Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Туура маанайдагы адамдар чындыкты кабыл алууда

Туура маанайдагы адамдар чындыкты кабыл алууда

Туура маанайдагы адамдар чындыкты кабыл алууда

«Түбөлүк өмүргө карата туура маанайда болгондордун баары ишенип калышты» (Элч. 13:48, «ЖД»).

1, 2. Ыйсанын алгачкы жолдоочулары анын жакшы кабар таратылары жөнүндөгү пайгамбарлыгынын аткарылышына кандайча катышкан?

ЫЙСА Падышалык жөнүндөгү жакшы кабардын дүйнө жүзүнө таратыларын пайгамбарлык кылган. Ошол пайгамбарлыктын аткарылышына анын алгачкы жолдоочуларынын кандайча катышканы Ыйык Жазмадагы Элчилер китебинде баяндалган (Мт. 24:14). Ал жигердүү жарчылар биз үчүн чыйыр салып кеткен десек болот. Ыйсанын жолдоочулары жакшы кабарды Иерусалимде жалындуу тараткандыктан, биринчи кылымдагы жыйналышка миңдеген кишилер, алардын ичинде «ыйык кызмат кылуучулардын... көптөрү» кошулган (Элч. 2:41; 4:4; 6:7).

2 Алгачкы миссионерлердин кызматынын аркасында дагы көптөр Ыйсанын окууларын кабыл алышкан. Мисалы, Филип Самарияга барганда, анын айткандарын калың эл уккан (Элч. 8:5—8). Пабыл да улам бир шериктеши менен бир топ жерди кезген: ал Кипрге, Кичи Азияга, Македонияга, Грецияга жана Италияга чейин барып кабар тараткан. Натыйжада, ошол жактардагы көптөгөн жүйүттөр менен гректер Ыйсаны жолдой башташкан (Элч. 14:1; 16:5; 17:4). Тит Критте кызмат кылган (Тит. 1:5). Петир болсо Бабылда кабар айткан; ал өзүнүн биринчи катын жазганда, б.з. 62—64-жылдары, Ыйсанын окууларын Понт, Галатия, Кападокия, Азия жана Битиниялардын тургундары жакшы билип калган (1 Пет. 1:1; 5:13). Ал маалдын абдан кызыктуу болгону шексиз. Биринчи кылымдагы жарчылар ушунчалык жигердүү кабар айтышкандыктан, душмандары аларды: «Бүт дүйнөнү дүрбөлөңгө түшүрдү»,— деп күнөөлөшкөн (Элч. 17:6; 28:22).

3. Падышалыктын жарчылары учурда кандай жетишкендиктерге ээ болду, буга сен кандай карайсың?

3 Биздин күндөрдө да Кудайдын элинин жыйналышында укмуштуудай өсүш байкалууда. Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык отчётунан дүйнө жүзү боюнча кандай жетишкендиктер жасалганын көргөндө кантип кубанбай коёбуз. Падышалык жарчыларынын 2007-кызмат жылында 6 миллиондон ашуун ыйык китептик изилдөө өткөргөнүн билүү да сүйүнтөт. Андан сырткары, былтыр Ыйса Машайакты Эскерүү кечесине Жахабанын Күбөсү эмес, бирок жакшы кабарга кызыгуу көрсөтүп, Эскерүүнүн маанилүү экенин түшүнгөн он миллионго жакын киши келди. Бул алдыда дагы көп жумуш күтүп турганын айгинелейт.

4. Падышалык жөнүндөгү кабарды кимдер кабыл алууда?

4 Азыр да, биринчи кылымдагыдай эле, «түбөлүк өмүргө карата туура маанайда болгондордун баары» Падышалык жөнүндөгү кабарды кабыл алууда (Элч. 13:48, «ЖД»). Жахаба андай адамдарды өз уюмуна чогултуп жатат (Оку: Акай 2:7). Бул ишке толук катышуу үчүн кандай маанай өрчүтүү зарыл?

Кабар айтууда беткарама болбойбуз

5. Жахаба кандай адамдарды жактырат?

5 Ыйсанын биринчи кылымдагы жолдоочулары «Кудайда бет карамалык жок экенин, ар бир элден Кудайдан корккон жана адилеттик боюнча иш кылган адам Ага жагарын» түшүнгөн (Элч. 10:34, 35). Демек, ким болбосун, Жахабанын жактыруусуна ээ болгусу келсе, Ыйсанын куткаруу курмандыгына ишеним көрсөтүүгө тийиш (Жкн. 3:16, 36). Жахаба «бардык адамдардын куткарылышын, чындыкты таанып билишин каалайт» (1 Тим. 2:3, 4).

