Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Акай жана Захария китептериндеги урунттуу ойлор

Акай жана Захария китептериндеги урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Акай жана Захария китептериндеги урунттуу ойлор

БИЗДИН заманга чейинки 520-жыл. Жүйүттөрдүн Бабыл туткунунан кайтып келип, Жахабанын Иерусалимдеги ийбадатканасынын пайдубалын салышканына 16 жылдын жүзү болду. Бирок ийбадаткана али курулуп бүтө элек, аны курууга тыюу да салынган. Ошондо Жахаба элге өзүнүн сөзүн айттырыш үчүн — Акай пайгамбарды, эки айдан кийин Захария пайгамбарды дайындайт.

Акай менен Захариянын максаты бир болгон: алар элди ийбадаткананы куруу ишин кайрадан баштоого чакырган. Алардын иш-аракети жакшы натыйжа берип, ийбадаткана 5 жылдын ичинде курулуп бүтөт. Акай менен Захариянын айткан кабары Ыйык Жазмадагы алардын аты менен аталган китептерде жазылган. Акай китеби — б.з.ч. 520-жылы, Захария китеби б.з.ч. 518-жылы жазылып бүткөн. Ошол пайгамбарларга окшоп, биз да Кудайдан өзгөчө тапшырма алганбыз. Ал — Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо иши. Ал иш азыркы бузуку дүйнөнүн акыры келгенче аткарылып бүтүүгө тийиш. Эмесе, Акай менен Захария китептеринде бизди кайраттандырып-кубаттандырган кандай ойлор камтылганын карап көрөлү.

«ЖҮРӨГҮҢӨРДҮ ӨЗҮҢӨРДҮН ЖОЛДОРУҢАРГА БУРГУЛАЧЫ»

(Акай 1:1—2:23)

Акай 112 күндүн ичинде маанилүү төрт кабар жарыялайт. Биринчисинде мындай делет: «„Жүрөгүңөрдү өзүңөрдүн жолдоруңарга бургулачы. Тоого чыгып, жыгач көтөрүп келип, ийбадаткана кургула. Мен ага ыраазы болом жана даңкталам“,— дейт Теңир» (Акай 1:7, 8). Бул чакырыкты эл жакшы кабыл алат. Ал эми экинчисинде: «„Бул үйдү даңкка толтурам“,— дейт Себайот Теңир»,— деген убада камтылат (Акай 2:7).

Ийбадаткананы курууга көңүл бурбай калган элдин жасаган иштеринин баары, үчүнчү кабарга ылайык, Кудайдын көз алдында ыпылас болуп эсептелген. Бирок эл куруу ишине кайрадан киришкен күндөн тартып Жахаба батасын бере баштаган. Төртүнчү кабарда билдирилгендей, Жахаба «Падышачылык тактыларды кулатып», башкаруучу Зоробабылды өзүнүн «мөөр шакеги катары» дайындайт (Акай 2:14, 19, 22, 23).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Акай 2:6, 7, 21, 22 — Бул жерде айтылгандарды ким же эмне солкулдатат жана кандай натыйжа менен? Жахаба бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу иши менен «бардык элдерди солкулдатууда». Кабар айтуу иши аркылуу Жахабанын үйү даңкка толуп жатат, анткени ал жакка «бардык элдердин асылдары» («МАК») алып келинүүдө. Ал эми кийинчерээк Кудай «асман менен жерди, деңиз менен кургактыкты... солкулдатканда», азыркы бузуку дүйнө биротоло жок болот (Эврейлерге 12:26, 27).

Акай 2:9 — «Акыркы ийбадаткананын даңкы» мурункусунан эмнеси менен жогору болгон? Ал, бери дегенде, үч жагы: канча жыл турганы, ал жактан ким окутуп-үйрөткөнү жана ал жерге Жахабага сыйынуу үчүн канча киши барганы менен жогору эле. Сулайман курган даңазалуу ийбадаткана б.з.ч. 1027-жылдан б.з.ч. 607-жылга чейин 420 жыл турган. Ал эми «акыркы ийбадаткана» б.з.ч. 515-жылы курулуп бүткөнүнөн тартып, б.з. 70-жылы талкаланганына чейин 580 жыл турган. Андан тышкары, «акыркы ийбадатканада» Ыйса Машайак окутуп-үйрөткөн. Ошондой эле ал ийбадатканага Кудайга сыйынуу үчүн, мурдагы ийбадатканага караганда, алда канча көп эл барган (Элчилер 2:1—11).

