Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Гилаттын бүтүрүүчүлөрү «каза баштоого» чакырылышты

Гилаттын бүтүрүүчүлөрү «каза баштоого» чакырылышты

Гилат мектебинин 123-классы

Гилаттын бүтүрүүчүлөрү «каза баштоого» чакырылышты

ИШЕМБИ күнү 2007-жылдын 8-сентябрында Күзөт мунарасынын ыйык китептик Гилат мектебинин 123-классынын бүтүрүүчүлөрүнө арналган аземге 41 өлкөдөн келген 6 352 киши катышты. Саат 10.00дө программанын төрагасы, Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Энтони Моррис, чогулгандар менен жылуу саламдашты. Кыскача кириш сөздөн кийин биринчи баяндамачыга, Кошмо Штаттардагы филиалдын комитетинин мүчөсү Гэри Брого, сөз берилди.

Бро биртууган бүтүрүүчүлөрдү, адамдын келбети кандай болбосун, Жахабанын эркин аткаргандар анын көз алдында сулуу экенине ынандырды (Жер. 13:11). Ал бүтүрүүчүлөрдү ошондой сулуулугун жоготпоого чакырды. Кийинки баяндамачы, Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Геррит Лёш, Жахабага кызмат кылууда сыйлык алууга умтулуунун эч жаман жери жок экенин айтты (Эвр. 11:6). Бирок таза ниет менен, сүйүүбүздөн улам кызмат кылышыбыз керектигин баса белгиледи.

Теократиялык мектептер бөлүмүнүн көзөмөлчүсү Уильям Сэмюэлсон бүтүрүүчүлөрдү башкарып жаткан Падыша тууралуу жарыялоодо сыймыктуу дайындоолорунда бекем болуп, ошого татыктуу экенин үлгүлүү жүрүм-туруму менен көрсөтүшү керектигин айтты *. Андан кийин Теократиялык мектептер бөлүмүнүн көзөмөлчүсүнүн орун басары Сэм Раберсон бүтүрүүчүлөрдү дайыма башкалардын жакшы жагын көрүүгө үндөдү. Ошондо алар «бир туугандарды» көбүрөөк сүйө алышат (1 Пет. 2:17).

Түрткү берерлик ушундай баяндамалардан кийин Гилат мектебинде сабак берген Марк Нумар бир нече бүтүрүүчү менен дилмаек курду. Алар кызматта болгон окуялардан айтып беришти. Алардын сөздөрүнөн кызматка болгон сүйүүсү жана башкаларга жардам берүүгө болгон каалоосу айкын көрүнүп турду. Патерсондогу Бейтелдин мүчөсү Кент Фишер да миссионерлерди кабыл алган үч өлкөдөгү филиалдын комитетинин мүчөлөрү менен маек курду. Ал биртуугандар залда отургандарды, алардын ичинде бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгүнүн ата-энелерин да жаңы миссионерлерге кам көрүлөрүнө ынандырды. Андан кийин Котормо топторун тейлөө бөлүмүндө кызмат кылган Исак Мэрайс көптөн бери кызмат кылып келаткан бир нече миссионер менен маек курду. Алардын айткандары бүтүрүүчүлөргө алдыда кандай кубаныч күтүп турганын элестетүүгө жардам берди.

Программанын «Буларды уккандан кийин эмне кыласыңар?» деген негизги баяндамасы менен Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Жеффри Жэксон чыкты. Тынч океандын түштүк бөлүгүндө 25 жыл миссионер болуп кызмат кылган ал биртууган Ыйсанын Тоодогу насаатынын корутунду сөздөрүн талкуулады. Ыйса ошол насаатында үй курган бири акылдуу, экинчиси акылсыз киши жөнүндө сөз кылган. Баяндамачы ал эки киши үйдү окшош эле жерге курганын баса белгиледи. Бирок акылсыз киши үйүн кумдун үстүнө эле курса, акылдуусу жерди казып, пайдубалын таштан тургузуп, үйүн ошонун үстүнө курган. Катуу шамал болгондо, таштын үстүнө курулган үй эч нерсе болгон эмес, ал эми кумдун үстүнө курулганы кулап калган (Мт. 7:24—27; Лука 6:48).

Ыйса анын сөзүн угуп, бирок аткарбаган кишини акылсызга, ал эми анын сөздөрүн угуп, аткарганды акылдуу кишиге салыштырган. Жэксон биртууган бүтүрүүчүлөргө Ыйык Китепти изилдөө аркылуу билгендерин миссионердик кызматында колдонушса, акылдуу кишиге окшош болорун айтты. Ал сөзүнүн акырында бүтүрүүчүлөрдү миссионердик кызматында «каза баштоого» чакырды.

Акырында бүтүрүүчүлөр дипломдорун жана дайындоолорун алышты. Моррис биртууган аземди корутундулап насаат сөздөрдү айтты. Ал бүтүрүүчүлөрдү дайыма Ыйсанын жолун жолдоого жана Жахабага таянууга үндөдү. Ошентип, Гилат мектебинин 123-классынын бүтүрүүчүлөрүнө арналган программа аяктады.

[Шилтеме]

^ 5-абз. Теократиялык мектептер бөлүмү Окутуу комитетинин көзөмөлү астында Гилат мектебин, филиалдардын комитеттеринин мүчөлөрүнүн жана кыдыруучу көзөмөлчүлөрдүн мектебин көзөмөлдөйт.

[31-беттеги кутуча]

КЛАСС ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ

Студенттер келген өлкөлөрдүн саны: 10

Бүтүрүүчүлөр дайындалган өлкөлөрдүн саны: 24

Студенттердин саны: 56

Орточо жашы: 33,5

Чындыкта жүргөн жылдарынын орточо саны: 17,9

Толук убакыттагы кызмат жылдарынын орточо саны: 13,8

[32-беттеги кутуча]

Күзөт Мунарасынын ыйык китептик Гилат мектебинин 123-классы

Төмөндөгү тизмеде катарлар жакындан алыска номурланган, ал эми ысымдар солдон оңго карай саналат.

1) Эспарза Э.; Папая С.; Била А.; Суарес М.; Эварс Э.; Димичино К. 2) Розе М.; Фудзии Р.; Рети О.; Леватен Ж.; Ван-Лемютан М.3) Боскайно А.; Бек К.; Буданов Х.; Браз К.; Пелтс К.; Сю А.4) Леватен С.; Сантико Х.; Конти С.; Уилсон Ж.; Райлет Ж.; Пирс Ш.; Фудзии К.5) Розе Д.; Боскайно М.; Остин В.; Родиел П.; Била П.; Димичино П.6) Рети Б.; Чизик Д.; Кларк К.; Риедел А.; Эспарза Ф.; Сю П.; Ван-Лемютан Т. 7) Родиел Х.; Эварс Ж.; Грин Ж.; Чизик Ж.; Сантико М.; Райлет М. 8) Пелтс Л.; Остин Д.; Риедел Т.; Бек М.; Пирс У.; Конти С.; Грин С.9) Суарес Ж.; Кларк Ж.; Папая С.; Буданов М.; Уилсон Р.; Браз Р.