Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Марк китебиндеги урунттуу ойлор

Марк китебиндеги урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Марк китебиндеги урунттуу ойлор

МАРКТЫН ИНЖИЛИ — төрт Инжилдин эң чаканы. Аны Ыйса Машайактын өлгөнүнөн жана кайра тирилгенинен 30 жылдай өткөндө Жакан-Марк жазган. Бул Инжил Ыйсанын үч жарым жылдык кызматында болуп өткөн кызыктуу окуяларга бай.

Марк китеби, кыязы, жүйүттөргө эмес, биринчи кезекте римдиктерге арналган. Анда Ыйса кабар айтуу өнөктүгүн жигердүүлүк менен жүргүзгөн, Кудайдын кереметтерди жасаган Уулу катары сүрөттөлгөн. Бул Инжилде Ыйсанын окууларына караганда, жасаган иштерине көбүрөөк басым жасалган. Марк китебин карап чыгуу Машайакка болгон ишенимибизди бекемдеп, Кудайдын кабарын жигердүү тараткан жарчылардан болууга шыктандырат (Эвр. 4:12).

ГАЛИЛЕЯДАГЫ КӨРҮНҮКТҮҮ КЫЗМАТ

(Марк 1:1—9:50)

Марк китебинин алгачкы 14 аятында Чөмүлдүрүүчү Жакандын кызматы жана Ыйсанын 40 күн чөлдө жүргөнү айтылат. Андан соң Ыйсанын Галилеядагы кызматы жөнүндөгү кызыктуу окуялар баяндалат. Ал эми «ошол замат» деген сөз айкашынын кайра-кайра колдонулушу Марктын билдирүүсүнө чукулдук сезимин кошот (Мр. 1:10, 12).

Үч жылга жетпеген убакыт аралыгында Ыйса кабар айтуу өнөктүгүн Галилеяда үч ирет жүргүзгөн. Марк Ыйсага байланыштуу окуяларды көбүнесе болуп өткөн ирети боюнча жазган. Бирок анын Тоодогу насаатын да, башка көлөмдүү сөз-насааттарын да Инжилине камтыган эмес.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Мр. 1:15 — Эмненин «убактысы келген»? Бул аятта Ыйса кызматын баштоо үчүн белгиленген убакыттын келгенин айткан. Ал кезде Ыйса Кудайдын Падышалыгынын болочок Падышасы катары жерде жүргөндүктөн, Падышалык жакындап калган. Андыктан жүрөгү таза адамдар анын кабарын кабыл алып, Кудайдын жактыруусуна ээ болуу үчүн, тийиштүү кадамдарды жасай алышкан.

Мр. 1:43; 3:12; 7:36 — Ыйса кереметтери тууралуу айтууга эмне үчүн тыюу салган? Ыйса ал тууралуу элдин дүрбөлөңгө түшүргөн билдирүүнүн же бурмаланган маалыматтын негизинде жыйынтык чыгарышын каалаган эмес. Анын Машайак экенине өздөрүнүн көзү жетишин, далилдердин негизинде жеке тыянак чыгарышын каалаган (Ыш. 42:1—4; Мт. 8:4; 9:30; 12:15—21; 16:20; Лк. 5:14). Ыйса жин ооруусунан айыккан гадаралык бир кишиге гана тыюу салган эмес. Ага үйүнө барып, бардыгын жакындарына айтып берүүнү буйруган. Себеби ал аймакта жашагандар Ыйсадан кетүүнү өтүнүшкөн эле. Андыктан Ыйса ал жердегилер менен көп же таптакыр сүйлөшө алмак эмес. Ал эми алиги оорусунан айыккан кишинин ошол жакта жүрүшү жана күбөлөндүрүүсү чочколордун өлүмүнө байланыштуу терс пикирлерди төгүнгө чыгармак (Мр. 5:1—20; Лк. 8:26—39).

Мр. 2:28 — Ыйса эмне үчүн «ишембинин да кожоюну» деп аталган? Элчи Пабыл: «Мыйзам — келечектеги жакшылыктардын... көлөкөсү»,— деп жазган (Эвр. 10:1). Мыйзам боюнча, ишемби алты иш күнүнөн кийин болгон. Ал күнү Ыйса көптөрдү айыктырган. Ишемби Шайтандын катаал башкаруусу бүткөндө баштала турган Машайактын Миң жылдык башкаруусунун тушундагы бейкуттуктун жана адамзатка төгүлө турган баталарынын «көлөкөсү» эле. Демек, Падышалыктын Падышасы Ыйса — «ишембинин да кожоюну» (Мт. 12:8; Лк. 6:5).

