Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Матай китебиндеги урунттуу ойлор

Матай китебиндеги урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Матай китебиндеги урунттуу ойлор

ЫЙСАНЫН жашоосу, кызматы жөнүндөгү толкундандырарлык окуяны жазгандардын эң биринчиси Ыйса Машайактын жакын досу, мурда салык жыйноочу болгон Матай эле. Алгач эврей тилинде жазылып, кийин грек тилине которулган Матайдын Инжили толугу менен, болжолу, б.з. 41-жылы жазылып бүткөн. Ал китеп Эврей Жазмалары менен Грек Жазмаларын байланыштырып турат.

Матайдын түрткү берерлик, кызыктуу Инжили, сыягы, биринчи кезекте жүйүттөргө арналган. Анда Ыйса убадаланган Машайак, Кудайдын Уулу, катары сүрөттөлөт. Матайдын Инжилиндеги маалыматты кылдат изилдөө чыныгы Кудайга, анын убадаларына жана Уулуна болгон ишенимибизди бекемдейт (Эвр. 4:12).

«АСМАН ПАДЫШАЛЫГЫ ЖАКЫНДАП КАЛДЫ»

(Мт. 1:1—20:34)

Матай Кудайдын Падышалыгы жана Ыйсанын окуулары жөнүндө жазганда хронологиялык тартипте баяндоого караганда мааниси боюнча ырааттуулукту сактоого көбүрөөк көңүл бурат. Алсак, Тоодогу насаат Инжилдин башында келтирилгени менен, Ыйса аны жердеги кызматы ортолоп калганда айтса керек.

Ыйса Галилеяда кызмат кылып жүргөндө көптөгөн кереметтерди жасап, 12 шакиртине кабар айтууга байланыштуу көрсөтмөлөрдү берет. Ошондой эле фарисейлерди ашкерелеп, Падышалык жөнүндө мисалдарды келтирет. Анан «Галилеядан чыгып, Иордан дарыясынын наркы өйүзүнө, Жүйүт аймагын» көздөй багыт алат (Мт. 19:1). Жолдо баратып Ыйса шакирттерине: «Биз Иерусалимге бара жатабыз. Адам Уулун... өлтүрүүгө өкүм чыгарышат... Үчүнчү күнү ал тирилет»,— дейт (Мт. 20:18, 19).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Мт. 3:16 — Ыйса чөмүлтүлгөндө асман кандайча ачылган? Бул Ыйсанын адам болуп келгенге чейинки жашоосун эстегенин билдирсе керек.

Мт. 5:21, 22, («ЖД») — Кандайча «каарданганын токтотпогонго» караганда «жаман сөздөрдү айтып кемсинтүү» олуттуураак күнөө болуп эсептелет? Ыйса биртууганына каарданганын токтотпогон адам олуттуу күнөө кылат деп эскерткен. Ал эми жаман сөздөрдү айтып биртууганын кемсинткен киши андан да олуттуу күнөө кетирип, жергиликтүү соттун эмес, жогорку соттун алдында жооп берет.

Мт. 5:48 — Биз асмандагы Атабыздай «жеткилең боло» алабызбы? Ооба, кандайдыр бир мааниде боло алабыз. Ыйса бул жерде сүйүү жөнүндө айтып жатып, угуучуларын Кудайды туурап жеткилең болууга же сүйүүдө жеткилең болууга үндөгөн (Мт. 5:43—47). Кандайча? Душмандарга да сүйүү көрсөтүүгө үйрөнүү менен.

Мт. 7:16 — Чыныгы динди кайсы «жемиштеринен» билүүгө болот? Ага биздин жүрүм-турумубуз эле эмес, эмнелерге ишенерибиз, башкача айтканда, биз карманган ыйык китептик окуулар да кирет.

Мт. 10:34—38 — Ыйык Китептеги кабар үйбүлөдөгүлөрдүн бөлүнүшүнө алып келеби? Жок. Үйбүлө көбүнесе чындыкты кабыл албаган туугандардын жакшы кабарга карата туура эмес көзкарашта болгонунан улам бөлүнөт. Алар Ыйык Китептеги кабарды четке каккандыктан же ага каршы чыккандыктан, үйбүлө бөлүнүшү мүмкүн (Лк. 12:51—53).

