Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын жолдору менен жүрөлү

Жахабанын жолдору менен жүрөлү

Жахабанын жолдору менен жүрөлү

«Теңирден [Жахабадан] корккон, Анын жолдору менен жүргөн ар бир адам бактылуу!» (ЗАБ. 127:1).

1, 2. Бактылуу болуу мүмкүн деп эмне үчүн айта алабыз?

АР БИР киши бактылуу болууну каалайт. Бирок аны каалап коюу менен эле ага жетүүгө умтулуунун өзү адамды бактылуу кылбаары анык.

2 Анткен менен чындап бактылуу болуу толук мүмкүн. Забур 127:1де: «Теңирден [Жахабадан] корккон, Анын жолдору менен жүргөн ар бир адам бактылуу!» — деп айтылган. Эгер Кудайды терең урматтасак, ага жаккандай иштерди кылып, анын жолдору менен жүрсөк, чынында эле бактылуу боло алабыз. Кудайдын жолдору менен жүрүү биздин жүрүм-турумубузга, сапаттарыбызга кандай таасир этет?

Ишеничтүү экениңди көрсөт

3. Кудайга арналуу менен ишеничтүү болуунун кандай байланышы бар?

3 Жахабадан корккондор аны туурап, убадаларын аткарышат. Жахаба байыркы ысрайыл элине берген убадаларынын баарын аткарган (1 Пад. 8:56). Биз Кудайга арналганыбызда, жашообуздагы эң маанилүү убаданы бергенбиз. Бул убадабызды аткарууга дайым тиленип туруу жардам берет. Биз да забурчу Дөөттөй болуп: «Сен, Кудайым, менин убадаларымды уккансың... Ошондо мен Сенин ысымыңды түбөлүккө даңктап ырдайм, убадаларымды күн сайын аткарам»,— деп тилене алабыз (Заб. 60:6, 9; Нас. 5:3—5). Ооба, Кудай менен дос болуу үчүн ишеничтүү болушубуз керек (Заб. 14:1, 4).

4. Иптах менен кызы Жахабага берген убадасына кандай карашкан?

4 Ысрайылдагы башкаруучулардын убагында жашаган Иптах Жахабага эгер ал амондуктарды жеңүүгө жардам берсе, согуштан кайтып келгенде үйүнөн биринчи чыкканды «өрттөлүүчү курмандык» катары берерин убадалаган. Анын алдынан биринчи болуп жалгыз кызы чыккан. Ошондо Иптах да, турмушка чыга элек кызы да ишенимдүүлүк көрсөтүп, Жахабага берген убадасын аткарышкан. Ысрайылда үйбүлө куруу, балалуу болуу абдан маанилүү деп эсептелсе да, Иптахтын кызы турмуш курбай Жахабанын ыйык жайында кызмат кылууга даярдуулук менен макул болгон (Башк. 11:28—40).

5. Анна ишеничтүүлүгүн кантип көрсөткөн?

5 Кудайдан корккон Анна деген аял да ишеничтүү экенин көрсөткөн. Ал күйөөсү Элкана жана анын экинчи аялы Пенина менен Эпрайымдын тоолуу аймагында жашачу. Пенинанын балдары бар эле. Ал эми Аннанын согончогу канаган эмес. Ошондуктан Пенина аны, өзгөчө, үйбүлөсү жыйын чатырына барган учурларда басынтып ыза кылчу. Ушундай күндөрдүн биринде Анна эгер уул төрөсө, аны Жахабага берерин убадалайт. Көп өтпөй анын боюна бүтүп, уул төрөйт да, атын Шемуел коёт. Баласын эмчектен чыгаргандан кийин Анна аны Шилого алып келип, «өмүрү өткөнчө» кызмат кылышы үчүн Кудайга арнайт (1 Шем. 1:11). Ошентип, дагы бала көрөр-көрбөсүн билбесе да, Анна Кудайга берген убадасын аткарган (1 Шем. 2:20, 21).

6. Тихиктин ишенимдүү болгону эмнеден көрүнүп турат?

