Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эң улуу миссионерден үлгү алалы!

Эң улуу миссионерден үлгү алалы!

Эң улуу миссионерден үлгү алалы!

«Мен Машайактан үлгү алгандай эле, силер да менден үлгү алгыла» (1 КОР. 11:1).

1. Биз эмне үчүн Ыйса Машайактан үлгү алышыбыз керек?

ЭЛЧИ Пабыл Эң Улуу Миссионер Ыйса Машайактан үлгү алган. Ал ишенимдештерин да: «Мен Машайактан үлгү алгандай эле, силер да менден үлгү алгыла»,— деп үндөгөн (1 Кор. 11:1). Ыйса элчилеринин бутун жууп, момундуктун үлгүсүн көрсөткөн соң: «Мен силерге үлгү көрсөттүм, Мен силерге эмне кылсам, силер да ошону кылгыла»,— деген (Жкн. 13:12—15). Биз, Ыйсанын азыркы жолдоочулары, Ыйса Машайакты сөзүбүз менен да, ишибиз менен да тууроого жана аныкындай сапаттарды чагылдырууга тийишпиз (1 Пет. 2:21).

2. Жетектөөчү Кеңеш тарабынан миссионер болуп дайындалбасак да, кандай маанай өрчүтө алабыз?

2 Буга чейинки макалада талкуулангандай, миссионерлер бул — жакшы кабар таратуу үчүн кайсы бир өлкөгө жиберилген жарчылар. Ал кабардын таратылышы тууралуу Пабыл ойлондурарлык бир нече суроо берген (Оку: Римдиктерге 10:11—15). Пабыл: «Жакшы Кабарды таратуучулар жок болсо, кантип угушат?» — деген. Анан ал Ышайа пайгамбардын: «Тынчтык тууралуу Жакшы Кабарды таратуучулардын буттары кандай сонун!» — деген сөздөрүн келтирген (Ыш. 52:7). Сен миссионер катары кызмат кылууга дайындалып, башка өлкөгө жиберилбесең да, жакшы кабар тараткан ынталуу жарчы болгон Ыйсадан үлгү алып, кабарды жигердүүлүк менен таратууга түрткү берген маанай өрчүтө аласың. Былтыр 236 өлкөдө «Жакшы Кабар таратуу» ишине Падышалыктын 6957852 жарчысы катышкан (2 Тим. 4:5).

«Биз баарын таштап, сени ээрчип жүрөбүз»

3, 4. Ыйса эмнелерден кечкен жана анын жолдоочусу болуу үчүн биз эмне кылууга тийишпиз?

3 Жердеги кызматын аткаруу үчүн, Ыйса асмандагы жашоосун жана даңкын калтырып, «кул кейпин кийип... Өзүн Өзү басынткан» (Флп. 2:7). Машайактын үлгүсү боюнча жашоо үчүн биз эмнеден гана кечпейли, аны Машайактын жерге келиш үчүн кечкен артыкчылыктарына салыштырууга болбойт. Биз дагы Шайтандын дүйнөсүндө калган нерселерибизди өкүнүч менен эстебестен, Ыйсанын жолун жолдоодо бекем бойдон кала алабыз (1 Жкн. 5:19).

4 Бир жолу элчи Петир Ыйсага: «Мына, биз баарын таштап, Сени ээрчип жүрөбүз»,— деген (Мт. 19:27). Петир, Андрей, Жакып жана Жакандар Ыйса чакырганда торлорун таштай салып, дароо ээрчип жөнөшкөн. Ошондон тартып алар балык уулоо ишин калтырып, өмүрүн эң маанилүү ишке арнашкан. Көбүбүзгө Ыйсанын жолун жолдоо үчүн, алардай болуп, «баарын таштоо» зарыл болгон эмес. Бирок Машайактын жолдоочусу болуш үчүн жана Жахабага чын жүрөктөн кызмат кылыш үчүн «өзүбүздөн баш тартууга» туура келген (Мт. 16:24). Мунун аркасында биз чоң баталарга ээ болуп жатабыз (Оку: Матай 19:29). Машайакты туурап, жакшы кабарды ынталуулук менен таратууга түрткү берген маанай өрчүтсөк жана башкаларга Кудайга, анын сүйүктүү Уулуна жакындоого жардам берүүгө, аз болсо да, салым кошсок, кубанычыбыз артат.

