Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйса Машайак — эң улуу миссионер

Ыйса Машайак — эң улуу миссионер

Ыйса Машайак — эң улуу миссионер

«Мен Анданмын, Мени Ал жиберген» (ЖКН. 7:29).

1, 2. Миссионер деген ким жана Эң Улуу Миссионер деп кимди айтууга болот?

«МИССИОНЕР» деген сөздү укканда кимди элестетесиң? Айрымдар бул сөздү укканда кайсы бир өлкөдө кызмат кылып, ошол өлкөнүн саясий же экономикалык иштерине кийлигишкен, христиан дүйнөсүнүн миссионерлерин элестетишет. Бирок сен Жахабанын Күбөсү катары миссионер дегенде жакшы кабарды ар кайсы өлкөдө таратуу үчүн Жетектөөчү Кеңеш тарабынан жиберилген биртуугандарды ойлооруң шексиз (Мт. 24:14). Ал миссионерлер убактысын жана күчүн жан-дили менен эң жакшы ишке — адамдарга Жахаба Кудайга жакындап, аны менен баа жеткис мамиледе болууга жардам берүүгө — жумшап жатышат (Жкп. 4:8).

2 «Миссионер» жана «миссионерлер» деген сөздөр «Үмүт нуру» тарабынан которулган Ыйык Китепте кездешпейт. Бирок Эфестиктерге 4:13төгү «Жакшы Кабар таратуучу» деп которулган грек сөзүн «миссионер» деп да которууга болот. Жахаба Эң Улуу Жакшы Кабар таратуучу, бирок аны Эң Улуу Миссионер деп айтууга болбойт. Анткени ал эч качан кимдир бирөө тарабынан кайсы бир жакка жиберилген эмес. Ыйса Машайак асмандагы Атасы жөнүндө: «Мен Анданмын, Мени Ал жиберген»,— деген (Жкн. 7:29). Жахаба адамзатка эбегейсиз зор сүйүү көрсөтүп, өзүнүн жалгыз Уулун жерге жиберген (Жкн. 3:16). Ошондуктан Ыйсаны Эң Улуу Миссионер, теңдешсиз Миссионер деп айтууга болот. Анын жерге жиберилгенинин бир себеби «чындык жөнүндө күбөлөндүрүү» болгон (Жкн. 18:37). Ал Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратууда албан ийгиликтерге жеткен; анын кылган кызматынан биз да азыркыга чейин пайда алуудабыз. Мисалы, биз миссионер болсок да, болбосок да, кызматыбызда Ыйсанын кабар айтуу ыкмаларын колдоно алабыз.

3. Төмөндө кайсы суроолор каралат?

3 Ыйсанын Падышалыктын жарчысы катары аткарган кызматы төмөндөгүдөй суроолорду туудурат: Ыйса жерде жүргөндө эмнелерди башынан кечирген? Эмне үчүн анын окутуусу жемиштүү болгон? Анын кызматынын натыйжалуу болушуна эмне өбөлгө түзгөн?

Жаңы шарттар жана даярдуулук руху

4—6. Ыйсанын жерге келиши кандай өзгөрүүлөр менен коштолгон?

4 Падышалыктын жарчылары көбүрөөк керек болгон жерлерге барган азыркы учурдагы жарчыларга жана миссионерлерге мурдагы жашоо шарттарынан начар шарттарга көнүүгө туура келиши мүмкүн. Анткен менен аны Ыйсанын алмаштырган шарттарына салыштырып болбойт. Ал асманда Кудайга берилгендикте кызмат кылган периштелер арасында, Жахаба менен бирге жашаган (Аюб 38:7). Анын асмандагы жашоосу бузулган дүйнөдө күнөөлүү адамдардын арасында жашоодон абдан айырмаланган (Мр. 7:20—23). Ага эң жакын шакирттеринин өз ара теңтайлашуусун да көтөрүүгө туура келген (Лк. 20:46; 22:24). Ошентсе да, кандай жагдай болбосун, жеткилең болгондуктан Ыйса ар дайым туура иш кылган.

5 Ыйса адам тилинде керемет жолу менен сүйлөп калган эмес. Ал сүйлөгөндү, кадимки наристе катары эле, бара-бара үйрөнгөн. Чынында эле, асмандагы периштелерге бийлик кылып жүргөн Ыйсанын жагдайы кандай гана өзгөргөн! Ал жерде жүргөндө «адамдын... тилинде», бери дегенде эле, бир тилинде сүйлөгөн. Албетте, ал тил «периштенин тилинен» кыйла айырмаланган (1 Кор. 13:1). Бирок эч бир адам, Ыйсадай болуп, «керемет сөздөрдү» сүйлөй алган эмес (Лк. 4:22).