6 Биринчи кылымда жашаган Ыйсанын жолдоочусу Тихик да «ишенимдүү кызматчы» болгон (Кол. 4:7). Ал элчи Пабылды коштоп Грециядан Македония аркылуу Кичи Азияга, анан, сыягы, Иерусалимге чейин барган (Элч. 20:2—4). Ошондой эле Титке Жүйүт аймагындагы муктаж болгон биртуугандарга тартууларды бөлүштүрүү ишинде көмөк кылган «бир тууган» Тихик болушу мүмкүн (2 Кор. 8:18, 19; 12:18). Пабыл Римде биринчи жолу камакта отурганда, ишенимдүү өкүлү Тихик аркылуу Эфестеги жана Колосадагы ишенимдештерине кат жөнөткөн (Эф. 6:21, 22; Кол. 4:8, 9). Ал эми экинчи жолу Римде камакка алынганда Тихикти Эфеске жиберет (2 Тим. 4:12). Ырас, ишенимдүү болсок, биз да сыймыктуу тапшырмаларды аткарып, Жахабанын батасын алабыз.

7, 8. Дөөт менен Жонатан чыныгы дос болгон деп эмне үчүн айта алабыз?

7 Кудай биздин ишенимдүү достордон болушубузду күтөт (Накыл 17:17). Шабул падышанын уулу Жонатан менен Дөөттүн ортосунда достук мамиле пайда болот. Анткени Дөөттүн Голийатты өлтүргөнүн укканда «Жонатан Дөөткө жүрөгү менен тартылып, аны жанындай жакшы көрүп калат» (1 Шем. 18:1, 3). Ошондуктан ал Шабулдун Дөөттү өлтүргүсү келгенин билгенде аны эскертет. Дөөт качып кеткенден кийин Жонатан аны менен жолугуп, келишим түзөт. Бир жолу ал Шабулга Дөөт жөнүндө айтканда өмүрүнөн айрылып кала жаздайт. Ошого карабай эки дос кайрадан кезигип, достугун чыңдаган (1 Шем. 20:24—41). Алардын акыркы жолугушуусунда Жонатан Дөөттүн «Кудайга болгон ишенимин бекемдеген» (1 Шем. 23:16—18).

8 Кийинчерээк Жонатан пелиштиликтер менен болгон согушта каза болот (1 Шем. 31:6). Ошондо Дөөт аза күтүп, мындай деген: «Бир боорум Жонатан, сен үчүн аза күтөм. Сен мен үчүн абдан кымбат элең, сенин сүйүүң мен үчүн аялдын сүйүүсүнөн артык эле» (2 Шем. 1:26). Ооба, Дөөт менен Жонатан чыныгы достордон болушкан.

Дайыма «момун бол»

9. Башкаруучулар 9-бөлүмдө момун болуунун маанилүүлүгү кандайча көрсөтүлгөн?

9 Кудайдын досу болуш үчүн «момун болушубуз» керек (1 Пет. 3:8; Заб. 137:6). Момун болуу канчалык маанилүү экени Башкаруучулар китебинин 9-бөлүмүндө айкын көрсөтүлөт. Ал жерде Гидон уулу Жотам дарактардын «өздөрүнө падыша» коюуну чечишкенин айтат. Билдирүүдө зайтун дарагы, анжыр, жүзүм сабагы айтылып өтөт. Ал дарактар татыктуу болсо да, ысрайылдыктардын үстүнөн бийлик кылууга умтулбаган кишилерди билдирген. Ал эми отунга гана жарактуу болгон тикендүү бадал текебер, башкаларга үстөмдүк кылууну көздөгөн киши өлтүрүүчү Абы-Мелектин падышалыгын билдирген. Ал «Ысрайылга үч жыл падышачылык кылган», бирок мезгилсиз өлүмгө дуушар болгон (Башк. 9:8—15, 22, 50—54). Чынында эле, «момун болуу» кандай гана маанилүү!

10. Ироддун «Кудайга тиешелүү даңкты өзүнө ыйгарып алгандыгынан» эмнеге үйрөндүңөр?

