Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба дайыма көңүлүбүздүн борборунда болсун

Жахаба дайыма көңүлүбүздүн борборунда болсун

Жахаба дайыма көңүлүбүздүн борборунда болсун

«Теңирди мен өзүмдүн алдымдан ар дайым көрүп турдум» (ЗАБ. 15:8).

1. Ыйык китептик билдирүүлөр бизге кандай таасир этет?

ЖАХАБАНЫН Сөзүндө анын адамдар менен болгон мамилеси эң сонун баяндалат. Анда Кудайдын ой-ниетинин аткарылышына катышкан кишилер тууралуу жазылган. Албетте, алардын сөздөрү менен жасаган иштери жөн гана кызыктуу окуялар катары берилген эмес. Ал билдирүүлөр бизди Жахабага жакындатат (Жкп. 4:8).

2, 3. Забур 15:8ди кандай түшүнүүгө болот?

2 Ыбрайым, Саара, Муса, Рут, Дөөт, Эстер, элчи Пабыл жана башка ыйык китептик каармандардан баарыбыз көп нерсеге үйрөнө алабыз. Ошол эле учурда анча белгилүү болбогон инсандар жөнүндөгү билдирүүлөр да пайдалуу. Ыйык китептик аңгемелер жөнүндө ой жүгүртүү Дөөттүн: «Теңирди мен өзүмдүн алдымдан ар дайым көрүп турдум, Ал менин оң жагымда, мен олку-солку болбойм»,— деген сөздөрүнө ылайык иш кылууга жардам берет (Заб. 15:8). Дөөттүн бул сөздөрүн кандай түшүнүүгө болот?

3 Жоокер, адатта, кылычын — оң колуна, калканын сол колуна кармагандыктан, оң тарабы ачык калчу. Бирок анын досу оң жагында туруп салгылашса, ал ага коргоно алчу. Анын сыңарындай, биз Жахабаны көңүлүбүздүн борборунда сактап, анын эркин аткарсак, ал бизди коргойт. Андыктан, келгиле, ыйык китептик билдирүүлөр кандайча ишенимибизди бекемдээрин карап чыгалы. Ошондо Жахабаны алдыбыздан «ар дайым көрүп тургандай» болобуз.

Жахаба тиленүүлөрүбүзгө жооп берет

4. Ыйык Китептен Кудайдын тиленүүлөргө жооп берерин көрсөткөн мисал келтир.

4 Жахабаны көңүлүбүздүн борборунда сактап жүрсөк, ал биздин тиленүүлөрүбүзгө жооп берет (Заб. 64:3; 65:19). Буга, кыязы, Ыбрайымдын улгайган кызматчысы Элиезер менен болгон окуя далил боло алат. Ыбрайым аны Месопотамияга уулу Ыскакка Кудайдан корккон колукту алып келүүгө жиберет. Элиезер Кудайга жетекчилик сурап кайрылат жана Ребека анын төөлөрүн сугарып жатканда тиленүүсүнө жооп алганын түшүнөт. Ал чын жүрөктөн тиленгендиктен, Ыскакка сүйүктүү колукту боло турган кызды табат (Башт. 24:12—14, 67). Ооба, Ыбрайымдын кызматчысына өзгөчө тапшырма берилген эле. Жахабанын биздин тиленүүлөрүбүзгө да жооп берерине ишенишибиз керек эмеспи?

5. Жахаба кыска, ичтен айтылган тиленүүнү да угат деп эмне үчүн айта алабыз?

5 Бизге айрым учурларда Кудайдан жардам сурап кыскача тиленүүгө туура келиши мүмкүн. Алсак, бир жолу Персия падышасы Артакшашта шарап сунуучусу Некемиянын капалуу экенин байкаган. Падыша андан: «Каалаганың эмне?» — деп сураганда, Некемия ошол замат «асмандагы Кудайга сыйынат». Мындай учурда ал ичинен кыскача эле тиленсе керек. Ошентсе да Кудай анын тиленүүсүнө жооп берген. Ошондуктан Некемия падышанын колдоосуна ээ болуп, Иерусалим шаарынын дубалдарын кура алган (Оку: Некемия 2:1—8). Ырас, Кудай атүгүл кыска, ичтен айтылган тиленүүнү да угат.