5. Башка өлкөдө жүргөндөр чындыкты билгенде эмне кылууну чечиши мүмкүн?

5 Суринамдын алыскы бир аймагында жашаган бразилиялык Валмир аттуу бир киши алтын казуучу эле. Ал ичкиликке берилип, адеп-ахлаксыз жашоо өткөрчү. Бир күнү шаарда жүргөндө, ал Жахабанын Күбөлөрүнө жолугуп калат да, Ыйык Китепти изилдей баштайт. Күндө изилдеп, жашоосунда чоң өзгөрүүлөрдү жасайт. Анан көп өтпөй чөмүлтүлөт. Кирешелүү бизнесинин ыйык китептик талаптарга ылайык жашоого тоскоол болуп жатканын көргөндө, аны сатып, Бразилияда калган үйбүлөсүнө рухий кенчке ээ болууга жардам берүү үчүн кетет. Ушул сыяктуу эле, өнүккөн өлкөлөргө акча табуу үчүн баргандардын арасында Ыйык Китептеги чындыкты билгенде, ал тууралуу үйбүлөсүнө, туугандарына жана башкаларга айтуу үчүн жумушун таштап, үйүнө кайтып келишкендер аз эмес. Ырас, Падышалыктын ошондой жарчылары жакшы кабар таратуучулардын маанайын чагылдырууда.

6. Жарчыларга муктаждык бар жерлерге көчүп бара албасак да, эмне кылсак болот?

6 Көптөгөн Күбөлөр өз өлкөсүндөгү жарчыларга муктаждык көбүрөөк болгон жерлерге көчүп барышууда. Айрымдар болсо ошондой муктаждык бар башка өлкөлөрдө кызмат кылып жатышат. Ырас, баарыбыздын эле башка жакка көчүп барууга шартыбыз боло бербейт дечи. Ошентсе да биз кызматта бүт күч-аракетибизди жумшоо менен Ыйсадан үлгү ала алабыз.

Жахаба элин окутуп-үйрөтүүдө

7. Падышалыктын дасыккан жарчылары болгусу келгендер үчүн кандай мектептер караштырылган?

7 Ыйса Атасынан билим алгандай эле, биз да азыркы учурда Жахабадан окуп-үйрөнүп жатабыз. Ыйса айткандай, «„Пайгамбарлар“ китебинде: „Алардын бардыгын Кудай үйрөтөт“,— деп жазылган» (Жкн. 6:45; Ыш. 54:13). Бүгүнкү күндө бизди Падышалыктын жарчылары болууга даярдаган ар кыл мектептер уюшулган. Маселен, ар бирибиз өз жыйналышыбызда өткөрүлгөн Теократиялык кызмат мектебинен пайда алып жатабыз. Пионерлер Пионердик кызмат мектебинен окуу сыймыгына ээ. Көптөн бери пионер болуп кызмат кылгандар болсо ал мектепке экинчи жолу баруудан кубаныч алып жатышат. Аксакалдар менен кызмат жардамчылары Падышалык кызмат мектебине катышуунун аркасында окутуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, ишенимдештерине кылган кызматын жакшыртууда. Бойдок аксакалдар менен кызмат жардамчылары болсо Кызматка окутуу мектебинен билим алып, башкаларга кабар айтууда көмөк кылып жатышат. Ал эми башка өлкөдө миссионер болуп кызмат кылууга дайындалгандар Күзөт Мунарасы Коомунун ыйык китептик Гилат мектебин бүтүрүшкөн.

8. Айрым биртуугандар Жахабадан билим алууну канчалык баалашат?

