Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Теңирден алган тапшырмабызды аягына чыгаралы

Теңирден алган тапшырмабызды аягына чыгаралы

Теңирден алган тапшырмабызды аягына чыгаралы

«Теңирден алган тапшырмасын аягына чыгарсын» (Кол. 4:17).

1, 2. Адамзаттын алдында Ыйсанын жолдоочуларынын кандай милдети бар?

УЧУРДА замандаштарыбыздын алдында биздин милдетибиз чоң. Алардын бүгүн чыгарган чечиминен «улуу кайгыда» аман калар-калбаары көзкаранды (Аян 7:14). Кудайдын руху менен жазылган Накыл сөздөр китебинде: «Өлүмгө кыйылгандарды куткар. Өлүмгө өкүм кылынгандарды куткаруудан кантип баш тартасың?» — делет. Кандай гана күчтүү сөздөр! Азыр адамдарда тандоо мүмкүнчүлүгү бар. Ал тууралуу эскертпесек, алардын канына забын болуп калабыз. Ошол эле китепте: «Сен: „Мына, биз муну билген эмес элек“,— дегени турасыңбы? Эмне, жүрөктөрдү Сыноочу билбейт бекен? Сенин жүрөгүңдү Байкап Туруучу муну билет. Ал адамга кылган ишине жараша тиешесин берет»,— деп айтылат. Ооба, Жахабанын кызматчылары адамдардын өмүрү коркунуч алдында турганын «билген эмес элек» дей алышпайт (Накыл 24:11, 12).

2 Жахаба үчүн адамдын өмүрү баалуу. Андыктан ал, мүмкүн болушунча көбүрөөк адам куткарылып калышы үчүн, өз кызматчыларын аларга жардам берүүгө бүт күч-аракетин жумшоого чакырат. Кудайдын ар бир кызматчысы Ыйык Жазмадагы өмүр сактоочу кабарды башкаларга айтышы керек. Биздин бул милдетибиз кандайдыр бир коркунуч туулганда элге эскертип турган күзөтчүнүн ишине окшош. Биз өмүрү коркунуч алдында турган адамдардын өлүмүнө себепкер болгубуз келбейт (Жез. 33:1—7). Ошондуктан «Кудайдын сөзүн айтууга» ынта коюшубуз кандай гана маанилүү (Оку: 2 Тиметейге 4:1, 2, 5).

3. Ушул жана кийинки эки макалада эмнелер каралат?

3 Бул макалада адамдарды өлүмдөн сактоочу кызматыбызда кездештирген кыйынчылыктарды кантип жеңүүгө жана колдон келишинче көбүрөөк адамга кантип жардам берүүгө болору каралат. Мындан кийинки макалада маанилүү чындыктарды окутуу чеберчилигин кантип өрчүтүүгө болору талкууланат. Ал эми үчүнчү макалада бүткүл дүйнө жүзү боюнча Падышалыктын жарчыларынын кандай жетишкендиктерге ээ болгону баяндалат. Булар тууралуу сөз кылардан мурун, биздин күндөр эмне себептен оор экенин карап чыгуу дурус.

Эмне үчүн үмүтсүздүк өкүм сүрүүдө?

4, 5. Адамзат башынан эмнелерди кечирип жатат жана бул көптөргө кандай таасир этүүдө?

4 Азыр болуп жаткан окуялар «дүйнөнүн акырында» жашап жатканыбызды жана анын жок болоруна аябай эле аз убакыт калганын көрсөтүп турат. Жалпы адамзат Ыйса жана анын шакирттери айткан «акыркы убакытты» айгинелеген окуялар менен кырдаалды баштан кечирип жатат. «Кыйынчылыктар», атап айтканда, согуштар, тамак-аштын жетишсиздиги, жертитирөөлөр жана башка кырсык-касиреттер көбөйүүдө. Мыйзамсыздык, өзүмчүлдүк, Кудайга жакпаган жүрүм-турум боло жүргөн нерсеге айланды. Ыйык китептик принциптер боюнча жашаган адамдар да азыркы «оор күндөрдүн» азабын тартууда (Мт. 24:3, 6—8, 12; 2 Тим. 3:1—5).

5 Тилекке каршы, адамзаттын басымдуу бөлүгү дүйнөдө болуп жаткан окуялардын чыныгы себебин билбейт. Натыйжада көптөр өзүнүн жана үйбүлөсүнүн келечеги үчүн тынчсызданышат. Айрымдары жакындарын жоготуп күйүт тартса, башкалары жеке турмушунда оор жагдайга кабылышат. Ушундай азап-кайгынын анык себебин жана анын баарынан кантип арылууга болорун билбегендиктен, көптөр үмүтсүздүккө алдырып келишет (Эф. 2:12).

