Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окутуу чеберчилигиңди жакшырт

Окутуу чеберчилигиңди жакшырт

Окутуу чеберчилигиңди жакшырт

«Кудайдын сөзүн айт... ашкереле, тыюу сал, акыл-насаат айт, чыдамдуулук менен үйрөт» (2 Тим. 4:2).

1. Ыйса шакирттерине кандай иш тапшырган жана аларга кандай үлгү калтырган?

ЫЙСА жердеги кызматында керемет жолу менен көптөрдү айыктырса да, ал, негизинен, дарыгер же керемет жасоочу эмес, окутуучу-устат катары белгилүү болгон (Мр. 12:19; 13:1). Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоо Ыйса үчүн биринчи орунда турган. Анын жолдоочулары үчүн да биринчи орунда турат. Алар башкаларга Ыйсанын бардык буйруктарын аткарууну окутуп-үйрөтүп, шакирт даярдоо ишин улантышууда (Мт. 28:19, 20).

2. Кабар айтуу тапшырмасын аткаруу үчүн эмнеге ээ болуу зарыл?

2 Биз шакирт даярдоо тапшырмасын аткаруу үчүн, окутуу жөндөмдүүлүгүн жакшыртууга ар дайым умтулуп келебиз. Элчи Пабыл кызматташы Тиметейге жазган катында ошондой жөндөмдүүлүктүн маанилүүлүгүн баса белгилеген. Пабыл: «Өзүңө жана окутууга көңүл бур, ушул нерседе туруктуу бол, анткени ошентүү менен өзүңдү да, угуучуларыңды да куткарасың»,— деп жазган (1 Тим. 4:16). Бул жердеги Пабылдын «окутуу» деген сөзү тек гана билим берүүнү билдирбейт. Ыйсанын окутууга жөндөмдүү жолдоочусу башкалардын жүрөгүн козгоп, жашоосун өзгөртүүгө түрткү берет. Ан үчүн өзүнчө чеберчилик керек. Анда биз Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды айтууда окутуу чеберчилигин кантип өрчүтө алабыз? (2 Тим. 4:2).

Окутуу чеберчилигин өрчүтүү

3, 4. а) Окутуу чеберчилигин кантип өрчүтө алабыз? б) Теократиялык кызмат мектеби жөндөмдүү окутуучу болууга кандайча жардам берет?

3 Бир сөздүккө ылайык, «чеберчилик — окуп-изилдөөнүн, билимди иш жүзүндө колдонуунун же кимдир бирөөгө байкоо салуунун аркасында өрчүй турган шык-жөндөм». Ыйык Китептеги чындыктарды окутууга жөндөмдүү болуш үчүн, ушул үч иш-аракетке көңүл буруу керек. Биз тиленүү аркылуу терең изилдөө жүргүзгөндө гана туура түшүнүккө ээ болобуз (Оку: Забур 118:27, 34). Андан тышкары, жакшы окута билген ишенимдештерибиздин окутканына байкоо салуу алардын окутуу ыкмасын үйрөнүүгө жардам берет. Ал эми үйрөнгөндөрүбүздү иш жүзүндө ар убак колдонуу шык-жөндөмүбүздү жакшыртууга өбөлгө түзөт (Лк. 6:40; 1 Тим. 4:13—15).

