Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тирүү суунун башатына алынып барууга татыктуу деп табылгандар

Тирүү суунун башатына алынып барууга татыктуу деп табылгандар

Тирүү суунун башатына алынып барууга татыктуу деп табылгандар

«Козу [аларды] кайтарып, тирүү суунун башатына алып барат» (Аян 7:17).

1. Майлангандар Кудай Сөзүндө кандайча сыпатталган жана Ыйса аларга кандай жоопкерчилик арткан?

КУДАЙ СӨЗҮНДӨ Ыйсанын майланган жолдоочулары Машайактын жердеги иштерине көзөмөл жүргүзгөн «ишенимдүү жана акылдуу кул» катары сыпатталган. Машайак 1918-жылы «кулду» текшергени келгенде, ошол майлангандардын «тамакты өз убагында» үзгүлтүксүз берип жатканы аныкталган. Ыйса Кожоюн катары аларга ыраазы болуп, «өзүнүн бүт мал-мүлкүнө» көз салууну тапшырган (Оку: Матай 24:45—47). Андыктан майлангандар, асмандагы мурасын алганга чейин, Жахабанын жердеги кызматчыларына кам көрөт.

2. Ыйсанын мүлкүнө эмнелер кирет?

2 Адатта, кожоюн колундагы мүлкүнө өзү — бий: аны кандай колдоном десе, өзү чечет. Ыйса Машайактын — Жахабанын дайындаган падышасынын — мүлкүнө жердеги, Падышалыкка таандык нерселердин баары кирет. Жакан аянында көргөн «эбегейсиз көп адамдар» да анын мүлкү. Жакан алар тууралуу: «Ар бир уруудан, ар бир улуттан, ар бир элден, ар бир тилден эч ким санай алгыс, эбегейсиз көп адамдар тактынын жана Козунун алдында ак кийим кийип, колдоруна курма пальмасынын бутагын кармап турушуптур»,— деген сөздөрдү айткан (Аян 7:9).

3, 4. Эбегейсиз көп адамдар кандай артыкчылыктарга ээ?

3 Ошол эбегейсиз көп адамдардын мүчөлөрү Ыйсанын башка койлорунун катарына кирет (Жкн. 10:16). Алар жердеги бейиште жашоого үмүттөнүп, Ыйсанын «тирүү суунун башатына алып барарына» жана «Кудай алардын бардык көз жашын аарчырына» ишенишет. Ошон үчүн Козунун канына «кийимдерин жуушкан... агартышкан» (Аян 7:14, 17). Ырас, Ыйсанын курмандыгына ишенгендиктен, Кудайдын көз алдында алардын кийими ак. Алар, Ыбрайымдай болуп, Кудайдын досу катары адил деп жарыяланышат.

4 Саны көбөйүп бараткан ошол башка койлор адил деп эсептелгендиктен, азыркы дүйнөгө «улуу кайгы» келгенде аман калууга үмүттөнө алышат (Жкп. 2:23—26). Ошондой эле Жахаба менен жакын мамиле өрчүтүп, топ эл катары Армагедондон тирүү өтө алышат (Жкп. 4:8; Аян 7:15). Башка койлор кароосуз калган эл эмес: алар Кудайга асмандагы Падышанын жана анын майланган биртуугандарынын жетекчилиги астында кызмат кылууга даяр.

5. Эбегейсиз көп адамдар майлангандарга кандайча жөлөк болууда?

5 Ыйсанын майланган жолдоочулары Шайтандын дүйнөсү тарабынан көрсөтүлгөн ар кандай каршылыктарга кабылып келген, мындан ары да кабылары шексиз. Бирок алар эбегейсиз көп шериктештерине таяна алышат. Себеби майлангандардын катары суюлуп баратат, ал эми эбегейсиз көп адамдардын саны жыл сайын миңдеп өсүүдө. Майлангандар Кудайдын элинин дүйнө жүзүндөгү 100 000ге жакын жыйналышынын ар бирине жекече көз сала албайт. Бул жагынан аларга башка койлор жөлөк болууда. Эбегейсиз көп адамдардын арасынан жөндөмдүү эркектер ошол жыйналыштарда аксакал катары кызмат кылып, «ишенимдүү жана акылдуу кулга» табышталган миллиондогон ишенимдештерине кам көрүүгө көмөктөшүп жатышат.

6. Башка койлордун майлангандарга колдоо көрсөтөрү тууралуу кандай пайгамбарлык айтылган?

