Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйсанын катышуусу биз үчүн эмнени билдирет?

Ыйсанын катышуусу биз үчүн эмнени билдирет?

Ыйсанын катышуусу биз үчүн эмнени билдирет?

«Сенин келер убактыңды жана дүйнөнүн акыры келип калганын кандай белгилер аркылуу билсе болот?» (МТ. 24:3).

1. Элчилер Ыйсага кандай суроо узатышкан?

МЫНДАН эки миң жыл мурун Ыйса менен Зайтун тоосунда чогуу отурган төрт элчиси ага мындай суроо узаткан: «Бул качан болот? Сенин келер убактыңды жана дүйнөнүн акыры келип калганын кандай белгилер аркылуу билсе болот?» (Мт. 24:3). Элчилер бул суроосунда «Сенин келер убактыңды» жана «дүйнөнүн акыры» деген кызыктуу сөз айкаштарын колдонушкан. Бул сөздөрдө кандай маани камтылган?

2. Синте́лейа деген грек сөзү кандай маанини туюнтат?

2 Алгач алардын экинчисине токтололу. Грек тилиндеги түпнускадагы синте́лейа жана те́лос деген эки башка сөз «Үмүт нуру» котормосунда «акыры» деген бир сөз менен эле берилген. Түпнускада болсо ал эки сөз мааниси жагынан бири-биринен бир аз айырмаланат. Матай 24:3тө колдонулган синте́лейа деген сөз «аяктап бараткан маал же акыркы убак» деген маанини камтыйт. Ал эми те́лос деген грек сөзү «аяктоо» деген маанини туюнтат. Бул эки сөздүн айырмасын түшүнүү үчүн, Падышалык залдарында айтылып жүргөн баяндаманы мисалга алалы. Адатта, баяндамачы сөзүн аяктап баратканда бүтүндөй баяндамасын кыска убакыт ичинде корутундулайт, андагы айтылгандарды биз кантип колдоно аларыбызды түшүндүрөт. Ал эми баяндамачы сахнадан түшүп кеткенде, баяндама аяктаган болот. Ошол эле сыяктуу, Ыйык Китептин түпнускасы боюнча, синте́лейа деген сөз кайсы бир окуянын аяктап бараткан маалын жана аяктаган убагын камтыйт.

3. Ыйсанын Падыша катары катышып жаткан маалында кандай окуялар болууда?

3 Элчилер кайсы паруси́а * («Үмүт нуру» котормосунда «келер убактың» деп которулган) жөнүндө сурашкан? Ыйсанын паруси́асы же келиши ал Падыша катары такка отурган 1914-жылдан башталып, анын улуу кайгыда зулумдарды жок кылуу үчүн келген маалына чейин созулат (Мт. 24:21). Ыйсанын катышуу маалы бир топ окуялар менен — мисалы, бузуку дүйнөнүн «акыркы... оор күндөрү», тандалгандардын чогултулушу, алардын асман жашоосуна тирилтилиши менен — коштолот (2 Тим. 3:1; 1 Кор. 15:23; 1 Тес. 4:15—17; 2 Тес. 2:1). Демек, «дүйнөнүн акыры» же аяктап бараткан маалы (синте́лейа) менен Ыйсанын Падыша катары катышып жаткан маалы (паруси́а) бир убакытта болуп жатат дешке болот.

Бир канчага созулган убакыт аралыгы

4. Ыйсанын катышуусу эмнеси менен Нухтун күндөрүнө окшош?

4 Паруси́а деген сөздүн бир канча убакыт аралыгын камтыган мөөнөттү билдирери Ыйсанын өзүнүн катышуусу жөнүндөгү айткандарына ылайык келет (Оку: Матай 24:37—39). Байкасаңар, Ыйса өзүнүн катышуусун Нухтун күндөрүндө Топон суу болуп жаткан маалга, салыштырмалуу кыска убакыт аралыгына, салыштырган эмес. Ал аны Топон суу болгонго чейинки бир кыйла узак убакытка салыштырган. Ошол убакыт аралыгына, Топон суу келгенге чейин, Нух ондогон жылдар бою кеме куруп, кабар айта берген. Ошол өңдүү эле, Машайактын катышуусу улуу кайгы болордун алдындагы окуяларды жана улуу кайгынын өзүн камтыйт (2 Тес. 1:6—9).

5. Аян китебинин 6-бөлүмүндө айтылгандар Ыйсанын катышуусу бир канча убакытка созуларын кандайча айгинелейт?