6, 7. а) Тиленүүгө карата Эпафрас кандай үлгү калтырган? б) Биз эмне себептен башкалар үчүн тиленишибиз керек?

6 Тиленүүлөрүбүзгө Кудай дароо эле жооп берип жатканын көрбөсөк да, биз «бири-бирибиз» үчүн тиленүүгө чакырылабыз (Жкп. 5:16). «Машайактын ишенимдүү кызматчысы» Эпафрас ишенимдештери үчүн жалындуу тиленген. Элчи Пабыл Римден ал тууралуу мындай деп жазган: «Ыйса Машайактын кулу, силердин араңардан [колосалыктардан] келген Эпафрас, силерге салам айтып жатат. Силер жеткилең болушуңар үчүн, Кудайдын эркин таанып билишиңер үчүн, ал дайыма сыйынат. Ал силер үчүн жана лаодикеядагылар менен жераполдогулар үчүн өзгөчө кам көрүп жатат деп күбөлөндүрөм» (Кол. 1:7; 4:12, 13).

7 Колос, Лаодикея жана Жерапол шаарлары Кичи Азия аймагында жайгашкан эле. Ыйсанын Жераполдогу жолдоочулары Кибела аял кудайына сыйынгандардын арасында жашаса, Лаодикеядагы жолдоочулары дүнүйөкордукка умтулгандардын арасында жашаган. Ал эми колосалыктарга адамдык философия коркунуч туудуруп турган (Кол. 2:8). Ошондуктан колосалык Эпафрастын ал шаардагы ишенимдештери үчүн «дайыма сыйынып» турганы таң калыштуу эмес. Ыйык Китепте анын өз тиленүүлөрүнө кандай жооп алганы айтылбайт. Анткен менен Эпафрас ишенимдештери үчүн тиленгенин токтоткон эмес. Биз да ишенимдештерибиз үчүн тилене беришибиз керек. «Бирөөнүн ишине кийлигишпесек» да, балким, үйдөгүлөрүбүздүн же досубуздун ишеними сыналып жатканын билеттирбиз (1 Пет. 4:15). Жеке алар үчүн тиленгенибиз кандай гана орундуу! Пабылга башкалардын жалындуу тиленүүлөрү жардам бергендей эле, биздин тиленүүлөрүбүз да көп жакшы нерселерди кыла алат (2 Кор. 1:10, 11).

8. а) Эфестеги аксакалдар тиленүүнү жогору баалаганын кайдан билебиз? б) Тиленүүгө карата кандай маанайда болушубуз керек?

8 Башкалар бизди дайыма тиленип жүргөн киши катары эсептейби? Эфестик аксакалдар менен жолуккандан кийин Пабыл «тизе бүгүп, бардыгы менен чогуу сыйынган». Билдирүүдө андан ары мындай делет: «Бардыгы аябай ыйлап, Пабылды мойнунан кучактап өпкүлөштү. Аларды Пабылдын „Мени мындан кийин көрбөйсүңөр“ деген сөзү өзгөчө кайгыртты» (Элч. 20:36—38). Биз ал аксакалдардын аты-жөнүн билбейбиз, бирок алар тиленүүнүн маанилүүлүгүн сезип, жогору баалаганы айкын. Биз да тиленүү сыймыгын жогору баалап, «колдорубузду берилгендикте көтөрүп тиленгенде» асмандагы Атабыздын угарына шектенбешибиз керек (1 Тим. 2:8, «ЖД»).

Кудайга бардык нерседе баш ий

9, 10. а) Салапаттын кыздары кандай үлгү калтырышкан? б) Салапаттын кыздарынын баш ийүүсү Ыйсанын үйбүлө кура элек жолдоочуларынын никеге карата көзкарашына кандай таасир этет?