4 Жахаба биздин Улуу Насаатчыбыз. Ал өзүнүн жердеги кызматчыларына кабар айтуу тапшырмасын аткарууга уюмунун көзгө көрүнгөн бөлүгү аркылуу жетекчилик берип келет (Ыш. 30:20, 21). Ошондуктан ар бир жыйналышта жума сайын Теократиялык кызмат мектеби өткөрүлөт. Анын максаты — Мектепке жазылгандардын баарына Падышалыктын чебер окута билген жарчысы болууга көмөк кылуу. Мектептин негизги окуу куралы болуп Ыйык Китеп эсептелет. Ыйык Китептен — Жахабанын ыйык руху менен жазылган Сөзүнөн — эмнелерди окутуу керектигин билебиз. Ошондой эле андан окутуунун кайсы ыкмалары натыйжалуу жана ылайыктуу экенин көрөбүз. Теократиялык кызмат мектебинде жөндөмдүү окутуучу болуш үчүн Кудайдын Сөзүнө ылайык окутуу, суроолорду туура бере билүү, жөнөкөй, түшүнүктүү тил менен окутуу жана башкаларга чыныгы кызыгуу көрсөтүү зарыл экени ар дайым эсибизге салынып турат. Келгиле, бул айтылган ойлордун ар бирин өз-өзүнчө талдап чыгалы. Андан соң кызыгуучунун жүрөгүн кантип козгоого болорун карайлы.

Кудайдын Сөзүнө ылайык окут

5. Окутуубуз эмнеге негизделиши керек жана эмне үчүн?

5 Тарыхтагы улуу окутуучу Ыйса Ыйык Жазмага ылайык окуткан (Мт. 21:13; Жкн. 6:45; 8:17). Ал өз атынан эмес, аны Ким жиберсе, Ошонун атынан сүйлөгөн (Жкн. 7:16—18). Биз Ыйсадан үлгү алууга тийишпиз. Андыктан үйдөн үйгө кабар айтканда же кимдир бирөө менен Ыйык Китепти изилдегенде айткандарыбыздын баары Кудайдын Сөзүнө негизделиши керек (2 Тим. 3:16, 17). Тилибизден «чаң чыккан» күндө да, биздин айткандарыбыз ыйык рух менен жазылган Жазманын күчүнө тең келе албайт. Анткени Ыйык Китептин таасири абдан зор. Кызыгуучуга кайсы бир ойду түшүндүрүп жатканда, ал жөнүндө Ыйык Китепте эмне делгенин өзүнө окутуу жакшы натыйжа берет (Оку: Эврейлерге 4:12).

6. Кызыгуучунун талкууланган ойлорду түшүнүп жатканына кантип ынанууга болот?

6 Албетте, жогоруда айтылгандар ыйык китептик изилдөөлөрдү даярданбай эле өткөрө берүүгө болорун билдирбейт. Тескерисинче, жарчы изилдөө учурунда Ыйык Китептен келтирилген аяттардын кайсынысын өзү окуурун, кайсынысын кызыгуучуга окутарын алдын ала аныктап алышы керек. Жалпы жонунан айтканда, биздин окууларды далилдей турган аяттарды окуу абзел. Ошондой эле ар бир окулган аятты түшүндүрүп берүү да зарыл (1 Кор. 14:8, 9).

Суроолорду бере бил

7. Суроо берүү эмне үчүн окутуунун жакшы ыкмасы?

7 Туура берилген суроолор кызыгуучуга ойлонууга түрткү берип, анын жүрөгүн козгойт. Андыктан аяттарды өзүң эле түшүндүрүп бере салбай, кызыгуучудан аларды кандай түшүнгөнүн сура. Айрым учурда ага ойду туура түшүнүүгө жардам бериш үчүн, кошумча бир же бир нече суроо берүүгө туура келет. Мындай окутуу ыкмасы бизге тигил же бул тыянак эмне себептен чыгарылып жатканын түшүндүрүп берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Андан тышкары, ошол тыянактын тууралыгына анын өзү ынангыдай болушуна өбөлгө түзөт (Мт. 17:24—26; Лк. 10:36, 37).

8. Кызыгуучунун жүрөгүндө эмне бар экенин кантип билүүгө болот?