6. «Улуу Бабыл» жактоочуларына эмне себептен жардам бере алган жок?

6 «Улуу Бабыл», жалган диндин дүйнөлүк империясы, адам баласына чыныгы жубатуу бере алган жок. Тескерисинче, «бузуктугунун шарабына» көптөрдү рухий жактан мас кылууда. Андан тышкары, бузуку аял сымал, «жер үстүндөгү падышаларды» азгырып, алардын үстүнөн бийлик кылып келет. Ал эми көпчүлүктү бийлик башындагыларга баш ийдирүү үчүн жалган окуулар менен спиритизмди колдонот. Жалган диндин күчү жана таасири чоң болсо да, ал диний чындыктардан таптакыр алыстап кеткен (Аян 17:1, 2, 5; 18:23).

7. Адамдардын көбүн эмне күтүп турат, бирок айрымдарга кантип жардам берүүгө болот?

7 Ыйса адамдардын көбү өлүмгө алып баруучу кенен жолдо баратканын айткан (Мт. 7:13, 14). Айрымдар Ыйык Китептин окууларын билип туруп четке каккандыктан кенен жол менен кетип баратат. Ал эми көптөрү Жахабанын чыныгы талаптарын билбей, рухий караңгылыкта жүргөндүктөн ошол жолго түшүп калышкан. Балким, алардын айрымдары ыйык китептик айкын жол-жоболорду билишсе, жашоосун өзгөртүшмөк. Бирок Улуу Бабылдан чыккысы келбей, ыйык китептик көрсөтмөлөрдү четке каккандар да бар. Алар өзгөрбөсө, «улуу кайгыда» жок кылынат (Аян 7:14).

Кабар айтууну токтотпойлу

8, 9. Ыйсанын алгачкы жолдоочулары каршылыктарга кабылганда эмне кылышкан жана эмне үчүн?

8 Ыйса өзүнүн жолдоочуларынын Падышалык жөнүндө кабар таратып, шакирт даярдаарын айткан (Мт. 28:19, 20). Ошондуктан Ыйсанын чыныгы жолдоочулары кабар айтуу ишине катышууну Кудайга болгон берилгендигин көрсөтүүнүн мүмкүнчүлүгү жана туткан дининин негизги талаптарынын бири катары карап келишкен. Бул Ыйсанын алгачкы жолдоочуларына куугунтукка кабылганда да кабар айта берүүгө түрткү берген. Алар Жахабанын күч берерине ишенгендиктен, ыйык рух сурап тиленишкен. Натыйжада анын «сөзүн тайманбастык менен» айта алышкан (Элч. 4:18, 29, 31).

9 Каршылыктар күч алып зордук-зомбулукка айланганда, Ыйсанын жолдоочулары кабар айтуудан жалкып калышканбы? Жок. Элчилердин кабар айтуусуна кыжырданган диний жетекчилер аларды камакка алышкан, коркутушкан жана сабашкан. Бирок элчилер «адамдарды окутуп, Ыйса Машайак жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратууну токтотушкан» эмес. Себеби «биринчи иретте адамдарга эмес, Кудайга баш ийүү керек» экенин жакшы түшүнүшкөн (Элч. 5:28, 29, 40—42).

10. Азыр Ыйсанын жолдоочулары кандай кыйынчылыктарга кабылууда жана алардын жүрүм-туруму кандай натыйжа бериши мүмкүн?

10 Бүгүнкү күндө Ыйсанын чыныгы жолдоочуларынын баары эле кабар айтканы үчүн сабалып, камакка алына бербейт. Анткен менен алар ар кыл сыноо-кыйынчылыктарга кабылышууда. Мисалы, алар абийири Ыйык Китеп боюнча үйрөтүлгөндүктөн, көпчүлүккө өөн учураган же башкалардан айырмалап турган жашоо өткөрүшөт. Чечимдерин ыйык китептик принциптердин негизинде чыгаргандыктан, чогуу иштешкендерине, классташтарына же коңшуларына жашоодон артта калгандай көрүнүшү мүмкүн. Ошентсе да башкалардын андай көзкараштары ындыныбызды өчүрбөшү керек. Себеби рухий караңгылык баскан дүйнөдө Ыйсанын жолдоочулары «жылдыздай жаркырап турууга» тийиш (Флп. 2:14, 15). Ошондо жүрөгү таза адамдар жакшы иштерибизди көрүп, Жахабаны даңкташы ыктымал (Оку: Матай 5:16).

11. а) Айрымдар кабарыбызды кандай кабыл алышы мүмкүн? б) Пабыл кандай каршылыктарга кабылган жана аларга кандай караган?

