмне үчүн токтотпошубуз керек?

• Эмне үчүн Ыйсанын жолдоочуларынын баары «Кудайдын улуу сырларын» түшүнүүдөн кубаныч ала алат?

• «Кудайдын улуу сырларын» изилдөөдөн канткенде көбүрөөк пайда ала аласың?

[Изилдөө суроолору]

[31-беттеги сүрөт]

Ата-энелер балдарына үйбүлөлүк изилдөөгө даярданууга тапшырма берсе болот