Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эртеңкини ойлоп жаша

Эртеңкини ойлоп жаша

Эртеңкини ойлоп жаша

ЫЙСА пайгамбар Галилеядагы бир тоонун этегинде айткан көрүнүктүү насаатында: «Эртеңки күн үчүн түйшүк тартпагыла. Эртеңки күн өзү үчүн өзү түйшүк тартат»,— деген (Матай 6:34).

«Эртеңки күн өзү үчүн өзү түйшүк тартат»,— дегенди кандайча түшүнүүгө болот? Бул бүгүнкү күн менен эле жашап, эртеңкини эч ойлобош керек дегенди билдиреби? Ыйса менен анын жолдоочулары ушундай көзкарашта болушту беле?

«Түйшүк тартпагыла»

Ыйса Машайактын Инжилдеги Матай китебинин 6-бөлүмүндөгү 25—32-аяттарындагы айткандарын окуп чыгалы. Ал мындай деген: «„Эмне ичип, эмне жейбиз?“ — деп, жаныңар үчүн: „Эмне киебиз?“ — деп, денеңер үчүн түйшүк тартпагыла... Асмандагы канаттууларды карагылачы! Алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт, кампага жыйнабайт, бирок Асмандагы Атаңар аларды азыктандырат... Кимиңер түйшүк тартуу менен боюңарды бир чыканак өстүрө аласыңар? Кийим үчүн эмнеге түйшүк тартасыңар? Талаадагы лилия гүлдөрүнүн кантип өсүп жатканын карагылачы! Алар эмгектенбейт, жип ийрибейт... Ошондуктан: „Эмне жейбиз, эмне ичебиз?“ же „Эмне киебиз?“ — деп түйшүк тартпагыла. Анткени бутпарастар булардын баары үчүн түйшүк тартышат. Ал эми силердин ушунун баарына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет».

Ыйса сөзүнүн бул бөлүгүн төмөнкүдөй эки кеңеш менен корутундулаган. Биринчиси — «баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издегиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет». Экинчиси — «эртеңки күн үчүн түйшүк тартпагыла. Эртеңки күн өзү үчүн өзү түйшүк тартат. Ар бир күндүн өз түйшүгү өзүнө жетиштүү» (Матай 6:33, 34).

Эмнеге муктаж экениңерди Атаңар билет

Ыйса Машайак шакирттерин, талаа иштеткен дыйкандарды «эгин экпей, оруп-жыйбай, кампага жыйнабай», алма быш, оозума түш болуп жүрө берүүгө үндөгөнбү? Же эмне киериңер жөнүндө ойлонбой, «эмгектенбей, жип ийрибей» жүрө бергиле дегенби? (Накыл сөздөр 21:5; 24:30—34; Насаатчы 11:4). Албетте, анткен эмес. Алар колун бооруна алып жүрө беришсе, «оруу-жыюу маалында» да ичер ашы, киер кийими жок отуруп калышмак (Накыл сөздөр 20:4).

Ал эми «түйшүк тартуу» же тынчсыздануу тууралуу эмне дешке болот? Ыйса пайгамбар сөзүн угуп отургандарга такыр тынчсызданбай коюуга мүмкүн экенин айткысы келди беле? Антсе, мүмкүн эмес нерсени айткан болмок. Себеби Ыйса өзү да камакка алынар түнү абдан тынчсызданып, катуу кыйналган (Лука 22:44).

Ал, чынында, төгүндөлгүс чындыкты айткан. Өтө эле тынчсыздануу адамга кыйынчылык-көйгөйүнүн бирин да чечүүгө жардам бербейт. Ыйса айткандай, андан өмүрүбүз бир чыканакчалык да узарбайт (Матай 6:27, «Мукаддас»). Асан кайгы боло берүү өмүрдү кыскартышы мүмкүн, бирок узартпайт.

