Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Алар жашоосун маңыздуураак кылышкан. Сен да ошенте аласыңбы?

Алар жашоосун маңыздуураак кылышкан. Сен да ошенте аласыңбы?

Алар жашоосун маңыздуураак кылышкан. Сен да ошенте аласыңбы?

КАНАДАДА жашаган Марк деген ишенимдешибиз космос мейкиндигинде колдонулуучу татаал аппараттарды чогулта турган ишканада иштечү. Жумушу жарым эле күндүк убакытты алгандыктан, ал жалпы пионер болуп кызмат кыла алчу. Бир күнү жумуш берүүчүсү ага толук күн иштөөнү талап кылган, көп маяналуу жогорку кызматты сунуш кылат. Марк эмне кылган?

Ал эми Филиппинде жашаган Эмми деген ишенимдешибиз окуп жүргөндө эле жалпы пионер болуп кызмат кылчу. Окуусун аяктагандан кийин ага толук күндүк жумуш сунуш кылынат. Ал жумуш, айлыгы жакшы болгону менен, убактысынын көбүн алмак. Эмми кандай чечим чыгарган?

Марк менен Эмми эки башка чечим чыгарган. Алардын чечиминин жыйынтыгы элчи Пабылдын төмөнкү сөздөрүнүн калетсиздигин далилдеп турат. Ал байыркы Корунт шаарындагы Ыйсанын жолдоочуларына мындай деп жазган: «Дүйнөнү пайдалангандар аны толук пайдаланбагандардай болушсун» (1 Кор. 7:29—31, «ЖД»).

Дүйнөнү толук пайдаланбоо

Марк жана Эмми менен эмне болгонун билерден мурун, келгиле, Пабылдын Корунттуктарга жазган катында колдонгон «дүйнө» (грекче ко́смос) деген сөздүн маанисин кыскача карап чыгалы. Ал аяттагы «ко́смос» деген сөз биз жашап жаткан дүйнөнү — жалпы адамзат коомун — билдирет. Ошондой эле үй-жай, тамак-аш, кийим-кечек сыяктуу кадимки күнүмдүк түйшүктөрдү камтыйт. Бул муктаждыктарыбызды канааттандыруу үчүн көбүбүзгө иштөөгө туура келет. Ооба, ыйык китептик милдетибизди аткарып, өзүбүзгө жана үйбүлөбүзгө кам көрүү үчүн бул дүйнөнү колдонууга аргасыз болобуз (1 Тим. 5:8). Бирок ошол эле учурда «бул дүйнө... жок болорун» эсибизден чыгарбашыбыз зарыл (1 Жкн. 2:17). Ошондуктан биз дүйнөнү «толук» эмес, керектүү гана өлчөмдө пайдаланабыз (1 Кор. 7:31).

Көптөгөн ишенимдештерибиз дүйнөнү толук пайдаланбоо жөнүндөгү кеңешке ылайык иш кылуу менен жагдай-шарттарын таразалап көрүп, жумушка кеткен убактысын азайтып, жашоосун жөнөкөйлөтүшкөн. Мунун аркасында алар үйбүлөсүнө, Жахабага кызмат кылууга көбүрөөк убакыт бөлүшкөн жана жашоосу мурдагыга караганда маңыздуураак болуп калганын сезишкен. Андан сырткары, жөнөкөй жашоо өткөрүү менен алар бул дүйнөгө эмес, Жахабага көбүрөөк таяна алышкан. Сен да Падышалыктын кызыкчылыктары үчүн жашооңду жөнөкөйлөтө аласыңбы? (Мт. 6:19—24, 33).

«Жахабага мурункудан да жакыныраак болуп калдык»

Жогоруда сөз кылынган Марк деген ишенимдешибиз дүйнөнү толук пайдаланбагыла деген кеңешке ылайык иш кылып, көп маяналуу жогорку кызматтан баш тартат. Бирок бир нече күндөн кийин жумуш берүүчүсү, Маркты көндүрүш үчүн, мурункудан да көп айлык төлөөрүн айтат. «Бул мен үчүн чоң сыноо болду,— дейт ал.— Бирок бул жолу да сунушту кабыл алган жокмун». Анан себебин мындай деп түшүндүрөт: «Жубайым Паула экөөбүз Жахабага кызмат кылуу жашообузда башкы орунда турушун каалачубуз. Ошондуктан жөнөкөй жашоо өткөрүүнү чечтик. Максатыбызга жетүү үчүн Жахабадан акылмандык сурап тиленип, кайсы күнү кызматыбызды кеңейтерибизди белгилеп койдук».

Паула болсо мындай дейт: «Мен ооруканада катчы болуп жумасына үч күн иштеп, жакшы айлык алчумун. Жалпы пионер болуп да кызмат кылчумун. Маркка окшоп, мен да муктаждык бар жерде кызмат кылгым келчү. Жумуштан бошонуу жөнүндө арыз жазганымда, жумуш берүүчүм мага: “Сенин жооптуу катчы болуп иштөөгө сонун мүмкүнчүлүгүң бар, өзүң да ага татыктуусуң“,— деп айтты. Ал, чынында эле, көп маяналуу жумуш эле. Ошентсе да жумуштан бошонуу жөнүндөгү чечимиме бекем кармандым. Мунун себебин түшүндүрүп бергенимде, жумуш берүүчүм мени Кудайга болгон ишенимим үчүн мактады».

