Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Чакан белегимди алып койгула»

«Чакан белегимди алып койгула»

«Чакан белегимди алып койгула»

БУЛ сөздөр Жахабанын Күбөлөрүнүн Орусиядагы филиалына келген катта жазылган. Ал кат жүн байпакка толгон чоң куту менен бирге келген.

Ал белекти Ыраакы Чыгышта, Орусияда, бир жыйналышта кызмат кылган 67 жаштагы Алла аттуу аял жиберген. Ал — Жахабанын Күбөсү. Кудайдын Падышалыгы тууралуу жакшы кабарды ынталуулук менен таратып, ал он жылдан ашуун убактан бери Жахабага кызмат кылып келет. Күтүлбөгөн жерден ал шал оорусу менен ооруп калат. Ошентсе да ал сүйүүсүнөн улам өз ишенимдештерине кийим тигип берип жүргөн Табита деген Ыйсанын биринчи кылымдагы жолдоочусун тууроого түрткү алган (Элчилер 9:36, 39).

Алла өз катында мындай деп жазат: «Мен баса албайм, бирок азырынча эки колум тең иштейт. Ошондуктан кат аркылуу кабар айтам». Ал сөзүн мындай деп улайт: «Колуман келип турганда бир нече жылуу байпак токууну чечтим. Аларды Ыраакы Чыгыш жана Сибирь сыяктуу суук жерлерде Падышалык залдарын куруу ишине катышып жаткан биртуугандарга берип коюуңарды суранам».

Ыйса Машайак өзүнүн чыныгы жолдоочуларына байланыштуу: «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, башкалар силердин Менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деген (Жакан 13:35). Алла көрсөткөндөй сүйүү Ыйсанын чыныгы жолдоочуларын айырмалап турат.