Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Шакирт даярдоодо Ыйсаны туурагыла

Шакирт даярдоодо Ыйсаны туурагыла

Шакирт даярдоодо Ыйсаны туурагыла

«Кандай угуп жатканыңарга көңүл бөлгүлө!» (ЛУКА 8:18).

1, 2. Ыйсанын адамдарга жасаган мамилесине эмне үчүн көңүл буруу керек?

ЫЙСА МАШАЙАК Улуу Окутуучу жана шакирт Даярдоочу катары өзүнүн жолдоочуларына: «Кандай угуп жатканыңарга көңүл бөлгүлө!» — деген (Лука 8:16—18). Бул принцип кызматта да колдонорлук. Эгер рухий акыл-насаатка көңүл бурсак, аны колдонуп, шакирт даярдоодо ийгиликке жетебиз. Албетте, бүгүн Ыйсанын үнүн түзмө-түз уга албайбыз. Ошентсе да анын айткандары, кылган иштери жөнүндө Ыйык Китептен билүүгө болот. Ыйсанын адамдарга жасаган мамилеси тууралуу Жазмада кандай билдирүүлөр бар?

2 Ыйса жакшы кабарды ары кызыктуу, ары түшүнүктүү кылып айта алган жана эң мыкты Окутуучу болгон (Лука 8:1; Жакан 8:28). Шакирт даярдоо иши кабар айтууну да, окутууну да камтыйт. Бирок кабар айтуу ишинде ынталуу болгон жарчылардын айрымдары башкаларды натыйжалуу окутуп-үйрөтүү оңой эмес экенин белгилешет. Кабар айтуу иши жакшы кабарды жарыялоону камтыйт. Ал эми адамдарды Жахаба жана анын ой-ниети жөнүндө окутуу алар менен мамиле түзүүнү талап кылат (Матай 28:19, 20). Муну Улуу Окутуучу жана шакирт Даярдоочу Ыйса Машайакты тууроо менен аткара алабыз (Жакан 13:13).

3. Шакирт даярдоодо Ыйсаны тууроого аракет кылуу кандай натыйжа берет?

3 Ыйсанын окутуу ыкмаларын тууроону каалагандар элчи Пабылдын: «Убакыттан пайдаланып, сырттагыларга акыл-эстүүлүк менен мамиле кылгыла. Сөзүңөр туз менен татытылгандай, дайыма жагымдуу болсун, ар бир адамга жооп бере билгиле»,— деген кеңешине кулак кагышат (Колосалыктарга 4:5, 6). Шакирт даярдоо ишинде Ыйсаны тууроо күч-аракет жумшоону талап кылат, бирок бул сага башкаларды окутууда ийгиликке жетүүгө жардам берет. Анткени ар бир адамдын муктаждыгына жараша «жооп бере билүүгө» үйрөнөсүң.

Ыйса башкаларды оюн айтууга үндөгөн

4. Ыйса жакшы угуучу болгон деп эмне үчүн айта алабыз?

4 Ыйса бала чагынан эле адамдарды уга билип, аларды оюн айтууга үндөчү. Мисалы, он эки жашында ата-энеси аны ийбадатканадан устаттардын ортосунда «сөз угуп, суроо берип отурган жеринен табышкан» (Лука 2:46). Албетте, Ыйса ийбадатканага өз билими менен устаттарды таң калтырыш үчүн барган эмес. Ал аларга суроолорду берсе да, көбүнесе угуш үчүн барган эле. Анын жакшы угуучу болгону Кудайдын да, адамдардын да жактыруусуна ээ болууга өбөлгө түзгөнү шексиз (Лука 2:52).

5, 6. Ыйса өзү окуткан адамдардын оюн укканын кайдан билебиз?