Биз алчу сабактар:

Акай 1:2—4. Кабар айтуу ишибизге көрсөтүлгөн каршылыктардан улам «баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын» издебей, өз кызыкчылыктарыбызды көздөп кетпегидей бололу (Матай 6:33).

Акай 1:5, 7. Жүрөгүбүздү өз жолдорубузга буруп, жасаган ар бир иш-аракетибиз Кудай менен болгон мамилебизге таасир тийгизерин унутпоо акылмандыкка жатат.

Акай 1:6, 9—11; 2:14—17. Акайдын күндөрүндөгү жүйүттөр жеке кызыкчылыктары үчүн жан үрөп иштешсе да, эмгегинин үзүрүн көрүшкөн эмес. Ийбадаткананы курууга көңүл бөлбөй калышкандыктан, алар Кудайдын батасын алышкан эмес. Биз биринчи кезекте рухий иштерге көңүл буруп, Кудайга чын дилден кызмат кылып, колубузда барбы, жокпу, «Теңирдин батасы байытарын» унутпашыбыз керек (Накыл сөздөр 10:22).

Акай 2:15, 18. Жахаба жүйүттөрдү ошол «күндөн» тартып, ийбадатканага кайдыгер мамиле кылган күндөргө эмес, кайра куруу иши башталган күндөргө «жүрөктөрүн бурууга», башкача айтканда, ошол убак тууралуу ой жүгүртүүгө чакырган. Биз дагы Кудайга болгон сыйынуубузга «жүрөгүбүздү» мындан ары да «бурууга» тийишпиз.

«КҮЧ МЕНЕН ДА ЭМЕС, БИР ГАНА МЕНИН РУХУМ МЕНЕН»

(Захария 1:1—14:21)

Захария пайгамбар болгонунан тартып элди Жахабага кайтып келүүгө чакыра баштаган (Захария 1:3). Ал ийбадаткананы курууга Кудай колдоо көрсөтөрүнө ишендирген сегиз көрүнүш көрөт. («Захария көргөн сегиз көрүнүштүн мааниси» деген кутучаны карагыла.) Анан, чын эле, куруу иши «аскер кошууну менен да эмес, күч менен да эмес», Жахабанын руху менен аяктайт (Захария 4:6). Келечекте «Бутак» аттуу бирөө «Теңирдин ийбадатканасын тургузуп», «Анын тагында ыйык кызмат кылуучу болот» (Захария 6:12, 13).

Иерусалимдин кыйратылышын эскерип орозо тутуу керекпи, жокпу деген суроо менен ыйык кызмат кылуучуларга Бейтелден атайы өкүлдөр келет. Жахаба аларга Захария аркылуу жооп берип, Иерусалимдин кулаганын эскерип аза күткөн төрт күндү «кубаныч менен шаттыкка, жакшы майрамдарга» айлантуу керектигин билдирет (Захария 7:2; 8:19). Ал эми кийинки эки пайгамбарлык сөздө башка элдер менен жалган пайгамбарларга чыгарылган өкүм, Машайакка байланыштуу пайгамбарлыктар жана Кудайдын элинин кайра калыбына келтирилери айтылат (Захария 9:1; 12:1).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Захария 2:1 — Иерусалим эмне үчүн аркан менен ченелген? Ченөө, сыягы, шаардын айланасына чеп куруларын көрсөткөн. Периште аны ченеген кишиге Иерусалимдин кеңейерин жана Жахабанын коргоосуна ээ болорун айткан (Захария 2:3—5).

Захария 6:11—13 — Башкы ыйык кызмат кылуучу Жешуяга таажы кийгизилгенде, ал падыша болду беле? Жок, анткени Жешуя Дөөттүн падышалар санжырасынан чыккан эмес. Таажы кийгизилгенде ал келечектеги Машайакты элестеткен (Эврейлерге 6:20). «Бутакка» байланыштуу пайгамбарлык асмандагы Падыша жана Ыйык кызмат кылуучу Ыйсага тийиштүү болгон (Жеремия 23:5). Жешуя кезинде кайра курулган ийбадатканада башкы ыйык кызмат кылуучу болгондой эле, Ыйса Машайак да учурда Жахабанын рухий ийбадатканасындагы чыныгы сыйынуунун Башкы ыйык кызмат кылуучусу.

