Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Обадия, Жунус жана Михей китептериндеги урунттуу ойлор

Обадия, Жунус жана Михей китептериндеги урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Обадия, Жунус жана Михей китептериндеги урунттуу ойлор

«ОБАДИЯ көргөн көрүнүш» (Обадия 1). Ыйык Жазмадагы Обадия пайгамбардын китеби ушундай сөздөр менен башталат. Пайгамбар б.з.ч. 607-жылы жазган бул китебинде өзү тууралуу ысмынан башка эч нерсе айткан эмес. Ал эми Жунус пайгамбар андан эки кылым мурун жазган китебинде өзүнүн Кудай берген тапшырмага байланыштуу кандай окуяларга туш болгонун ачык баяндаган. Жунустан кийин жана Обадияга чейин жашаган Михей 60 жыл — б.з.ч. 777-жылдан тартып б.з.ч. 717-жылга дейре — пайгамбарлык кылган. Михейдин жазгандарынан ал тууралуу анын «морейшилик» экенин жана «Жүйүт падышалары Жотамдын, Ахаздын жана Хискиянын тушунда» ага «Теңирден сөз болгонун» гана биле алабыз (Михей 1:1). Михейдин айткан кабарынын маанилүүлүгүн баса белгилөөдө колдонгон көрсөтмөлүү мисалдары анын элеттик жашоону жакшы билгенин көрсөтүп турат.

ЭДОМ, «ТУКУМ КУРУТ БОЛОСУҢ»

(Обадия 1—21)

Эдомго карата Обадия мындай деген: «Өз бир тууганың Жакыпка кысым көрсөткөнүң үчүн уятка каласың, тукум курут болосуң». Эдомдуктардын Жакыптын уулдарына — ысрайылдыктарга — жакында эле кысым көрсөткөнүн пайгамбар али унута элек. Алар б.з.ч. 607-жылы, бабылдыктар Иерусалимди басып алганда, ысрайылдыктарга жардам бергендин ордуна, «четте туруп», кол салган «бөтөн элдерге» кошулуп кетишкен (Обадия 10, 11).

Бирок Жакыптын үйү калыбына келтирилет. Ал тууралуу Обадиянын пайгамбарлыгында: «Сион тоосунда куткарылуу болот, ал ыйык жай болот. Жакып өз мурасына ээ болот»,— делген (Обадия 17).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Обадия 5—8 — «Түнкү каракчылар» жана «жүзүм терип кетүүчүлөрдүн» кириши менен Эдомдун талкаланышынын ортосунда кандай айырмачылык бар? Эгерде Эдомго түнкү каракчылар киришсе, алар өздөрүнө жакканын эле алып кетишмек. Жүзүм терип кетүүчүлөр киришсе, анча-мынчасын калтырып коюшмак. Бирок Эдом кыйратылганда, аны менен «келишим түзгөн» бабылдыктар анын байлыгынын баарын, бир да нерсесин калтырбай, тоноп кетишкен (Жеремия 49:9, 10).

Обадия 10 — Эдом кандайча «тукум курут» болгон? Учурунда бүтүндөй бир элди түзгөн, өзүнүн мамлекети болгон жана белгилүү бир жерде жашаган эдомдуктар, алдын ала айтылгандай, тукум курут болушкан. Б.з.ч. 6-кылымдын орто ченинде Эдомду Бабыл падышасы Набонид басып алган. Б.з.ч. 4-кылымга жакын Эдом жеринде набатейлер жашап калышкан. Андыктан эдомдуктар Жүйүт жеринин түштүгүнө, кийинчерээк Идумея болуп калган Негепке көчүп кетүүгө мажбур болушкан. Ал эми б.з. 70-жылы римдиктер Иерусалимди кыйроого учуратканда, Эдом эли биротоло жок кылынган.

Биз алчу сабактар:

Обадия 3, 4. Бийик, адырлуу тоолор, чоң коктулар эдомдуктарды душмандарынан бир топ коргочу. Ошондуктан алар өздөрүн коопсуз сезишип, бейкапар жашашкан. Бирок, кандай болбосун, алар Жахабанын жазасынан кача алышкан эмес.

Обадия 8, 9, 15. «Теңирдин күнүндө» адамдык акылмандык да, күч да калканч болуп бере албайт (Жеремия 49:7, 22).

Обадия 12—14. Кудайдын кызматчыларынын башына түшкөн кайгысын табалагандар, эдомдуктар сыяктуу, жазасыз калышпайт. Жахаба өзүнүн элине кылынган жаман мамилеге кошкөңүл карабайт.