5 Чөмүлтүлүп, Машайак катары майлангандан кийин да Ыйса адамдарды угууга дилгир болчу. Ал башкаларды окутуу менен алек болсо да, аны угуу үчүн келгендерге көңүл бурбай койчу эмес. Адатта, ал сөзүн токтотуп, башкалардын оюн билиш үчүн суроо берип, анан жообун кунт коюп укчу (Матай 16:13—15). Мисалы, Лазар каза болгондо, Ыйса анын биртууганы Мартага: «Мага ишенип жашаган адам өлбөйт»,— деген. Анан андан: «Ушуга ишенесиңби?» — деп сураган. Ал Мартанын: «Ооба, Теңир. Дүйнөгө келе турган Кудай Уулу Машайак Сен экендигиңе ишенем»,— деген жообун укканы шексиз (Жакан 11:26, 27). Марта ишенерин ушинтип билдиргенде, Ыйса абдан кубанса керек!

6 Шакирттеринин көбү Ыйсаны ээрчибей таштап кеткенде, ал элчилеринин көзкарашын билгиси келип: «Силердин да кеткиңер келген жокпу?» — деп сураган. Анда Шымон Петир: «Теңир, биз кимге бармак элек? Түбөлүк өмүр берүүчү сөздөр Сенде. Биз Сенин Кудайдын Ыйыгы — Машайак экениңди билип, Сага ишенип калдык»,— деп жооп берген (Жакан 6:66—69). Бул сөздөр Ыйсага аябай жагымдуу болсо керек! Ыйык Китепти изилдеп жаткан кызыгуучу кандайдыр бир жол менен ишенимин көрсөткөндө сенин да кубанарың шексиз.

Ыйса башкаларды урмат-сый менен уккан

7. Самариялыктардын көбү эмнеден улам Ыйсага ишенип калышкан?

7 Ыйсанын шакирт даярдоодо ийгиликке жеткенинин дагы бир себеби — адамдарга кам көргөнү жана аларды урмат-сый менен укканы. Бир жолу ал Шекемдеги Жакыптын кудугунун жанынан самариялык аялга кабар айтат. Маектешип жатканда Ыйса өзү эле сүйлөй бербейт. Ал аялдын айткандарын кунт коюп угат. Анан анын таза сыйынуу жөнүндө билгиси келгенин байкап, ага Кудайдын рух менен, чындык боюнча табына тургандарды издеп жатканын айтып берет. Ыйса аны урматтаарын көрсөткөндүктөн, самариялык аял башкаларга ал жөнүндө айта баштайт. Ошондо «ошол шаардагы самариялыктардын көпчүлүгү... аялдын сөзү аркылуу Ыйсага ишенип калышат» (Жакан 4:5—29, 39—42).

8. Адамдардын өз оюн айтууну жакшы көргөнү сөз баштоого кандайча жардам берет?

8 Адатта, адамдар өз оюн айтууну жакшы көрүшөт. Алсак, байыркы Афин шаарынын тургундары өзүнүн көзкарашын билдирүүнү, жаңы нерселер жөнүндө угууну жактырышчу. Бул элчи Пабылдын ошол шаардагы ареопагда натыйжалуу күбөлөндүрүү беришине өбөлгө түзгөн (Элчилер 17:18—34). Ал эми бүгүн кабар айтууда сөз башташ үчүн үй ээсине мындай десең болот: «Мен буга [белгилүү бир темага] байланыштуу сиздин оюңузду билейин дедим эле». Анын көзкарашын кунт коюп угуп, маекти улантыш үчүн суроо берсең болот. Анан ал темага байланыштуу Ыйык Китепте эмне айтыларын сылыктык менен көрсөтүп бер.

Ыйса сөздү кантип баштоону билчү

9. Ыйса эки шакиртине «Жазманы түшүндүрүп» бергенге чейин эмне кылган?

