Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Араңарда ким акылдуу жана эстүү?»

«Араңарда ким акылдуу жана эстүү?»

«Араңарда ким акылдуу жана эстүү?»

«Араңарда ким акылдуу жана эстүү? Ал өзүнүн ошондой экендигин жакшы жүрүм-туруму менен, акылдуу момундугу менен көрсөтсүн» (ЖКП. 3:13).

1, 2. Акылдуу эсептелгендердин көбү жөнүндө эмне дешке болот?

СЕНИН оюңча, кимди чынында акылдуу десе болот? Балким, ата-энеңди, кары адамдарды же коллежде сабак берген профессорлорду акылдуу деп эсептейттирсиң. Адатта, адамдын акылдуулук жөнүндөгү көзкарашы алган тарбиясынын жана өсүп-чоңойгон чөйрөсүнүн таасири астында калыптанат. Бирок Кудайдын кызматчылары үчүн буга карата, биринчи кезекте, Кудайдын көзкарашы маанилүү.

2 Бул дүйнөдө акылдуу деп эсептелген адамдардын баары эле Кудайдын көз алдында акылдуу боло бербейт. Мисалы, Аюб өздөрүн акылдуу эсептеген адамдар менен сүйлөшкөндөн кийин: «Араңардан акылманды таппайм»,— деген тыянакка келген (Аюб 17:10). Ал эми элчи Пабыл Кудай жөнүндөгү билимди четке каккан айрым адамдар жөнүндө: «Өздөрүн акылдуу эсептеп, акылынан ажырашты»,— деп жазган (Рим. 1:22). Жахаба өзү да Ышайа пайгамбар аркылуу: «Өздөрүн акылман эсептегендерге... кайгы!» — деп катуу өкүм чыгарган (Ыш. 5:21).

3, 4. Чыныгы акылмандыкка ээ болуу үчүн эмне талап кылынат?

3 Биз үчүн кандай адамды чындап акылдуу жана Кудайдын жактыруусуна ээ деп айтууга болорун аныктап алуу зарыл. Бул тууралуу Накыл сөздөр 9:10до: «Акылмандыктын башталышы — Теңирден коркуу, ыйык Кудайды таанып билүү — акыл»,— делет. Акылдуу адам Кудайдан коркуп, анын талаптарына урмат-сый көрсөтүүгө тийиш. Бул Кудай бар экенин жана анын талаптарын акыл менен эле туюп коюу жетишсиз экенин билдирет. Шакирт Жакып буга карата ойлондурарлык бир ой айткан (Оку: Жакып 3:13). Анын: «Ал [акылдуу адам] өзүнүн ошондой экендигин жакшы жүрүм-туруму менен... көрсөтсүн»,— деген сөзүнө көңүл бурсаңар. Демек, чыныгы акылмандык күнүмдүк иштеринен жана сүйлөгөн сөздөрүнөн көрүнүп турушу керек.

4 Чыныгы акылмандык өзүнө эстүү болуп, билимди колдоно билүүнү жана акыл менен иш жүргүзүүнү камтыйт. Ушундай акылдуулукка ээ экенибизди кайсы иштерибиз айгинелейт? Жакып ал иштердин айрымдарын атап өткөн *. Анын ырастоосунда, ишенимдештер менен да, сырттагылар менен да жакшы мамиледе болууга эмнелер өбөлгө түзөт?

Чыныгы акылмандыкты чагылдырган жүрүм-турум

5. Акылдуу адам өзүн кандай алып жүрөт?

5 Жакыптын акылмандыктын жакшы жүрүм-турум менен байланышы бар экенин белгилегенине дагы бир ирет көңүл буралы. Жахабадан коркуу акылмандыктын башталышы болгондуктан, акылдуу адам өзүн Кудайдын жолдоруна жана талаптарына ылайык алып жүрүүгө аракет кылат. Биз Кудайга жаккан акылмандык менен кошо төрөлбөйбүз. Ошентсе да Ыйык Китепти үзгүлтүксүз окуу жана окугандарыбыз тууралуу ой жүгүртүү менен чыныгы акылмандыкты өрчүтө алабыз. Бул Эфестиктерге 5:1деги: «Кудайды туурагыла»,— деген чакырыкка жараша иш кылууга жардам берет. Жахабадан канчалык үлгү алсак, жасаган иштерибизден ошончолук акылмандык байкалып турат. Жахабанын жолдору адамдардыкынан алда канча жогору (Ыш. 55:8, 9). Ошондуктан анын «жолдору» боюнча жүрсөк, сырттагылар биздин башкалардан айырмаланып турганыбызды көрөт.

6. Эмне үчүн момундук Кудайды тууроонун белгиси жана ал сапат өзүнө эмнени камтыйт?

6 Жакып Жахабага окшош болуунун бир жолу «акылдуу момундукка» же акылмандыктын белгиси болгон момундукка ээ болуу экенин айткан. Момундук жумшак мүнөз адамдарга таандык болсо да, Ыйсанын момун жолдоочусу бекем болчу жерден бекем болуп, теңсалмактуулук менен иш кылат. Кудай, кудурети чексиз болсо да, момундукка ээ. Ошондуктан биз ага эч коркуусуз жакындай алабыз. Кудайдын Уулу Атасынын момундугун ушунча жакшы чагылдыргандыктан: «Чарчап-чаалыккандар жана түйшүк тарткандар, баарыңар Мага келгиле, Мен силерге тынчтык берем. Менин моюнтуругумду алып, Менден үйрөнгүлө, анткени Мен жоошмун жана момунмун. Ошондо жаныңарга тынчтык табасыңар»,— деп айта алган (Мт. 11:28, 29; Флп. 2:5—8).