8 Аталган мектептерге катышуу үчүн көптөгөн Күбөлөргө жагдай-шартын өзгөртүүгө туура келет. Алсак, Канадада өткөрүлгөн Кызматка окутуу мектебине баруу үчүн Йугу аттуу биртууган жумушун таштаган. Себеби жумуш берүүчүсү аны жумуштан убактылуу бошотууга макул болбой койгон. «Жумушсуз калганыма кайгырган деле жокмун,— дейт Йугу.— Мындай алып караганда, өтүнүчүмдү орундатуу менен алар менден ошол жерде көп убакыт бою иштеп берүүнү күтүшмөк. Азыр болсо мени Жахаба каякка колдоном десе, ошол жакка колдоно алат». Ооба, Кудайдан билим алуу үчүн, көптөр мурда баалаган нерселеринен даярдуулук менен кечишүүдө (Лк. 5:28).

9. Рухий билим алуу менен күч-аракет жумшоо ийгиликке жеткирерин көрсөткөн мисал айтып бергиле.

9 Рухий билим алуу менен бирге күч-аракет жумшоо жакшы натыйжа берет (2 Тим. 3:16, 17). Мисалга Гватемалада жашаган Саулону алалы. Саулонун төрөлгөнүнөн эле бир аз кемакылдыгы бар эле. Ал окуган мектептеги мугалимдеринин бири энесине аны окуганды үйрөтөм деп кыйнабай эле коюуну айткан. Антпесе, балага күч келип калат деген. Ошентип, Сауло мектепти бүткөнү менен, тамга тааныбай калган. Бирок бир Күбө «Окууга жана жазууга машык» (англ.) деп аталган китепченин жардамы менен ага окуганды үйрөтөт. Бара-бара Сауло Теократиялык кызмат мектебинен сөз сүйлөп чыкканчалык ийгилик жасайт. Бир күнү анын энеси үйдөн үйгө кабар айтып жүрүп, баягы мугалимди жолуктурат. Мугалими Саулонун окуганды үйрөнгөнүн угуп, кийинки жумада аны менен чогуу келүүнү суранат. Сауло келгенде, ал: «Ии, кана айтчы, эмнени үйрөтөсүң?» — дейт. Сауло ага «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинен бир абзац окуп берет. Аны көргөн мугалими жашыгып кетип: «Эми сен мени окутуп жатканыңа ишенбей турам» — деп, Саулону кучактайт.

Жүрөктү козгогон окутуу ыкмасы

10. Бизде башкаларга чындыкты жеткирүү үчүн кандай сонун курал бар?

10 Ыйса окууларын ар дайым Жахабанын өзүнөн үйрөнгөндөрүнө жана анын Сөзүндө жазылгандарга негиздеген (Лк. 4:16—21; Жкн. 8:28). Биз Ыйсадан үлгү алып, анын кеңештерин колдонуп, башкаларды окутууда Жазмага бекем карманабыз. Ошонун аркасында баарыбыздын сөзүбүз да, оюбуз да бир болуп, арабызда биримдик өкүм сүрүүдө (1 Кор. 1:10). Окутуу жана жакшы кабар таратуу ишин аткарууда биримдигибизди сактоого өбөлгө түзө турган, Ыйык Китепке негизделген адабияттар менен камсыз кылып жаткан «ишенимдүү жана акылдуу кулга» кандай гана ыраазыбыз! (Мт. 24:45; 28:19, 20). Ошондой адабияттардын бири — «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китеби — азыркы учурда 179 тилде чыкты.

11. Бир ишенимдешибиз «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китеби менен каршылыкты кандайча жеңген?

11 Жазманы «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебинин жардамы менен изилдөө чындыкка каршы чыккандардын да жүрөгүн жумшартышы мүмкүн. Эфиопияда кызмат кылган Лула аттуу пионер бир кызыгуучу менен Ыйык Китепти изилдеп жатканда, кызыгуучунун тууганы кирип келип, изилдөөнү токтотууну талап кылат. Лула аны менен сылык сүйлөшүп, «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебинин 15-бөлүмүндөгү жасалма акча жөнүндөгү мисалды келтирет. Аял тынчтанып калат да, изилдөөсүн андан ары улантууга тоскоолдук кылбайт. Кийинки жолкусунда изилдөөгө өзү да катышат. Анан аны менен изилдөөнү өзүнчө өтүүнү суранып, акысын төлөп берүүгө да даяр экенин билдирет. Көп өтпөй ал аял жумасына үч жолу изилдеп, рухий жактан жакшы ийгиликтерди жасайт.