11 Падышалык жөнүндөгү кабарды токтотпостон тарата берүү үчүн кайраттуулук талап кылынат. Анткени айрымдар, атүгүл өз биртуугандарыбыз шылдыңдашы же ындыныбызды өчүрүүгө аракеттениши мүмкүн (Мт. 10:36). Элчи Пабыл кызматын берилгендикте аткарганы үчүн далай жолу сабоого алынган. Анын ошондой каршылыктарга кандай караганын байкасаңар. «Азап чегип, кордук көргөнүбүздү өзүңөр билесиңер,— деп жазган ал.— Катуу каршылыктарга карабастан, Кудайдан кайраттуулук алып, силерге Кудайдын Жакшы Кабарын жарыяладык» (1 Тес. 2:2). Куугунтуктоочулар Пабылды кармап, кийимдерин сыйрып алып, таяк менен сабап, түрмөгө салышкан. Ошондон кийин деле кабар айта берүү ал үчүн, албетте, оңойго турган эмес (Элч. 16:19—24). Анда ага тайманбас болууга эмне жардам берди эле? Кудайдын тапшырмасын аткарууга болгон күчтүү каалоо (1 Кор. 9:16).

12, 13. Айрымдар кандай кыйынчылыктарга кабылышат жана аларды жеңүү үчүн кандай аракеттерди жасашат?

12 Үй ээлерин кезиктирүү кыйын болгон же Падышалык жөнүндөгү кабарга көптөр кошкөңүл караган аймактарда кызмат кылганда жигердүүлүктү сактоо оңой эмес. Мындай учурда расмий эмес жагдайда күбөлөндүрүү үчүн көбүрөөк тайманбастык талап кылынышы мүмкүн. Ошондой эле күнтартибибизди ылайыкташтырып, күчүбүздү элдер менен көбүрөөк жолугууга мүмкүн болгон жерлерде кабар айтууга жумшасак болот (Салыштыргыла: Жакан 4:7—15; Элчилер 16:13; 17:17).

13 Дагы башкалар карылыктын жана начар денсоолуктун айынан кабар айтууга көңүлүндөгүдөй катыша алышпайт. Эгер сенин жагдайың да ушундай болсо, капаланба: Жахаба сенин мүмкүнчүлүгүңдүн чектелүү экенин жакшы түшүнөт жана колуңдан келгенди жасап жатканыңды жогору баалайт (Оку: 2 Корунттуктарга 8:12). Кандай гана кыйынчылыктар болбосун, мейли, каршылыктарбы, кошкөңүлдүкпү же начар денсоолукпу, кабар айтуу ишине өз жагдайыбызга жараша, колубуздан келген бардык күч-аракетибизди жумшай берели (Накыл 3:27; салыштыргыла: Марк 12:41—44).

Тапшырмабызды аягына чыгаралы

14. Пабыл ишенимдештерине кандай үлгү калтырган жана кандай кеңеш берген?

14 Элчи Пабыл кызматына абдан олуттуу караган жана ишенимдештерин да ошентүүгө үндөгөн (Элч. 20:20, 21; 1 Кор. 11:1). Ал колосалыктарга жазган катында Ыйсанын биринчи кылымда жашаган Архип аттуу жолдоочусун «Теңирден алган тапшырмасын аягына чыгарууга» үндөгөн (Кол. 4:17). Архиптин ким болгону да, анын жагдай-шарты да белгисиз, бирок ага кабар айтуу тапшырмасы берилгени бизге маалым. Эгер сен да Ыйсанын жолдоочусу болсоң, сага да кабар айтуу тапшырмасы берилген. Аны аягына чейин аткарууга чечкиндүүсүңбү?

15. Кудайга арналуу бизди эмнеге милдеттендирет жана ага байланыштуу кандай суроолор туулат?

15 Биз чөмүлтүлгөнгө чейин чын жүрөктөн тиленүү аркылуу жашообузду Жахабага арнаганбыз. Арналуубуз менен Кудайдын эркин аткарууну чечкенибизди көрсөткөнбүз. Андыктан биз ар дайым: «Кудайдын эркин аткаруу мен үчүн чынында эле жашоомдогу эң маанилүү ишпи?» — деп ойлоно жүргөнүбүз дурус. Жахабанын алдында биздин ар кандай милдеттерибиз бар. Алардын бири — үйбүлөбүзгө кам көрүү (1 Тим. 5:8). Бирок ошол милдеттерибизден тышкаркы убактыбызды жана күчүбүздү каякка жумшап жатабыз? Жашообузда биринчи кезекте эмне турат? (Оку: 2 Корунттуктарга 5:14, 15).

16, 17. Жаш же салыштырмалуу азыраак милдеттери бар биртуугандардын кандай мүмкүнчүлүктөрү бар?