Чынында эле, Ыйсанын кеңешинин туура экенин жашообуздан көрө алабыз. Биздин чочулаган нерселерибиздин көбү — жашообузда эч качан болбой турган нерселер. Мунун калетсиздигин Британ мамлекеттик ишмери Уинстон Черчилл Экинчи дүйнөлүк согуштун оор күндөрүндө түшүнгөн. Ал мындай деген: «Ошол кездеги тынчсызданган, сестенген нерселерим тууралуу азыр ойлосом, бир карыя жөнүндөгү аңгеме эсиме түшөт. Ал өлөр алдында өмүр бою көп нерселерге тынчсызданып келгенин, бирок, алардын көбү эч качан башына келбегенин айткан экен». Андыктан ар кандай мүшкүл-кыйынчылыктардан улам тынчсызданууга туура келгенде да, ар бир күндүн түйшүгүн өз кезинде эле тартканыбыз дурус.

«Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын... издегиле»

Ыйса угармандарынын ой-сезиминен жана денелик муктаждыктарынан да маанилүү нерсе бар экенин эске алган. Ал турмуш-тиричиликке керектүү нерселерге тынчсыздануу, баюуга умтулуу жана жыргал жашоонун артынан сая түшүү жашоодогу маанилүү нерселерге көңүл бурбай калууга алып келерин айткан (Филипиликтерге 1:10). Анда күнүмдүк муктаждыктарды канааттандыруудан да мааниси чоң эмне бар? Ал — Кудайга сыйынууга байланыштуу рухий нерселер. Ыйса белгилегендей, «Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издөө» жашообузда башкы орунда турууга тийиш (Матай 6:33).

Ыйсанын күндөрүндө көптөр дүнүйө-мүлк топтоого умтулган. Алардын жашоосунун маңызы ошол эле. Ал эми Ыйса угармандарын башкача көзкарашка ээ болууга чакырган. Алар Кудайга арналган эл болгондуктан, биринчи кезекте, «Кудайдан коркушу, Анын буйруктарын аткарышы» керек эле (Насаатчы 12:13).

«Дүйнөнүн түйшүгү жана байлыкка азгырылуу», башкача айтканда, баюуну көздөө адамды Кудайга сыйынууга байланыштуу иштерден алыстатат (Матай 13:22). Ыйсанын элчиси Пабыл мындай деген: «Баюуну каалагандар азгырылып, торго түшүшөт; кырсыкка жана өлүмгө дуушар кыла турган, көптөгөн акылсыз, зыяндуу кумарларга батышат» (1 Тиметейге 6:9). Жолдоочуларына андай «торго» түшпөөгө жардам бериш үчүн, Ыйса асмандагы Атабыздын алардын эмнеге муктаж экенин билерин айткан. «Асмандагы канаттууларга» кам көргөндөй эле, Кудай аларга да кам көрмөк (Матай 6:26, 32). Ошондуктан алар сарсанаага батпай, муктаждыктарын камсыз кылыш үчүн, колунан келген аракетин жасаган соң, бардыгын Жахабанын колуна тапшырып коюшу керек эле (Филипиликтерге 4:6, 7). «Эртеңки күн өзү үчүн өзү түйшүк тартат»,— деген сөздөрү менен Ыйса бүгүнкү күндүн кыйынчылыктарын эртеңки күндүн түйшүгүн ойлоо менен оордото бербешибиз керектигин белгилеген.

«Падышалыгың келсин»

Эртеңки күнгө ашыкча тынчсыздануу менен эртеңки күндү капарга албай коюунун ортосунда чоң айырмачылык бар. Ыйса шакирттерин эртеңки жашоо тууралуу ойлонбой жүрө берүүгө эч качан чакырган эмес. Тескерисинче, келечекке чоң кызыгуу менен кароого үндөгөн. Алар: «Күнүмдүк наныбызды бер»,— деп тилениши кажет эле. Бирок, биринчи кезекте, келечектеги нерселер жөнүндө — Кудайдын Падышалыгынын келиши жана Анын эркинин жер бетинде аткарылышы жөнүндө — тиленүү керек болчу (Матай 6:9—11).

Биз Нухтун убагындагы адамдарга окшоп калуудан сак болушубуз абзел. Алар «ичип-жешип, аял алышып, күйөөгө тийишип», жакында боло турган алаамат жөнүндө «ойлонууга» убакыт бөлүшкөн эмес. Натыйжада эмне болгон? «Топон суу каптап, баарын жок кылган» (Матай 24:36—42). Элчи Пабыл эртеңкини ойлоп жашоо керектигин баса көрсөтүү үчүн, ошол тарыхый окуяны айтып өткөн соң мындай деген: «Эгерде баары ушинтип жок боло турган болсо, анда Кудайдын күнүнүн келишин каалап жана күтүп жаткан силердин жашооңор канчалык ыйык, канчалык такыбаа болушу керек» (2 Петир 3:5—7, 11, 12).

