Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Шакирт даярдоого жардам берген сапаттарды өрчүткүлө

Шакирт даярдоого жардам берген сапаттарды өрчүткүлө

Шакирт даярдоого жардам берген сапаттарды өрчүткүлө

«Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла» (МАТАЙ 28:19).

1. Кудайдын байыркы кызматчыларына кандай сапаттарды жана жөндөмдүүлүктөрдү өрчүтүү керек болгон?

ЖАХАБАНЫН кызматчылары анын эркин аткарууга жардам бере турган сапаттарды жана жөндөмдүүлүктөрдү өрчүтүшү абзел. Мисалы, Ыбрайым менен Саара Кудайдын буйругуна баш ийип, гүлдөгөн Ур шаарынан чыгышы керек эле. Алар көчүп-конуп чатырда жашоо үчүн зарыл болгон сапаттарды, жөндөмдүүлүктөрдү өрчүтүшкөн (Эврейлерге 11:8, 9, 15). Ал эми Жашыядан ысрайыл элин Убадаланган жерге алып баруу үчүн кайраттуулук, Жахабага таянуу жана анын мыйзамдарын билүү талап кылынган (Жашыя 1:7—9). Ошондой эле Бетселел менен Алыйап Кудайдын рухунун жардамы менен жөндөмдүүлүктөрүн өрчүткөндүктөн, жыйын чатырын курууга байланыштуу иштерди аткара алышкан жана куруу ишин көзөмөлдөп, ийгиликтүү бүтүрүшкөн (Чыгуу 31:1—11).

2. Шакирт даярдоо ишине байланыштуу кайсы суроолорду талкуулайбыз?

2 Андан бир нече кылым өткөн соң, Ыйса өзүнүн жолдоочуларына: «Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла... Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө»,— деген тапшырма берген (Матай 28:19, 20). Мындай сыймыктуу иш адам баласына буга чейин тапшырыла элек болчу. Анда шакирт даярдоо үчүн кандай сапаттарды өрчүтүү зарыл? Ал сапаттарды канткенде өрчүтө алабыз?

Кудайга болгон сүйүүңдү далилде

3. Шакирт даярдоо иши эмне кылууга мүмкүнчүлүк берет?

3 Башкаларга кабар айтып, чындыкка келүүгө жардам берүү үчүн Жахабаны сүйүшүбүз керек. Ысрайылдыктар Жахабага болгон сүйүүсүн анын мыйзамдарына чын жүрөктөн баш ийип, ага жаккан курмандыктарды чалып жана аны ыр менен даңктап көрсөтө алышмак (Мыйзам 10:12, 13; 30:19, 20; Забур 20:14; 95:1, 2; 138:5). Ал эми биз, шакирт даярдоо ишине катышкандар, Кудайдын мыйзамдарына кармангандан тышкары, ал жөнүндө жана анын ой-ниети жөнүндө башкаларга айтуу менен ага болгон сүйүүбүздү далилдейбиз. Андыктан кабарды ишенимдүүлүк менен айтып, сөздөрдү туура тандай билип, келечекке болгон үмүтүбүзгө бекем ишенерибизди көрсөтөлү (1 Тесалоникалыктарга 1:5; 1 Петир 3:15).

4. Башкаларга Жахаба жөнүндө айтуу Ыйсага эмне үчүн кубаныч тартуулаган?

4 Ыйса Жахабаны абдан сүйгөндүктөн, башкаларга Анын ой-ниети, Падышалыгы жана чыныгы сыйынуу жөнүндө айтуудан чоң кубаныч алган (Лука 8:1; Жакан 4:23, 24, 31). Ошондуктан ал: «Менин тамагым — Мени жиберген Кудайдын каалоосун аткаруу жана Анын ишин бүтүрүү»,— деп айта алган (Жакан 4:34). Забурчунун төмөнкү сөздөрү да Ыйсага карата айтылган: «Мен Сенин эркиңди аткаргым келет, Кудайым. Сенин мыйзамың менин жүрөгүмдө... Мен Сенин адилеттигиңди улуу жыйында жарыя кылдым. Оозумду тындырган жокмун, муну Сен билесиң, Теңир» (Забур 39:9, 10; Эврейлерге 10:7—10).

5, 6. Шакирт даярдоого түрткү берген негизги сапат кайсы?