Көп өтпөй Марк менен Паула Канаданын алыскы аймагындагы кичинекей жыйналышка атайын пионер болуп дайындалышкан. Алардын ошол аймакка көчүп барышы кандай натыйжа берген? Марк мындай дейт: «Көп жыл иштеп келген туруктуу айлыгы бар жумушумду таштаганымда эртеңки күн үчүн тынчсызданбай койгон жокмун. Бирок Жахаба кызматыбызга батасын мол берди. Анткени башкаларга Жахабага кызмат кылууга жардам берүү бизге зор кубаныч тартуулайт. Ошондой эле толук убакыттагы кызмат үйбүлөбүздүн түйүнүн бекемдеди. Биз көбүнчө рухий темада сүйлөшөбүз. Андан сырткары, Жахабага мурункудан да жакыныраак болуп калдык» (Элч. 20:35). Ал эми Паула мындай деп кошумчалайт: «Жумушуңду, ыңгайлуу жашоо-шартыңды ташташ үчүн Жахабага толугу менен таянышың керек. Биз ушундай кылып, Жахабадан бата алдык. Жаңы жыйналыштагы ишенимдештерибиздин жасаган мамилесинен бизди сүйөрүн жана баалаарын билебиз. Мурда жумушка жумшаган күч-аракетимди азыр адамдарга рухий жактан жардам берүүгө жумшап жатам. Бул дайындоо мага чексиз кубаныч тартуулайт».

Эч нерсеге муктаж болбосо да, бактысыз эле

Макаланын башында айтылып өткөн Эмми башкача чечим чыгарган. Ал толук күндүк жакшы төлөнгөн жумушка иштөөгө макул болгон. «Биринчи жылы кабар айтуу кызматына активдүү эле катышып жаттым,— дейт Эмми.— Бирок көңүлүм акырындык менен Падышалыктын кызыкчылыктарына эмес, карьерага бурула баштады. Ошентип, жумушум боюнча сунуштарды улам кабыл ала берип, бүт күч-аракетимди кызмат тепкичи боюнча көтөрүлүүгө жумшадым. Жумуштагы жоопкерчиликтер барган сайын көбөйүп, кызматка жумшаган убактым азайгандан азая берди. Акыры, такыр эле кабарга чыкпай калдым».

Ошол жылдарды эскерип, ал мындай дейт: «Материалдык жактан эч нерсеге муктаж болгон жокмун. Саякаттап көп жерлерге бардым, чоң кызматта иштеп, атак-даңкка ээ болдум, мындан канааттануу да алдым. Бирок өзүмдү бактылуу сезген жокмун. Акчамдын көптүгү көйгөйлөрдөн арылткан жок. Эмне болуп жатканын түшүнбөй, башым маң болду. Акыр аягы, карьерага баш отум менен кирип, “ишенимден четтеп“ калганымды түшүндүм. Көрсө, Кудай Сөзүндө айтылгандай, өзүмдү “көптөгөн азап-кайгыга салыптырмын“» (1 Тим. 6:10).

Анан Эмми эмне кылган? «Жахаба менен болгон мамилемди кайра калыбына келтирүү үчүн аксакалдарга жардам сурап кайрылдым. Жыйналыш жолугушууларына да бара баштадым. Бир жолу жыйналыштан ырдап жатып, токтоно албай ыйлап жибердим. Жалпы пионер болуп беш жыл кызмат кылып жүргөндө, материалдык жактан бай болбосом да, кандай гана бактылуу болгонумду эстедим. Акча табууга азыраак убакыт коротуп, Падышалыктын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюу керектигин түшүндүм. Ошондуктан мурунку ээлеген абалымдан төмөнүрөөк, айлыгы да 50 пайызга азыраак жумушта иштеп, кайрадан кабар айтуу ишине катыша баштадым»,— дейт Эмми. Анан сүйүнө: «Кайрадан пионер болуп кызмат кылгандан баштап зор кубаныч ала баштадым. Азыр өзүмдү аябай бактылуу сезем. Мындай сезимге дүйнөлүк ишке убактымдын көбүн короткон күндө да ээ болгон эмесмин»,— деп кошумчалайт.

Сен да кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү жасап, жашооңду жөнөкөйлөтө аласыңбы? Эгер убактыңды Падышалыктын кызыкчылыгы үчүн жумшап жатсаң, жашооң маңыздуу болору шексиз (Накыл 10:22).

[19-беттеги кутуча]

«Пионердик кызматты абдан жакшы көрүп калдым!»

Кошмо Штаттарда жашаган Дейвид жыйналышта аксакал болуп кызмат кылат. Ал жубайы, балдары менен чогуу толук убакытта кызмат кылууну каалачу. Ошондуктан ал өзү иштеген компаниянын жетекчиси менен макулдашып, жарым күн иштеп, жалпы пионер болуп кызмат кыла баштайт. Бул анын жашоосун маңыздуу кылганбы? Албетте. Бир нече ай өткөндөн кийин эле Дейвид досуна: «Жахабага үйбүлөң менен чогуу толук убакытта кызмат кылуудан артык эч нерсе жок экен. Пионердик кызматка көнүүгө бир топ убакыт кетет го деп ойлогом, бирок аны абдан жакшы көрүп калдым! Бул кызмат, чынында эле, сергитүү берет экен»,— деп жазган.

Сен да кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү жасап, жашооңду жөнөкөйлөтө аласыңбы?

[18-беттеги сүрөт]

Марк Паула менен кызматта