5 Ыйык Китептин башка пайгамбарлыктары да Ыйсанын катышуусу анын зулумдарды жок кылуу үчүн келген убагын гана эмес, бир канчага созулган убакыт аралыгын камтырын айкын көрсөтөт. Аян китебинде Ыйсанын ак атка минип чыкканы жана ага падыша таажысы берилгени сүрөттөлөт (Оку: Аян 6:1—8). Ыйса 1914-жылы Падыша таажысын кийип, «жеңүүчү катары жеңүү үчүн чыккан». Ошол эле аянда анын артынан ар кандай өңдөгү аттарга минген чабандестердин да чыкканы айтылган. Алар узак убакытка созулуучу «акыркы... күндөрдө» боло турган согуш, ачарчылык жана оору-сыркоолорду билдирет. Биз азыр ошол пайгамбарлыктын аткарылып жатканына өзүбүз күбө болуудабыз.

6. Аян китебинин 12-бөлүмүнөн Ыйсанын катышуусу жөнүндө эмнени билебиз?

6 Аян китебинин 12-бөлүмүндө асманда Кудайдын Падышалыгы орнотулганы жөнүндө кошумча маалымат камтылган. Ал жерде адам баласынын көзүнө көрүнбөгөн согуш болгону айтылат. Михаел — асманда жогорку абалды ээлеген Ыйса Машайак — жана анын периштелери Ибилис жана анын жин-перилери менен салгылашат. Натыйжада Шайтан Ибилис менен анын жин-перилери жерге куулуп түшөт. Мына ошондо Ибилистин «өз убагынын аз калганын билип», катуу каарданганы айтылат (Оку: Аян 12:7—12). Мындан көрүнүп тургандай, Машайактын Падышалыгынын асманда орнотулганынан тартып жер жана анын тургундары үчүн барган сайын күчөгөн «кайгы» өкүм сүргөн убакыт башталган.

7. Забурдун 2-бөлүмүндө эмне тууралуу жазылган жана анда кандай мүмкүнчүлүк бар экени айтылат?

7 Забурдун 2-бөлүмүндө асмандагы Сион тоосунда Ыйсанын Падыша болгону жөнүндөгү пайгамбарлык жазылган (Оку: Забур 2:5—9; 109:1, 2). Ал забурда жер жүзүнүн падышаларына жана алардын кол алдындагыларга Машайактын башкаруусуна баш ийүүгө убакыт берилери да маалымдалат. Аларга: «Акылыңарга келгиле... сабак алгыла!» — деген чакырык айтылат. Ошол убакыт аралыгында Жахабага жана анын майланган Падышасына кызмат кылып, Кудайга «таянгандардын баары бактылуу». Демек, берилген убакыт аралыгында, Ыйса Падыша катары катышып жаткан учурда, адамзаттын өзгөрүлүүгө эң сонун мүмкүнчүлүгү бар (Заб. 2:10—12).

Белгини айырмалай билүү

8, 9. Ыйсанын катышуусунун белгисин кимдер айырмалай билип, анын маанисин түшүнмөк?

8 Фарисейлер Падышалыктын качан келерин сурашканда, Ыйса анын, алар элестеткендей эмес, «көзгө көрүнбөй келерин» айткан (Лк. 17:20, 21). Ишеними жоктор анын келгенин түшүнүшмөк эмес. Алар Ыйсанын болочок Падыша экенин аңдашпаса, белгини кантип түшүнө алышмак? Анда Ыйсанын катышуусунун белгисин айырмалай билип, анын маанисин кимдер түшүнмөк?

9 Ыйсанын айтымы боюнча, белгини анын шакирттери «асмандын бир четинен экинчи четине чейин чагылган кандай жаркыраса... ошондой» айкын көрмөк (Оку: Лука 17:24—29). Кызыктуусу, Ыйсанын катышуусунун белгиси менен байланышкан ошол эле ойлор Матай 24:23—27-аяттарда да кезигет.

Белгини көргөн муун

10, 11. а) Буга чейин Матай 24:34тө айтылган «муунга» байланыштуу кандай түшүнүк бар эле? б) Шакирттердин «муунга» байланыштуу эмнени түшүнүшкөнү шексиз?

10 Бул журналдын буга чейинки сандарында Матай 24:34тө айтылган «бул муун» биринчи кылымда «ошол маалда жашаган ишенимсиз жүйүттөрдүн муунун» билдирген деп ырасталып келген *. Мындай ырастоо акылга сыярлык көрүнгөн. Себеби «муун» деген сөз кезиккен башка аяттардын бардыгында Ыйса аны терс мааниде колдонгон жана ага көбүнчө «жаман», «бузулган» деген сыяктуу сын атоочторду кошуп айткан (Мт. 12:39; 17:17; Мр. 8:38). Ошол себептүү Ыйса айткан жаман «муун» азыркы аткарылышында дүйнөнүн аяктап бараткан маалын (синте́лейа) жана анын аяктаганын (тело́с) көрө турган ишенимсиз адамдарды билдирет деген ой жакталган.

