Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бүткүл дүйнөдө биримдик болушу мүмкүнбү?

Бүткүл дүйнөдө биримдик болушу мүмкүнбү?

Бүткүл дүйнөдө биримдик болушу мүмкүнбү?

АЗЫР дүйнө тынчтык өкүм сүрө турган замандын босогосунда турабы же кыйроонун алдындабы? Тигиндей да, мындай да болушу мүмкүн деп айтса болчудай.

Дүйнөлүк айрым бийлик башчылар бүткүл дүйнө жүзүнө тынчтык орнойт деп ынанымдуу айтышат. Алардын ою боюнча, эгер тынчтык орнобосо, кыйроодон качып кутулуу мүмкүн эмес. Бирок көптөрдү: «Кайсы бир өлкөдө массалык кыйратуучу куралдар барбы? Алар андай куралдарды колдонушу мүмкүнбү? Колдонсо эмне болот?» — деген суроолор тынчсыздандырат.

Бир канча жылдардан бери созулуп келе жаткан теңтайлашуу жана бейкалыс пикирде болуу бүткүл дүйнөлүк биримдикке болгон үмүттү таш каптырган көйгөйлөрдү пайда кылганын тарых көрсөтүп турат. Дин болсо андай көйгөйлөрдү чечкендин ордуна, уруш-жаңжалдын билигине май тамызып келет. Журналист Жеймс Хот: «Кандай гана бөлүнүүчүлүк болбосун, ал касташууга алып келет жана ошондой бөлүп-жаруучулардын бири — дин. Көптөр дин адамды „жакшы“ киши кылып тарбиялайт деп ишенсе да, чын-чынына келгенде, дин адамдарды аябагандай жаман иштерди кылууга түртүп жатат»,— деп жазган. Стивен Вайнберг аттуу жазуучу да ушундай эле ойдо экенин билдирип, мындай деген: «Дин жакшы кишилерди жамандык кылууга түртүүдө».

Качандыр бир убакта бүткүл дүйнөдө биримдик болот деп үмүттөнүүгө негиз барбы? Ооба! Бирок кийинки макаладан биле турганыбыздай, бүткүл дүйнөлүк биримдик адамдардан же алар ойлоп тапкан диндерден көзкаранды эмес.

[3-беттеги кыстырма]

Дүйнө жарылайын деп турган гранатага окшош деп айтууга болобу?