Обадия 17—20. Жакыптын уулдарын кайра чогултуу жөнүндөгү бул пайгамбарлык б.з.ч. 537-жылы ысрайылдыктардын калдыгы Бабылдан Иерусалимге кайтып келгенде аткарыла баштаган. Ооба, Жахабанын сөзү ар дайым орундалат. Биз анын өз убадаларын аткарарына эч күмөн санабасак болот.

«НИНЕБИ ТАЛКАЛАНАТ»

(Жунус 1:1—4:11)

Кудай Жунуска «улуу шаар Нинебиге барып», ошол шаарга каршы пайгамбарлык кылууну буйругунда, ал баш ийбей, таптакыр башка жакка качып жөнөйт. Бирок Жахаба «деңизге катуу шамал жөнөтүп», андан соң «чоң балыкты» колдонуп, Жунусту экинчи жолу Ашурдун борбор шаарына жиберет (Жунус 1:2, 4; 2:1; 3:1, 2).

Ошентип, Жунус Нинебиге барат да: «Кырк күндөн кийин Нинеби талкаланат»,— деп жар сала баштайт (Жунус 3:4). Анын айтканындай чыкпай калганда, Жунус абдан «туталанат». Жахаба «бир өсүмдүктү» өстүрүп, аны мисал катары колдонуп, Жунусту ырайымдуулукка үйрөтөт (Жунус 4:1, 6).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Жунус 3:3 — Нинебинин чоңдугу чын эле «үч күндүк жолго» барабар беле? Ооба. Байыркы убакта Нинебинин аймагы түндүгүнөн Хорсабаддан, түштүгүндөгү Нимрудга чейин созулган. Төрт бурчтуу формадагы ал аймактын айланасы 100 километр эле.

Жунус 3:4 — Жунус нинебиликтерге кабар айтуу үчүн ашурлуктардын тилин үйрөнүшү керек беле? Мүмкүн, Жунус ашурлуктардын тилин мурда эле билген, же болбосо, ага керемет жолу менен ошол тилде сүйлөө жөндөмдүүлүгү берилген. Же балким, ал кабарын эврей тилинде кыскача айтып, кимдир бирөө которуп берип тургандыр. Эгер котормочу менен сүйлөгөн болсо, анын айткандары эл арасында ого бетер кызыгуу туудурмак.

Биз алчу сабактар:

Жунус 1:1—3. Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине толук катышпоону көздөп, убакытты башка иштерге коротуу ниеттин туура эмес экенин көрсөтөт. Ушундай кылгандар Кудай берген тапшырманы аткаруудан качкан болушат.

Жунус 1:1, 2; 3:10. Жахаба ырайымдуулугун белгилүү бир элге, улутка же кайсы бир адамдардын тобуна эле көрсөтпөйт. Анткени «Теңир бардык адамдарга жакшылык кылат, Өзү жараткандарынын бардыгына кайрымдуулук кылат» (Забур 144:9).

Жунус 2:1, 11. Жунустун чоң балыктын ичинде үч күн, үч түн болушу, Ыйсанын өлүшүнө жана кайра тирилишине карата пайгамбарлык болгон (Матай 12:39, 40; 16:21).

Жунус 2:1, 11; 4:6. Жахаба Жунусту албууттанган деңиздин алкымынан алып чыккан. Ошондой эле «Жунусту кайгыдан куткарыш үчүн, анын башына көлөкө болуш үчүн», «бир өсүмдүк өстүргөн». Жахабанын азыркы кызматчылары да Кудайына таянып, анын ырайымдуулугуна, аларды коргооруна ишене алышат (Забур 12:6; 39:12).

Жунус 2:2, 3, 10, 11. Жахаба өз кызматчыларынын тиленүүлөрүн угат жана алардын жалынууларына көңүл бурат (Забур 119:1; 129:1, 2).

Жунус 3:8, 10. Чыныгы Кудай «алаамат түшүрөм деген сөзүнө өкүнүп», башкача айтканда, чечимин өзгөртүп, «алаамат түшүргөн» эмес. Эмне үчүн? Себеби нинебиликтер «жаман жолдорунан бурулушкан». Анын сыңарындай, бүгүн да күнөө кылган, бирок чын жүрөктөн өкүнгөн адамга Кудай каарын төкпөйт.