6 Майлангандарга башка койлордун чын дилден колдоо көрсөтөрү Ышайа пайгамбар аркылуу алдын ала айтылган. Ышайа: «Теңир мындай дейт: „Мисирликтердин эмгектери [«акы албай иштеген жумушчулары», «ЖД»], эфиопиялыктардын соодасы жана бойлуу шебалыктар сен тарапка өтөт, алар сеники болот. Алар сенин артыңдан ээрчишет“»,— деп жазган (Ыш. 45:14). Кудайдын жерде жашоого үмүтү бар кызматчылары азыр майланган кул тобунун жана анын Жетектөөчү Кеңешинин жетекчилигине баш иет, каймана тил менен айтканда, алардын артынан ээрчип жүрөт. Башка койлор, «акы албай иштеген жумушчулардай» болуп, Ыйсанын жердеги майланган жолдоочуларына тапшырылган ишке — бүткүл дүйнөдө жүргүзүлүп жаткан кабар айтуу ишине — күчүн, каражатын чын ниеттен жумшоодо (Элч. 1:8; Аян 12:17).

7. Эбегейсиз көп адамдар эмнеге окутулуп-үйрөтүлүп жатат?

7 Эбегейсиз көп адамдар майланган биртуугандарына жардам бергенден тышкары, Армагедондон кийин жашай турган жаңы адамзат коомунун өзөгүн түзүүгө окутулуп-үйрөтүлүп жатат. Ал коомдун өзөгү бекем жана туруктуу болууга тийиш. Демек, анын мүчөлөрү Кожоюндун көрсөтмөлөрүн аткарууга даяр болушу жана аткара билиши керек. Азыр ар бирибиз Падышабыз Ыйса Машайак колдоно ала турган ишеничтүү адамдардан экенибизди көрсөтө алабыз. Ишенимибизди жана берилгендигибизди сактоо менен биз жаңы заманда да Падышабыздын жетекчилигине баш иерибизди далилдейбиз.

Эбегейсиз көп адамдар ишенимин далилдөөдө

8, 9. Эбегейсиз көп адамдар ишенимин кантип далилдөөдө?

8 Ыйсанын майланган жолдоочуларынын башка койлордон турган шериктери ишенимин ар кандай жолдор менен далилдөөдө. Биринчиден, алар Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды таратууда колдоо көрсөтүшөт (Мт. 24:14; 28:19, 20). Экинчиден, Жетектөөчү Кеңештин жетекчилигине даярдуулук менен баш ийишет (Эвр. 13:17; оку: Захария 8:23).

9 Үчүнчүдөн, Жахабанын адил принциптерине ылайык жашашат. Алар «сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамдуулук, ак көңүлдүк, боорукердик, ишенимдүүлүк, момундук, өзүн өзү токтото билүү» сыяктуу сапаттарды өрчүтүүгө умтулушат (Гал. 5:22, 23). Бүгүнкү күндө көптөр жогоркудай оң сапаттарга ээ болууга караганда «күнөөкөр табияттын иштерин» жасоону эп көрүшөт. Ошентсе да эбегейсиз көп адамдар «ойноштук кылуу, нике бузуу, ыпыластык, адепсиздик, бутка табынуу, сыйкырчылык кылуу, касташуу, чыр-чатак, көрө албастык, ачуулануу, уруш-талаш, келишпестик, жалган окутуу, жек көрүү, киши өлтүрүү, аракечтик, шапар тебүү жана башка ушул сыяктуулардан» алыс болууга чечкиндүү (Гал. 5:19—21).

10. Эбегейсиз көп адамдар эмнелерге жол бербейт?

10 Жеткилеңсиз болгондуктан бизге рухтун жемишин өрчүтүп, күнөөкөр табияттын иштерин жасабай, Шайтандын дүйнөсү тарабынан келген кысымдарга каршы туруу оңой болбошу мүмкүн. Ошого карабастан жеке кемчиликтерибизден, турмуштагы оош-кыйыштардан же денсоолукка байланыштуу бейкаруулуктан улам көңүлүбүздүн чөгүшүнө, ишенимибизге доо кетишине жана Жахабага болгон сүйүүбүздүн сууп калышына жол бергибиз келбейт. Анткени Жахабанын эбегейсиз көп адамдарды улуу кайгыдан өткөрөм деген убадасын аткарарына күмөн санабайбыз.