8 Биздин адабияттарда суроо-жооп иретиндеги окутуу ыкмасы көп колдонулат. Ыйык Китепти изилдегендердин көбү берилген суроолорго абзацтардагы маалыматтарды колдонуп жооп берүүгө бат эле көнүп кетишет. Анткен менен кыраакы окутуучу туура жоопко гана алымсынып калбайт. Маселен, кызыгуучу Ыйык Китепте бузуктук жөнүндө эмне делерин туура түшүндүрүп бере алышы мүмкүн (1 Кор. 6:18). Бирок оңтойсуз абалга калтырбаган суроолорду берүү менен кызыгуучунун ал туурасында жеке өзү кандай ойдо экенин биле алабыз. Мисалы: «Никеден тышкаркы жыныстык мамилелер Ыйык Китепте эмне себептен туура эмес делет? Кудайдын мындай чектөөсүнө сен кандай карайсың? Кудайдын талабына ылайык адеп-ахлактуу жашоо өткөрүүнүн пайдасы бар деп ойлойсуңбу?» — деп сурап көрүүгө болот. Кызыгуучунун берген жооптору анын жүрөгүндө эмне бар экенин көрсөтөт (Оку: Матай 16:13—17).

Түшүнүктүү окут

9. Ыйык Китептеги ойлорду талкуулап жатканда эмнени эстен чыгарбоо керек?

9 Кудайдын Сөзүндөгү чындыктардын көбү, негизинен, жөнөкөй келет. Кээде жалган диндин окуулары канына сиңип калган адамдар менен Ыйык Китепти изилдеген учурлар болот. Андайда биздин милдетибиз Ыйык Китептеги чындыктарды түшүнүктүү кылып окутуу. Жакшы окутуучулар маалыматты жөнөкөй, түшүнүктүү жана так жеткире билишет. Ушундай ыкмага кармансак, чындыкты ашыкча татаалдантпайбыз. Ан үчүн майда-чүйдө тактоолордон алыс бол. Окулган аяттагы камтылган ойлордун баарын ачып берүүнүн зарылдыгы жок; талкууланып жаткан ойго байланыштуу жагына гана токтол. Кызыгуучу талкууланган ойлорду түшүнгөн сайын, Ыйык Китептин тереңинде жаткан чындыктарды да өздөштүрө баштайт (Эвр. 5:13, 14).

10. Ар бир изилдөө сайын канча маалымат талкуулоо керектигин кантип аныктоого болот?

10 Ар бир изилдөө сайын канча маалымат талкууланышы керек? Ал көп нерседен көзкаранды. Маселен, кызыгуучу менен окутуучунун жөндөмдүүлүгү жана жагдай-шарты ар кандай болушу мүмкүн. Ошентсе да биз кызыгуучуга бекем ишеним өрчүтүүгө жардам берүүгө тийиш экенибизди эстен чыгарбашыбыз керек. Андыктан ага Кудай Сөзүндөгү чындыктарды окуп-түшүнүүгө жана алардын туура экенине ынанууга жетиштүү убакыт берүү керектир. Биз кызыгуучу өздөштүрө алгандан көп маалымат талкуулоодон качабыз. Бирок ошол эле учурда бир орунда тура бербейбиз: кызыгуучу негизги ойлорду түшүнгөн соң, изилдөөнү андан ары улантабыз (Кол. 2:6, 7).

11. Элчи Пабылдан эмнеге үйрөнүүгө болот?

11 Элчи Пабыл чындыкты жаңыдан угуп жаткандарга кабар айтканда жөнөкөй, жеткиликтүү сүйлөгөн. Ал жогорку билимге ээ болсо да, карапайым кишилердин «тиши өткүс» сөздөрдү колдонгон эмес (Оку: 1 Корунттуктарга 2:1, 2). Ыйык Китептеги чындык түшүнүктүү болгондуктан, жүрөгү таза адамдарды өзүнө тартып, аларга кубаныч берет. Аны түшүнүү үчүн «чилистен» болуунун зарылдыгы жок (Мт. 11:25; Элч. 4:13; 1 Кор. 1:26, 27).

