Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Падышалыкка татыктуу деп табылгандар

Падышалыкка татыктуу деп табылгандар

Падышалыкка татыктуу деп табылгандар

«Кудайдын адилет сотунун негизинде Кудайдын Падышачылыгына татыктуу деп табыласыңар» (2 Тес. 1:5).

1, 2. Кудайдын Сот күнүнө байланыштуу кандай ой-ниети бар жана аны ким жүргүзөт?

БИЗДИН ЗАМАНДЫН 50-жылдарында элчи Пабыл Афин шаарында эле. Шаарда бурканга сыйынуучулуктун кеңири жайылганын көрүп иренжисе да, Пабыл андагы бутпарас элге жакшы күбөлөндүрүү берген. Ал кабарын ойлонууга түрткү берген сөздөр менен аяктаган: «Кудай... азыр бардык жерде бардык адамдарга тобо кылууну буйруп жатат. Анткени Ал бир күндү белгилеп койду. Ошол күнү ааламды Өзү алдын ала белгилеп койгон Адам аркылуу адилеттик менен соттойт. Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилтүү менен, Ал муну бардык адамдарга далил катары көрсөттү» (Элч. 17:30, 31).

2 Ооба, Кудайдын келечекте адамзатты соттоо үчүн бир күндү белгилеп койгонун билүү кимди болбосун сестентпей койбойт. Пабыл ал сотту ким жүргүзөрүн афиндиктерге айткан эмес. Бирок бизге анын тирилтилген Ыйса Машайак экени маалым. Анын соту бирөөлөр үчүн — өмүр, бирөөлөр үчүн өлүм алып келет.

3. Жахаба Ыбрайым менен кандай максатта келишим түзгөн жана анын аткарылышында негизги орунду ким ээлейт?

3 Сот күнү 1 000 жылга созулат. Соттун жүрүшүн Жахабанын атынан Ыйса — Кудайдын Падышалыгынын Падышасы — жетектейт. Ага жардам бергендер да болот. Аларды Жахаба адам уулдарынын арасынан тандап, Ыйса менен миң жыл кошо башкарууга жана сот жүргүзүүгө дайындаган (Салыштыргыла: Лука 22:29, 30). Мындан дээрлик 4 000 жыл мурун Жахаба өзүнүн ишенимдүү кызматчысы Ыбрайым менен келишим түзүү менен ошол Сот күнүнө байланыштуу алгачкы иш-чарасын көргөн (Оку: Башталыш 22:17, 18). Ал келишим б.з.ч. 1943-жылы күчүнө кирген көрүнөт. Албетте, Ыбрайым келишимдин жалпы адамзатка кандай пайда алып келерин учурунда толугу менен аңдаган эмес чыгар. Ал эми биз Кудайдын адамзатты соттоого байланыштуу ой-ниетинин аткарылышында, ошол келишимге ылайык, Ыбрайымдын тукуму өзгөчө орунду ээлээрин билебиз.

4, 5. а) Тукумдун негизги бөлүгү ким болгон жана ал Падышалык жөнүндө эмне деген? б) Ыйса менен кошо башкара тургандар башкарууга качантан тартып толук үмүттөнө алышкан?

4 Биздин замандын 29-жылы ыйык рух менен майланып Машайак болгон Ыйса Ыбрайымдын тукумунун негизги бөлүгү болгон (Гал. 3:16). Андан кийинки үч жарым жыл ичинде Ыйса Жүйүт элине Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды тараткан. Чөмүлдүрүүчү Жакан камакка алынгандан кийин Ыйса: «Чөмүлдүрүүчү Жакандын убагынан ушул убакка чейин Асман Падышачылыгы күч менен алынып келе жатат [«асман Падышалыгына адамдар бүт күчү менен умтулуп келатышат», «ЖД»], ага күч жумшагандар ээ болушат»,— деген. Бул айтылгандар аны менен асман Падышалыгында кошо башкарууга башкаларга да мүмкүнчүлүк берилерин көрсөткөн (Мт. 11:12).

5 Кызыктуусу, асман Падышалыгына «ээ боло» тургандар жөнүндө айтардан мурда Ыйса: «Силерге чындыкты айтып коёюн, аял затынан төрөлгөндөрдүн арасында чөмүлдүрүүчү Жакандан чоңу болгон эмес. Бирок Асман Падышачылыгындагылардын эң кичинеси андан чоң»,— деген (Мт. 11:11). Эмне үчүн? Анткени Ыйсанын ишенимдүү жолдоочулары аны менен падышалык кылууга б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында ыйык рух алгандан кийин гана толук түрдө үмүттөнө алышкан. Ал эми Чөмүлдүрүүчү Жакан ошол кезге чейин эле дүйнөдөн өтүп кеткен (Элч. 2:1—4).