Мт. 11:2—6 — Жакан Кудайдын үнүн угуп, Ыйсанын Машайак экенин билсе эмне үчүн: «Келиши керек болгон Сенсиңби?» — деп сураган? Жакан муну Ыйсанын өзүнөн уккусу келгендиктен сураса керек. Ошондой эле ал Падышалык бийлик менен келип, жүйүттөрдүн үмүтүн ишке ашыра турган «башка» бирөөнү күтүү керекпи, жокпу, ошону билгиси келген. Ыйсанын жообунан башка бирөөнү күтүүнүн зарылдыгы жоктугу айкын болот.

Мт. 19:28 — Соттоло турган «Ысрайылдын он эки уруусу» эмнени билдирет? Алар Кудайдын рухий Ысрайылынын 12 уруусун билдирбейт (Гал. 6:16; Аян 7:4—8). Ыйсанын бул сөздөрүн уккан шакирттер соттоло тургандарга эмес, рухий Ысрайылдын мүчөсүнө киришкен. Ыйса алар менен «Падышалык келишимин түзгөндүктөн», алар «падышалар жана ыйык кызмат кылуучулар» болушмак (Лк. 22:28—30, «ЖД»; Аян 5:10). Бул рухий Ысрайыл «дүйнөнү соттойт» (1 Кор. 6:2). Демек, асмандагы тактыдагылар тарабынан соттоло турган «Ысрайылдын он эки уруусу» адамзат коомун билдирип, падышалар менен ыйык кызмат кылуучулар тобуна кирбейт. Муну 12 уруу баяндалган Күнөөдөн арылуу күнү жөнүндөгү билдирүү тастыктап турат (Лебилер 16-бөлүм).

Биз алчу сабактар:

Мт. 4:1—10. Бул билдирүүдөн Шайтан жөн гана жамандыкты билдирбээрин, анын, чынында эле, бар экенин билүүгө болот. Ал азгырыш үчүн адамдын дене кумарын, көз кумарын жана турмуш тиричиликтеги текебердикти колдонот. Бирок буга карабастан, ыйык китептик принциптерге кармануу бизге Кудайга берилген бойдон калууга жардам берет (1 Жкн. 2:16).

Мт. 5:1—7:29. Рухий муктаждыгыңды сез. Тынчтыкка умтул. Адеп-ахлаксыз ойлорду четке как. Берген убадаңды аткар. Материалдык нерселер жөнүндө эмес, биринчи кезекте, рухий нерселер жөнүндө тилен. Кудайдын алдында бай бол. Баарынан мурда Кудайдын Падышалыгын жана анын адилдигин изде. Сын көзкарашта болбо. Кудайдын эркин аткар. Ооба, Тоодогу насаатта, чынында эле, иш жүзүндө колдонорлук кеңештер камтылган.

Мт. 9:37, 38. Кожоюнга «түшүмүн жыйнаганга жумушчуларды жиберүүсүн» сурап тиленип, тиленүүбүзгө жараша шакирт даярдоо ишине ынталуулук менен катышышыбыз зарыл (Мт. 28:19, 20).

Мт. 10:32, 33. Башкаларга ишенимибиз жөнүндө айтуудан эч качан коркпошубуз керек.

Мт. 13:51, 52. Падышалык жөнүндөгү чындыктарды түшүнгөнүбүз бизге башкаларды окутуу жана аларга баалуу чындыктарды түшүндүрүү жоопкерчилигин артат.

Мт. 14:12, 13, 23. Терең ой жүгүртүү үчүн атайын убакыт бөлүү маанилүү (Мр. 6:46; Лк. 6:12).

Мт. 17:20. Рухий өсүшүбүзгө жолтоо болгон тоодой тоскоолдуктарды жана башка кыйынчылыктарды жеңүү үчүн бекем ишеним керек. Ошон үчүн Жахабага жана анын убадаларына болгон ишенимибизди бекемдөөгө кошкөңүл карабайлы (Мр. 11:23; Лк. 17:6).

Мт. 18:1—4; 20:20—28. Ыйсанын шакирттерине жеткилеңсиздик, мурун туткан дини күчтүү таасир эткендиктен, алар биринчиликке умтулушкан. Андыктан биз мындай күнөөлүү шыгыбыз менен күрөшүү үчүн жана жыйналышта ээ болгон сыймыктуу жоопкерчиликтерге карата туура көзкараш сактоо үчүн момундукту өрчүтүшүбүз керек.