Жунус 4:1—4. Кудайдын ырайымдуулук көрсөтүүсүнө бир да киши чек коё албайт. Биз Жахабанын башкаларга көрсөткөн ырайымдуулугуна карата сын көзкарашта болуудан сак болушубуз керек.

Жунус 4:11. Жахаба 120 000ден ашуун нинебиликтерди аягандай эле, азыркы күндө «оң колун сол колунан ажырата албагандарды» аяп, Падышалык жөнүндө жакшы кабардын жердин булуң-бурчуна чейин таратылышына кам көрүп, чыдамдуулук көрсөтүүдө. Биз да аймагыбыздагы адамдарга боорукердик көрсөтүп, кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине ынталуу катышышыбыз керек эмеспи? (2 Петир 3:9).

«БАШЫҢДЫ ДАГЫ КЫРА ТҮШ»

(Михей 1:1—7:20)

Михей Ысрайыл менен Жүйүттүн күнөөлөрүн айыптап, алардын борбор шаарлары ээн каларын алдын ала айтат. Ошол эле учурда алардын кайра калыбына келтирилерин убадалайт. Самария «талаадагы үйүлгөн урандыга» айланат. Жалган кудайларга сыйынып кеткендиктен, Ысрайыл менен Жүйүттүн «сакал-муруту кырылууга», мындайча айтканда, уятка калууга тийиш эле. Туткундалып кеткенде, алардын башы «жүнү түшкөн бүркүттүкүндөй» же таз жорунукундай болуп, дагы кырыла түшкөн. Бирок Жахаба: «Жакып, сенин бүт тукумуңду сөзсүз чогултам»,— деп убадалайт (Михей 1:6, 16; 2:12). Бузуку башчылардын жана мыйзамды аткарбаган пайгамбарлардын айынан Иерусалим да «үйүлгөн урандыга айланат». Ошентсе да Жахаба Кудай «аларды... [өз элин] чогултат». Кийин «Бейт-Лехем Эфратадан» «Ысрайылга Эгедер боло турган Адам чыгат» (Михей 3:12; 4:12; 5:2).

Жахаба ысрайылдыктарга адилетсиз мамиле кылды беле? Же ал катуу талаптарды койгонбу? Жок. Жахаба ага сыйынгандардан «адилет иштерди кылууну», «кайрымдуулук иштерин жакшы көрүүнү» жана анын «алдында акылмандык менен моюн сунуп жашоону» эле талап кылат (Михей 6:8). Анткен менен Михейдин замандаштары абдан бузулуп кеткен. «Алардын эң жакшысы тикенектей, эң адилеттүүсү тикенектүү тосмодой» болуп, жанына баргандардын баарын «сайып», азап-кайгы алып келишкен. Михей пайгамбар: «Сендей [Жахабадай] Кудай барбы?» — деген суроо берет. Жахаба өз элине кайрадан ырайым кылып, алардын күнөөлөрүн «деңиздин түпкүрүнө таштайт» (Михей 7:4, 18, 19).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Михей 2:12 — «Ысрайылдын калдыгы» чогултулары жөнүндөгү пайгамбарлык качан аткарылган? Биринчи жолу ал б.з.ч. 537-жылы жүйүттөрдүн калдыгы Бабыл кулчулугунан бошонуп, мекенине кайтып келгенде аткарылган. Бүгүнкү күндө ал пайгамбарлык «Кудайдын Ысрайылына» карата аткарылууда (Галатиялыктарга 6:16). Ыйсанын майланган жолдоочулары 1919-жылдан бери «бир короодогу койлордой» болуп чогултулууда. Ал эми «башка койлордон» турган «эбегейсиз көп адамдар» кошулганда, өзгөчө 1935-жылдан баштап, алар «элинин көптүгүнөн бака-шака болуп» калышкан (Аян 7:9; Жакан 10:16). Баары биригип чыныгы сыйынуунун өркүндөшүнө ынталуулук менен салым кошушууда.

Михей 4:1—4 — Кандай мааниде «акыркы күндөрдө» Жахаба «көп элдерди соттоп», «көптөгөн уруулардын айыбын ашкере кылат»? «Көп элдер» жана «көптөгөн уруулар» деген сөз айкаштары кайсы бир улуттарды же саясий уюмдарды билдирбейт. Алар Жахабага сыйынуу үчүн бардык улуттардан чогулган адамдарга карата айтылган. Жахаба алардын үстүнөн сот жүргүзүп, алардын Аны менен болгон мамилесин оңдойт.