9 Жахабаны дайыма көңүлүбүздүн борборунда сактап жүрүү менен ага баш ийүүгө үйрөнөбүз жана мол бата алабыз (Мыйз. 28:13; 1 Шем. 15:22). Бул бизден Кудайга даярдуулук менен баш ийүүнү талап кылат. Мусанын күндөрүндө жашаган Салапаттын беш кызын мисалга алалы. Ысрайылда, адатта, атасынын үлүш жери, мүлкү эркек балдарына мураска калчу. Салапат эркек бала көрбөй көз жумгандыктан, Жахаба Салапаттын үлүштөрүнүн беш кызына берилишин буйрат. Бирок алар бир шартты аткарышы — Менаше уулдарына гана турмушка чыгышы — керек эле. Ошондо мураска өткөн жери, мүлкү алардын уруусунда калмак (Сан. 27:1—8; 36:6—8).

10 Салапаттын кыздары Кудайга тил алышса, жыйынтыгы жакшы болоруна ишенишкен. «Теңир Мусага кандай буйруган болсо, Салапаттын кыздары так ошондой кылышты,— делет Ыйык Китепте.— Салапаттын кыздары Махла, Тирса, Хогла, Милка жана Ноя атасынын бир туугандарынын уулдарына күйөөгө чыгышты. Алар Жусуптун уулу Менашеден тараган уруунун уулдарына турмушка чыгышты. Ошентип, алардын үлүшү аталарынын уруусунда калды» (Сан. 36:10—12). Ал тилалчаак кыздар Жахабанын буйругун так аткарышкан (Жаш. 17:3, 4). Алардыкындай ишеним көрсөткөн, Ыйсанын рухий жактан жетилген үйбүлө кура элек жолдоочулары «Теңирге ишенген адамга гана» баш кошуу менен Кудайга тил аларын далилдешет (1 Кор. 7:39).

11, 12. Калеп Кудайга таянганын кантип көрсөткөн?

11 Биз, ысрайылдык Калептей болуп, Жахабага бардык нерседе баш ийишибиз керек (Мыйз. 1:36). Б.з.ч. 16-кылымда ысрайылдыктар Мисирден бошотулгандан кийин, Муса Канаан жерин карап келүүгө 12 чалгынчыны жиберет. Бирок алардын экөө эле, Калеп менен Жашыя, элди Кудайга толук таянууга жана Убадаланган жерге кирүүгө үндөйт (Сан. 14:6—9). Андан болжол менен 40 жыл өткөн соң, Жашыя менен Калеп дагы деле Жахабага толугу менен таянып, ага кызмат кыла беришкен. Кудай Жашыяны колдонуп, ысрайылдыктарды Убадаланган жерге алып кирген. Ал эми ишенимсиз 10 чалгынчы, сыягы, ысрайылдыктардын 40 жылдык чөл кезүүсүндө каза болгон (Сан. 14:31—34).

12 Чөл кезүүдөн аман калган 85теги Калеп Жашыяга келип: «Мен болсо өз Кудай-Теңиримдин айтканындай кылгам»,— деген (Оку: Жашыя 14:6—9). Анан андан Кудай берем деп убадалаган тоолуу аймакты, душмандары жашаган чептүү чоң шаарларды, өзүнө беришин сураган (Жаш. 14:10—15).

13. Сыноолорго кабылсак да, Жахабанын батасын алыш үчүн эмне кылышыбыз керек?

13 Биз да ишенимдүү, тилалчаак Калепке окшоп, бардыгын Жахабанын «айтканындай кылсак», анын колдоосуна ээ болобуз. Атүгүл чоң сыноолорго кабылганда да Жахабанын «айтканындай кыла» берсек, андан бата алабыз. Анткен менен өмүрүбүздүн аягына чейин Калептей болуп Кудайга толук баш ийүү оңойго турбашы мүмкүн. Алсак, Сулайман падыша башында Кудайга толук тил алчу. Бирок улгайып калганда аялдары аны жалган кудайларга сыйынууга азгырган жана «анын жүрөгү атасы Дөөттүн жүрөгү сыяктуу Кудай-Теңирге толук берилбей» калган (1 Пад. 11:4—6). Андыктан, келгиле, сыноолорго карабай Кудайга бардык нерседе баш ийип, аны көңүлүбүздүн борборунда сактап жүрөлү.

