Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жонатан ишти «Кудай менен кылган»

Жонатан ишти «Кудай менен кылган»

Жонатан ишти «Кудай менен кылган»

ЫСРАЙЫЛДЫН биринчи падышасынын уулу куугунтукта жүргөн бир кишиге келип: «Коркпо, атам Шабул сага эч нерсе кыла албайт, сен Ысрайылга падыша болосуң, а мен сенден кийинки экинчи адам болом»,— дейт (1 ШЕМУЕЛ 23:17).

Ал Жонатан эле, ал эми куугунтукта жүргөн киши Дөөт болчу. Жонатан өлүп калбаганда, мүмкүн, Дөөттүн оң колу болмок.

Жонатан менен Дөөт ынак достордон болгон. Негизинен, Жонатан абдан жакшы киши эле. Анын замандаштары да ал тууралуу жакшы ойдо болушкан, ошондуктан: «Ишти ал Кудай менен кылды»,— дешкен (1 Шемуел 14:45). Алар эмнеден улам ушинтип айтышкан? Жонатан кандай сапаттарга ээ эле? Андан биз эмнеге үйрөнө алабыз?

Ысрайылдыктар «коркунучтуу абалда»

Ыйык Китепте биринчи жолу Жонатан тууралуу ысрайылдыктар «коркунучтуу абалда» турганы жөнүндө сөз кылынганда айтылат. Пелиштиликтер ысрайылдыктардын жерин тоноп, аларга коргонууга да тоскоолдук кылышкан (1 Шемуел 13:5, 6, 17—19).

Бирок Жахаба өз элин калтырбаарын айткан жана Жонатан буга шектенген эмес. Андан сырткары, Жахаба анын атасы Шабул жөнүндө: «Ал Менин элимди пелиштиликтердин колунан куткарат»,— деген. Жонатан бул сөздөргө бекем ишенген. Ал өзү буга чейин ысрайылдын начар куралданган 1 000 аскери менен пелиштиликтерди жеңип алган. Эми болсо, ал пелиштиликтер тарабынан келген коркунучту толугу менен жок кылууну чечкен (1 Шемуел 9:16; 12:22; 13:2, 3, 22).

Эржүрөктүк менен чабуул коюу

Жонатан пелиштиликтердин Мукмастагы ашуунун жанында жайгашкан алдыңкы катардагы тобун көздөй жөнөйт (1 Шемуел 13:23). Ал жерге жетүү үчүн ал «тырмышып жогору чыгышы» керек эле. Бирок ага карабастан, Жонатан өзүнүн курал көтөргөн жигити менен пелиштиликтерге кол салууну чечет, анан жигитине: «Балким, Теңир бизге жардам берер, анткени көп киши аркылуу болобу, аз киши аркылуу болобу, Теңир үчүн куткаруу кыйын эмес»,— деп айтат (1 Шемуел 14:6, 13).

Ал эки ысрайылдык Жахабадан белги болушун каалашкан. Алар күзөттө турган пелиштиликтердин аскерлерине көрүнө жерге турмак. Эгерде пелиштиликтер аларга: «Биз силерге баргыча, токтоп тургула»,— десе, Жонатан менен анын курал көтөргөн жигити аларды карай жогору чыгышмак эмес. Бирок алар: «Жогору чыгып, бизге келгиле»,— десе, анда бул Жахаба Жонатан менен анын курал көтөргөн жигитине жеңиш берерин билдирмек. Ошондо Жахабанын жардам берерине бекем ишенген Жонатан пелиштиликтер менен согушуу үчүн жогору чыкмак (1 Шемуел 14:8—10).

Ал экөө пелиштиликтердин бардык аскерине каршы эмне кыла алышмак? Башкаруучу Эйут ысрайыл элин Маапка каршы баштап барганда, Жахаба ага жардам берген эмес беле? Шамгар өгүз айдаган таяк менен пелиштиликтердин 600 аскерин өлтүргөндө, Жахаба аны менен болгон эмес беле? Ошондой эле Шимшон жалгыз өзү пелиштиликтерге каршы чыкканда, Жахаба ага күч берген эмес беле? Жонатан Жахабанын ага да жардам берерине шектенген эмес (Башкаруучулар 3:12—31; 15:6—8, 15; 16:29, 30).

Пелиштиликтер ысрайылдык ал эки кишини көрүп, аларга: «Жогору чыгып, бизге келгиле, биз силерге бирдеме айтабыз»,— деп кыйкырышкан. Ошондо Жонатан менен анын курал көтөргөн жигити жогору чыгышат. Анан эржүрөктүк менен чабуул жасап, алардын жыйырмадай аскерин өлтүрүп, аларды дүрбөлөңгө салат. Пелиштиликтер ал экөөнүн аркасынан ысрайылдыктардын көп аскери келе жатат деп ойлошсо керек. Ошондуктан Ыйык Китепте: «Бүткүл элде коркунуч туулду... бүт жер солкулдады. Теңирдин улуу коркунучу басты»,— деп айтылат. Кудай жер титиреткендиктен, пелиштиликтер дүрбөлөңгө түшүп, «ар бир адамдын кылычы өз жакынына каршы шилтенген». Ысрайыл аскерлери муну көргөндө кайраттанышат. Аларга тоодо жашынган ысрайылдыктар менен пелиштиликтер тараптагы ысрайылдыктар кошулуп, «пелиштиликтерди Мукмастан Айалонго чейин талкалашат» (1 Шемуел 14:11—23, 31).