9 Ыйса эмнени айтуу керектигин билбей калган учурлар болгон эмес. Жакшы угуучу болгондон сырткары, ал адамдардын эмне жөнүндө ойлонуп жатканын жана аларга кантип жооп берүүнү билчү (Матай 9:4; 12:22—30; Лука 9:46, 47). Буга байланыштуу төмөнкү окуяны карап көрөлү. Ыйса тирилгенден көп өтпөй эки шакирти Иерусалимден Эмаус айылына баратышкан. Инжилде мындай деп баяндалат: «Алар... окуяларды талкуулап, сүйлөшүп бара жатышканда, Ыйса жакын келип, аларга кошулду. Бирок алардын көздөрү жабылып калгандыктан, Аны таанышкан жок. Ыйса алардан: „Силер эмне жөнүндө сүйлөшүп келе жатасыңар, эмнеге капалуусуңар?“ — деп сурады. Алардын бири Клеопа Ага: „Ушул күндөрү Иерусалимде болуп өткөн окуяны жалгыз эле сен билбейт окшойсуң“,— деди. Ыйса алардан: „Кайсы окуяны?“ — деп сурайт». Анан ал шакирттердин назареттик Ыйсанын элди окутканы, кереметтерди жасаганы жана өлүм жазасына тартылганы жөнүндө айтып бергендерин кунт коюп угат. Ошондой эле алар кээ бирлердин Ыйсанын тирилгени жөнүндө сөз кылып жатканын айтышат. Ошентип, Ыйса эки шакиртине өз оюн төкпөй-чачпай билдирүүгө мүмкүндүк берген. Анан аларга «Жазманы түшүндүрүп», жакшы билбей жаткан жактарын ачып берген (Лука 24:13—27, 32).

10. Кызматта жолуктурган адамдын диний көзкарашын кантип билүүгө болот?

10 Сен кайсы бир адамдын диний көзкарашы жөнүндө эч нерсе билбейсиң дейли. Аны билиш үчүн тиленүүгө карата анын оюн угууга ынтызар экениңди айтсаң болот. Анан: «Кандай деп ойлойсуз, чынында биздин тиленүүлөрүбүздү кимдир бирөө угабы?» — деп сурап көр. Анын жообунан көзкарашы, туткан дини жөнүндө көптү билүүгө болот. Эгер ал динчил болсо, маекти улантыш үчүн: «Кандай деп ойлойсуз, Кудай бардык тиленүүлөрдү угабы же айрымдарын укпашы мүмкүнбү?» — деп сурап көрөттүрсүң. Мындай суроолор эркин маектешүүгө өбөлгө түзөт. Ыңгайы келгенде, Ыйык Жазмада бул тууралуу эмне делгенин сылыктык менен көрсөтүп бер, бирок ишенимин сынга алуудан кач. Эгер маегиңер кызыктуу болсо, ал кайра келишиңди каалашы мүмкүн. Бирок ал сен жооп бере албаган суроо берип калсачы? Анда изилдөө жүргүзүү менен жакшы даярданып, үмүтүң жөнүндө «момундук жана коркунуч [«терең урмат-сый», «ЖД»] менен жооп берүү» үчүн кайра барсаң болот (1 Петир 3:15).

Ыйса татыктууларды окуткан

11. Татыктууларды издеп табууга эмне жардам берет?

11 Жеткилең Ыйса кыраакы болгондуктан, үйрөнүүгө ким татыктуу экенин аныктай алчу. Ал эми биз үчүн «түбөлүк өмүргө карата туура маанайда болгондорду» аныктап билүү оңой эмес (Элчилер 13:48, «ЖД»). Ошон үчүн Ыйса элчилерине: «Кайсы шаарга же айылга кирбегиле, ал жактан татыктууларды издеп тапкыла»,— деген (Матай 10:11, «ЖД»). Ыйсанын элчилериндей болуп, биз жакшы кабарды угууга даяр болгон, Ыйык Китептеги чындыкты билүүнү каалаган адамдарды издешибиз керек. Кызматта адамдарды кунт коюп угуп, кабарды алар кандай кабыл алып жатканын байкоо менен татыктууларды издеп таба алабыз.

12. Кызыккан адамга кантип жардам берүүгө болот?

