Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйсанын жолдоочулары кандайча буудайдай тазаланууда?

Ыйсанын жолдоочулары кандайча буудайдай тазаланууда?

Ыйсанын жолдоочулары кандайча буудайдай тазаланууда?

ӨЛӨРҮНӨ аз калганда Ыйса шакирттерине эскертип: «Шайтан силерди калбырдан буудай сыяктуу өткөрүүнү суранды»,— деген (Лк. 22:31). Муну менен ал эмнени айткысы келген?

Ыйсанын күндөрүндө эгин жыйноо көп убакытты, күч-аракетти талап кылчу. Алгач орокчулар талаадан буудайды сабагы менен кошо чогултушчу. Анан эгинди кырманга алып барып, данын саман-топондон ажыратыш үчүн жерге жайып чапкылашчу же жаныбарлар сүйрөгөн шайманды колдонушчу. Мунун аркасында буудай саман-топондон бөлүнчү. Анан эгинди майдаланган сабактары жана башка нерселери менен бирге көккө сапырышчу. Натыйжада дан — өзүнчө, саман өзүнчө түшүп, топон болсо учуп кетчү. Акырында буудайды калбырдан өткөрүп, керексиз майда кошундулардан тазалашчу.

Ыйса айткандай эле, Шайтан анын шакирттерине биринчи кылымдан тартып азыркы күнгө чейин аёосуз кол салып келүүдө (Эф. 6:11). Албетте, Шайтан биз кабылган ар бир кыйынчылыкка себепкер эмес (Нас. 9:11). Бирок бизди актыгыбыздан тайдыруу үчүн ал колунан келгендин баарын жасоого умтулат. Алсак, бизди азгыруу үчүн Шайтан дүнүйөкордукту, зыяндуу көңүл ачууларды колдонот же адеп-ахлаксыз ишке барууга түртөт. Ошондой эле мектептегилерди же чогуу иштешкендерибизди, Күбө эмес туугандарыбызды колдонуп, бизди бул дүйнө сунуштаган жогорку билим алууга же карьера жасоого үндөшү мүмкүн. Андан сырткары, Кудайга болгон берилгендигибизден жаздыруу үчүн куугунтукту пайдаланышы ыктымал. Ооба, бизди буудай сыяктуу калбырдан өткөрүү үчүн Шайтан ар кандай амалдуу ыкмаларды колдонот.

Бул күчтүү душманга кантип каршы тура алабыз? Албетте, өз күчүбүз менен каршы туруу мүмкүн эмес: ал бизден алда канча күчтүү. Бирок биз Жахабанын Шайтанга караганда зор күч-кубатка ээ Кудай экенин билебиз. Эгер Жахабага толугу менен таянсак, кыйынчылыктарга туруштук берүү үчүн акылмандык, кайраттуулук сурап дайым тиленсек жана жетекчилигине баш ийсек, ал бизге Шайтандын кол салууларына каршы турууга жардам берет (Заб. 24:4, 5).

Сыноого кабылганда «жаман-жакшыны айырмалай билүү» жөндөмүнө ээ болсок, Шайтандын амалдуу ыкмаларына алданбайбыз (Эвр. 5:13, 14). Жахаба ал жөндөмдүүлүктү өрчүтүүгө жардам берет. Ошондо биз, кандай гана кыйынчылыктарга дуушар болбойлу, дайыма чындык боюнча иш кылууга умтулабыз. Эгер Жахабанын жетекчилигине ылайык жашасак, ал биздин туура иш кылууга болгон чечкиндүүлүгүбүздү бекемдейт (Эф. 6:10).

Шайтан бизди буудай сыяктуу калбырдан өткөрүүгө аракет кылышы мүмкүн. Бирок Жахабанын жардамы менен, бекем ишенимибиз менен ага каршы тура алабыз (1 Пет. 5:9). Ооба, Кудай Сөзүндө айтылгандай, «Шайтанга каршы турсак», ал бизден качат (Жкп. 4:7).