5 Ыйык китептик чындыкты жаңыдан эле изилдей баштагандар Кудайга болгон сүйүүсүнөн улам кээде Жахаба жөнүндө жана анын Падышалыгы жөнүндө ишенимдүүлүк менен айтып, башкаларга Ыйык Жазманы изилдөөгө түрткү беришет (Жакан 1:41). Ооба, шакирт даярдоо ишине катышууга, негизинен, Кудайга болгон сүйүү түрткү берет. Ошондуктан, келгиле, Кудайдын Сөзүн үзгүлтүксүз окуп, ал жөнүндө терең ой жүгүртүү менен сүйүүбүздү суутпайлы (1 Тиметейге 4:6, 15; Аян 2:4).

6 Кудайга болгон сүйүү Ыйсага мыкты окутуучу болууга өбөлгө түзгөн. Бирок анын кызматы ушундан улам эле натыйжалуу болгон эмес. Анда ага шакирт даярдоо ишинде ийгиликке жетүүгө дагы кайсы сапаттар жардам берген?

Адамдарга чын дилден кам көр

7, 8. Ыйса адамдарга кандай мамиле кылган?

7 Ыйса адамдарга кам көрүп, терең кызыгуу көрсөткөн. Ал Кудайдын чебер жардамчысы катары адам болуп жерге келгенге чейин эле адамзатка байланыштуу иштердин баарына кызыккан (Накыл сөздөр 8:30, 31). Ал эми жерде жүргөндө башкаларга боор ооруй билген жана ага келгендерди сооротуп-жубаткан (Матай 11:28—30). Ал Жахабанын сүйүүсүн, боорукердигин так-даана чагылдыргандыктан, адамдар жалгыз чыныгы Кудайга тартылышкан. Ыйсанын сөздөрүн угуу үчүн ага ар кандай тектеги адамдар келе турган. Себеби ал алардын жагдай-шартын эске алып, сүйүү менен кам көргөн (Лука 7:36—50; 18:15—17; 19:1—10).

8 Бир киши түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн эмне кылуу керектигин сураганда, «Ыйса аны карап, жакшы көрө» жооп берген (Марк 10:17—21). Ошондой эле ал Бетанияда жашаган «Мартаны, анын сиңдисин жана Лазарды жакшы көрчү» (Жакан 11:1, 5). Ыйса элге чын дилден кам көргөндүктөн, эс алууга бөлгөн убактысын да окутууга жумшаган учурлар болгон (Марк 6:30—34). Элди сүйгөнү, кам көргөнү анын кызматын жемиштүү кылып, көптөрдүн жүрөгүн таза сыйынууга бурган.

9. Шакирт даярдоо ишинде Пабыл башкаларга кандай мамиле кылган?

9 Элчи Пабыл да өзү кабар айткан адамдарга чын дилден кызыгуу көрсөткөн. Мисалы, кийин Ыйсанын жолдоочусу болгон тесалоникалыктарга ал: «Силерге болгон сүйүүбүздөн улам биз силерге Жакшы Кабарды таратып гана тим болбостон, өз жаныбызды берүүгө да даяр элек, анткени силер биз үчүн кымбат болуп калдыңар»,— деп жазган. Анын сүйүү менен кылган мындай иш-аракетин көрүп, Тесалоникадагылардын айрымдары «тирүү, чыныгы Кудайга кызмат кылуу үчүн, буркандардан баш тартышкан» (1 Тесалоникалыктарга 1:9; 2:8). Биз да, Ыйса менен Пабылдай болуп, адамдарга чындап кызыгуу көрсөтсөк, «түбөлүк өмүргө карата туура маанайда болгондордун» жүрөгүнө чындыктын жеткенин көрүп, кубанычка батабыз (Элчилер 13:48, «ЖД»).

Жанаябастык рухун көрсөт

10, 11. Шакирт даярдоо ишинде жанаябастык көрсөтүү эмне үчүн зарыл?