16 Эгер сен мектепти бүткөн же жакында бүтүрө турган жаш жарчы болсоң, азырынча үйбүлөгө кам көрүү сыяктуу милдеттериң жоктур. Анда келечекке кандай максаттарды коюп жатасың? Жахабанын эркин аткарам деген убадаңдан жазбоого өбөлгө түзө турган кандай чечимдерди чыгарасың? Мисалы, көптөгөн жаштар жагдай-шартын ылайыкташтыруунун аркасында пионер болуп кызмат кылуудан чоң кубаныч жана канааттануу алып жатышат (Заб. 109:3; Нас. 12:1).

17 Балким, сен эр жеткен биртуугандырсың. Иштеп өзүңө кам көрүүдөн тышкары, көп деле милдеттериң жоктур. Албетте, толук жумуш күнү иштеп жүрсөң да, убактың мүмкүнчүлүк беришинче жыйналыш иштерине катышуудан кубаныч алып жатканың шексиз. Андан да көбүрөөк кубаныч алгың келеби? Кызматка көбүрөөк катышуу жөнүндө ойлонуп көрдүң беле? (Заб. 33:9; Накыл 10:22). Өмүр берүүчү чындыкты ар бир адамга жеткирүү үчүн кээ бир аймактарда дагы көп иш жасалышы керек. Падышалыктын жарчылары жетишсиз жерлерге барып кызмат кылуу үчүн жашооңду өзгөртө аласыңбы? (Оку: 1 Тиметейге 6:6—8).

18. Бир жаш жубайлар жашоосунда кандай өзгөрүүлөрдү жасаган, анын натыйжасы кандай болгон?

18 Мисалга Кошмо Штаттарда жашаган Кевин менен Еленаны алалы *. Ал жактагы жаш жубайлар, адатта, үйлүү болууга умтулушат. Ошол себептен алар да үй сатып алууну көздөшкөн. Максатына жетиш үчүн экөө тең эртеден кечке иштеп, майкөл-сүткөл жашоо өткөрө баштаган. Бирок жумушу, үй тиричилиги менен колу байланып, кызматка көп чыга албай калышат. Бара-бара алар бүт убактысы жана күчү мүлкүнө кам көрүүгө кетип жатканын байкашат. Андыктан, жөнөкөй жашоо өткөрүп пионер болуп кызмат кылуудан кубаныч алып жүргөн бир жубайларды көргөндө, алар да жашоосун өзгөртүүнү чечишет. Ошон үчүн Жахабадан тиленүү аркылуу жетекчилик сураган соң, үйүн сатып, батирге көчүп барышат. Елена жумуш убактысын кыскартып, пионер болуп кызмат кыла баштайт. Аялынын үлгүсүн көргөн Кевин да бардык убактысын алган жумушунан бошонуп, пионер болуп кызмат кылууга киришет. Ал гана эмес, кийинчерээк алар Түштүк Америкадагы жарчыларга муктаждык бар жерге көчүп барышат. Кевин: «Биз мурун деле бактылуу жашачубуз, бирок рухий максаттарды көздөп жашай баштаганда бактыбыз ого бетер артты»,— дейт (Оку: Матай 6:19—22).

19, 20. Жакшы кабарды таратуу иши бүгүнкү күндө эмне үчүн эң маанилүү иш?

19 Жакшы кабарды таратуу иши — азыркы убакта дүйнө жүзү боюнча аткарылып жаткан эң маанилүү иш (Аян 14:6, 7). Ал иш аркылуу Жахабанын ысмы ыйыкталууда (Мт. 6:9). Ыйык Китептеги кабарды жыл сайын миңдеген адамдар кабыл алып, жашоосун өзгөртүп жатышат. Ошонун аркасында алар куткарылууга ээ болушат. Алар жакшы кабарды, Пабыл айткандай, «таратуучулар жок болсо, кантип угушат» эле? (Рим. 10:14, 15). Чын эле, угушат беле? Андыктан кызматыбызды аягына чыгаруу үчүн бүт күч-аракетибизди жумшай берели.

20 Башкаларга азыркы оор күндөрдүн маанисин жана чыгарган чечимдери кандай натыйжа алып келерин түшүнүүгө жардам берүүнүн дагы бир ыкмасы — окутуу жөндөмүбүздү жакшыртуу. Ан үчүн эмне кылуу керектиги кийинки макалада талкууланат.

[Шилтеме]

^ 18-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Ыйсанын жолдоочуларынын адамзаттын алдында кандай милдети бар?

• Кабар айтуу кызматына тоскоолдук кылган кыйынчылыктарды кантип жеңүүгө болот?

• Канткенде тапшырмабызды аягына чыгара алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[5-беттеги сүрөт]

Каршылыктарга карабай кабар айтуу үчүн кайраттуулук керек

[6-беттеги сүрөт]

Адамдарды үйүнөн кезиктире албасаң, эмне кылсаң болот?