Ыбрайымдын тукуму адил деп жарыяланган

6, 7. а) Ыбрайымдын тукуму кандай мааниде «асмандагы жылдыздардай» болгон? б) Ыбрайымга кандай бата берилген жана анын тукуму, ага окшоп, кандай бата алууда?

6 Ыбрайымга анын тукуму көбөйүп, «асмандагы жылдыздардай, деңиз жээгиндеги кумдай» болору айтылган (Башт. 13:16; 22:17). Башкача айтканда, Ыбрайымдын учурунда анын тукуму канча кишиден турарын так билүү мүмкүн эмес эле. Бирок убакыттын өтүшү менен андан чыккан рухий тукумдун так саны белгилүү болгон. Аны, Ыйсадан тышкары, 144 000 киши түзгөн (Аян 7:4; 14:1).

7 Ыбрайымдын ишеними жөнүндө Кудай Сөзүндө: «Ыбрам Теңирге ишенди. Теңир анын ишенимин ага адилдик катары эсептеди»,— делет (Башт. 15:5, 6). Чынында, бир да кишини толугу менен адил деп айтууга болбойт (Жкп. 3:2). Ошентсе да Жахаба Ыбрайымдын көрсөткөн бекем ишениминин негизинде аны адил деп эсептеп, атүгүл «досум» деп атаган (Ыш. 41:8). Ыйсага кошулуп Ыбрайымдын рухий тукумун түзгөндөр да адил деп жарыяланышкан. Мунун аркасында алар Ыбрайым алган батадан да чоң бата алышат.

8. Ыбрайымдын тукумунун мүчөлөрү кандай баталарды алышат?

8 Ыйсанын майланган жолдоочулары анын куткаруу курмандыгына ишенгендиктен, адил деп жарыяланышат (Рим. 3:24, 28). Жахабанын алдында алар күнөөдөн тазаланышкан жана Кудайдын рухий уулдары, Ыйса Машайактын биртуугандары болуш үчүн ыйык рух менен майланышкан (Жкн. 1:12, 13). Майлангандар менен жаңы келишим түзүлгөн жана алар «Кудайдын Ысрайылы» катары жаңы эл болгон (Гал. 6:16; Лк. 22:20). Мунун баары алар үчүн — кандай гана чоң артыкчылык! Андыктан майлангандар жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнүшпөйт. Алар Сот күнүндө Ыйса менен бирге болуудан жана аны менен асманда кошо башкаруудан ала турган зор кубаныч үчүн жерде жашоо мүмкүнчүлүгүнөн кечүүгө даяр (Оку: Римдиктерге 8:17).

9, 10. а) Ыйсанын жолдоочулары ыйык рух менен биринчи жолу качан майланышкан жана аларды алдыда эмне күтүп турган? б) Майлангандар кандай жардам алышкан?

9 Биздин замандын 33-жылы Элүүнчү күн майрамында ишенимдүү адамдардын чакан тобуна Сот Күнүндө аны менен кошо башкара тургандардын катарына кирүү мүмкүнчүлүгү берилген. Ыйсанын 120 чакты шакирти ыйык рухка чөмүлтүлүп, анын эң биринчи майланган жолдоочулары болгон. Бирок асманда жашоо үчүн алар башынан дагы көптү өткөрүшмөк. Тактап айтканда, Шайтандын бардык азгырык-сыноолоруна каршы туруп, Жахабага болгон берилгендигин көрсөтүшү керек эле. Асмандагы өмүр таажысын алыш үчүн, алар өлүм алдында да ишенимдүү бойдон калууга тийиш болчу (Аян 2:10).

10 Ошондуктан Жахаба майлангандарды Сөзү жана жыйналыштар аркылуу зарыл болгон насаат-кеңештерди берип, кубаттандырып турган. Элчи Пабыл Ыйсанын Тесалоникадагы жолдоочуларына: «Ар бириңерге атасы балдарына кылгандай мамиле кылдык: силерге кайрат берип, силерди сооротуп, силерди Өз падышачылыгына жана даңкына чакырып алган Кудайга татыктуу жашашыңарды өтүндүк»,— деп жазган (1 Тес. 2:11, 12).

11. «Кудайдын Ысрайылы» үчүн эмнелер жазылган?

