Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган жаңы саны

«Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган жаңы саны

«Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган жаңы саны

КОЛУҢАРДАГЫ журнал — «Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган биринчи саны. Ошондуктан бул журналдын жаңы өзгөчөлүктөрү менен тааныштыра кеткибиз келет.

Журналдын изилдөөгө арналган саны Жахабанын Күбөлөрү үчүн, ошондой эле Ыйык Китепти изилдөөдө рухий ийгиликтерди жасап жаткандар үчүн чыгарылат. Ал айына бир жолу чыгып, төрт же беш изилдөө макаласын камтыйт. Бул макалаларды изилдөө графиги журналдын мукабасында жайгашат. Жалпыга арналган санынан айырмаланып, изилдөөгө арналган санынын мукабасында ар кандай сүрөттөр болбойт, себеби ал кызматта таратылбайт.

Журналдын 2-бетинде ар бир изилдөө макаласынын же катар макалалардын максаты кыскача баяндалат. Ошондой эле кошумча макалалардын мазмунун табууга болот. Журналдын бул өзгөчөлүгү «Күзөт мунарасын» алып барган биртуугандарга макаланы жыйналыштагыларга пайдалуу болгудай кылып өткөрүү үчүн даярданууга өбөлгө түзөт.

Силер изилдөө макалаларынын мындан ары мурдагыдан кыскараак болорун байкайсыңар. Бул «Күзөт мунарасын» изилдөөдө негизги аяттарды талкуулоого көбүрөөк убакыт бөлүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Биз силерди изилдөөгө даярданууда келтирилген ыйык китептик аяттардын баарын ачып окууга чакырабыз. Айрым аяттар «оку» деп берилет, аларды макаланы изилдеп жатканда сөзсүз окуп, талкуулоо керек. Ал эми башка аяттарды, убакыт болсо, окуса болот. Ошондой эле кээ бир макалалардан аяттарды «салыштыргыла» дегенди байкашыбыз мүмкүн. Андай аяттар абзацтагы негизги ойду түзмө-түз баса белгилебегендиктен, аларды изилдөө маалында окубаса деле болот. Ошентсе да «салыштыргыла» деген аяттарда кызыктуу, кошумча маалымат камтылышы же талкууланып жаткан ойго кыйыр далилдер келтирилиши мүмкүн. Ошондуктан «Күзөт мунарасына» даярданып жатканда ал аяттарды ачып окууга чакырабыз. Балким, жооп берип жатканда ошол аяттардагы ойлорду камтый кететтирсиңер.

Ошондой эле «Күзөт мунарасына» мындан ары жылдык отчёт чыкпайт. Ал 2008-жылдан баштап «Падышалык кызматыбыздын» тиркемесине жана адаттагыдай эле «Жылдык китепке» чыгып турат. «Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган санында, жогоруда сөз кылынгандай, кошумча макалалар да болот. Алардын көбү жыйналыш жолугушууларында талкууланбайт. Ошентсе да биз силерди ал макалаларды кылдат окуп чыгууга үндөйбүз. Анткени кошумча макалалар да «ишенимдүү жана акылдуу кул» тарабынан чыгарылган рухий тамактын бөлүгү болуп саналат (Мт. 24:45—47).

Белгилей кетчү жери, «Күзөт мунарасы» журналынын изилдөөгө арналган саны менен жалпыга арналган санын эки башка журнал катары кароого болбойт. Экөө тең «Жахабанын Падышалыгын жарыялайт». Ал журналдардын 2-бетинде «Күзөт мунарасынын» кандай максатта чыгарылганы бирдей баяндалат. Экөө тең мукабаланган бир том болуп чыгат. Ошондой эле эки журналдагы маалыматты кайталоо үчүн караштырылган «Эсиңердеби?» деген рубрика журналдын изилдөөгө арналган санына чыгып турат.

«Күзөт мунарасы» журналы 1879-жылдан бери согуштарга, экономикалык кыйынчылыктарга жана ар кандай кысым-куугунтуктарга карабай Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү чындыкты ишенимдүүлүк менен жарыялап келет. Биз бул журналдын Жахабанын батасы менен мындан ары да Падышалык жөнүндөгү чындыкты жарыялай бериши үчүн тиленебиз. Ошондой эле силер, окурмандар, «Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган жаңы санынан толук пайда алышыңар үчүн Жахабага тиленебиз.