Жахабага дайым таян

14, 15. Нааминин үлгүсүнөн Кудайга таянуу керектигине байланыштуу эмнеге үйрөндүңөр?

14 Биз, өзгөчө, эртеңки күнүбүз жакшы нерсе тартуулабачудай сезилип, көңүлүбүз чөккөндө Кудайга таянышыбыз керек. Күйөөсүнөн жана эки уулунан ажыраган улгайган Наамини мисалга алалы. Ал Маап жеринен Жүйүткө кайтып келгенде: «Мени Наами [«жагымдуу»] деп чакырбагыла, мени Мара [«шордуу»] деп чакыргыла, анткени Бардыгын Кармап Туруучу мени оор кайгыга салды. Мен бул жактан түгөл кеткем, бирок Теңир мени куру кол кайтарды. Теңир мени айыптаган соң, Бардыгын Кармап Туруучу башымды кайгыга салган соң, мени Наами деп чакыруунун эмне кереги бар?» — деп ыйлаган (Рут 1:20, 21).

15 Рут китебин кылдат окуу менен Нааминин кайгыга батса да, Жахабага дайым таянып келгенин биле алабыз. Кийин анын жашоосу кандай гана чукул өзгөргөн! Жесир калган келини Рут Бууз деген кишиге турмушка чыгып, уул төрөп бергенде, Наами небересинин бакма энеси болуп калат. Ыйык Китепте бул жөнүндө мындай делет: «Кошуна аялдар: „Наами уулдуу болду“,— деп, баланын атын Обейт коюшту. Ал — Дөөттүн атасы Жышайдын атасы» (Рут 4:14—17). Кийин Наами менен Рут жердеги жашоого тирилтилгенде, Наами келининин Ыйса Машайактын чоң энелеринен болгонун билет (Мт. 1:5, 6, 16). Биз, Наамиге окшоп, кабылган кыйынчылыктардын аягы эмне болуп бүтөрүн билбейбиз. Ошондуктан, келгиле, Накыл сөздөр 3:5, 6да айтылгандай, дайыма Кудайга таяналы. Ал жерде: «Бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн, өз акылыңа таянба. Бардык жолдоруңда Кудайды таанып бил, ошондо Ал сенин жолдоруңду багыттайт»,— деп жазылган.

Ыйык рухтун жетегине баш ий

16. Кудайдын ыйык руху байыркы Ысрайылдагы аксакалдарга кандайча жардам берген?

16 Жахабаны көңүлүбүздүн борборунда сактап жүрсөк, ал бизди руху аркылуу жетектейт (Гал. 5:16—18). Мусага ысрайыл элинин «түйшүгүн... көтөрүүгө» жардам берүү үчүн тандалган 70 аксакалда Кудайдын руху болгон. Алардын ичинен Элдат менен Мейдаддын гана аты аталса да, ыйык рух аксакалдардын баарына өздөрүнө тапшырылган иштерди аткарууга жардам берген (Сан. 11:13—29). Мурунураак тандалган кишилер сыяктуу эле, алар да жөндөмдүү, Кудайдан корккон, ишенимдүү жана чынчыл болгону шексиз (Чыг. 18:21). Мындай сапаттарды бүгүнкү күндөгү аксакалдар да чагылдырышат.

17. Жахабанын ыйык руху жыйын чатырын курууда кандай роль ойногон?

17 Жахабанын ыйык руху чөлдө жыйын чатырын курууда да чоң роль ойногон. Жахаба жыйын чатырынын курулушунда башкы уста жана куруучу кылып Бетселелди дайындаган. Ошондой эле ага «даанышмандык, түшүнүк, билгичтик жана ар кандай өнөр» берип, өзүнүн рухун берерин убадалаган (Чыг. 31:3—5). Бул сыймыктуу тапшырманы аткарууга Бетселел, анын жардамчысы Алыйап жана «жүрөгүнө акылмандык» салынган башка кишилер да катышкан. Андан тышкары, Жахабанын руху элге чын көңүлдөн, берешендик менен тартуу кылууга түрткү берген (Чыг. 31:6; 35:5, 30—34). Ошол эле рух Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчыларына Падышалыктын кызыкчылыктары үчүн колунан келгендин баарын кылууга түрткү берүүдө (Мт. 6:33). Биз кандайдыр бир шык-жөндөмдүүлүктөргө ээ болсок да, Жахабанын учурда өз элине тапшырган ишин аткара алышыбыз үчүн ыйык рух сурап тиленишибиз жана анын жетегине баш ийишибиз керек (Лк. 11:13).