6. Падышалыктын жарчыларына эмнени эске алуу зарыл жана эмне үчүн?

6 Жакшы кабарды адамдын расасына, коомдогу абалына, сырткы көрүнүшүнө, динине, кандай чөйрөдө чоңойгонуна же дагы башка өзгөчөлүктөрүнө карап айтуу туура эмес болуп калар эле. Учурунда бизге да бирөө беткарамалык кылбай, чындык тууралуу айтып бергенин ойлогондо ыраазы болбойбузбу? Анда биз да өмүр сактап кала турган кабарды уккусу келгендердин баарына айтууга тийиш эмеспизби? (Оку: Матай 7:12).

7. Эмне үчүн биз кабар айтканда башкаларды соттобошубуз керек?

7 Сот жүргүзүү укугун Жахаба Ыйсага ыйгарган. Демек, биздин башкаларды соттоого акыбыз жок. Анын үстүнө, Ыйсадан айырмаланып, биз башкаларды көзүбүз менен көргөнүбүз, кулагыбыз менен укканыбыз боюнча гана соттойбуз. Ал эми Ыйса адамдын жүрөгүнүн түпкүрүндөгү ниетин, ичиндеги ойлорун көрө алат (Ыш. 11:1—5; 2 Тим. 4:1).

8, 9. а) Ыйсаны жолдоордон мурун Шабыл кандай киши эле? б) Элчи Пабыл менен болгон окуядан кандай сабак алабыз?

8 Жахабага байыртан ар кандай адамдар кызмат кылып келет. Мисалы, кийин элчи Пабыл деп таанылган тарстык Шабыл учурунда фарисей болгон. Ал Ыйсанын жолдоочуларын дин сатарлар деп эсептегендиктен, аларды ырайымсыздык менен куугунтуктаган (Гал. 1:13). Ал кезде аны Ыйсанын жолдоочусу болот деп ким ойлоптур. Ал эми Ыйса Шабылдын жүрөгүн көргөн, ошондуктан аны өзгөчө тапшырма бериш үчүн тандап алган. Натыйжада Шабыл биринчи кылымдагы жыйналыштын ары жигердүү, ары ынталуу мүчөлөрүнүн бири болгон.

9 Элчи Пабыл менен болгон окуядан кандай сабак алсак болот? Балким, аймагыбыздагы кээ бир кишилер кабарыбызга каршылык көрсөтчүдөй көрүнөттүр. Арасынан Кудайдын кызматчысы боло тургандар чыкпачудай сезилсе да, биз аларга кабар айтууга мүмкүнчүлүк издей беришибиз керек. Себеби кээде таптакыр кулак какпачудай көрүнгөндөр да чындыкты кабыл алган учурлар болот. Демек, баарына «Жакшы Кабарды таратууну токтотпошубуз» зарыл (Оку: Элчилер 5:42).

«Жакшы Кабарды таратууну токтотпогондор» бата алышат

10. Сүрдүү көрүнгөндөргө да эмне үчүн кабар айтышыбыз керек? Жергиликтүү окуялардан айтып бергиле.

10 Адамды сыртына карап билип болбойт. Алсак, Игнасио * Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаганда Түштүк Америкада түрмөдө жаткан. Зөөкүр мүнөзүнөн улам андан көптөр коркор эле. Ошон үчүн түрмөдөн ар кандай буюм жасап саткандар, кимдир бирөөдөн акчасын убагында ала алышпаса, Игнасиого кайрылышчу. Бирок ал рухий жактан ийгилик жасап, окуп-билгендерин иш жүзүндө колдонгон сайын баягы мүнөзүнөн арылып, адамгерчиликтүү боло баштаган. Ыйык Китептеги чындыктар жана Кудайдын руху анын кулк-мүнөзүн өзгөрткөндүктөн, азыр ага карыздарын алдырыш үчүн эч ким кайрылбайт. Азыр Игнасио Күбөлөрдүн анын сыртына карап мамиле кылбаганына абдан ыраазы болот.

11. Эмне үчүн биз башкаларга кайра-кайра барабыз?