10 Биздин замандын биринчи кылымында Жүйүт аймагынын текебер падышасы Ирод Агрипа менен Тир жана Сидон тургундарынын ортосунда кастык пайда болгон. Бирок алар падыша менен тынчтыкта болууну каалашкан. Бир жолу Ирод аларга кайрылып сөз сүйлөгөндө, эл: «Адам эмес, Кудай сүйлөп жатат!» — деп кыйкырган. Ирод мындай кошоматчылыкты четке каккан эмес. Ошентип, «Кудайга тиешелүү даңкты өзүнө ыйгарып алгандыгы үчүн», Жахабанын периштеси аны жазалап, азаптуу өлүмгө дуушар кылган (Элч. 12:20—23). Мындан өзүбүзгө кандай сабак алсак болот? Эгер биз жөндөмдүү баяндамачы болсок же Кудай Сөзүн чебер окута билсек, анда бул үчүн Кудайды даңктайлы (1 Кор. 4:6, 7; Жкп. 4:6).

Эржүрөк, чыдамдуу бол

11, 12. Энохтун мисалынан Жахабанын өз кызматчыларына эржүрөктүк, кайраттуулук берери кандайча көрүнүп турат?

11 Эгер момундук менен Жахабанын жолунда жүрсөк, ал бизге эржүрөк, кайраттуу болууга жардам берет (Мыйз. 31:6—8, 23). Адам атанын жетинчи тукумунан чыккан Энох ыймансыз замандаштарынан айырмаланып, Кудайдын алдында эржүрөктүк менен түз жүргөн (Башт. 5:21—24). Анын замандаштары Кудайга жакпаган сөздөрдү айтып, адилетсиз иштерди кылышкан. Жахаба Энохту аларды ашкерелеген күчтүү пайгамбарлыкты жарыялоодо бекемдеп, күч берип турган (Оку: Жүйүт 14, 15). Сен да Кудайдын сот өкүмүн эржүрөктүк менен жарыялап жатасыңбы?

12 Жахаба ал ыймансыздарга чыгарган сот өкүмүн Нухтун күндөрүндөгү Топон сууда ишке ашырган. Энохтун пайгамбарлыгы бизди бекемдейт, анткени азыркы учурдагы жаман кишилер жакында Кудайдын ыйык периштелери аркылуу жок кылынат (Аян 16:14—16; 19:11—16). Жахаба тиленүүлөрүбүзгө жооп кылып, бизге анын сот өкүмүнө же Падышалыктын башкаруусу алдындагы баталарга байланыштуу кабарын жарыялоодо кайраттуулук берет.

13. Кыйынчылыктар менен күрөшүүдө Кудайдын эржүрөктүк жана чыдамдуулук берерине эмне себептен шектенбесек болот?

13 Көңүл чөктүргөн кыйынчылыктар менен күрөшүү үчүн Кудайдын эржүрөктүк, чыдамдуулук беришине муктажбыз. Алсак, Эйсаптын алган хеттик эки аялы «Ыскак менен Ребеканын [ата-энесинин] башына түшкөн кайгы болгон». Ошондуктан Ребека: «Хет кыздарынан улам мен жашоого ыраазы эмесмин. Эгерде [уулубуз] Жакып да бул жердин кыздарынан, Хеттин ушундай кыздарынан аял алса, анда мен жашап эмне кылам?» — деп кайгырган (Башт. 26:34, 35; 27:46). Ошондо Ыскак уулу Жакыпты Жахабага сыйынгандардын арасынан колукту издөөгө жиберет. Ыскак менен Ребека Эйсаптын мурунку кылган ишин өзгөртө албаса да, берилгендигин сактай алышы үчүн Кудай аларга акылмандык, кайраттуулук жана күч берген. Биз да жардам сурап тиленсек, Жахаба кыйынчылыктарды көтөрүүгө жардам берет (Заб. 117:5).

14. Ысрайылдык кичинекей кыз кантип эржүрөктүк көрсөткөн?

14 Андан бир нече кылым өткөндөн кийин, сириялыктар туткунга алган ысрайылдык кичинекей кыз пес оорусуна чалдыккан Сирия аскер башчысы Наамандын үйүндө кул болуп калат. Ал кыз Кудайдын Элиша пайгамбар аркылуу кылган кереметтерин угуп-билгендиктен, тайманбай Наамандын аялына: «Эгерде мырзам Самариядагы пайгамбарга барып келсе, анда ал аны пес оорусунан айыктырат эле!» — деп айткан. Анан Нааман Ысрайылга барып, оорусунан керемет жолу менен айыгат (2 Пад. 5:1—3). Бул кичинекей кыз мугалимдерге, классташтарга жана башкаларга күбөлөндүрүүдө Жахабанын эржүрөктүк берерине ишенген жаштар үчүн кандай сонун үлгү!