Захария 8:1—23 — Бул аяттардагы он пайгамбарлык сөз качан аткарылган? Алардын ар бири «Себайот Теңир мындай дейт» деген сөздөр менен коштолуп, Кудайдын өз элине тынчтык орнотору жөнүндөгү убадасын камтыйт. Алардын кээси б.з.ч. 6-кылымда аткарылган. Ал эми баары б.з. 1919-жылдан тартып аткарыла баштаган же учурда аткарылып жатат *.

Захария 8:3 — Иерусалим эмне үчүн «чындык шаары» деп аталган? Иерусалим б.з.ч. 607-жылы кыйратылганга чейин бузуку пайгамбарлар менен ыйык кызмат кылуучуларга жана башка ишенимсиз адамдарга толгон «ырайымсыз шаар» эле (Сепания 3:1; Жеремия 6:13; 7:29—34). Ийбадаткана кайра тургузулуп, эл Жахабага сыйынып калганда, ал жакта таза сыйынууга байланыштуу чындык айтыла баштамак. Ошондо гана Иерусалим «чындык шаары» деп аталмак.

Захария 11:7—14 — «Бирдик» жана «Ырайым» деген таяктардын сындырылышы эмнени билдирген? Бул жерде Захария «мууздала турган койлорду» — башкаруучулар тарабынан эзүүгө алынган кой мүнөздүү адамдарды — «кайтарууга» жиберилген. Анын койчу катары сүрөттөлүшү Ыйса Машайакты элестеткен. Ыйса да Кудай менен келишимде турган элге жиберилген. Бирок ал эл аны кабыл албай койгон. «Ырайымдын» сындырылышы Кудайдын жүйүттөр менен түзгөн келишимин бузарын жана аларга ырайым көрсөтпөй каларын билдирген. «Бирдиктин» сындырылышы болсо Жүйүт менен Ысрайылдын ортосундагы Кудайга баш ийүүдөгү биртуугандык мамилесинин бузуларын көрсөткөн.

Захария 12:11 — «Мегидо өрөөнүндөгү Адатримон ыйындай болгон чоң ый» деген эмне эле? Жүйүт падышасы Жошия Мегидо өрөөнүндө Мисир падышасы Нехо менен болгон салгылашта каза тапкан. Аны жоктоп чыгарылган кошоктор же «армандуу ырлар» көп жылдар бою эл оозунда кала берген (2 Жылнаама 35:25). Ошон үчүн «Адатримон ыйындай болгон чоң ый» Жошияны жоктоп кошулган кошок ырлары болсо керек.

Биз алчу сабактар:

Захария 1:2—6; 7:11—14. Күнөөсү үчүн өкүнүп, тарбиялоо чарасын кабыл алып, кайрылып келгенин чын дилден сыйынуу менен көрсөткөндөрдү Жахаба жактырат жана аларга жүзүн бурат. Бирок анын айткандарын «уккулары келбеген... жүздөрүн буруп кетишкен, укпаш үчүн, кулактарын жаап алышкандар» жардам сурап кайрылышканда, ал жооп бербейт.

Захария 4:6, 7. Ийбадаткананы кайра куруу иши Жахабанын руху аркылуу жетектелгендиктен, ага эч бир нерсе жолтоо боло алган эмес. Кудайга кылган кызматыбызда кандай гана кыйынчылык пайда болбосун, аны Жахабага болгон ишенимибиз аркылуу көтөрүп кете алабыз (Матай 17:20).

Захария 4:10. Жахабанын көз салуусу астында Зоробабыл жана башкалар ийбадаткананы Кудайдын бийик талаптарына ылайык куруп бүтүшкөн. Демек, Жахабанын талаптарына ылайык жашоо жеткилеңсиз адамдар үчүн колдон келгис нерсе эмес.