12 Падышалык жөнүндөгү кабарга бир аз да болсо кызыккан адам менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин анын рухий муктаждыгы тууралуу ойлоно бергениң дурус. Үй ээси менен маектешкенден кийин ал жөнүндө билгендериңди жаза жүрсөң, ага рухий жактан жакшыраак жардам бере аласың. Ал эми кайра жолугууга барганда адамдын эмнеге ишенери, көзкарашы, жагдай-шарты жөнүндө көбүрөөк билгиң келсе, кунт коюп угушуң керек.

13. Адамдын Ыйык Китепке болгон көзкарашын билүүгө эмне жардам берет?

13 Адамдын Кудай Сөзүнө кандай караарын кантип билүүгө болот? Айрым учурда ага: «Ыйык Китепти түшүнүүнү кыйын деп эсептейсизби?» — деген суроо берүү жакшы натыйжа берет. Берген жообунан анын рухий нерселерге болгон көзкарашын биле аласың. Же болбосо, бир аятты окуп бергенден кийин: «Буга карата кандай ойдосуз?» — деп сурап көр. Ыйсадай болуп, ылайыктуу суроолорду берүү менен кызматыңда ийгиликке жете аласың. Бирок суроо берүүдө абайлай турган жактар да бар.

Ыйса суроолорду натыйжалуу колдонгон

14. Адамды ыңгайсыз абалга калтырбай көзкарашын кантип билүүгө болот?

14 Адамдын көзкарашын билүүдө аны ыңгайсыз абалга калтырбаганың дурус. Бул жагынан Ыйсаны туурасаң болот. Ал эч качан орунсуз суроолорду берчү эмес, тескерисинче, ойлондура турган суроолорду берчү. Ошондой эле ал боорукердик менен уга билгендиктен, жүрөгү таза кишилер жубатуу алып, анын жанында өздөрүн жакшы сезишкен (Матай 11:28). Ага ар кандай адамдар өз кыйынчылыктары менен эркин кайрыла алышкан (Марк 1:40; 5:35, 36; 10:13, 17, 46, 47). Эгер башкалар сага Ыйык Китепке жана анын окууларына байланыштуу өз оюн эркин айта алышса, орунсуз суроолорду берүүдөн алыс болушуң керек.

15, 16. Диний темада кантип сөз баштоого болот?

15 Суроолорду натыйжалуу колдонуудан тышкары, маектешиңе кандайдыр бир кызыктуу ойду айтып берип, аны угуу менен сөздү уланта аласың. Мисалы, Ыйса Никодимге: «Кимде-ким жогорудан төрөлбөсө, Кудайдын Падышачылыгын көрбөйт»,— деген (Жакан 3:3). Бул сөздөр Никодимди ушунчалык кызыктыргандыктан, ал Ыйсага суроолорду берип, жообун кунт коюп уккан (Жакан 3:4—20). Сен да адамдарды ушундай жол менен сөзгө тарта аласың.

16 Бүгүнкү күндө Африкада, Чыгыш Европада жана Латын Америкасында көптөгөн жаңы диндердин пайда болушу тууралуу бүйүрдү кызыткан сөздөр болууда. Ушуга окшогон өлкөлөрдө мындай деп сөз баштоого болот: «Диндердин барган сайын көбөйүшү мени абдан тынчсыздандырат. Бирок жакында бардык улуттагы адамдар чыныгы Кудайга биримдикте сыйына турган күн келерине ишенем. Сиз да ушундай болушун каалайсызбы?» Ыйык Китептеги үмүт тууралуу адамды кызыктырган нерселерди айтуу менен ага өз оюн айтууга түрткү бере аласың. Ошондой эле эки жоопту камтыган, оңой жооп бере турган суроолорду берсең болот (Матай 17:25). Үй ээси сурооңо жооп берген соң, жогорудагы суроого байланыштуу бир-эки аят келтир (Ышайа 11:9; Сепания 3:9). Адамдын жообун кунт коюп угуп, кабарды кандай кабыл алып жатканын байкоо менен эмки келгениңде эмнени талкууласа болорун аныктай аласың.