11 Биз башкаларга эмне себептен кайра-кайра барабыз? Анын себебинин бири, алардын шарт-жагдайы, көзкарашы өзгөрүшү мүмкүн, өзгөрөрү да шексиз. Балким, биз акыркы жолу барып кеткенден кийин кимдир бирөө катуу оорууга чалдыккандыр же жумушсуз калгандыр, же болбосо жакын адамынан айрылгандыр (Оку: Насаатчы 9:11). Кай бирөө дүйнөдөгү кырдаалдан улам келечегин ойлоп, тынчсыздана баштагандыр. Ушул сыяктуу жагдайлар мурун суз мамиле кылгандарга, атүгүл каршы чыккандарга чындыкка кызыга баштоого түрткү бериши ыктымал. Ошондуктан биз ар бир мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жакшы кабар таратууну токтотпошубуз абзел.

12. Кабарда жолуктурган адамдарга кандай карашыбыз керек жана эмне үчүн?

12 Биз, адамдар, башкаларды ээлеген абалына, сырткы көрүнүшүнө карап бөлүүгө, сындоого жакынбыз. Жахабага болсо адамдын өзү маанилүү. Ал ар бир адамдын ички дүйнөсүн көрө билет (Оку: 1 Шемуел 16:7). Биз да кызматыбызда Жахабаныкындай көзкарашка ээ болууга аракеттенишибиз керек. Кабардан жолуктурган адамдардын баарына оң маанай менен кароо маанилүү экенин көптөгөн окуялар тастыктоодо.

13, 14. а) Бир пионер кабарда жолуктурган кызга эмнеден улам жаңылыш көзкарашта болгон? б) Ал окуядан кандай сабак алсак болот?

13 Пионер болуп кызмат кылган Сандра Кариб деңизиндеги бир аралда үймө-үй кабар айтып жүрүп карнавал майрамдарына баш-оту менен катышып жүргөн Рутка жолуккан. Рут карнавал ханышасы деген наамды эки ирет жеңип алган экен. Ал Сандранын айткандарына аябай кызыккандыктан, Ыйык Китепти изилдөөгө макул болгон. Анан эмне болгонун Сандра мындай деп эскерет: «Мен Руттун үйүнө киргенимде анын карнавал кийимин кийип түшкөн чоң сүрөтү көзүмө урунду. Жеңип алган түрлүү байгелери да туруптур. Аларды көргөндө мынчалык атакка жеткен соң бул кыз чындыкка чындап кызыкпайт болуш керек деген ой келди. Ошон үчүн ага барбай калдым. Көрсө, жаңылган экенмин».

14 Бирок арадан бир канча убак өткөндө Рут өзү Падышалык залына келген. Жыйналыш бүткөндөн кийин ал Сандрадан: «Мени менен изилдөө өткөнү эмнеге келбей калдың?» — деп сураган. Сандра кечирим сурап, аны менен кайрадан изилдөө өткөрө баштаган. Көп өтпөй Рут рухий жактан ийгилик жасап, карнавалда түшкөн сүрөттөрүн алып таштаган. Ошондой эле жыйналышка калтырбай келип, кабар айтуу ишине катышып, жашоосун Жахабага арнаган. Бул окуядан кийин Сандра башкалар тууралуу шашылыш тыянак чыгарууга болбоорун түшүнгөн.

15, 16. а) Бир жарчы тууганына кабар айтканда эмне болгон? б) Эмне үчүн жүрүм-туруму начар туугандарыбызга да кабар айта беришибиз керек?

15 Тууган-туушкандарына, алардын чындыкты кабыл албачудай көрүнгөндөрүнө да кабар айткан жарчылардын көбү жакшы натыйжага жеткен. Мисалга Кошмо Штаттарда жашаган Жойсту алалы. Анын күйөө баласы өспүрүм кезинен тартып жашоосунун көбүн түрмөдө өткөргөн. «Ал баңгизат колдонуп, уурулук кылып, дагы башка көптөгөн кылмыштарды жасагандыктан, эл аны киши катарынан чыгып калган дечү,— дейт Жойс.— Ошого карабастан мен ага 37 жыл бою Ыйык Китептеги чындыктарды айта бергем». Акыры, Жойстун чыдамдуулугунун акыбети кайтып, күйөө баласы Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп, жашоосун түп-тамыры менен өзгөрткөн. Жакында Калифорнияда (АКШ) болуп өткөн облустук жыйында Жойстун 50 жаштагы ошол күйөө баласы чөмүлтүлдү. «Ошондо сүйүнүчүм койнума батпай, көзүмөн жаш кетти. Андан үмүтүмдү үзүп койбогонума ушунчалык кубанам»,— дейт Жойс.