Захария 7:8—10; 8:16, 17. Жахабанын жактыруусуна ээ болушубуз үчүн, адилеттик, ырайым, боорукердик көрсөтүшүбүз жана бири-бирибизге чындыкты айтышыбыз керек.

Захария 8:9—13. Жахабанын тапшырмасын аткарууда «кайраттуу болсок», ал батасын берет. Ошондо тынчтыкта, коопсуздукта жашап, рухий жактан өсөбүз.

Захария 12:6. Жахабанын элине көз салууга дайындалгандар «күйүп турган шамана» сыяктуу жигердүү болууга тийиш.

Захария 13:3. Жакындарыбызга болгон берилгендигибиз чыныгы Кудайга жана анын уюмуна болгон берилгендигибизден жогору турбашы керек.

Захария 13:8, 9. Чыныгы сыйынуудан чегингени үчүн Жахаба тарабынан четке кагылгандардын саны көп эле: алар өлкөнүн үчтөн эки бөлүгүн түзгөн. Үчтөн бир бөлүгү гана «отко салынган» сыяктуу тазаланган. Биздин күндө да христиан дүйнөсүн, Ыйсаны жолдойбуз деп ырастагандардын басымдуу бөлүгүн, Жахаба четке каккан. Ыйсанын майланган жолдоочуларынын чакан тобу гана Жахабанын «ысымын чакырып», өзүлөрүн тазалоого жол берген. Алар ишенимдештери менен бирге Жахабанын Күбөсү экенин аты менен эле эмес, иши менен да далилдеп жатышат.

Жигердүү иш-аракет кылууга түрткү алуу

Акай менен Захариянын кабары бизге кандай таасир этет? Алардын жүйүттөргө ийбадаткананы кайра кура баштоого түрткү бергени тууралуу ой жүгүртүү бизге Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине жигердүү катышууга түрткү бербейби?

Захария Машайактын кодикке «минип келерин», «отуз күмүш шекелге» сатыларын жана ал өлтүрүлгөндө, «койлор туш-тушка чачыраарын» алдын ала айткан (Захария 9:9; 11:12; 13:7). Захариянын Машайакка тийиштүү ошол пайгамбарлыктарынын аткарылганын билүү ишенимибизди кандай гана бекемдейт! (Матай 21:1—9; 26:31, 56; 27:3—10). Ооба, Жахабанын Сөзүнүн ишенимдүү экенине жана Анын өз элин куткарарына эч шектенбесек болот (Эврейлерге 4:12).

[Шилтеме]

^ 24-абз. Кара: «Күзөт мунарасы», 1996-ж., 1-январь, 9—22-бб., ор.

[15-беттеги кутуча]

ЗАХАРИЯ КӨРГӨН СЕГИЗ КӨРҮНҮШТҮН МААНИСИ

Захария 1:8—17. Ийбадаткананын тургузуларына кепилдик берилет жана Иерусалим менен Жүйүттүн башка шаарларынын бата алары айтылат.

Захария 1:18—21. Жүйүттү туш-тушка чачыратып жиберген «төрт мүйүздүн» же Жахабага сыйынууга каршы чыккан бардык элдердин жок кылынары убадаланат.

Захария 2:1—13. Иерусалимдин кеңейери жана Жахабанын «аны курчаган оттуу чеп болуп» коргоору айкын болот.

Захария 3:1—10. Ийбадаткананын курулушуна көрсөтүлгөн каршылыктарга Шайтандын катыштыгы бар экени жана улуу ыйык кызмат кылуучу Жешуянын күнөөлөрү тазаланганы көрсөтүлөт.

Захария 4:1—14. Тоо сымал тоскоолдуктардын түздүккө айланары жана башкаруучу Зоробабылдын ийбадаткананы кайра куруу иштерин аягына чыгарары убада кылынат.

Захария 5:1—4. Жазасыз жүргөн мыйзамсыздарга каргыш айтылат.

Захария 5:5—11. Мыйзамсыздыктын жок болору пайгамбарлык кылынат.

Захария 6:1—8. Периштелердин көз салуусу жана коргоосу убадаланат.

[12-беттеги сүрөт]

Акай менен Захария кандай максатта кабар айтышкан?

[14-беттеги сүрөт]

Жахабанын элине көз салууга дайындалгандар кандай мааниде «күйүп турган шамана»?