Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Абдан маанилүү жолугушууну күтүп келем

Абдан маанилүү жолугушууну күтүп келем

Абдан маанилүү жолугушууну күтүп келем

МЕН, испаниялык жаш эне, абдан маанилүү бир жолугушууну күтүп келем. Эмнеден улам ал жолугушууну көксөп жүргөнүмдү силерге айтып берейин.

Бала кезимде үйүбүздөн чыр-чатак кетчү эмес. Каргашалуу кырсыктан улам төрт жашар инимдин чарчап калышы баарыбызды ого бетер кайгыга баткызып, мүңкүрөттү. Байкуш апам атамдын жаман адаттарынын айынан үйбүлөлүк бакыттын даамын деле таткан жок. Ошого карабай ал агам экөөбүздү ыймандуу кылып тарбиялоого аракет кылчу.

Жылдар өтүп агам үйлөндү, мен турмушка чыктым. Андан көп узабай апам рак болуп ооруп, акыры, кайтыш болду. Бирок өлөр алдында бизге баа жеткис мурас калтырып кетти.

Апам таанышынан Ыйык Китепте жазылган тирилүүгө байланыштуу үмүт жөнүндө угуп, Ыйык Китепти изилдөөгө макул болгон экен. Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө Ыйык Китептен алган үмүтү апамды бактылуу кылып, жашоосуна маңыз берди.

Ыйык Китептеги чындык апама жакшы таасир эткенин көрүп, агам экөөбүз да Кудай Сөзүн изилдей баштадык. Мен экинчи чүрпөм боюмда барда Жахабанын Күбөсү катары сууда чөмүлтүлдүм. Чөмүлтүлгөнүмөн бир ай өткөндө жолдошум экөөбүз Лусия деген татынакай кыздуу болдук.

Чөмүлтүлгөн күнүм мен үчүн абдан маанилүү күн эле. Биринчиден, өзүмдү Жахабага түбөлүк кызмат кылуу үчүн арнап, анын элине кошулдум. Экинчиден, жанымдай көргөн уулум менен кызыма Кудайдын жолуна түшүүгө жардам берүүгө жол ачылды.

Бирок балдарыма байланыштуу кубанычым көпкө созулган жок. Кызым Лусиянын төрт жашында ашказаны катуу ооруй баштаган эле. Бир нече изилдөөдөн кийин рентгенолог анын боорунда көлөмү апельсиндей болгон нейробластома — залалдуу шишик — бар экенин билдирди. Ошондон тартып Лусия жети жыл бою рак менен күрөшүп, кайра-кайра ооруканага жатып жүрдү.

Лусиянын маанайы

Ошол оор жылдары Лусия мени кыса кучактап, бетимен өпкүлөп, көңүлүмдү көтөрүп коёр эле. Ооруканада иштегендер да анын оруу менен кантип күрөшүп жатканын көрүп таң калышчу. Ал медайымдарга коңшу палаталарда дарыланып жаткан балдарга деген йогурт, сок жана башка нерселерди ташышып, жардам берүүгө дилгир болчу. Медайымдар болсо ага «медайымдын жардамчысы» деген көкүрөк көрнөкчө тагылган ак халат кийгизип коё турган.

«Лусияны көргөндө ичим ысып кетчү,— деп эскерет ооруканада иштеген бир аял.— Ал чыйрак, зээндүү кыз эле. Сүрөт тартканды жакшы көрчү. Ошондой эле элден чочуркабаган, чоң кишидей токтоо кыз болчу».

Лусия Кудай Сөзүнөн күч алгандыктан, кайраттуу эле (Эвр. 4:12). Ал, Кудай Сөзүндө убадалангандай, жаңы заманда өлүм, ый, өкүрүк, оору дегендер болбооруна бекем ишенчү (Аян 21:4). Ал башкаларга кызыгуу көрсөтүп, Ыйык Китептеги жакшы кабар менен бөлүшүүгө ар бир мүмкүнчүлүктү колдоно турган. Айыкпас дартка чалдыкканына карабай, тирилүү болоруна эч күмөн санабагандыктан, жайдары жүрө берер эле (Ыш. 25:8). Рак жанын алып тынганга чейин ал ошондой маанайда болду.