6 Кудайдын Уулунун жерге келиши дагы башка чоң өзгөрүүлөр менен коштолгон. Адам атанын күнөөсү Ыйсага өтпөсө да, ал болочок «бир туугандарындай», мындайча айтканда, майланган жолдоочуларындай эле адам болгон (Оку: Эврейлерге 2:17, 18). Ыйса жердеги жашоосунун акыркы түнүндө асмандагы Атасынан «он эки түмөндөн көп периштени» жиберүүнү сурай алмак, бирок анткен эмес. Ойлоп көрсөң, ал башкы периште Михаел болуп асманда жүргөндө ошончо периштеге бийлик кылган (Мт. 26:53; Жүй. 9). Ыйса жерде жүргөндө зор кереметтерди жасаса да, алардын баары анын асманда жасай ала турган иштерине тең келмек эмес.

7. Жүйүттөр Мыйзамга кандай мамиле кылышкан?

7 Ошондой эле Ыйса жерге келгенге чейин Кудайдын «Сөзү» катары кызмат кылган. Ал, сыягы, ысрайыл элин чөлдө жетектеп жүргөн Кудайдын өкүлү болгон (Жкн. 1:1; Чыг. 23:20—23). Бирок ысрайыл эли «периштелер аркылуу берилген мыйзамды» бара-бара аткарбай калышкан (Элч. 7:53; Эвр. 2:2, 3). Биринчи кылымда жашаган жүйүт диний жетекчилери да Мыйзамдын анык маанисин түшүнүшкөн эмес. Андагы мыйзамдардын бири, мисалы, ишемби жөнүндөгү мыйзам эле (Оку: Марк 3:4—6). Мыйзам окутуучулар менен фарисейлер Мыйзамдагы «эң негизги нерселерди: акыйкаттыкты, ырайымдуулукту жана ишенимди таштап коюшкан» (Мт. 23:23). Бирок Ыйса аларды өзгөрүлбөйт дебестен, аларга чындыкты жарыялай берген.

8. Ыйса бизге эмне үчүн жардам бере алат?

8 Ыйсада даярдуулук руху болгон. Адамдарга болгон сүйүүсүнөн улам ал аларга жардам берүүнү чын жүрөктөн каалаган. Ал жакшы кабарды ынталуулук менен жарыялаган. Кудайга берилгендигин сактагандыктан, «Өзүнө моюн сунган адамдардын баары үчүн түбөлүктүү куткарылуунун булагы болуп калган». Ошондой эле «өзү сыналып азап чеккендиктен, сыналып жаткандарга [бизге] да жардам бере алат» (Эвр. 2:18; 5:8, 9).

Окутуучу болууга эң сонун үйрөтүлгөн

9, 10. Жерге жиберилгенге чейин Ыйса кандай билим алган?

9 Бүгүнкү күндө Жетекчи Кеңеш Ыйсанын жолдоочуларын миссионер катары кызмат кылууга жиберерден мурун алардын тийиштүү түрдө окутулушуна кам көрөт. Ыйса кызматын аткарууга окутулду беле? Албетте. Бирок Машайак болуп майланганга чейин ал раббилер мектебин бүткөн эмес, ошондой эле кээ бир атактуу диний жетекчилерден да сабак алган эмес (Жкн. 7:15; салыштыргыла: Элчилер 22:3). Анда эмне үчүн ал башкаларды ушунчалык чебер окута билген?

10 Ыйса апасы Мариям жана асырап алган атасы Жусуптан көптү үйрөнгөн. Бирок кызмат кылууга байланыштуу негизги билимди ал эң жогорку Булактан алган. Бул жөнүндө Ыйса: «Мен Өз атымдан сүйлөгөн жокмун, Мени жиберген Атамдын осуяты боюнча сүйлөп жатам. Эмнени айтып, эмнени сүйлөө керектигин Мага Мени жиберген Атам осуят кылган»,— деген (Жкн. 12:49). Байкасаң, Кудайдын Уулу башкаларды эмнеге окутуу керектигине байланыштуу өзгөчө жетекчилик алган. Жерге келгенге чейин ал узак убакыт бою Атасынан акыл-насаат алган. Чынында эле, Ыйса кандай гана мыкты билимге ээ болгон!

11. Ыйса Атасынын адамзатка болгон сезимдерин канчалык чагылдырган?