Биз алчу сабактар:

Михей 1:6, 9; 3:12; 5:2. Самария б.з.ч. 740-жылы, Михейдин көзү тирүүсүндө, ашурлуктар тарабынан талкаланган (2 Падышалар 17:5, 6). Ашурлуктар Хиския башкарган маалда Иерусалимге чейин басып киришкен (2 Падышалар 18:13). Ал эми б.з.ч. 607-жылы бабылдыктар Иерусалимди биротоло кыйратышкан (2 Жылнаама 36:19). Пайгамбарлыкта айтылгандай, Машайак «Бейт-Лехем Эфратада» төрөлгөн (Матай 2:3—6). Жахаба айткан пайгамбарлыктар сөзсүз аткарылат.

Михей 2:1, 2. Кудайга кызмат кылып жатам деп, бирок «Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издегендин» ордуна, биринчи кезекте баюуну көздөө кандай гана кооптуу болор эле! (Матай 6:33; 1 Тиметейге 6:9, 10).

Михей 3:1—3, 5. Жахаба анын элинин арасында жоопкерчиликти колго алгандардан «чындык» боюнча иш кылуусун күтөт.

Михей 3:4. Жахабанын тиленүүлөрүбүзгө жооп беришин кааласак, күнөө кылуудан жана экижүздүү жашоо өткөрүүдөн качышыбыз керек.

Михей 3:8. Бизге жакшы кабар айтуу, анын ичинде Кудайдын сот өкүмдөрүн жарыялоо иши тапшырылган. Аны биз Жахабанын ыйык рухунун жардамы менен гана аткара алабыз.

Михей 5:5. Машайакка карата айтылган бул пайгамбарлык бизди душмандар Кудайдын элине кол салганда, «жети [толуктукту билдирген сан] койчу» жана «сегиз төрө» — көп сандаган жөндөмдүү эркектер — Жахабанын элин жетектөө үчүн демилгени колго аларына ынандырат.

Михей 5:7, 8. «Теңирден түшкөн шүүдүрүм» сыяктуу, Ыйсанын майланган жолдоочулары, бүгүнкү күндө көптөр үчүн, чынында эле, чоң бата. Себеби Кудай аларды Падышалык жөнүндөгү кабарды жарыялоо үчүн колдонуп жатат. «Башка койлор» кабар айтуу ишине жигердүү катышып, майлангандарга колдоо көрсөтүү менен элдерге рухий сергитүү алууга жардам берүүдө (Жакан 10:16). Ырас, башкаларга чындап сергитүү алып келген бул ишке катышуу кандай гана чоң сыймык!

Михей 6:3, 4. Биз Жахаба Кудайды туурап, тил табышуу кыйын болгон адамдарга же рухий жактан алсырап калгандарга боорукер жана кайрымдуу болууга тийишпиз.

Михей 7:7. Азыркы бузулган дүйнөнүн акырында кыйынчылыктарга дуушар болсок да, ындыныбызды өчүрбөшүбүз керек. Биз, Михейдей болуп, Кудайыбызга таянабыз.

Михей 7:18, 19. Жахаба бизди даярдуулук менен кечирип жатса, бизге каршы күнөө жасагандарды биз да кечирүүгө даяр болушубуз керек эмеспи?

Мындан ары да «Кудай-Теңирибиздин аты үчүн жашайлы»

Кудайга жана анын элине каршы чыккандар «тукум курут болушат» (Обадия 10). Бирок Жахаба анын эскертүүлөрүнө кулак кагып, «жаман жолдорунан бурулгандарга» ырайым кылат (Жунус 3:10). Азыркы «акыркы күндөрдө» чыныгы сыйынуу бардык жалган сыйынуулардан жогору тургандыктан, тил алчаак адамдар ага агылып келишүүдө (Михей 4:1; 2 Тиметейге 3:1). Келгиле эмесе, «кылымдар бою өзүбүздүн Кудай-Теңирибиздин аты үчүн жашоого» чечкиндүү бололу (Михей 4:5).

Чынында эле, Обадия, Жунус жана Михей пайгамбарлардын китептеринде баалуу ойлор камтылган. Алар 2 500дөн ашуун жыл мурун жазылса да, андагы кабар дагы деле «тирүү жана таасирдүү» (Эврейлерге 4:12).

[15-беттеги сүрөт]

Обадия Эдомдун «тукум курут болорун» пайгамбарлык кылган

[17-беттеги сүрөт]

Сен да, Михейдей болуп, Жахабага таяна аласың

[18-беттеги сүрөт]

Кабар айтуу иши — баа жеткис сыймык