«АДАМ УУЛУН... АДАМДАРДЫН КОЛУНА САЛЫП БЕРИШЕТ»

(Мт. 21:1—28:20)

Биздин замандын 33-жылы 9-нисанда Ыйса «кодикке минип», Иерусалим шаарына кирет (Мт. 21:5). Эртеси ийбадатканага барып, сатуучулардын баарын кууп чыгат. 11-нисанда болсо ийбадатканадагы элди окутуп, мыйзам окутуучулар менен фарисейлерди ашкерелейт. Анан шакирттерине өзүнүн катышуусунун убагын, «дүйнөнүн акыры келип калганын кандай белгилер аркылуу билсе болорун» айтып берет (Мт. 24:3). Ал эми кийинки күнү окуучуларына: «Эки күндөн кийин Пасах майрамы болорун билесиңер. Адам Уулун айкаш жыгачка [«устунга», «ЖД»] кадаш үчүн, адамдардын колуна салып беришет»,— дейт (Мт. 26:1, 2).

14-нисан. Ыйса Эскерүү кечесин негиздегенден кийин аны бир шакирти сатып жиберет. Ыйса колго түшүрүлүп, берилгендиги сыналып, акырында устунга кадалып өлтүрүлөт. Бирок үч күндөн кийин тирилтилет. Асманга кетердин алдында ал жолдоочуларына: «Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла»,— деген буйрук берет (Мт. 28:19).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Мт. 22:3, 4, 9 — Үйлөнүү тоюна качан үч жолу чакырык болду эле? Колуктуну түзгөн майлангандар тобун чогултуу үчүн чыккан биринчи чакырык б.з. 29-жылы Ыйса шакирттери менен кабар айта баштагандан тартып, б.з. 33-жылына чейин созулган. Экинчи чакырык б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында Ыйсанын окуучуларына ыйык рух түшкөндөн б.з. 36-жылына дейре созулган. Эки чакырык тең жүйүттөргө, алардын динин кабыл алгандарга жана самариялыктарга эле тиешелүү болгон. Ал эми үчүнчү чакырык шаардын чоң көчөлөрүндөгү элдерге, жүйүт эместерге, карата айтылып, б.з. 36-жылы римдик аскер башчы Корнелийдин чыныгы Кудайга кайрылганынан баштап, биздин күндөргө чейин улантылууда.

Мт. 23:15 — Фарисейлердин ишенимин кабыл алгандар кандайча аларга караганда «эки эсе ашып түшкөн оттуу көл уулуна айланышкан»? Фарисейлердин ишенимин кабыл алгандардын айрымдары мурун олуттуу күнөө жасап келиши мүмкүн эле. Бирок фарисейлердин ишенимин кабыл алгандан кийин алар мурункудан эки эсе бузулуп, ашкереленген окутуучуларынан аша чаап, чектен чыгып кетишсе керек. Ошондуктан алар жүйүт фарисейлерине караганда «эки эсе ашып түшкөн оттуу көл уулуна айланышкан».

Мт. 27:3—5 — Жүйүттү «абийири кыйнаганы» («ЖД») эмнени көрсөтүп турат? Бул анын чындап өкүнгөнүн билдирбейт. Ал кечирим сурап Кудайга кайрылгандын ордуна, күнөө кетиргенин башкы ыйык кызмат кылуучуларга жана аксакалдарга айткан. «Өлүмгө дуушар кыла турган күнөө» кетирген Жүйүттүн эмне себептен өзүн күнөөлүү сезип, көңүлү чөккөнү түшүнүктүү (1 Жкн. 5:16). Абийиринин кыйнаганы анда келечекке эч кандай үмүт жок экенин көрсөтүп турат.

Биз алчу сабактар:

Мт. 21:28—31. Жахаба анын эркин аткарып жатканыбызды жогору баалайт. Мисалы, Падышалык жөнүндө кабар айтууга, шакирт даярдоого ынталуулук менен катышууга тийишпиз (Мт. 24:14; 28:19, 20).

Мт. 22:37—39. Кудай ага сыйынгандардан эмнени талап кылары бул эки маанилүү осуятта кандай гана кыска-нуска чагылдырылган!

[31-беттеги сүрөт]

© 2003 BiblePlaces.com

Оруп-жыюу ишине ынталуу катышып жатасыңбы?

Матай Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жазган