11 Жаралгандан тартып эле Ыйса асмандагы Атасы менен эң жакын мамиледе болгон. Жерге келгенге чейин ал Жахабанын адамдарга жасаган мамилесинен аларга карата кандай сезимде экенин көргөн. Ошондуктан Кудайдын адамзатка болгон сүйүүсүн эң сонун чагылдырып, акылмандык катары сүрөттөлгөн Ыйса: «Менин кубанычым адам баласы менен бирге болгон»,— деп айта алган (Накыл 8:22, 31).

12, 13. а) Ыйса Атасынын ысрайылдыктарга жасаган мамилесинен эмнеге үйрөнгөн? б) Ыйса үйрөнгөндөрүн кандайча колдонгон?

12 Асмандагы Атасынын оор жагдайларда жасаган иш-аракеттерине байкоо салуу менен да Ыйса көп нерсеге үйрөнгөн. Мисалы, Жахабанын баш ийбес ысрайыл элине жасаган мамилесине көңүл бурсаң. Некемия 9:28де: «Тынч алып калышканда, алар Сенин көз алдыңда кайрадан жамандык кыла башташчу. Ошондо Сен аларды кайрадан душман колуна салып берчүсүң, душмандары аларга үстөмдүк кылышчу. Бирок алар Сага кайрадан кайрылганда, Сен алардын үнүн асмандан угуп, Өзүңдүн улуу боорукердигиң менен аларды куткарып турчусуң»,— делет. Жахаба менен кызматташуунун, анын жасаган иштерин көрүүнүн аркасында Ыйса кабар айткан адамдарына, Атасына окшоп, боорукердик көрсөтүүгө үйрөнгөн (Жкн. 5:19).

13 Үйрөнгөндөрүн иш жүзүндө колдонуп, Ыйса шакирттерине да боорукердик менен мамиле кылган. Ыйсанын өлөр алдындагы түнү сүйүктүү элчилеринин баары «Аны таштап, качып кетишкен» (Мт. 26:56; Жкн. 13:1). Элчи Петир Машайактан бир эмес, үч жолу танган! Ошентсе да Ыйса элчилеринин кайра кайрылып келишине негиз түзгөн. Ал Петирге: «Ишенимин жоготпосун деп, Мен сен үчүн сыйындым. Кайра кайрылганыңдан кийин, бир туугандарыңдын ишенимин бекемде»,— деп айткан (Лк. 22:32). Андыктан «элчилер менен пайгамбарлардын... үстүнө» ийгиликтүү түрдө рухий Ысрайылдын негизи салынып, жаңы Иерусалимдин дубалынын пайдубал таштарына Козунун — Ыйса Машайактын — 12 ишенимдүү элчисинин ысымдары жазылган. Бүгүнкү күндө майлангандар жана аларга берилгендик менен колдоо көрсөткөн «башка койлор» кудуреттүү Кудайдын жана анын сүйүктүү Уулунун жетеги астындагы Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялап, уюм катары өркүндөөдө (Эф. 2:20; Жкн. 10:16; Аян 21:14).

Ыйсанын окутуу ыкмасы

14, 15. Ыйсанын окутуу ыкмасы мыйзам окутуучулар менен фарисейлердикинен эмнеси менен айырмаланган?

14 Ыйса үйрөнгөндөрүн жолдоочуларын окутууда кантип колдонгон? Анын окутуу ыкмасы, жүйүт диний жетекчилериники менен салыштыра келгенде, кыйла жогору экени айкын көрүнөт. Мыйзам окутуучулар менен фарисейлер өз салттары үчүн «Кудайдын осуятын четке кагып коюшкан». Ал эми Ыйса өз оюнан чыгарган нерселерди окуткан эмес: ал Кудайдын сөзүнө же кабарына бекем карманган (Мт. 15:6; Жкн. 14:10). Биз да ошентишибиз керек.

15 Ыйсаны диний жетекчилерден дагы бир нерсе айырмалап турган. Мыйзам окутуучулар менен фарисейлер жөнүндө Ыйса: «Алардын айткандарынын баарын аткаргыла, сактагыла. Бирок алардын кылганын кылбагыла, анткени алар айткандарын өздөрү аткарышпайт»,— деген (Мт. 23:3). Алардан айырмаланып, Ыйса окуткандарын өзү да колдонгон. Келгиле, муну ырастаган бир мисалга токтололу.

16. Эмне себептен Ыйсаны Матай 6:19—21-аяттардагы сөздөрүнө ылайык жашаган деп айтууга болот?