Жонатанды эл коргоп калат

Шабул падыша душмандарын жеңгенге чейин аскерлеринин наар алышына ойлонбой эле тыюу салып койгон. Жонатан ал тууралуу кандайдыр бир себептен улам укпай калгандыктан, аарынын уюгуна таягын малып, бал жейт. Бул ага согуш бүткөнгө чейин күч берсе керек (1 Шемуел 14:24—27).

Шабул Жонатандын наар алганы жөнүндө уккандан кийин анын өлүшү керектигин айтат. Жонатан өлүмдөн корккон эмес. Ал: «Эми мен өлүшүм керек»,— дейт. Бирок эл Шабулга: «Ысрайылга ушунчалык улуу куткарууну алып келген Жонатан өлүшү керекпи? Мындай болбосун! Теңир тирүү, анын башынан бир да тал чач жерге түшпөйт, анткени бүгүнкү ишти ал Кудай менен кылды»,— деген. Ошентип, эл Жонатанды бошотуп, ал өлбөй калат (1 Шемуел 14:38—45).

Кудайдын азыркы күндөгү кызматчылары сөздүн түз маанисинде согушушпайт, бирок сен да ишенимди жана эржүрөктүктү талап кылган жагдайларга кабылышың мүмкүн. Айлана-тегеректегилердин бардыгы жамандык кылып жатса, туура иш кылуу оңойго турбайт. Бирок Жахаба сени бекемдеп, анын адил нормаларына кармануу үчүн кылып жаткан аракеттериңе батасын берет. Жахабанын уюмунда кандайдыр бир сыймыктуу кызматтарды аркалоо үчүн, мисалы, кызматыңды кеңейтүү, жаңы дайындоолорду кабыл алуу жана Падышалыктын жарчыларына муктаж болгон жерлерге көчүп баруу үчүн сага эржүрөктүк керек болушу ыктымал. Андай жоопкерчиликтерди аткара аламбы, жокпу деп ойлонушуң мүмкүн. Бирок Жахаба сени өзү туура көргөн кызматка колдоно алышы үчүн өзүңдү ага тапшырсаң, анда эң туура иш кылып жатканыңа шектенбесең болот. Ишти «Кудай менен кылган» Жонатанды эсиңден чыгарба!

Жонатан менен Дөөт

Ошол окуядан жыйырма жылдай өткөндөн кийин Дөөт Ысрайыл аскерлерин шылдыңдаган пелиштиликтердин эң күчтүү аскери Голийатты жеңген. Жонатан Дөөттөн, болжолу, 30 жаш улуу болсо да, ал экөөнүн окшош жактары көп эле *. Мукмаста Жонатан эржүрөктүк көрсөткөн. Дөөт да ошондой сапатка ээ болчу. Ал экөөнүн эң негизги окшоштугу — Жахабанын куткаруу күчүнө бекем ишенишкендиги. Ошонун аркасында ал ысрайылдыктар Голийаттан коркуп турган кезде эржүрөктүк менен ага каршы чыккан. Ошондуктан «Жонатан Дөөткө жүрөгү менен тартылып, аны жанындай жакшы көрүп калган» (1 Шемуел 17:1—18:4).

Шабул Дөөттүн көрсөткөн эрдигинен улам аны өзүнүн атаандашы катары караса да, Жонатан андай ойдо болгон эмес. Дөөт менен Жонатан ынак достордон болгондуктан, Дөөт ага Ысрайылдын кийинки падышасы болуп майланганын айткан көрүнөт. Жонатан Кудайдын чечимин колдогон.

Шабул падыша өзүнүн уулуна жана кызматчыларына Дөөттү өлтүрүү керектигин айтканда, Жонатан бул жөнүндө Дөөткө билдирген. Ал Шабулду Дөөттөн коркууга эч кандай себеп жок экенине ынандырган. Чын-чынында, Дөөт падышага каршы кымындай да күнөө кылган эмес! Дөөт Голийатка каршы чыгып, өз өмүрүн тобокелге салган эмес беле? Жонатан Шабулдан өзүнүн себепсиз куугунтукталып жүргөн досу үчүн кайра-кайра суранганда, ал тынчтанып калат. Бирок ал көп өтпөй эле Дөөттү өлтүрүү үчүн кайрадан аракет кыла баштагандыктан, Дөөт качууга аргасыз болот (1 Шемуел 19:1—18).

Жонатан Дөөттү берилгендик менен колдогон. Экөө андан ары эмне кылуу керектигин сүйлөшүү үчүн жолугушат. Өзүнүн досуна, ошол эле учурда атасына да берилгендик көрсөткөн Жонатан Дөөткө: «Жок, сен өлбөйсүң»,— дейт. Бирок Дөөт Жонатанга: «Мени менен өлүмдүн ортосунда бир эле кадам бар»,— деп айтат (1 Шемуел 20:1—3).