10 Шакирт даярдоо ишине катышкандар ийгиликке жетиш үчүн жанаябастык рухун да чагылдырышы керек. Алар, албетте, байлык топтоого умтулбайт. Ыйса шакирттерине: «Байлардын Кудай Падышачылыгына кириши кандай кыйын!» — деп айткан. Анын сөзүн уккан шакирттер таң калган. Бирок ал сөзүн улап: «Балдар, байлыгына ишенгендердин Кудай Падышачылыгына кириши кандай кыйын! Бай адамдын Кудай Падышачылыгына кирүүсүнө караганда, ийненин көзүнөн төөнүн өтүүсү оңоюраак»,— деген (Марк 10:23—25). Муну менен Ыйса жолдоочуларын шакирт даярдоо ишине тийиштүү түрдө катышуу үчүн жөнөкөй жашоо өткөрүүгө үндөгөн (Матай 6:22—24, 33). Шакирт даярдоого жанаябастык руху кандайча жардам берет?

11 Башкаларга Ыйсанын буйругандарынын бардыгын үйрөтүү көп күч-аракетти талап кылат. Мисалы, шакирт даярдап жаткан адам кызыгуучу менен ыйык китептик изилдөөнү жума сайын өткөрүүгө аракет кылат. Жүрөгү таза адамдарды көбүрөөк табуу үчүн айрым жарчылар жумушун алмаштырып, жарым күндүк жумуш табышкан. Ошондой эле Ыйсанын миңдеген жолдоочулары аймагындагы башка тилде сүйлөгөндөргө кабар айтыш үчүн чет тилин үйрөнүп жатышат. Дагы бирөөлөр оруп-жыюу ишине толугураак катышуу үчүн башка аймакка же өлкөгө көчүп барышкан (Матай 9:37, 38). Мунун баары жанаябастыкты талап кылат. Бирок шакирт даярдоо ишинде ийгиликке жетиш үчүн дагы башка нерселер зарыл.

Чыдамдуу, ошол эле учурда эстүү бол

12, 13. Шакирт даярдоодо чыдамдуу болуу эмне үчүн маанилүү?

12 Шакирт даярдоого көмөк кылган дагы бир сапат — чыдамдуулук. Кабар айтуу иши шашылыш түрдө аткарылууга тийиш. Бирок шакирт даярдоо бир топ убакытты жана чыдамдуулукту талап кылат (1 Корунттуктарга 7:29). Мисалы, Ыйса уялаш биртууганы Жакыпка чыдамдуулук көрсөткөн. Жакып, сыягы, Ыйсанын айткан кабары жөнүндө жакшы билсе да, кандайдыр бир себептерден улам бир нече убакытка чейин анын шакирти болбой жүргөн (Жакан 7:5). Бирок Жакып кыска убакыттын ичинде эле, Машайак өлгөндөн б.з. 33-жылынын Элүүнчү күн майрамына чейин, Ыйсанын шакирти болгону белгилүү. Себеби Ыйык Жазмада Жакып энеси, биртуугандары жана башка элчилер менен чогуу сыйынып жүргөнү айтылат (Элчилер 1:13, 14). Ал рухий ийгиликтерди жасап, кийин Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышында чоң жоопкерчиликтерди аркалаган (Элчилер 15:13; 1 Корунттуктарга 15:7).

13 Ыйсанын жолдоочулары, дыйканга окшоп, чыдамдуулук менен башкаларга Кудай Сөзүн түшүнүүгө, Жахабаны сүйүүгө жана Ыйсаныкындай ой жүгүртүүгө ээ болууга жардам беришет. Бул тууралуу Жакып: «Бир туугандар, Теңирдин келишин чыдамдуулук менен күткүлө. Дыйканды карагылачы, ал жерден жакшы түшүм алыш үчүн, эрте жаздагы жана кеч күздөгү жамгырды чыдамдуулук менен күтөт. Силер да чыдамдуулук менен күткүлө, бекем болгула, анткени Теңирдин келер убагы жакындап калды»,— деп жазган (Жакып 5:7, 8). Жакып ишенимдештерин Ыйса «келгиче» чыдамдуулук көрсөтүүгө чакырган. Ыйса шакирттери бир нерсени түшүнө албай жатса, чыдамдуулук менен түшүндүрүп, зарыл болсо, көрсөтмөлүү мисалдар менен окуткан (Матай 13:10—23; Лука 19:11; 21:7; Элчилер 1:6—8). Ал эми азыр, Ыйса Падышалык бийлигин жүргүзүп жаткан учурда, шакирт даярдоодо ошол сыяктуу эле чыдамдуулук талап кылынат. Анткени чындыкты кабыл алып жаткандар аларды чыдамдуулук менен үйрөтүшүбүзгө муктаж (Жакан 14:9).