11 Ырас, «муун» деген сөздү терс мааниде колдонгондо Ыйса өзүнүн бузуку замандаштары жөнүндө айткан. Ал эми Матай 24:34тө да ошолор тууралуу айтты беле? Эстесеңер, Ыйса Зайтун тоосунда отурганда жанында төрт гана окуучусу болгон (Мт. 24:3). Ошондо Ыйса «бул муун» деп айтканда, ал сөздү терс мааниде колдонгон эмес. Ошон үчүн элчилердин «мунун баары болмоюнча... жок болуп кетпей» турган муунга алар да, калган башка элчилер да кирерин түшүнүшкөнү шексиз.

12. Ыйсанын «муун» деген сөздү кимдерге карата колдонгону мурунку аяттардан кандайча көрүнүүдө?

12 Эмненин негизинде ушундай тыянакка келүүгө болот? Матай 24:34кө чейинки аяттарды кылдат карап чыгуунун негизинде. Матай 24:32, 33-аяттарда Ыйса: «Анжыр дарагынан сабак алгыла: анын бутактары көөп, бүчүр байлап калганда, жай келерине аз калганын билесиңер. Ошол сыяктуу эле силер да мунун баарын көргөнүңөрдө, аз убакыт калганын, босогодо турганын билсеңер болот»,— деген (Салыштыргыла: Марк 13:28—30; Лука 21:30—32). Ошондон кийин эле Матай 24:34тө: «Силерге чындыкты айтып коёюн, мунун баары болмоюнча, бул муун жок болуп кетпейт»,— деп айтылган.

13, 14. Ыйсанын «муун» деген сөзү анын шакирттерине тийиштүү экенин эмненин негизинде билүүгө болот?

13 Ыйса ыйык рух менен майлана турган шакирттеринин «мунун баарын» көргөндө туура тыянакка келерин айткан. Демек, Ыйсанын: «Мунун баары болмоюнча, бул муун жок болуп кетпейт»,— деген сөздөрү анын шакирттерине тийиштүү экени бышык.

14 Ишенбегендерден айырмаланып, Ыйсанын шакирттери белгини көрүп эле койбостон, алардын маанисин да аңдашмак. Алар белгини түзгөн окуялардан «сабак алып», алардын чынында кандай мааниге ээ экенин «билишмек». Ошондон улам анын «босогодо турганына» толук көзү жетмек. Албетте, Ыйсанын сөздөрүнүн биринчи кылымдагы чакан аткарылышын майланган ишенимдүү жолдоочулары да, ишеними жок жүйүттөр да көрүшкөн. Бирок ал окуялардан Ыйсанын ошондогу майланган жолдоочулары гана сабак алышкан, башкача айтканда, көргөн нерселеринин чыныгы маанисин түшүнүшкөн.

15. а) Ыйса айткан «муунду» азыр кимдер түзөт? б) «Бул муундун» жашаган убагы канчага созуларын эмне себептен так эсептей албайбыз? (25-беттеги кутучаны карагыла.)

15 Бүгүнкү күндө рухий суроолорго байланыштуу түшүнүгү жоктор Ыйсанын катышуусун далилдеген, «көзгө көрүнгөн» эч кандай белги жок деп эсептешет. Алардын ою боюнча, бардыгы мурун кандай болсо, азыр деле ошол бойдон (2 Пет. 3:4). Ал эми Ыйсанын майланган ишенимдүү биртуугандары — азыркы Жакан тобу — чагылган жаркыраганда кандай айкын көрүнсө, белгини ошондой ачык-айкын аңдап, анын чыныгы маанисин түшүнүүдө. Ошондуктан майлангандар, топ катары, «мунун баары болмоюнча» «жок болуп кетпей» турган азыркы «муунду» түзөт *. Ушундан улам алдын ала айтылган улуу кайгы башталганда, Ыйсанын майланган биртуугандарынын кээси жерде тирүү жүргөн болот деген тыянакка келебиз.

«Сергек болгула!»

16. Ыйсанын жолдоочуларынын баары үчүн эмне кылуу зарыл?

16 Белгини байкап эле коюу жетишсиз. Ыйса: «Силерге айтып жатканым баарына тиешелүү: сергек болгула!» — деген (Мр. 13:37). Азыр бул кеңешке кармануу майлангандарданбызбы же эбегейсиз көп адамдарданбызбы — баарыбыз үчүн аябагандай маанилүү. Ыйсанын 1914-жылы такка отурганынан токсон жылдай өттү. Андыктан, канчалык оор болсо да, биз даяр туруп, сергек бойдон калышыбыз керек. Ан үчүн азыр Ыйсанын көзгө көрүнбөгөн Падыша катары катышып жатканын эстен чыгарбоо зарыл. Анын жакында, биз «ойлобогон убакта» душмандарын жок кылыш үчүн келерин унутпоо да сак турууга жардам берет (Лк. 12:40).