11. Ишенимди солгундатуу максатында Шайтан кандай ыкмаларды колдонуп келет?

11 Биз ар убак сергек турабыз, анткени анык душманыбыз Шайтан экенин жана анын жөн жатпаарын билебиз (Оку: 1 Петир 5:8). Ал бизди бекем туткан окууларыбызды жалган кылып көрсөтүш үчүн чындыктан четтегендерди жана башкаларды колдонууга аракеттенет. Бирок, адатта, ал ыкмасынан майнап чыкпайт. Дагы бир ыкмасынын — куугунтуктун — айынан кабар айтуу иши кээде жайлай түшкөнү менен, куугунтукталган биртуугандарыбыз, адатта, мурдагыдан да чыйралып, ишеними бекемделет. Бирок Шайтан ишенимибизди солгундатуу үчүн, анын көзкарашынча, «натыйжалуу» дагы бир ыкманы барган сайын көп колдонууда. Ал ыкма — көңүл чөгөттүк. Көңүл чөгөттүккө алдырып, «алдан тайып, кайраттан жазбаш» үчүн Ыйсанын алгачкы жолдоочуларына: «Күнөөкөрлөрдөн ушундай кордук көргөн Ыйса жөнүндө ойлогула»,— деп айтылган (Эвр. 12:3).

12. Көңүлү чөккөндөргө Ыйык Китептин кеңештери кандайча жардам берет?

12 Өзүңдү Жахабага кызмат кылууну уланта албачудай сезген учуруң болду беле? Кээде жасаган аракеттериңен эч майнап чыкпай жаткандай сезилеби? Шайтандын сенин ошондой терс сезимдериңди колдонуп, Жахабага кылган кызматыңды токтоттуруп коюшуна жол бербе. Ыйык Китепти терең изилдөө, жалындуу тиленүү, жыйналыштарга үзбөй катышуу жана ишенимдештер менен пикирлешүү дем-күч берип, «кайратыңдан жазбоого» өбөлгө түзөт. Жахаба кызматчыларына күч берип турууну убадалаган. Ал убадасына бек турат (Оку: Ышайа 40:30, 31). Рухий иштериңди үзгүлтүккө учуратпа. Убактыңды пайдасыз иштерге эмес, башкаларга жардам берүүгө жумша. Ошондо көңүл чөгөттүккө алдырбай, кызматыңды уланта бересиң (Гал. 6:1, 2).

Алааматтан аман өтүп, жаңы заманга кирүү

13. Армагедондон аман өткөндөрдү келечекте эмнелер күтүп турат?

13 Армагедондон кийин көп сандаган адилетсиз кишилер тирилет. Ошондо аларды Жахабанын талаптарына ылайык жашоого үйрөтүү зарыл болот (Элч. 24:15). Биз аларга Ыйсанын куткаруу курмандыгы тууралуу жана ал курмандыктан пайда алыш үчүн ишеним көрсөтүү керектиги тууралуу түшүндүрөбүз. Алардан мурдагы диний көзкараштарынан арылуу жана мурунку жашоо мүнөзүнө кайрылбоо, Кудайдын чыныгы элине мүнөздүү жаңы сапаттарды өрчүтүү талап кылынат (Эф. 4:22—24; Кол. 3:9, 10). Бир сөз менен айтканда, Армагедондон аман өткөндөр үчүн жумуш арбын. Ал кезде Жахабага кызмат кылууга азыркы бузуку дүйнөнүн кысымы жана азгырыгы жолтоо болбойт. Кандай гана керемет!

14, 15. Улуу кайгыдан аман өткөндөр менен тирилген адил адамдар бири-биринен эмнелерди билишет?

14 Жахабанын Ыйса жерде кызмат кылганга чейин өтүп кеткен ишенимдүү кызматчылары да ал кезде көптү билип, көптү үйрөнөт. Алар үмүтүн артып, көптөн самап күткөн, бирок өз көзү менен көрбөй калган Машайактын ким экенин билет. Мурда, тирүү кезинде, алар Жахабадан насаат алууга даяр болушкан. Ошондой адамдарга билимин арттырууга жардам берүү кандай гана чоң артыкчылык болот! Мисалы, Даниелге өзү жазып кеткен, бирок маанисин толук билбей калган пайгамбарлыктардын кандайча аткарылганын түшүндүрүп бере алабыз (Дан. 12:8, 9).