Жахаба Кудайды ыйык тут

18, 19. а) Кудайдын руху бизде кандай сезимди жаратат? б) Шымыйон менен Аннанын үлгүсүнөн эмнеге үйрөндүңөр?

18 Ыйык рух бизде Жахабаны терең урматтоо сезимин жараткандыктан, Аны көңүлүбүздүн борборунда сактап жүрө алабыз. Байыркы ысрайыл элине: «Себайот Теңирди... ыйык туткула»,— деп айтылган (Ыш. 8:13). Биринчи кылымда Иерусалимде жашаган Шымыйон менен Анна Кудайды терең урматтаган адамдардан болушкан (Оку: Лука 2:25—38). Шымыйон Машайак тууралуу айтылган пайгамбарлыктарга ишенип, «ысрайыл элинин сооронор мезгилин күтүп жүргөн». Кудай Шымыйонго ыйык рухун берип, аны Машайакты сөзсүз көрөрүнө ынандырган. Анан так ушундай болгон. Б.з.ч. 2-жылы Ыйсанын ата-энеси Жусуп менен Мариям аны ийбадатканага алып келишет. Ыйык рухтун таасири менен Шымыйон Машайакка байланыштуу пайгамбарлыктарды жана Мариямдын жүрөгү тилингендей болорун алдын ала айткан. Чынында эле, Ыйса мамыга кадалганда, Мариям катуу күйүт тарткан. Шымыйондун «Теңирдин Машайагын» өз колуна алганда кандай кубанычка батканын элестетсең! Ал Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчыларына Кудайды терең урматтоо жагынан абдан сонун үлгү калтырган.

19 Кудайды терең урматтаган 84 жаштагы Анна деген жесир аял болсо «ийбадатканадан кетчү эмес». Ал Жахабага күнү-түнү ыйык кызмат кылып, «орозо кармап, сыйынып» турчу. Ыйсаны ийбадатканага алып келишкенде, ал жакта Анна да бар эле. Болочок Машайакты көргөндө ал аябай кубанган! Анан «Теңирди даңктап, Иерусалимдин эркиндикке чыгуусун күтүп жүргөндөрдүн бардыгына Ал жөнүндө айта» баштаган. Анткени Анна бул жакшы кабарды башкаларга айтуу зарыл экенин билген. Шымыйон менен Аннага окшоп, Жахабанын бүгүнкү күндөгү улгайган кызматчылары жашы өр тартып калганына карабай анын Күбөсү катары кызмат кылып жатканына абдан кубанышат.

20. Жашыбызга карабай эмне кылышыбыз зарыл жана эмне үчүн?

20 Жашыбыз канчада болбосун, Жахабаны дайыма көңүлүбүздүн борборунда сактап жүрүшүбүз зарыл. Ошондо ал анын Падышалыгы жана кереметтүү иштери жөнүндө башкаларга айтууга жумшаган аракетибизге батасын берет (Заб. 70:17, 18; 144:10—13). Жахабаны терең урматтоо үчүн ага жаккан сапаттарды өрчүтүшүбүз зарыл. Кийинки макаладан Ыйык Китептеги дагы башка билдирүүлөрдү изилдөө менен ал сапаттар жөнүндө көбүрөөк биле алабыз.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Жахабанын тиленүүлөрүбүзгө жооп берерин кайдан билебиз?

• Кудайга эмне үчүн бардык нерседе баш ийишибиз керек?

• Көңүлүбүз чөксө да, эмне үчүн Жахабага дайыма таянышыбыз зарыл?

• Кудайдын ыйык руху анын элине кандайча жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[4-беттеги сүрөт]

Жахаба Некемиянын тиленүүсүн уккан

[5-беттеги сүрөт]

Нааминин кандай бата алганын эстеп жүрүү бизге Жахабага таянууга жардам берет