Мына ошондон тартып кызым менен жолугушууну күтүп келем. Өлөр күнү Лусиянын көздөрү араң ачылды. Атасы — анын бир колун, мен экинчисин кармап турдук. «Коркпо, балам, мен жаныңдамын,— деп кулагына шыбырадым.— Жайыраак дем ал. Эми кайра ойгонгонуңда жакшы болуп каласың. Кайра эч качан оорубайсың, мен болсо жаныңда болом...»

Эми мен ошол убадама турушум керек. Ооба, күтүү оңой болбоорун түшүнөм. Бирок Жахабага таянганымдан жазбай, актыгымды сактасам, кызым тирилгенде тосуп аларыма эч шектенбейм.

Лусиянын калтырган «белеги»

Лусиянын кайраттуулугу жана жыйналыштагылардын жөлөк-таягы ишенимиме ортоктош эмес жолдошума абдан таасир этти. Лусия өлгөн күнү ал: «Мен көп нерсе тууралуу ойлонуп чыгышым керек»,— деди. Бир нече жума өткөндөн кийин жыйналыштагы аксакалга кайрылып, аны менен Ыйык Китепти изилдей баштоону суранды. Көп өтпөй жолдошум жыйналыш жолугушууларын калтырбай бара баштады. Көптөн бери таштай албай жүргөн тамекисин да Жахабанын жардамы менен таштады.

Лусиядан айрылгандан кийинки күйүтүм али да басыла элек. Анткен менен кызым бизге өзгөчө «белек» калтырып кетти: азыр жолдошум экөөбүз бири-бирибизди тирилүүгө болгон үмүт менен жубатабыз. Лусиянын бажырайган көздөрүн, жылмайганда беттеринде пайда боло калган чуңкурчаларын кайрадан көрөрүбүздү элестетебиз. Ушулардын баары үчүн мен Жахабага абдан ыраазымын.

Кызымдын өлгөнүнө бизден алыс эмес жашаган бир аял да кайдыгер карабаптыр. Ал Лусия менен бир мектепте окуган баланын энеси экен. Эшикте күн нөшөрлөп жаап турганына карабай, ишемби күнү эртең менен эрте биздикине келиптир. Анын өзүнүн да бир баласы 11 жашында Лусияныкындай оорудан каза болгон экен. Лусия менен болгон окуяны укканда, биздин каякта жашаарыбызды бирөөлөрдөн билип, үйүбүздү таап келиптир. Ал оор жоготуудан кийин кантип жашап жатканымды сурап, ушундай жагдайга туш болгон энелерге жардам берүү үчүн, өз ара жардам берүү тобун түзүүнү сунуш кылды.

Мен ага ыйык китептик убадалардын биринен эч бир адам бере алгыс чыныгы жубатуу тапканымды айттым. Анан Жакан 5:28, 29-аяттарда жазылган Ыйсанын сөздөрүн окуп бергенимде, көздөрү балбылдай түштү. Ал аял Ыйык Китепти изилдөөгө макул болуп, көп өтпөй «Кудайдын акыл жеткис тынчтыгын» сезе баштады (Флп. 4:7). Ал экөөбүз Ыйык Китепти изилдеп жатканда, кээде бир азга токтоп, жаңы заманда тирилген сүйүктүү жакындарыбызды тосуп алып жатканыбызды элестетебиз.

Чынында эле, Лусия аз жашаса да, бизге түбөлүктүү «белек» калтырып кетти. Анын ишеними үйбүлөбүзгө Кудайга биримдикте кызмат кылууга өбөлгө түздү. Ошонун аркасында мен да ишенимден тайбай, бекем бойдон калууну чечтим. Жакындарын жоготкондордун баары алар менен кайра жолугушууну, мага окшоп, чыдамсыздык менен күтүп жүргөнү шексиз.

[20-беттеги сүрөт]

Лусия тарткан бейиштин сүрөтү