12. Ыйык Китептеги чындыктар менен жаштар кандайча бөлүшүүдө?

12 «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебин колдонуп, жаштар да башкаларга жардам бере алышат. Гавайидеги 11 жашар Киану ал китепти мектепте окуп отурганда, классташы: «Сен эмне үчүн майрамдарды белгилебейсиң?» — деп сурайт. Киану ага колундагы китебинин «Тиркемесиндеги» «Майрамдарды белгилөө туурабы?» деп аталган теманы ачып, жообун окуп берет. Анан ал китептин мазмунун көрсөтүп, кайсы бөлүмү кызыктырарын сурайт. Натыйжада Киану классташы менен Ыйык Китепти изилдей баштайт. Жахабанын Күбөлөрү былтыркы кызмат жылында 6 561 426 ыйык китептик изилдөө өткөрүшкөн. Ан үчүн алар көбүнчө «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебин колдонушкан. Сен да анын жардамы менен ыйык китептик изилдөө өткөрүп жатасыңбы?

13. Ыйык Китепти изилдөө адамдарга кандай таасир этиши мүмкүн?

13 Ыйык Жазманы «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебинин жардамы менен изилдөө Кудайдын эркин аткарууну каалагандарга чоң таасир бере алат. Айталы, Норвегияда атайын пионер болуп кызмат кылган аялы-күйөөсү Замбиядан келген бир үйбүлө менен ыйык китептик изилдөө өткөрө башташкан. Ал жубайлардын үч кызы болгон жана алар андан көп бала күтүүнү каалаган эмес. Андыктан аялынын кош бойлуу болуп калганын билишкенде, күйөөсү экөө кеңешип, бойдон алдырмакчы болушат. Доктурга барардан бир нече күн мурун алар «Өмүр белегин жогору баала» деген бөлүмдү өтүшөт. Ошол бөлүмдөгү төрөлө элек баланын сүрөтү жубайларга ушунча таасир эткендиктен, оюн өзгөртүп, баланы калтырууну чечишет. Алар рухий жактан жакшы ийгиликтерди жасашкан. Ал эми жакында уулдуу болушуп, уулуна алар менен изилдеп жаткан биртуугандын атын коюшту.

14. Окутканыбызга ылайык жашоонун жыйынтыгы кандай болорун мисал менен түшүндүргүлө.

14 Ыйсанын окутуу ыкмасынын дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү, ал айткандарын жашоосунда өзү да колдонгон. Жахабанын Күбөлөрү бул жагынан Ыйсадан үлгү алышат. Алардын жакшы жүрүм-туруму көптөр тарабынан абдан бааланат. Мисалы, Жаңы Зеландияда жашаган бир бизнесмендин машинесин кимдир бирөө ачып кирип, портфелин уурдап кетет. Бизнесмен полицияга кайрылат. Анда полиция кызматкери ага: «Уурдалган портфелиңди Жахабанын Күбөлөрү эле таап, алып келип бербесе, мындайда бир нерсеге үмүттөнүү кыйын»,— дейт. Ал ортодо бир Күбө гезит таратып жүрүп, ошол портфелди таап алат. Жоголгон портфель табылганын ээсине билдиришкенде, ал киши биртуугандын үйүнө келет. Портфелдеги баалуу документинин жоголбогонун көрүп, санаасы тынчыйт. Күбө ага: «Мен Жахабанын Күбөсү болгондуктан, сизге тийиштүү буюмду кайрып берүүнү туура таптым»,— дейт. Бизнесмен полиция кызматкеринин ошол күнү эртең менен айткан сөздөрүн эстеп, абдан таң калат. Бул окуя Жахабанын кызматчыларынын, Ыйсаны туурап, Ыйык Китепке ылайык жашай турганын айгинелейт (Эвр. 13:18).