16 Ыйса шакирттерин «байлыкты асманга жыйноого» чакырган (Оку: Матай 6:19—21). Ал өзү да ошол чакырыкка ылайык жашады беле? Ооба, анткени ал өзү жөнүндө: «Түлкүлөрдүн ийини бар, канаттуулардын уясы бар. Ал эми Адам Уулунун баш калкалар жайы жок»,— деген (Лк. 9:58). Ыйса баюуну көздөгөн эмес. Ал жашоосун биринчи кезекте Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоого арнаган. Ошонусу менен жер үстүндө байлык жыйнабоо жанга тынч экенин көрсөтүп, асманга жыйналган байлык алда канча артык экенин белгилеген. Себеби ал жакта аны «күбө жебейт, дат баспайт, уурулар үйдүн түбүн казып киришпейт да, уурдап кетишпейт». Ыйсанын кеңешине кулак кагып, сен да байлыкты асманга жыйнап жатасыңбы?

Башкаларды Ыйсага тарткан сапаттар

17. Эмнеден улам Ыйса бирден бир мыкты кабарчы болгон?

17 Эмнеден улам Ыйса бирден бир мыкты кабарчы болгон? Аны жардам берген кишилерине карата болгон көзкарашы өзгөчөлөнткөн. Ыйса Жахабанын момундук, сүйүү жана боорукердик сыяктуу сонун сапаттарын чагылдырган. Ал сапаттардын аркасында ага көптөр тартылган.

18. Эмне себептен Ыйсаны момун деп айтууга болот?

18 Жерге келүүгө макул болушу менен Ыйса «кул кейпин кийип, адамга окшош болуп, сырткы көрүнүшү боюнча адамдай болуп, Өзүн Өзү басынткан» (Флп. 2:7). Ошонусу менен ал момундукту чагылдырган. Ыйса өзүн башкалардан жогору санаган эмес. Ал: «Бардыгыңар мени угушуңар керек, анткени мен асмандан келдим»,— деген көзкарашта болгон эмес. Өздөрүн машайакмын деп жарыялаган жалганчылардан айырмаланып, Ыйса чыныгы Машайак болсо да, ал тууралуу эч качан жар салган эмес. Атүгүл, кээде айрымдарга өзүнүн ким экени жана жасаган иштери жөнүндө эч кимге айтпоону буйруган (Мт. 12:15—21). Ыйса адамдардын өзүлөрү көрүп-ынангандарынын негизинде анын жолун жолдоону чечишин каалаган. Анын шакирттеринен асмандагы жеткилең периштелердей болууну талап кылбаганы да аларды кандай гана кубандырган!

19, 20. Сүйүү жана боорукердик Ыйсага башкаларга жардам берүүгө кандайча түрткү берген?

19 Ыйса Машайак асмандагы Атасынын эң негизги сапаты болгон сүйүүнү да чагылдырган (1 Жкн. 4:8). Андыктан ал ар дайым сүйүү менен окуткан. Анын бир бай башкаруучу жигитке карата кандай сезимде болгонуна көңүл бурсаң (Оку: Марк 10:17—22). Ыйса аны «жакшы көрүп», ага жардам бергиси келген. Бирок ал жаш жигит Машайактын жолдоочусу болом деп, байлыгынан ажырап калгысы келген эмес.

20 Ыйсанын башкаларды өзүнө тартып турган сапаттарынын дагы бири боорукердик болгон. Анын окууларын кабыл алгандар, бардык жеткилеңсиз адамдардай эле, ар кыл көйгөйлөргө туш болушкан. Андыктан Ыйса аларды боорукердик жана аёо сезими менен окуткан. Мисалы, бир жолу Ыйса менен анын шакирттеринин, көп жумуш менен жүрүп, тамактанууга да чолосу тийген эмес. Бирок койчусу жок койлордой болуп чогулуп келген элди көргөндө, ал «аларга боору ооруп», «көп нерсени үйрөтө баштаган» (Мр. 6:34). Ооба, элдин ошондогу аянычтуу абалын көргөн Ыйса аларды окутууга жана кереметтерди жасоого күчүн аяган эмес. Анын чагылдырган сонун сапаттары элди өзүнө тартып, айткандары шакирт болууга түрткү берген.

21. Кийинки макалада эмнелер талкууланат?

21 Кийинки макаладан Ыйсанын жердеги кызматы тууралуу дагы көптү билебиз. Биз Эң Улуу Миссионер Ыйса Машайактан дагы кайсы жактардан үлгү алсак болот?

Эмне деп жооп бересиңер?

• Жерге келгенге чейин Ыйса кандай билим алган?

• Ыйсанын окутуу ыкмасы мыйзам окутуучулар менен фарисейлердикинен эмнеси менен айырмаланган?

• Кайсы сапаттар башкаларды Ыйсага тартып турган?

[Изилдөө суроолору]

[15-беттеги сүрөт]

Ыйса элди кантип окуткан?