Мр. 3:5; 7:34; 8:12 — Марк Ыйсанын кайсы бир жагдайда кандай сезимде болуп турганын эмнеден улам жакшы билген? Марк 12 элчинин катарына кирген эмес, Ыйсанын жакын шериктеши да болгон эмес. Маалыматтарга ылайык, ал элчи Петир менен тыгыз кызматташып, андан көптү угуп-билген (1 Пет. 5:13).

Мр. 6:51, 52 — Шакирттер «нан менен болгон кереметтен» эмнени түшүнүшү керек эле? Кайыкка түшөрдөн бир нече саат мурун Ыйса, аял менен балдарды эсепке албаганда, 5 000 кишини беш нан, эки балык менен тойгузган. Ошол «нан менен болгон керемет» Ыйсанын кереметтерди Жахаба Кудайдын күчү менен жасап жатканын көрсөткөн (Мр. 6:41—44). Эгер шакирттер Ыйсага канчалык кубаттуу күч берилгенин аңдашса, анын көлдүн үстүнөн басканын көргөндө анчалык таң калышмак эмес.

Мр. 8:22—26 — Ыйса сокур кишинин көзүн эмне үчүн дароо эле айыктырып койгон эмес? Ыйса сокур кишинин сезимин эске алган окшойт. Көптөн бери караңгылыкка көнүп калган ал кишинин көрүү жөндөмүн бара-бара калыбына келтириши менен Ыйса анын көзүнүн жарыкка акырындык менен көнүшүнө мүмкүнчүлүк берген көрүнөт.

Биз алчу сабактар:

Мр. 2:18; 7:11; 12:18; 13:3. Марк жүйүт эмес окурмандарын эске алып, айрым каада-салттарды, сөздөрдү, ишенимдерди жана аймактардын жайгашкан ордун түшүндүрүп кеткен. Мисалы, ал фарисейлердин «орозо кармашканын», корван деген сөздүн «менин сага берер нерсемдин баары Кудайга багышталган» дегенди билдирерин, садукейлердин «өлгөндөр тирилбейт» деп ишенерин, «Зайтун тоосунан» ийбадаткана көрүнүп турарын тактап жазган. Ал эми Машайактын санжырасы көбүнесе жүйүттөрдү кызыктыргандыктан, Марк ал тууралуу кеп кылган эмес. Муну менен Марк бизге жакшы үлгү көрсөткөн. Биз да кабар айтканда же жыйналыштан сөз сүйлөп жатканда угармандарыбыздын эмнени билип, эмнени билбээрин, эмнеге кызыгып, эмнеге кызыкпаарын эске алышыбыз керек.

Мр. 3:21. Ыйсанын туугандары ага ишенишкен эмес. Ошондуктан ал ишеними үчүн үйүндөгүлөр тарабынан куугунтук жегендердин же шылдыңга алынгандардын абалын да, сезимин да жакшы түшүнөт.

Мр. 3:31—35. Чөмүлтүлгөндөн кийин Ыйса Кудайдын рухий Уулу болгон; ал эми «Жогорку Иерусалим» Ыйсанын энеси болгон (Гал. 4:26). Ошондон тартып Ыйса үчүн шакирттери кандаш туугандарына караганда жакыныраак жана сүймөнчүк болуп калган. Мындан биз жашообузда рухий нерселерди биринчи орунга коюуга үйрөнөбүз (Мт. 12:46—50; Лк. 8:19—21).

Мр. 8:32, 34. Биз башкалардын бизге орунсуз аёо көрсөтүп жатканын дароо аңдай билип, четке кагышыбыз керек. Ыйсанын жолдоочусу «өзүнөн баш тартууга», башкача айтканда, өзүн тыйып, керт башынын кызыкчылыктарынан, максаттарынан кечүүгө даяр болууга тийиш. Ал Ыйсанын жолдоочусу болгону үчүн «кыйноо мамысын алууга» («ЖД») — зарыл болсо, азап тартууга, шылдың болууга, куугунтукталууга, ал эмес, өмүрүнөн ажыроого — даяр болушу керек. Ал ар дайым Ыйсанын «артынан ээрчип», жашоосун анын үлгүсү боюнча өткөрүшү керек. Ыйсанын шакирти болуу Ыйсаныкындай жан аябастык рухун өрчүтүүнү жана ар дайым аны чагылдырууну талап кылат (Мт. 16:21—25; Лк. 9:22, 23).