Ыйса балдарды да уга билген

17. Ыйсанын балдарга кызыгуу көрсөткөнү эмнеден көрүнүп турат?

17 Ыйса чоңдорго эле эмес, балдарга да кызыгуу көрсөткөн. Ал алардын кандай оюндарды ойношорун жана эмне жөнүндө пикир алышканын жакшы билчү. Анын наристелерди өзү чакырып алган учурлары да болгон (Лука 7:31, 32; 18:15—17). Ыйсанын насааттарын калың элдин арасындагы көптөгөн балдар угуп отурушчу. Ыйса жаш балдардын Машайакты эл алдында даңктап жатканын байкаган жана мунун Ыйык Жазмада алдын ала айтылганын билдирген (Матай 14:21; 15:38; 21:15, 16). Азыркы учурда да көптөгөн балдар Ыйсанын шакирти болууда. Балдарга рухий жактан өсүүгө кантип жардам берүүгө болот?

18, 19. Балаңа рухий жактан кантип жардам бере аласың?

18 Балаңа рухий жактан жардам бериш үчүн аны кунт коюп угушуң зарыл. Ошондо анын Жахабанын ой жүгүртүүсүнө туура келбеген ойлорун биле аласың. Ал кандай нерселерди айтып бербесин, ачууланбай, оң маанайда сүйлөгөнүң акылдуулукка жатат. Анан Жахабанын көзкарашын түшүнүүгө жардам бериш үчүн ылайыктуу аяттарды колдонсоң болот.

19 Суроолорду берүү баланын көзкарашын билүүгө жардам берет. Чоң кишилердей эле балдар да аларга өтө көп суроо бергенди жактырышпайт. Ошондуктан татаал суроолорду берип кыйнабай, өзүң жөнүндө кыскача айтып берүүгө эмне үчүн болбосун? Эмне жөнүндө сүйлөшпөгүлө, сен да бир кезде так ушинтип ойлогонуңду айтып, себебин түшүндүрүп берсең болот. Анан: «Сенде да ушундай болобу?» — деп сурап көр. Балаңдын жообу сага аны менен Ыйык Китептин негизинде пайда алып келгидей, бекемдээрлик маек курууга өбөлгө түзүшү мүмкүн.

Улуу Окутуучуну мындан ары да туурайлы

20, 21. Шакирт даярдоо ишинде эмне үчүн жакшы угуучу болушубуз керек?

20 Балаң менен маектешип жаткандабы же башка бирөө мененби, кунт коюп угуу маанилүү. Муну менен аларды сүйөрүңдү далилдейсиң. Ошондой эле өзүңдүн момундугуңду жана маектешиңди урматтаарыңды, кошкөңүл карабаарыңды көрсөтөсүң. Адамды угуп жатканда анын айткандарына көңүл бурушуң керек.

21 Андыктан кабар айтуу ишине катышууда адамдарды кунт коюп угууну уланта берели. Эгер алардын айткандары жөнүндө ойлонсок, Ыйык Китептин кайсы окуусу жүрөгүнө өзгөчө таасир этерин аныктай алабыз. Ыйсанын окутуу ыкмаларын колдонуп, аларга жардам берүүгө умтулалы. Ооба, Улуу шакирт Даярдоочуну тууроо менен биз көп кубаныч жана канааттануу алабыз.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Ыйса башкаларды оюн айтууга кандайча үндөгөн?

• Ыйса окуткан кишилерин эмне үчүн уга билген?

• Кызматта суроолорду кантип колдонууга болот?

• Балдарга рухий жактан жардам берүү үчүн эмне кылууга болот?

[Изилдөө суроолору]

[28-беттеги сүрөт]

Кабар айтууда адамды кунт коюп ук

[30-беттеги сүрөт]

Балдарга рухий жактан жардам берүү менен Ыйсаны туурайбыз