Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ысрайылдыктардын катасынан сабак алгыла

Ысрайылдыктардын катасынан сабак алгыла

Ысрайылдыктардын катасынан сабак алгыла

ЫСРАЙЫЛ эли Убадаланган жерге кирүү үчүн Жахаба алардан эмне талап кыларын билчү. Кудай аларга Муса аркылуу: «Ал жерде жашагандардын бардыгын кууп чыгып, жасалма кудайларынын сүрөттөрүн, куюлган жасалма кудайларын, бутканаларын талкалагыла»,— деп буйрук берген (Сан. 33:52).

Алар ал жердин эли менен эч кандай келишим түзүшкөн эмес, кыз алышып, кыз беришкен да эмес (Мыйз. 7:2, 3). Кудайдын тандалган элине: «Сак бол, өзүң ээлей турган жердин тургундары менен байланыш түзбө, алар силер түшө турган тор болуп калбасын»,— деген эскертүү берилген (Чыг. 34:12). Бирок ысрайылдыктар Кудайдын айткандарын укпай, торго түшүшкөн. Буга эмне себеп болгон? Ысрайылдыктар тууралуу бул билдирүүдөн кандай сабак ала алабыз? (1 Кор. 10:11).

Достошуудан бурканга табынууга өтүү

Ысрайыл эли Убадаланган жерге киргенде ал жердеги элдерди багындырышкан. Бирок алар Кудайдын буйруктарын толук аткарышкан эмес. Маселен, ал жердеги душмандарынын баарын кууп чыкпай, тескерисинче, ошол жердеги «жети эл» менен чогуу жашап калышкан (Башк. 1:1—2:10). Ал элдер менен болгон тыгыз карым-катнаш достук мамилеге алып келген (Мыйз. 7:1). Анын натыйжасы кандай болгон? Ыйык Китепте мындай делет: «Алардын кыздарын аялдыкка алып, өздөрүнүн кыздарын алардын уулдарына берип, алардын кудайларына кызмат кыла башташты. Ысрайыл уулдары Теңирдин көз алдында жаман иш кылышты: өздөрүнүн Кудай-Теңирин унутуп, Баал менен Ашейра бурканына кызмат кылышты» (Башк. 3:5—7). Ал жердеги элдер менен болгон жакын мамиленин натыйжасында ысрайыл эли алар менен куда-сөөк болуп, алардын кудайларына сыйына башташкан. Алар менен кыз алышып, кыз берише баштагандан тартып ысрайылдыктар бутпарастарды кууп чыкпай эле, чыныгы сыйынуу арамдалып, кайра өздөрү жалган кудайларга сыйынып калышкан.

Убадаланган жердеги элдер мурун ысрайылдыктардын душманы болгондуктан аларга коркунуч туудурган. Эми алардын досу болуп, рухий жактан мурункудан да көбүрөөк коркунуч туудурушкан. Чыныгы сыйынуу дагы кандайча арамдалышы мүмкүн болгонун карап көрөлү.

Дыйканчылыктан Баалга сыйынууга өтүү

Ысрайылдыктар Убадаланган жерге киргенден тартып көчмөн эл болбой калгандыктан, көптөрү дыйканчылык кылышкан. Алардын жерди иштетүү ыкмалары ошол жердеги элдердин ыкмаларына окшош болгон көрүнөт. Ысрайылдыктар дыйканчылык кылууну канаандыктардан үйрөнүшү мүмкүн эле. Ал элдер менен жакын мамиледе болуп, ысрайылдыктар алардын дыйканчылык кылууга байланыштуу ырым-жырымдарын да кабыл алышкан.

Канаандыктар көптөгөн Баалдарга — мол түшүм берет деп эсептелген кудайларга — сыйынышкан. Ысрайылдыктар жерди иштетүүдө жана түшүм жыйноодо эле эмес, убакыттын өтүшү менен канаандыктардын кудайларын бакубат жашоо берүүчүлөрү катары даңктап, аларга сыйына башташкан. Ошентип, ысрайылдыктар Жахабага сыйынабыз дешкени менен, чынында, чыныгы сыйынуудан чегинип кетишкен.

Биз үчүн сабак

Убадаланган жердеги элдер менен биринчи жолу мамилелеше баштаганда ысрайылдыктардын Баалга сыйынууну жана аны менен коштолгон адеп-ахлаксыздыкты кабыл алайын деген ниети болгону күмөн. Бирок алар менен болгон тыгыз мамиленин аркасында ысрайылдыктар Баалга сыйынып калышкан. Сыртынан жакшы киши көрүнгөн, бирок Жахабага сыйынбаган, анын принциптерине жана адеп-ахлак нормаларына ылайык жашабагандар менен жакын мамиледе болуу ошондой эле залакалуу болот деп күтпөшүбүз керекпи? Албетте, жумуштан, мектептен, мүмкүн, үйдөн да ишенбегендер менен мамилелешүүгө туура келет. Бирок, ысрайылдыктардын мисалынан көрүнүп тургандай, ишенбеген кишилер менен достошсок, аягы кесепеттүү болот. Ыйык Китепте: «Акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат»,— деген төгүндөлгүс чындык айтылат (1 Кор. 15:33).

Ысрайылдыктар кездешкендей кыйынчылыктарга бүгүн биз да кабылып жатабыз. Азыркы күндө да буркандар бар деп айтууга болот. Маселен, аларга акча, эстрада, кино жана спорт жылдыздары, саясий түзүлүштөр, диний айрым жетекчилер, атүгүл үйбүлө мүчөлөрү да кирет. Ушулардын кайсынысы болбосун, жашообуздагы эң негизги нерсеге айланып калышы ыктымал. Жахабаны сүйбөгөндөр менен достошуу рухий кыйроого алып келет.

Жыныстык адеп-ахлаксыздык Баалга сыйынуунун маанилүү бөлүгү болчу. Андай сыйынуу ысрайылдыктардын көбүн өзүнө тарткан жана аларды азгырган. Мындай торго Кудайдын азыркы күндөгү элинин арасынан айрымдар да түшүүдө. Мисалы, сак болбогон кишилердин абийири үйүнөн эч ким жокто Интернетке кирүү менен эле булганып калышы мүмкүн. Ыйсанын жолдоочусунун Интернеттеги порнографияга азгырылышы кандай гана өкүнүчтүү болмок!

«Анын мыйзамдарын сактагандар... бактылуу»

Ким менен мамилелешүүнү чечүүдө Жахабага тил алабызбы, албайбызбы, өз эркибиз (Мыйз. 30:19, 20). Ошентсе да өзүбүздөн: «Бош убактымды көбүнчө кимдер менен өткөрөм? Досторум эмнелерди баалашат, кандай нормалар менен жашашат? Алар Жахабага сыйынабы? Алар менен мамилелешүү Ыйсанын жолун жолдоого жардам береби?» — деп сурап көрүшүбүз керек.

Забурчу: «Туура жолдо жүргөндөр, Теңирдин мыйзамын сактагандар бактылуу. Анын мыйзамдарын сактагандар, Аны чын жүрөгү менен издегендер бактылуу»,— деп ырдаган (Заб. 118:1, 2). Ооба, «Теңирден корккон, Анын жолдору менен жүргөн ар бир адам бактылуу!» (Заб. 127:1). Келгиле, ким менен мамилелешүүнү тандоодо ысрайылдыктардын кетирген катасынан сабак алалы жана Жахабага толук баш иели (Накыл 13:20).

[26-беттеги сүрөт]

Жахабаны сүйбөгөндөр менен дос болуу бурканга табынуучулукка алып барат