16 Жүрүм-туруму начар туугандарыңа Ыйык Китептеги чындыктар жөнүндө айткың келбеген учурларың болобу? Жойс күйөө баласына кабар айта берген. Башкалардын жүрөгүндө эмне бар экенин биз билбейт эмеспизби. Алар, балким, чындыкты чын ниетинен издеп жүрүшкөндүр. Ошон үчүн мүмкүнчүлүгүбүз барда аларга чындыкты табууга жардам берели (Оку: Накыл сөздөр 3:27).

Ыйык Китепти изилдөөгө арналган мыкты курал

17, 18. а) «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебине байланыштуу кандай билдирүүлөр келип жатат? б) Ал китепти колдонгондо болгон окуялардан айтып бергиле.

17 Ыйык Китепти изилдөө үчүн колдонулган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебин көптөгөн акниет адамдар жактырып жатканын дүйнө жүзүнөн келген билдирүүлөр көрсөтүүдө. Мисалы, Кошмо Штаттарда жашаган Пенни аттуу пионер ал китепти колдонуп бир нече киши менен изилдөө баштаган. Алардын экөө чиркөөгө барып жүргөн динчил улгайган адам экен. Пенни китептеги Жазмага негизделген чындыктарга алар кандай карайт болду экен деп тынчсызданган. Бирок ал: «Андагы маалымат айкын, жүйөлүү, кыска берилгендиктен, алар окугандарынын чындык экенин талашып-тартышпай, дароо эле кабыл алышты»,— дейт.

18 Пэт, британиялык жарчы, Азия өлкөлөрүнүн биринен качкын болуп келген бир аял менен ыйык китептик изилдөө өткөрө баштаган. Күйөөсү менен уулдарынан козголоңчул аскерлер алып кеткен бойдон дайын чыкпаган соң, ал аял өлкөсүнөн качууга аргасыз болгон эле. Анын өмүрүнө далай жолу коркунуч туулган. Топ эркек үйүн өрттөп, өзүн зордуктап кеткен. Акыры, ошондой жашоого тоюп, ал өмүрүн кыюуну ойлоп жүргөндө Ыйык Китепти изилдеп калат. Ошондон тартып анда үмүт пайда болот. «„Ыйык Китеп эмнеге окутат?“ китебинин түшүнүктүү жазылышы жана андагы сүрөттөр ал аялга аябагандай таасир этти»,— дейт Пэт. Аял рухий жактан бат эле өсүп, чөмүлтүлбөгөн жарчы болуп, келерки жыйында чөмүлтүлүүнү каалаарын айткан. Ооба, жүрөгү таза адамдарга Жазмада камтылган үмүттү түшүнүүгө, аны баалоого жардам берүү кандай гана жагымдуу.

«Жакшылык кылып жатып кейибе»

19. Кабар айтуу ишин эмне үчүн шашылыш түрдө аткаруу керек?

19 Кабар айтуу жана шакирт даярдоо тапшырмасын создуктурбай аткаруу зарыл, анткени убакыт абдан тар. Жакшы кабарды жыл сайын «туура маанайдагы» миңдеген адамдар кабыл алууда. Анткен менен дагы да болсо рухий караңгылыкта жүргөндөр «Теңирдин улуу күнү» келгенде өлүм өкүмүнө тартылуу коркунучу алдында турат (Сеп. 1:14; Накыл 24:11).

20. Ар бирибиз эмне кылууга чечкиндүүбүз?

20 Биз дагы көптөргө жардам бере алабыз. Бул жагынан Ыйсанын биринчи кылымдагы жолдоочуларынан үлгү алуу маанилүү. Алар «Ыйса Машайак жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратууну токтотушкан» эмес (Элч. 5:42). Биз да, кандай кыйынчылыктар болбосун, окутуу чеберчилигин мындан ары да жакшырталы жана беткарамалыктан алыс болуп, баарына кабар айта берели! «Жакшылык кылып жатып кейибейли». Ошонубуздан жазбасак, Кудайдын жактыруусуна ээ болуп, мол бата алабыз (2 Тим. 4:2; оку: Галатиялыктарга 6:9).

[Шилтеме]

^ 10-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Жакшы кабарды кимдер кабыл алууда?

• Кабар айтканда беткарамалыктан алыс болуу эмне үчүн зарыл?

• «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебин колдонуу кандай натыйжа берүүдө?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги сүрөт]

Жүрөгү таза миңдеген адамдар чындыкты кабыл алууда

[15-беттеги сүрөт]

Элчи Пабыл менен болгон окуядан кандай сабак алабыз?

[16-беттеги сүрөт]

Жакшы кабардын жарчылары беткарамалыктан алыс