Кызыгуучуларга окуп-үйрөнгөндөрүн баалоого жардам бер

12, 13. Кызыгуучуга алган билимин колдонууга эмне түрткү бериши мүмкүн? Мисал менен түшүндүргүлө.

12 Жакшы окутуучу болуу үчүн, адамдын жүрөгүн козгой билүү зарыл. Кызыгуучу алган билиминин жеке өзүнө кандай тиешеси бар экенин, андан кандай пайда аларын жана Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуу жашоосуна кандай таасир этерин түшүнүшү керек (Ыш. 48:17, 18).

13 Мисалы, аны менен Эврейлерге 10:24, 25-аяттарды талкуулап жатабыз дейли. Ал аяттарда Ыйсанын жолдоочулары бири-бирин Жазманын негизинде кубаттандыруу жана биртуугандык сүйүү өрчүтүү үчүн ишенимдештери менен чогулуп турууга чакырылат. Эгер изилдеп жаткан киши жыйналыш жолугушууларына бара элек болсо, алардын кандайча өткөрүлөрүн, ал жакта эмнелер талкууланарын кыскача айтып берсек болот. Андан тышкары, жыйналыштар сыйынуубуздун бир бөлүгү экенин жана аларга катышуудан өзүбүз кандай пайда алып жатканыбызды айта кетүү орундуу. Андан соң кызыгуучуну жыйналышка чакырсак болот. Ага Ыйык Китептеги ушу сыяктуу буйруктарга баш ийүүгө бизге жагынуу эмес, Жахабага тил алууну каалоо түрткү бериши керек (Гал. 6:4, 5).

14, 15. а) Жахаба тууралуу кызыгуучу эмнени биле алат? б) Жахабанын кандай Кудай экенин билүү кызыгуучуга кандай таасир этиши мүмкүн?

14 Эң негизгиси, Ыйык Китепти изилдөөнүн, андагы принциптерди колдонуунун аркасында адам Жахабанын чынында эле бар экенин, анын кандай касиет-сапаттарга, жөндөмдүүлүктөргө ээ экенин билип, ага сүйүү өрчүтө алат (Ыш. 42:8). Ошондо ал Жахабанын мээримдүү Ата, Жараткан жана Ааламдын Эгедери экенин билүүдөн тышкары, Ага сүйүү менен кызмат кылгандарга кандай мамиле кыларын өз тажрыйбасынан улам түшүнөт (Оку: Чыгуу 34:6, 7). Муса ысрайылдыктарды Мисир кулчулугунан алып чыгар алдында, Жахаба өзү жөнүндө: «Мен ким болууну кааласам, ошол болом»,— деген (Чыг. 3:13—15, «ЖД»). Бул анын тандап алган элине байланыштуу ой-ниетин аткаруу үчүн, ким болуу керек болсо, ошол боло аларын билдирген. Натыйжада ысрайылдыктар Жахабанын Куткаруучу, Кам көрүүчү, убадаларын Аткаруучу, майдан Жоокери жана башка өзгөчөлүктөргө ээ Кудай экенин таанып-билишкен (Чыг. 15:2, 3; 16:2—5; Жаш. 23:14).

15 Албетте, Жахаба кызыгуучуга, Мусага керемет жолу менен жетекчилик бергендей, жетекчилик бербейттир. Ошентсе да кызыгуучу алган билимин жашоосунда колдонуп, ишеними менен ыраазычылыгы арткан сайын кайраттуулукка, акылмандыкка жана жетекчиликке ээ болуу үчүн Жахабага таянуу керектигин баамдай баштаары бышык. Ошондой эле Жахабанын ары даанышман, ары ишеничтүү Кеңешчи, Коргоочу жана анын бардык муктаждыктарына берешендик менен кам көргөн Кудай экенине да ынанат (Заб. 54:23; 62:8; Накыл 3:5, 6).

Сүйүүң менен кызыгуу көрсөт

16. Жакшы окутуучу болуу үчүн тубаса жөндөм керекпи?