Мр. 9:24. Биз башкаларга ишенимибиз тууралуу айтып берүүдөн жана Кудайдан ишенимибизди арттырууну сурап тиленүүдөн тартынбашыбыз керек (Лк. 17:5).

АКЫРКЫ АЙ

(Марк 10:1—16:8)

Биздин замандын 32-жылынын аяк ченинде Ыйса «Иордан дарыясынын наркы өйүзүндөгү Жүйүт аймагына келгенде», жанына кайрадан көп эл чогулат (Мр. 10:1). Ал жактан кабар айткандан кийин Ыйса Иерусалимге бет алат.

Ал 8-нисанда Бетанияда эле. Ошол жакта кечки тамак ичип жатканда бир аял келип, анын башына жыпар жыттуу май куят. Марктын Инжилинде Ыйсанын Иерусалимге салтанаттуу кирип келишинен анын тирилгенине чейинки окуялар өз-өз ирети боюнча баяндалат.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Мр. 10:17, 18 — Ыйса «Жакшы Устат» деген наамды эмне үчүн кабыл алган эмес? Кошомат катары айтылган ал наамды кабыл алуудан баш тартышы менен Ыйса даңктоого Жахаба гана татыктуу экенин жана Ал гана бардык жакшылыктын булагы экенин баса көрсөткөн. Андан тышкары, көңүлдү төгүндөлгүс чындыкка — жакшылык менен жамандыкка байланыштуу нормаларды бекитүүгө бардыгын жараткан Жахаба Кудай гана укуктуу экенине — бурган (Мт. 19:16, 17; Лк. 18:18, 19).

Мр. 14:25 — Ыйса ишенимдүү шакирттерине: «Кудайдын Падышачылыгында жаңы шарап иче турган күн келгенге чейин, Мен мындан ары жүзүм ширесинен ичпейм»,— дегенде эмнени айткысы келген? Ал асманда кадимки шарап бар экенин айткысы келген эмес. Ыйык Китепте шарап кээде кубанычты билдирет. Ошондуктан Ыйса өзүнүн майланган жолдоочулары тирилип, аны менен Падышалыкта бирге болгондо жарала турган кубаныч тууралуу айткан (Заб. 103:15; Мт. 26:29).

Мр. 14:51, 52 — «Жылаңач бойдон качып кеткен» жаш жигит ким эле? Ал жигит тууралуу Марк гана жазган. Ошол себептүү бул жерде ал өзү жөнүндө айткан деген жыйынтыкка келүүгө болот.

Мр. 15:34 — «Кудайым ай, Кудайым ай! Мени эмнеге жалгыз калтырдың?» — дегени Ыйсанын ишениминин жетишсиздигин көрсөттү беле? Жок. Ыйсанын эмне себептен ушинтип айтканын биз так билбейбиз. Ошентсе да Ыйса, берилгендиги толук сыналышы үчүн, Жахаба тарабынан колдоосуз калтырылганын сезип, ушинтип айтышы мүмкүн эле. Же болбосо Ыйса Забур 21:2деги пайгамбарлыктын аткарылышы үчүн ошентип айтышы ыктымал (Мт. 27:46).

Биз алчу сабактар:

Мр. 10:6—9. Кудайдын ой-ниети боюнча, жубайлар ар дайым чогуу болууга тийиш. Ошондуктан аялы-күйөөсү, өз ара келишпестиктер пайда болгондо, дароо эле ажырашуунун жолун издебей, аларды чечүү үчүн ыйык китептик принциптерди колдонууга умтулушу керек (Мт. 19:4—6).

Мр. 12:41—44. Жесир аялдан үлгү алып, биз чыныгы сыйынууну колдоодо өзүмчүлдүктөн оолак болушубуз керек.

[28-беттеги сүрөт]

Эмне үчүн Ыйса бул кишиге өзү менен болгон окуяны жакындарына айтып барууну буйруган?