15. Ахаптын ак сарай башчысы Обадия кандай эржүрөк иш кылган?

15 Биз Кудай берген эржүрөктүк менен куугунтуктарга чыдай алабыз. Ахап падышанын ак сарай башчысы, Илияс пайгамбардын замандашы Обадиянын үлгүсүн карап көрөлү. Изебел ханыша Кудайдын пайгамбарларын өлтүрүүнү буйруганда, ал 100 пайгамбарды «элүү кишиден үңкүргө катып», аман алып калган (1 Пад. 18:13; 19:18). Обадия Жахабанын пайгамбарларына жардам бергендей эле, сен да куугунтукка кабылган ишенимдештериңе тайманбастык менен жардам бере аласыңбы?

16, 17. Аристарх менен Гай куугунтуктарга кандай карашкан?

16 Куугунтукка дуушар болуп жатканда Жахаба биз менен болоруна бекем ишенсек болот (Рим. 8:35—39). Эфестеги ачык курулган театрдан элчи Пабылдын кызматташтары Аристарх менен Гай, болжолу, он миңге жакын кишинин кысымына кабылган. Бул козголоңду күмүш зергери Деметир чыгарган болчу. Ал жана башка зергерлер Артемида аял кудайынын ийбадатканасынын үлгүлөрүн жасашчу. Пабыл айткан кабардан улам шаардын тургундарынын көбү бурканга табынбай калгандыктан, зергерлердин бул кирешелүү ишине коркунуч туулган. Ошондо сүрмө топ Аристарх менен Гайды театрга сүйрөп киргизишип: «Эфестиктердин Артемидасы улуу!» — деп кыйкырышкан. Ушул учурда Аристарх менен Гай аман калабыз деп үмүттөнгөн да эместир, бирок шаар башчысы чогулган элди тынчтандырып, таратып жиберген (Элч. 19:23—41).

17 Эгер сен алардын ордунда болсоң, коркуу сезимине алдырып, ушуга окшогон кыйынчылыктардан качууга умтулат белең? Аристарх менен Гай кайраттуулугун жоготкон деп эч жерде айтылбайт. Аристарх өзү Тесалоникадан болгондуктан, жакшы кабар таратуу куугунтуктар менен коштолорун жакшы билген. Себеби бир нече убакыт мурун Пабыл ошол шаарда кабар айтып жүргөндө да дүрбөлөң чыккан (Элч. 17:5; 20:4). Аристарх менен Гай Жахабанын жолу менен жүргөндүктөн Кудай аларга күч-кайрат бергендин аркасында куугунтуктарга чыдай алышкан.

Башкалардын кызыкчылыгын ойло

18. Акила менен Прискила башкалардын кызыкчылыгын ойлогонун кантип көрсөтүшкөн?

18 Куугунтуктарга кабылып жатабызбы, жокпу, ишенимдештерибиздин камын ойлошубуз керек. Прискила менен Акила башкалардын кызыкчылыгын ойлошчу (Оку: Филипиликтерге 2:4). Бул үлгүлүү жубайлар, жогоруда айтылып өткөн Деметир козголоң чыгарганда, Пабылга Эфестен башпаанек бере алган. Ошол учурда алар Пабыл үчүн «өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салышкан» (Рим. 16:3, 4; 2 Кор. 1:8). Бүгүн биз да куугунтукталып жаткан ишенимдештерибизге кам көрүүдө «жыландай акылдуу» же сак болгубуз келет (Мт. 10:16—18). Ошондуктан кызматыбызды сактык менен аткарып, куугунтуктоочуларга ишенимдештерибиздин аты-жөнүн же башка маалыматты айтып, аларды сатпайбыз.

19. Табита башкалар үчүн кандай жакшы иштерди кылган?