14. Шакирт даярдоодо чыдамдуулук көрсөтсөк да, убактыбызды кантип акылдуулук менен колдоно алабыз?

14 Бирок чыдамдуулук көрсөтсөк да, биз менен Ыйык Китепти изилдеп жүргөндөрдүн көбүнүн жүрөгүндө «сөз жемиш бербей калат» (Матай 13:18—23). Ошондуктан аларга жардам берүү үчүн колдон келген аракетибизди кылган соң, изилдөөнү токтотуп, убактыбызды ыйык китептик чындыкты көбүрөөк баалаган адамдарды табууга жумшаганыбыз оң (Насаатчы 3:1, 6). Албетте, чындыкты баалаган кызыгуучуларга да ой жүгүртүүсүн өзгөртүп, жашоодо биринчи орунда эмне турушу керектигин түшүнүш үчүн жардам бере беришибиз керек. Ыйса шакирттеринин туура маанай өрчүтүшүн күтүп, чыдамдуулук көрсөткөндөй эле, биз да чыдамдуулук көрсөтөбүз (Марк 9:33—37; 10:35—45).

Окутуу чеберчилигин өрчүт

15, 16. Шакирт даярдоодо жөнөкөй түшүндүрүү, жакшы даярдануу эмне үчүн маанилүү?

15 Кудайды сүйүү, башкаларга кам көрүү, жанаябастык рухун чагылдыруу жана чыдамдуулук көрсөтүү — шакирт даярдоодо ийгиликке жетүүгө жардам берген негизги сапаттар. Андан тышкары, окутуу чеберчилигин да өрчүтүшүбүз керек. Мунун аркасында биз ыйык китептик чындыктарды башкаларга ачык-айкын, жөнөкөй кылып түшүндүрүп бере алабыз. Мисалы, Улуу Окутуучу Ыйса Машайак элди окутууда жөнөкөй сөздөрдү колдонгондуктан, айткандары өзгөчө таасирдүү болгон. Анын «байлыкты асманга жыйнагыла», «ыйык нерсени иттерге бербегиле», «акылмандуулук өз иштери менен акталат», «падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле» деген сыяктуу сөздөрү эсиңерде чыгар (Матай 6:20; 7:6; 11:19; 22:21). Албетте, Ыйса кыска-нуска сүйлөө менен эле чектелген эмес. Ал окутуулары айкын болушу үчүн түшүндүрүп да берчү. Анын окутуу ыкмасын кантип туурай алабыз?

16 Жакшы даярдануу жөнөкөй, түшүнүктүү окутууга өбөлгө түзөт. Даярданбаган жарчы ток этер жерин айтпай, көп сүйлөйт. Ал изилденип жаткан темага байланыштуу эмнени билсе, ошонун баарын айта бергендиктен, негизги ойлор көмүскөдө калышы мүмкүн. Ал эми жакшы даярданган жарчы окутуп жаткан кызыгуучусун ойлоп, өтүлүп жаткан тема жөнүндө ой жүгүртүп, темага тиешелүү болгон маалыматты түшүнүктүү кылып ачып берет (Накыл сөздөр 15:28; 1 Корунттуктарга 2:1, 2). Ошондой эле кызыгуучунун буга чейин эмнелерди билгенин эске алып, изилдөө учурунда кайсы ойлорду баса белгилөө керектигин ойлонуштурат. Жарчы өтүлүп жаткан темага байланыштуу көп кызыктуу нерселерди билиши мүмкүн, бирок ал ашыкча маалымат берүүнү туура көрбөйт.

17. Башкаларга Жазмадан билгендери жөнүндө ой жүгүртүүгө кантип жардам бере алабыз?

17 Ыйса фактыларды эле келтирип койбостон, адамдарга ой жүгүртүүгө түрткү берчү. Мисалы, ал бир шакиртинен: «Кандай деп ойлойсуң, Шымон, бул дүйнөдөгү падышалар алык-салыкты кимден алышат: өз уулдарынанбы же бөтөн кишилерденби?» — деп сураган (Матай 17:25). Бизге Ыйык Китепте айтылгандарды түшүндүрүү кубаныч тартуулайт. Ошентсе да кызыгуучуларга өтүлүп жаткан темага карата оюн айтууга же түшүнгөн-түшүнбөгөнүн билдирүүгө мүмкүнчүлүк бериш үчүн өзүбүздү токтотууга туура келиши мүмкүн. Ошондой эле суроолорду жаадыруудан качканыбыз оң. Андан көрө сылыктык менен ылайыктуу мисалдарды келтирип, ойлондура турган суроолорду берип, аларга Ыйык Китептеги чындыкты баалоого жардам берели.