11 Ыйсанын майланган жолдоочуларынын жыйналышынын биринчи мүчөлөрү тандалгандан ондогон жылдар өткөндө, Жахаба ыйык рухунун жетеги менен өзгөчө билдирүүнүн жазылып, сакталышын туура көргөн. Ал билдирүүлөрдө Ыйсанын жердеги кызматы, ошондой эле Жахабанын майлангандар менен болгон мамилеси, аларга берген акыл-насааттары жөнүндө айтылган. Алар Грек Жазмалары деп аталып, ага чейин жазылган Эврей Жазмаларына кошулган. Эврей Жазмалары, биринчи кезекте, Кудай менен өзгөчө мамиледе болуп жүргөн маалдагы байыркы ысрайыл элине арналган. Грек Жазмалары болсо, негизинен, «Кудайдын Ысрайылына» — Машайактын биртуугандары жана Кудайдын рухий уулдары катары майлангандарга — тиешелүү. Анткен менен Эврей Жазмаларын изилдөөдөн ысрайыл элине кирбегендер да пайда алып келишкен. Ошо сыяктуу эле, Грек Жазмаларын окуп-изилдөөдөн, андагы кеңештерди колдонуудан Ыйсанын майланбаган жолдоочулары да чоң пайда ала алышат (Оку: 2 Тиметейге 3:15—17).

12. Пабыл Ыйсанын майланган жолдоочуларына эмне деген?

12 Ыйсанын биринчи кылымдагы жолдоочулары асмандагы мураска жетиш үчүн адил деп жарыяланып, ыйык рух менен майланган. Бирок аларга жерде жүргөндө башка майлангандардын үстүнөн бийлик жүргүзүүгө укук берилген эмес. Кыязы, Ыйсанын алгачкы айрым жолдоочулары муну эсинен чыгарып койгон. Натыйжада жыйналыштагы биртуугандардын арасында көрүнүктүү абал ээлөөгө умтулган. Ошондон улам Пабыл: «Силер тоюп калдыңар, силер байып калдыңар, силер бизсиз эле падышачылык кыла баштадыңар. Силер чыны менен эле падышачылык кылып жатсаңар кана, анда биз да силер менен бирге падышачылык кылмакпыз!» — деп айткан (1 Кор. 4:8). Андан соң майланган замандаштарына: «Биз силердин ишенимиңердин үстүнөн бийлик кылып жаткан жокпуз, тескерисинче, силердин кубанышыңарга өбөлгө түзүп жатабыз»,— деген (2 Кор. 1:24).

Алдын ала айтылган сандын толукталышы

13. Майлангандардын тандалуусу б.з. 33-жылдан кийин кандай жүргөн?

13 Ыйсанын майланган 144 000 жолдоочусу биринчи кылымда толугу менен тандалып бүткөн эмес. Тандалуу элчилердин көзү өткөнчө уланып, кийинчерээк жайлаган көрүнөт. Бирок майлангандар андан кийинки кылымдардан тартып, акыркы мезгилге чейин бирин-серин чогултулуп келген (Мт. 28:20). Ал эми 1914-жылы Ыйса такка отургандан баштап тандалгандардын саны тез өсө баштаган.

14, 15. Биздин убакта майлангандардын тандалуусуна байланыштуу эмнелер болгон?

14 Алгач Ыйса асманды Кудайдын бийлигине каршы чыккандардан биротоло тазалаган (Оку: Аян 12:10, 12). Андан соң Падышалыктын болочок башкаруучуларынын калдыгын чогултууга, 144 000ди түзгөндөрдүн санын толуктоого киришкен. 1930-жылдардын орто ченинде тандалуу соңуна чыгып калгандай көрүнгөн; кабарга кулак каккандардын көбү асманга кетүүнү каалабай калган: ыйык рух алардын «Кудайдын балдары» экенин күбөлөндүргөн эмес (Салыштыргыла: Римдиктерге 8:16). Алар өздөрүнүн жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашоого үмүттөнгөн «башка койлор» экенин түшүнүшкөн (Жкн. 10:16). Ошентип, 1935-жылдан бери кабар айтуу иши, негизинен, Жакан көргөн аяндагы «улуу кайгыдан» аман өтө турган «эбегейсиз көп адамдарды» чогултуу максатында жүргүзүлүп калган (Аян 7:9, 10, 14).

15 Бирок 1930-жылдардан кийин деле кээ бирөөлөр асмандагы жашоого чакырылган. Эмне себептен? Анын себептеринин бири, алар ишенимдүүлүгүн сактабай калгандардын ордуна чакырылса керек (Салыштыргыла: Аян 3:16). Пабылдын учурунда да чындыкты таштап кеткен майлангандар болгон (Флп. 3:17—19). Алардын ордуна Жахаба кимдерди тандамак? Муну ал өзү чечет. Бирок тандалгандар чындыкка жаңы келгендерден эмес, Ыйса Эскерүү кечесин негиздегенде жанында болгон шакирттерине окшоп, Кудайга болгон берилгендигин тийиштүү деңгээлде далилдегендерден болору акылга сыярлык * (Лк. 22:28).