17. Ыйсанын катышуусунун маанисин түшүнүү бизге кандай таасир этет жана эмне кылууга чечкиндүү болууга тийишпиз?

17 Ыйсанын катышуусунун маанисин аңдагандыктан, биз убакыттын канчалык чукул экенин мурдагыдан да айкын түшүнөбүз. Биз азыр Ыйсанын 1914-жылдан бери катышып, асманда көзгө көрүнбөгөн түрдө падышалык кылып жатканын билебиз. Мына жакында ал зулумдарды жок кылуу үчүн келип, бүтүндөй дүйнө жүзү боюнча эбегейсиз өзгөрүүлөрдү жасайт. Ошондуктан Ыйсанын тапшырган ишине мурдагыдан да жигердүү катышууга чечкиндүү болушубуз маанилүү. Ал: «Асман Падышачылыгы жөнүндөгү бул Жакшы Кабар бүт ааламга, бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат, ошондон кийин дүйнөнүн акыры [тело́с] келет»,— деген (Мт. 24:14).

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Паруси́а деген сөздүн мааниси тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн, «Жазманы түшүнүү» (англ.) эмгегинин 2-томунун 676—679-беттерин карагыла.

^ 10-абз. Кара: «Күзөт мунарасы», 1995-жыл, 1-ноябрь, 11—15, 19, 30, 31-бб., ор.

^ 15-абз. «Бул муун» жашаган убакыт аралыгы, кыязы, Аян китебиндеги биринчи көрүнүштүн же аяндын аткарылып жаткан мезгилине дал келет (Аян 1:10—3:22). Эгенин күнү жөнүндөгү ал аяндын аткарылышы 1914-жылдан башталып, ишенимдүү майлангандардын акыркысы көз жумуп, асмандагы жашоого тирилип кеткенге чейин созулат. (Кара: «Аян. Туу чокусуна жакын калды!» 24-б., 4-абз., ор.)

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Ыйсанын катышуусу белгилүү бир убакытка созуларын эмнеден улам билебиз?

• Ыйсанын катышуусунун белгисин кимдер айырмалай билип, анын маанисин түшүнүүдө?

Матай 24:34тө айтылган «муунду» азыркы учурда кимдер түзөт?

• «Бул муундун» жашаган убагынын канчага созуларын эмне себептен так эсептей албайбыз?

[Изилдөө суроолору]

[25-беттеги кутуча]

«Бул муундун» жашаган убагы канчага созуларын эсептеп чыгуу мүмкүнбү?

«Муун» деген сөз, адатта, жашы ар башка болсо да, белгилүү бир убакытта жашаган же кайсы бир окуяны чогуу баштан кечирген адамдарга таандык айтылат. Мисалы, Чыгуу 1:6да: «Кийин Жусуп да, анын бир туугандары да, ошол муундун адамдары да көз жумушту»,— деп айтылган. Жусуп жана анын биртуугандары ар кайсы куракта болушкан, бирок ошол кезде болуп өткөн окуяларды чогуу көрүшкөн. «Ошол муунга» Жусуптан мурун туулган агалары да кирген. Алардын кээси Жусуптан узак жашаган (Башт. 50:24). «Ошол муунга», Бенжеминге окшоп, Жусуптан кийин туулуп, анын көзү өткөндөн кийин бир канча убакыт жашагандар да кирген.

Демек, «муун» деген сөз белгилүү бир убакыт аралыгында жашаган адамдарга карата колдонулганда, ал убакыттын канчага созуларын жана качан аяктаарын так аныктап айтууга болбойт. Бир аныгы, ал убакыт сөзсүз аяктайт жана өтө көпкө созулбайт. Ошол өңдүү эле, Матай 24:34төгү «бул муун» деген сөз айкашын колдонуу менен Ыйса жолдоочуларына «акыркы... күндөрдүн» качан аяктаарын эсептеп чыгууга мүмкүнчүлүк берген «формула» калтырган эмес. Анткени ал андан кийин ошол «күн жана саат» качан келерин эч ким билбээрин баса белгилеген (2 Тим. 3:1; Мт. 24:36).

[22-беттеги сүрөт]

Ыйса 1914-жылы Падыша таажысын кийип, «жеңүүчү катары... чыккан»

[24-беттеги сүрөт]

«Мунун баары болмоюнча, бул муун жок болуп кетпейт»