18. Окутуу чеберчилигин өрчүтүү деген эмне?

18 Ыйык Китепте «туура окутууга үйрөтө билүү» же окутуу чеберчилиги жөнүндө айтылат (Титке 1:9). Мындай чеберчилик кимдир бирөөгө маалыматты эстеп калууга жардам берүүдөн да көптү билдирет. Андыктан биз Ыйык Китепти изилдеп жаткан адамга чындык менен жалгандын, жаман менен жакшынын, акылмандык менен акылсыздыктын айырмасын түшүнүүгө көмөк кылышыбыз керек. Эгер ушундай кылып жатсак жана кызыгуучуга Кудайга болгон сүйүүсүн өрчүтүүгө жардам берсек, ал Кудайга баш ийүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүшү мүмкүн.

Шакирт даярдоо ишине ынталуу катыш

19. Кандайча Ыйсанын бардык жолдоочулары шакирт даярдоого салымын кошо алат?

19 Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышы шакирт даярдоо ишин уюшулган түрдө аткарышат. Кимдир бирөө Ыйсанын шакирти болгондо, ага Ыйык Китептин окууларын түшүнүүгө жардам берген бир эле жарчы сүйүнбөйт. Мисалы, бир топ адамдар уюшуп, жоголуп кеткен баланы издеп жүрөт дейли. Баланы издөөгө катышкандардын бири эле табышы мүмкүн. Анткен менен ал баланы ата-энесинин колуна тапшырганда, аны издегендердин баары кубанат (Лука 15:6, 7). Ушу сыяктуу эле, шакирт даярдоо ишине жыйналыштагылардын баары салымын кошо алат. Андыктан биз баарыбыз Ыйсанын шакирти боло тургандарды издеп жатабыз. Кимдир бирөө Падышалык Залында өтүлүүчү жыйналыш жолугушууларына келе баштаганда, ага чыныгы сыйынууга болгон ыраазычылыгын арттырууга ар бир жарчы жардам бере алат (1 Корунттуктарга 14:24, 25). Ошентип, Ыйсанын бардык жолдоочулары жыл сайын жүз миңдегендер жаңы шакирттердин катарына кошулуп жатканына кубанышат.

20. Башкаларды ыйык китептик чындыкка окуткуң келсе, эмне кылышың керек?

20 Ыйсанын көптөгөн ишенимдүү жолдоочулары башкаларды Жахаба жөнүндө, чыныгы сыйынуу жөнүндө окутуп-үйрөтүүнү абдан каалайт. Бирок шакирт даярдоодо көп күч-аракет жумшаганына карабай, алардын каалоосу учурда ишке ашпашы мүмкүн. Сенде да ушундай болсо, Жахабага болгон сүйүүңдү тереңдетүүнү, адамдарга чын дилден кам көрүүнү, жанаябастык рухун чагылдырууну, чыдамдуу болууну жана окутуу чеберчилигин жакшыртууну уланта бер. Баарынан мурда, башкаларды чындыкка окутууну каалаарыңды айтып кайра-кайра Жахабага тилен (Насаатчы 11:1). Жахабага кызмат кылууда колуңдан келгендин баарын жасаганың ага даңк алып келе турган шакирт даярдоо ишине өбөлгө түзөрүн унутпа.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Шакирт даярдоо ишине катышканыбыз Кудайды сүйөрүбүздү кандайча далилдейт?

• Шакирт даярдоо үчүн кайсы сапаттар зарыл?

• Окутуу чеберчилигине эмнелер кирет?

[Изилдөө суроолору]

[22-беттеги сүрөт]

Ыйсанын жолдоочулары шакирт даярдоо менен Кудайды сүйөрүн көрсөтүшөт

[23-беттеги сүрөт]

Шакирт даярдоого катышкандар эмне үчүн башкаларга кызыгуу көрсөтүшү керек?

[24-беттеги сүрөт]

Шакирт даярдоо үчүн кайсы сапаттар зарыл?

[25-беттеги сүрөт]

Ыйсанын бардык жолдоочулары шакирт даярдоонун жыйынтыгын көрүп сүйүнүшөт