16 Эгер өзүңдү башкаларды окутууга шыгым жок деп ойлосоң, көңүлүңдү чөгөрбө. Учурда бүткүл дүйнө жүзү боюнча жүрүп жаткан билим берүү программасын Жахаба менен Ыйса көзөмөлдөйт (Элч. 1:7, 8; Аян 14:6). Аракет кыла берсек, алар биздин сөздөрүбүздү жүрөгү таза адамдарга таасир эткидей кылып коё алат (Жкн. 6:44). Жарчынын окутууга тубаса жөндөмү болбосо да, кызыгуучуга болгон сүйүүсү, адатта, жакшы натыйжа берет. Элчи Пабыл да билим алып жаткан адамга сүйүү көрсөтүү маанилүү экенин баса белгилеген (Оку: 1 Тесалоникалыктарга 2:7, 8).

17. Ыйык Китепти изилдеген адамга канткенде чын дилден кызыгуу көрсөтөбүз?

17 Ыйык Китепти изилдеп жаткан адамга чын дилден кызыгуу көрсөтүү аны менен жакшыраак таанышуу үчүн убакыт бөлүүгө түрткү берет. Балким, ыйык китептик кайсы бир принципти талкуулап жатканда, адамдын жагдай-шарты тууралуу көбүрөөк билеттирбиз. Ошондой эле анын Ыйык Китептеги айрым кеңештерди колдонуп жатканын же кайсы бир жактардан өзгөрүшү керектигин байкай алабыз. Эгер кызыгуучуга изилдөө учурунда билип жаткандарынын жеке өзүнө кандай тиешеси бар экенин түшүнүүгө жардам берсек, ал Ыйсанын жакшы шакирти болору күмөнсүз.

18. Кызыгуучу менен тиленип жатканда ал үчүн тиленүү эмне себептен маанилүү?

18 Баарынан маанилүүсү, биз Жахабага кызыгуучу менен чогуу кайрылып жатканда ал үчүн тиленсек болот. Тиленүүбүздөн ага Жаратканды жакшы таанып-билүүгө, Ага жакындоого жана Анын жетекчилигинен пайда алууга жардам бергибиз келери көрүнүп турушу керек (Оку: Забур 24:4, 5). Жахабадан кызыгуучунун үйрөнгөндөрүн колдонуу үчүн кылып жаткан аракетине бата берүүнү да сурасак болот. Анын аркасында кызыгуучу «сөздү... аткаруучулардан болуу» маанилүү экенин түшүнөт (Жкп. 1:22). Ошондой эле биздин чын жүрөктөн айтылган тиленүүлөрүбүздү угуп, өзү да тиленүүгө үйрөнөт. Анын Жахаба менен өз ара мамиле өрчүтүп жатканын көрүү биз үчүн абдан кубанычтуу!

19. Кийинки макалада кайсы суроо каралат?

19 Дүйнө жүзү боюнча Жахабанын алты жарым миллиондон ашуун Күбөсү жүрөгү таза адамдарга Ыйсанын бардык буйруктарын аткарууга үйрөтүү үчүн окутуу чеберчилигин өрчүтүп жатышат. Бул бизди кандай гана кубаттандырат! Кабар айтуу иши азыр кандай натыйжа берүүдө? Бул суроонун жообу кийинки макалада каралат.

Эсиңердеби?

• Ыйсанын жолдоочулары окутуу чеберчилигин эмне себептен жакшыртууга тийиш?

• Жакшы окутуу үчүн кандай ыкмаларды колдонууга болот?

• Окутууга тубаса жөндөмүбүз жок болсо да, канткенде жакшы натыйжага жете алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Теократиялык кызмат мектебине жазылдыңбы?

[10-беттеги сүрөт]

Кызыгуучуну аяттарды окууга үндөө эмне үчүн маанилүү?

[12-беттеги сүрөт]

Кызыгуучуну менен чогуу тиленгенде ал үчүн да тилен