Башкаларга Ыйсадай мамиле кылалы

15, 16. Канткенде башкалар кабарыбызга тартылат?

15 Көптөр Ыйсанын жумшак мамилесинен улам анын кабарын кабыл алышкан. Маселен, анын сүйүүсү менен момундугу момун адамдарды өзүнө тартчу. Ыйса ага кайрылгандарга боорукердик менен мамиле кылып, жылуу сөздөрү менен жубаткан жана көптөрдү айыктырган (Оку: Марк 2:1—5). Албетте, биз, Ыйсадай болуп, керемет жасай албайбыз. Бирок башкаларды чындыкка тарткан сапаттарды: сүйүүнү, момундукту жана боорукердикти көрсөтө алабыз.

16 Адатта, боорукердик башкаларга жардам берүүгө түрткү берет. Бир жолу Тариуа аттуу атайын пионер Тынч океандын түштүк тарабындагы Кирибатинин алыскы аралында жашаган Биири деген карыяныкына барат. Ал киши жакшы кабарды анча уккусу келбесе да, анын майып экенин көргөн Тариуа ага боор ооруп, мындай дейт: «Кудайдын оорулуулар жана карыларга карата кандай убадасы бар экенин уктуңуз беле?» Анан ал Ышайа пайгамбарлыгынан үзүндү окуп берет (Оку: Ышайа 35:5, 6). Буга таң калган киши: «Ыйык Китепти канча жылдан бери окуп келатам, менин динимди туткан миссионерлердин да келип жүргөнүнө канча жыл болду, бирок Ыйык Китепте ушундай сөздөр бар экенин билбептирмин»,— дейт. Тариуа аны менен изилдөө өткөрө баштайт да, бара-бара ал рухий жактан эң сонун ийгиликтерди кылат. Биири бутунан майып болгондуктан, кыйналып басса да, чөмүлтүлүп, азыр алыскы аймактагы топту жетектейт жана аралды баштан-аяк кыдырып, жакшы кабарды таратат.

Машайактан мындан ары да үлгү алалы

17, 18. а) Канткенде кызматыбыз жемиштүү болот? б) Кызматка олуттуу мамиле кылгандар кандай бата алышат?

17 Кабар айтуу кызматында болуп жаткан кызыктуу окуялардан көрүнүп тургандай, биз Ыйсаныкындай сапаттарды өрчүтүп, аларды чагылдырсак, жакшы кабарды таратууда жемиштүү болобуз. Андыктан Падышалыктын жигердүү жарчылары катары Машайактан үлгү алуу кандай гана маанилүү!

18 Биринчи кылымда айрымдар Ыйсаны жолдой башташканда, алардын бири — Петир: «Бул үчүн эмне алабыз?» — деп сураган. Ыйса мындай деген: «Менин ысымым үчүн үй-жайын, ага-инилерин же эже-карындаштарын, атасын же энесин, аялын же балдарын, же өз жерин таштаган адам жүз эсе алат жана түбөлүк өмүрдү мурастайт» (Мт. 19:27—29). Эгер Эң Улуу Миссионер Ыйса Машайактан мындан ары да үлгү ала берсек, биз да ушундай батага ээ болобуз.

Эмне деп жооп бересиңер?

• Жакшы кабарды таратууга Жахаба кантип окутуп-үйрөтүүдө?

• «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китеби кызматыбыздын жемиштүү болушуна кандайча өбөлгө түзүүдө?

• Башкаларга мамиле кылууда Ыйсадан кандайча үлгү алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[17-беттеги сүрөт]

Петир, Андрей, Жакып жана Жакандар Ыйса чакырганда дароо ээрчип жөнөшкөн

[19-беттеги сүрөт]

«Ыйык Китеп эмнеге окутат?» сыяктуу адабияттар окутуубуздун дүйнө жүзү боюнча бирдей болушуна өбөлгө түзөт