«Байлыкты асманга жыйнагыла»

Келгиле анда, Жахабанын күнүн эсибизге бек туталы. Бул убактыбызды, күчүбүздү, жөндөмдүүлүктөрүбүздү, каражатыбызды жана мүмкүнчүлүктөрүбүздү туура колдонууга түрткү берет. Кудайга берилгендикти чагылдырган иштерге аз убакыт бөлүп калбаш үчүн, байлыкка же жашоонун ыракатына баш-отубуз менен кирип кетпейли. Бүгүнкү күн менен эле жашоо көп нерселерге жеткирчүдөй сезилеттир. Бирок аларга жеткен күндө да, пайдасы түбөлүктүү болбойт. Ыйса айткандай, байлыкты жерге эмес, «асманга» жыйноо акылдуулукка жатат (Матай 6:19, 20).

Ыйса муну баса белгилөө үчүн алдына чоң максаттарды койгон, бирок Кудайды ойлобогон бир адам тууралуу мисал келтирген. Ал киши жер иштетип, мол түшүм алып турчу. Андыктан кампаларын бузуп, чоңураак кылып салып, анан эч нерседен кем-карчы жок, ичип-жеп, көңүл ачып жашайын деп ойлойт. Бирок эмгегинин үзүрүн көрө элегинде эле кайтыш болот. Андан да жаманы, ал Кудай менен жакын мамиле өрчүткөн эмес. Ыйса мисалын: «Өзү үчүн байлык жыйнаган, бирок Кудайдын байлыгы менен байыбаган адамга ушундай болот»,— деп аяктаган (Лука 12:15—21; Накыл сөздөр 19:21).

Сен эмне кылсаң болот?

Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалындагы адамдын кетирген катасын кайталоодон алыс бол. Кудайдын келечекке эмнелерди караштырып койгонун билип, ошого жараша жаша. Кудай жасай турган ишин адамдардан жашырбайт. Байыркы заманда жашаган Амос пайгамбар: «Анткени Кудай-Теңир Өз кулдары — пайгамбарларга Өзүнүн жашыруун сырын ачпай туруп, эч нерсе жасабайт»,— деп жазган (Амос 3:7). Жахаба Кудайдын пайгамбарлары аркылуу айткан сөздөрүн бүгүнкү күндө Ыйык Китептен табууга болот (2 Тиметейге 3:16, 17).

Алсак, Ыйык Китепте жакында жердин учу-кыйырына чейин чоң алаамат болору айтылат. Ыйса: «Ошондо жер жаралгандан тартып, азыркыга чейин болбогон жана андан кийин да болбой турган чоң алаамат болот»,— деген (Матай 24:21). Ал алааматтын болушуна эч ким тоскоолдук кыла албайт. Жахабага сыйынгандарга ал күндүн келбей калышын каалоого эч кандай себеп жок. Эмне үчүн? Анткени ошондо жер бети жамандыктан арылып, «жаңы асман жана жаңы жер» — асмандагы жаңы өкмөт жана жердеги адамдардын жаңы коому — орнойт. Ошол жаңы дүйнө келгенде, «Кудай алардын бардык көз жашын аарчыйт. Өлүм деген болбойт. Ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт, анткени мурункунун баары өтүп кетет» (Аян 21:1—4).

Ал зор өзгөрүү жөнүндө Ыйык Китепте эмне делерин көбүрөөк билүү үчүн, азыр убакыт бөлүү зарыл эмеспи? Бул жагынан сага жардам керек болсо, Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаң же бул журналды басып чыгаргандарга кат жазсаң болот. Бүгүнкү күн менен эле жашабастан, алдыдагы жаркын келечекти ойлоп жаша.

[3-беттеги сүрөт]

«Түйшүк тартпагыла... Эртеңки күн өзү үчүн өзү түйшүк тартат»