Жонатан менен Дөөт Шабулдун ниетин текшерүүнүн жолун издешет. Падыша дасторконунан Дөөттүн жок экени байкалып калса, Жонатан атасына Дөөт үйбүлөсү менен чогуу курмандык чалуу үчүн суранып кеткенин айтмак. Эгер ошондо Шабул ачууланса, бул анын Дөөткө карата жаман ниети бар экенин билдирмек. Жонатан досуна батасын берип, ага: «Теңир менин атам менен болгондой эле, сени менен да болсун!» — деп айтуу менен Дөөттүн келечекте падыша болоруна ишенерин көрсөткөн. Ошол жерден экөө бири-бирине карата берилгендик сактаары тууралуу ант беришет. Андан соң Жонатан Дөөткө атасынын ниетин кандайча билдирерин сүйлөшүшөт (1 Шемуел 20:5—24).

Шабул Дөөттүн жок экенин байкаганда, Жонатан Дөөттүн андан: «Эгерде мен сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, барып, бир туугандарым менен көрүшүп келейин»,— деп суранып кеткенин билдирет. Жонатан Дөөт тууралуу жакшы ойдо экенин айтуудан корккон эмес. Ошондо Шабул абдан ачууланат! Ал Жонатанды тилдеп, ага кыйкырып, Дөөт Жонатандын падышанын мураскору болушуна коркунуч туудурарын айтат. Анан Жонатанга Дөөттү өлтүрүү үчүн аны алып келүүнү буйруйт. Жонатан ага каршы болуп: «Аны эмнеге өлтүргөнү жатасың? Ал эмне кылды?» — дейт. Шабул ага каарданып, өзүнүн найзасын ыргытат. Ошондо Жонатан аман калса да, Дөөт үчүн абдан кайгырат (1 Шемуел 20:25—34).

Жонатан кандай гана берилгендик көрсөткөн! Мындай караганда, Жонатан Дөөт менен дос болуунун аркасында бир аз гана пайда алгандай, бирок көп нерсе жоготкондой сезилиши мүмкүн. Бирок ал Жахабанын эркине ылайык, Шабулдан кийин Дөөттүн падыша болорун, бул болсо Жонатандын өзүнө да, башкаларга да пайда алып келерин билген.

Акыркы коштошуу

Жонатан болгон нерселерди айтуу үчүн Дөөт менен жашыруун жолугат. Ошондо Дөөт Шабулдун падыша сарайында калууга болбоорун түшүнөт. Ал экөө бири-бирин кучактап, ыйлашат. Анан Дөөт Шабулдан жашынып жүрүү үчүн жолго чыгат (1 Шемуел 20:35—42).

Жонатан Дөөт менен, ал «Зуп ээн талаасындагы токойдо» жашынып жүргөндө, дагы бир жолу көрүшкөн. Дөөткө: «Коркпо, атам Шабул сага эч нерсе кыла албайт, сен Ысрайылга падыша болосуң, а мен сенден кийинки экинчи адам болом, муну атам Шабул билет»,— деген бекемдээрлик сөздөрүн дал ошондо айткан (1 Шемуел 23:15—18). Андан көп өтпөй эле Жонатан менен Шабул пелиштиликтер менен болгон согушта каза табат (1 Шемуел 31:1—4).

Кудайды сүйгөндөрдүн баарына Жонатан тууралуу ой жүгүртүү пайдалуу болот. Сен да берилгендикти талап кылган жагдайларга туш болуп жатасыңбы? Анда Шабулдун Жонатанды өзүнүн кызыкчылыгын көздөөгө үндөгөнүн, бирок анын Жахабага чын жүрөктөн баш ийгенин жана Жахабага урмат көрсөтүп, анын Дөөттү Ысрайылдын кийинки падышасы кылып тандаганына кубанганын эстесең болот. Ооба, Жонатан Дөөттү колдогон жана Жахабага берилгендик көрсөткөн.

Жонатан жакшы сапаттарга ээ болчу. Андыктан андан үлгү ал. Ошондо эл Жонатан жөнүндө: «Ишти ал Кудай менен кылган»,— деп айткандай, башкалар сен жөнүндө да ошондой айта алышат (1 Шемуел 14:45).

[Шилтеме]

^ 18-абз. Ыйык Китепте Жонатан тууралуу Шабулдун кырк жылдык башкаруусунун башында биринчи жолу аскер башчы катары айтылганда, ал, бери дегенде эле, жыйырмаларга чыгып калган көрүнөт (Сандар 1:3; 1 Шемуел 13:2). Ошондуктан ал б.з.ч. 1078-жылы көз жумганда, сыягы, алтымыштарга чамалап калган. Ал эми Дөөт ошол учурда отузда болгондуктан, Жонатан андан 30 жаштай улуу болсо керек (1 Шемуел 31:2; 2 Шемуел 5:4).

[21-беттеги сүрөт]

Жонатан Дөөткө көз арткан эмес