16. Майлангандар үчүн ыраазы болууга кандай себеп бар жана эмнеден шектенбесек болот?

16 Анткен менен, кыязы, 1930-жылдардан берки чакырылгандардын баары ишенимдүүлүгүнөн тайып калгандардын ордуна тандалган деп ырастоого болбойт. Жахаба майлангандардын дүйнөнүн акыркы күндөрүнүн аягына чейин, Улуу Бабыл жок кылынганга дейре биздин арабызда болушуна кам көргөн көрүнөт * (Аян 17:5). Биз 144 000ди түзгөндөр Жахаба белгилеген убакта толугу менен чогуларына жана акыры, баары Падышалыкта бийлик жүргүзөрүнө шектенбесек болот. Ошондой эле, Кудайдын пайгамбарлык сөзүнө ылайык, уламдан-улам көбөйүп бараткан эбегейсиз көп адамдардын берилгендигин мындан ары да сактаарына ишенебиз. Жакында алар Шайтандын дүйнөсүнө келе турган «улуу кайгыдан» аман өтүп, Кудайдын жаңы заманына кубаныч менен киришет.

Кудайдын асмандагы өкмөтүнүн курамына киргендер жакында чогултулуп бүтөт!

17. Өмүрүнүн аягына чейин ишенимдүүлүгүн сактаган майлангандар, 1 Тесалоникалыктарга 4:15—17 жана Аян 6:9—11-аяттарга ылайык, эмне болгон?

17 Биздин замандын 33-жылынан бери Ыйсанын он миңдеген майланган жолдоочулары ишенимин бек сактап, өмүрүнүн аягына чейин берилгендигинен жазбай келишкен. Алар Падышалыкка татыктуу деп табылгандыктан, Машайактын башкара баштаганынан көп өтпөй сыйлыгын алышкан (Оку: 1 Тесалоникалыктарга 4:15—17; Аян 6:9—11).

18. а) Жердеги майлангандар эмнеден эч шектенбейт? б) «Башка койлор» майланган ишенимдештерине кандай карашат?

18 Жерде жүргөн майлангандар акырына чейин ишенимдүү бойдон калса, жакында сыйлыгын аларына эч шектенбейт. Ал эми миллиондогон «башка койлор» майланган биртуугандарынын көрсөткөн ишеними жөнүндө ой жүгүрткөндө, элчи Пабылдын айткандарына кошулушат. Пабыл: «Биз Кудайдын Жыйындарында силер менен мактанып жатабыз. Башыңардан кечирип жаткан куугунтуктар, кыйынчылыктар учурундагы чыдамдуулугуңар, ишенимиңер менен мактанып жатабыз. Ушуларды башыңардан кечирип жаткандыгыңар Кудайдын адилет соту боло тургандыгынын белгиси. Кудайдын Падышачылыгы үчүн азап чегип жаткан силер Кудайдын адилет сотунун негизинде Кудайдын Падышачылыгына татыктуу деп табыласыңар»,— деген (2 Тес. 1:3—5). Жердеги майлангандардын акыркысы асманга барганда, ал качан барбасын, Кудайдын асмандагы өкмөтүнүн мүчөлөрү толугу менен чогулуп бүтөт. Ошондо бардыгы: асмандагылар да, жердегилер да чексиз кубанычка бөлөнөт!

[Шилтемелер]

^ 15-абз. Кара: «Күзөт мунарасы», 1992-жыл, 1-март, 20-б., 17-абз., ор.

^ 16-абз. Кара: «Күзөт мунарасы», 2007-жыл, 1-май, «Окурмандардын суроолору», ор.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Кудай Ыбрайымга Сот күнүнө байланыштуу эмнени ачып берген?

• Ыбрайым эмне себептен адил деп жарыяланган?

• Адил деп жарыялануу Ыбрайымдын тукумуна эмнеге жол ачкан?

• Ыйсанын бардык жолдоочулары эмнеге байланыштуу эч шектенбейт?

[Изилдөө суроолору]

[20-беттеги сүрөт]

Ыйса жолдоочуларын Падышалыкка умтулууга чакырган

[21-беттеги сүрөт]

Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында Жахаба Ыбрайымдын тукумунун экинчи бөлүгүн тандай баштаган

[23-беттеги сүрөт]

Башка койлор майлангандардын акыркы күндөрдө алар менен чогуу болгонуна кубанычта