15 Ооба, тирилгендерге биз көптү айтып беребиз. Бирок алардан да угуп-билгибиз келген нерселерибиз аз эмес. Алар Ыйык Китепте жазылган, бирок майда-бараты көмүскөдө калган окуяларды баяндап берет. Ойлоп көргүлөчү, Ыйсанын тууганы Чөмүлдүрүүчү Жакандан Ыйса жөнүндө дагы көбүрөөк билүү кандай гана кызыктуу болот! Тирилген ишенимдүү күбөлөрдөн уккандарыбыздан улам Кудай Сөзүн азыркыдан да терең түшүнөрүбүз айкын. Жахабанын мурунку ишенимдүү кызматчылары, ошондой эле акыркы мезгилде кайтыш болгон кызматчылары да «эң жакшы тирилүүгө» ээ болушат. Алар мурун Кудайга Шайтан башкарган дүйнөдө кызмат кылышкан. Ал эми жаңы заманда, алда канча жагымдуу шартта, кызматын улантканда кандай гана сүйүнүшөт! (Эвр. 11:35; 1 Жкн. 5:19).

16. Пайгамбарлыкка ылайык, Сот күнүндө эмне болот?

16 Анан Сот күнүнүн кайсы бир маалында «китептер ачылат». Ыйык Китеп менен катар ошол китептердин негизинде жер тургундарынын баарынын түбөлүк өмүргө татыктуу же татыктуу эмес экени аныкталат (Оку: Аян 20:12, 13). Сот күнү аяктаганга чейин ар бир адамга Кудайдын башкарууга укуктуулугуна байланыштуу талаш маселеде кай тарапты ээлегенин көрсөтүүгө жетиштүү мүмкүнчүлүк берилет. Ошондо кимдин Кудайдын Падышалыгын жактап, «тирүү суунун башатына алып баруучу» Козуга баш иери, кимдин Кудайдын Падышалыгын четке кагары айкын болот (Аян 7:17; Ыш. 65:20). Ага чейин ар бир адам тукум кууп өткөн күнөөнүн жана бузуку чөйрөнүн таасирисиз жеке чечим чыгара алат. Андыктан Жахабанын чыгарган акыркы өкүмүн эч ким адилетсиз дей албайт. Ал эми өзгөргүсү келбеген зулумдар түбөлүккө жок кылынат (Аян 20:14, 15).

17, 18. Ыйсанын майланган жолдоочулары менен башка койлор Сот күнүн эмне себептен кубаныч менен күтүшөт?

17 Азыр Ыйсанын Падышалыкка татыктуу деп табылган майланган жолдоочулары ошол Сот күнүндө башкара турган маалын чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Алар кандай зор сыймыкка ээ! Ал үмүт аларга Петирдин биринчи кылымдагы ишенимдештерине айткан төмөнкү кеңешин колдонууга түрткү берет: «Чакырылганыңарды жана тандалгандыгыңарды уламдан-улам бекемдөөгө аракеттенгиле. Анткени ушундай кылсаңар, эч качан мүдүрүлбөйсүңөр. Ошентип, силерге биздин Теңирибиз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайактын түбөлүк падышачылыгынын эшиги кенен ачылат» (2 Пет. 1:10, 11).

18 Башка койлор болсо майланган биртуугандары менен кубанычтуу кызмат кылып жатышат. Алар майлангандарга мындан ары да колдоо көрсөтүүгө чечкиндүү. Кудайдын досу болгондуктан, алар бүт күч-аракети менен кызмат кылууга дилгир. Ал эми Сот күнүндө — Ыйса тарабынан «тирүү суунун башатына алып барылган» маалда — Кудайдын тартибин жан-дилден жакташат. Акыр-аягы, Жахаба аларды жерде түбөлүк кызмат кылууга татыктуу деп табат! (Рим. 8:20, 21; Аян 21:1—7).

Эсиңердеби?

• Ыйсанын мүлкүнө эмнелер кирет?

• Эбегейсиз көп адамдар майланган биртуугандарына кандай жолдор менен колдоо көрсөтүүдө?

• Эбегейсиз көп адамдар кандай артыкчылыктарга ээ жана аларды кандай келечек күтүп турат?

• Сот күнүнө карата сен кандай көзкараштасың?

[Изилдөө суроолору]

[25-беттеги сүрөт]

Эбегейсиз көп адамдар Козунун канына кийимдерин агартышкан

[27-беттеги сүрөт]

Адил адамдар тирилгенде алардан эмнени сурагың келет?