19 Башкаларга ар кандай жолдор менен кам көрүүгө болот. Мисалы, биз айрым ишенимдештерибизге муктаж болгон нерселерин бере алышыбыз мүмкүн (Эф. 4:28; Жкп. 2:14—17). Биринчи кылымда Жапа шаарындагы жыйналышта Табита аттуу берешен аял бар эле (Оку: Элчилердин иштери 9:36—42). Ал «көптөгөн жакшы иштерди кылчу, жакырларга көп жардам берчү». Ошондой эле жесир аялдарга кийим тигип бергени да шексиз. Б.з. 36-жылы Табита каза болгондо жесир аялдар абдан кайгырып ыйлашкан. Ошондо Кудай элчи Петирди колдонуп, аны тирилткен. Тирилгенден кийин ал өмүрүнүн акырына чейин жакшы кабарды кубанычтуулук менен жарыялап, башкалар үчүн көп жакшы иштерди кылса керек. Азыр ал сыяктуу башкалардын камын ойлогон эже-карындаштарыбыздын бар экени бизди кандай гана кубандырат!

20, 21. а) Башкаларга кам көрүү менен бекемдөөнүн кандай байланышы бар? б) Биртуугандарды бекемдөө үчүн эмне кыла аласың?

20 Башкаларды бекемдөө менен аларга кам көргөнүбүздү көрсөтөбүз (Рим. 1:11, 12). Пабылдын кызматташы Сылас башкаларды дайым бекемдечү. Болжол менен б.з. 49-жылы сүннөткө байланыштуу суроо чечилгенден кийин Иерусалимдеги жетектөөчү кеңеш ар кайсы жердеги ишенимдештерине кат жеткириш үчүн өкүлдөрүн жөнөткөн. Сылас, Жүйүт, Барнаба жана Пабыл Антийохеяга кат алып барышкан. Ал жактан Сылас менен Жүйүт «бир туугандарга көптөгөн акыл-насааттарды айтып, алардын ишенимин бекемдеген» (Элч. 15:32).

21 Кийинчерээк Пабыл менен Сылас Филипиде камакка алынышат. Бирок жертитирөө болуп өткөндөн кийин бошотулушат. Мунун аркасында башкаларга кабар айтууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө жана түрмө сакчысы үйбүлөсү менен чындыкка келгенине алар кандай гана сүйүнүшкөн! Ал шаардан кеткенге чейин Пабыл менен Сылас биртуугандарды бекемдешкен (Элч. 16:12, 40). Сен да, аларга окшоп, башкаларды жыйналышта берген жоопторуң, сүйлөгөн сөздөрүң жана ынталуу кызматың менен бекемдөөгө аракет кыл. Эгер «бекемдээрлик сөзүң» болсо, биртуугандарга айтуудан тартынба (Элч. 13:15, «ЖД»).

Мындан ары да Жахабанын жолдору менен жүрөлү

22, 23. Ыйык китептик билдирүүлөрдөн канткенде пайда алабыз?

22 «Бекемдөөнүн булагы болгон» Жахаба Кудайдын Сөзүндө чынында эле болгон окуялар жазылганына кандай гана ыраазыбыз! (2 Кор. 1:3, Баингтондун котормосу). Эгер анда жазылгандардан пайда алгыбыз келсе, ыйык китептик кеңештерди жашоодо колдонушубуз жана Кудайдын ыйык руху бизди жетектешине жол беришибиз керек (Гал. 5:22—25).

23 Ыйык китептик билдирүүлөр жөнүндө ой жүгүртүү Кудайга жаккан сапаттарды өрчүтүшүбүзгө жардам берет. Ошондой эле «акыл да, билим да, кубаныч да берген» Жахаба менен болгон мамилебизди бекемдейт (Нас. 2:26). Мунун аркасында Кудайдын жүрөгүн кубантабыз (Накыл 27:11). Эмесе, келгиле, мындан ары да Жахабанын жолдору менен жүрүп, анын жүрөгүн кубантууга чечкиндүү бололу!

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Ишенимдүүлүгүңдү кантип көрсөтө аласың?

• не үчүн «момун болушубуз» керек?

• Ыйык китептик билдирүүлөр эржүрөк болууга кандайча жардам берет?

• Башкаларга кандай жолдор менен кам көрө алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[8-беттеги сүрөт]

Ишенимдүү Иптах менен кызы кыйын болсо да убасын аткарган

[10-беттеги сүрөт]

Жаштар, ысрайылдык кыздан эмнеге үйрөндүңөр?

[11-беттеги сүрөт]

Табита ишенимдештерине кантип кам көргөн?