7. Эмне себептен Мусадан момундукка үйрөнүүгө болот?

7 Ыйык Китепте момундук көрсөтүү жагынан айырмаланган башка адамдар жөнүндө да баяндалат. Алардын бири — Муса. Ал, чоң жоопкерчиликке ээ болгонуна карабай, «жер үстүндөгү бардык адамдардын ичинен эң момун адам болгон» (Сан. 11:29; 12:3). Жахаба өз эркин аткаруу үчүн ага зор кайрат берген. Ырас, Кудай ой-ниетин ишке ашыруу үчүн момун адамдарды колдонуп келген.

8. Жеткилеңсиз адам акылмандыктын белгиси болгон момундукту кантип чагылдыра алат?

8 Жеткилеңсиз болсо да, адам баласы акылмандыктын белгиси болгон момундукту чагылдыра алат. Ал эми жеке өзүбүз тууралуу эмне дешке болот? Канткенде бул сапатты жакшыраак чагылдырабыз? Момундук — Жахабанын рухунун жемишинин курамына кирген сапаттардын бири (Гал. 5:22, 23). Андыктан Кудайдан ыйык рух сурап тиленип, анын жемишин чагылдырууга умтулсак жана Кудайдын жардам берерине ишенсек, момундук көрсөтүү жагынан жакшыра алабыз. Буга бизди забурчунун: «[Кудай] момундарга Өз жолунда жүргөндү үйрөтөт»,— деген сөздөрү ишендирет (Заб. 24:9).

9, 10. Кудайга жаккан момундукту көрсөтүү үчүн канчалык күч-аракет талап кылынат жана эмне үчүн?

9 Бул жагынан жакшыруу үчүн, чынында, көп күч-аракет талап кылынат. Айрымдарыбызга момун болуу бала кезде көргөн тарбиядан улам оңой эместир. Анын үстүнө, айланадагы адамдардын көбү «отту от менен өчүр» деген сыяктуу тетири көзкарашты жакташы мүмкүн. Бирок бул чынында эле акылдуулукка жатабы? Үйүңөн өрт чыкса, сен аны май менен өчүрөсүңбү же суу мененби? Жалындаган отко май чачсак, өрт күчөйт. Ал эми суу чачсак — басылат. Ошол сыяктуу эле, Ыйык Китепте: «Момундук менен айтылган жооп каарды токтотот, ал эми кордогон сөз ачууну козгойт»,— деп айтылат (Накыл 15:1, 18). Эмкиде ишенимдешибиз же башка бирөө менен кандайдыр бир келишпестик пайда болсо, көйгөйдү момундук менен чечип, акылдуулук көрсөтөбүзбү? (2 Тим. 2:24).

10 Жогоруда айтылгандай, дүйнөнүн рухуна баш ийгендер кичи пейилдик, тынчтыкты сактай билүү, сабырдуулук деген кандай болорун билишпейт. Ошондуктан оройлук, текебердик боло жүргөн нерсеге айланган. Жакып дүйнөнүн таасиринин канчалык күчтүү экенин жакшы билген. Ошондуктан жыйналыштагыларга андай рухту жугузуудан сактануу керектигин эскерткен. Анын кеңешинен дагы эмнелерге үйрөнө алабыз?

Акылсыздарга мүнөздүү сапаттар

11. Кандай сапаттар Кудайга жаккан акылмандыкка каршы келет?

11 Жакып Кудайга жаккан акылмандыкка түзмө-түз каршы келген сапаттар тууралуу ачык-айкын жазган (Оку: Жакып 3:14). Ичи тарлык жана өзүмчүлдүк рухийликке эмес, күнөөкөр табиятка мүнөздүү. Күнөөкөр табиятка жетеленип ой жүгүртүү эмнеге алып келерин төмөнкү окуя айгинелейт. Ыйсанын өлтүрүлүп, сөөгү коюлган деп божомолдонгон жерге курулган Ыйсанын ыйык табытынын Иерусалимдеги чиркөөсүнө христиан дининин алты агымы ээлик кылат. Алардын ич ара араздашуусу ушу убакка чейин басылбай келет. Алсак, «Тайм» журналынын 2006-жылы чыккан санында мурунураак болуп өткөн жагдай тууралуу — аталган чиркөөнүн кечилдери «бир нече саат бою катуу урушуп... бири-бирин чоң чыракпаялар менен сабашканы» — айтылган. Алар бири-бирине ишенбегендиктен, чиркөөнүн ачкычын мусулманга тапшырышкан.

12. Акылмандыктын жетишсиздиги эмнеге алып келиши мүмкүн?

12 Ыйсанын чыныгы жолдоочуларынын жыйналышында жаңжалга алып келе турган өзүмчүлдүк руху болбоого тийиш. Анткен менен кээде жеткилеңсиздиктин айынан өжөрлөнүү, өзүнүкүн бербөө сыяктуу көрүнүштөр байкалат. Мындай нерселерден улам келишпестик пайда болушу мүмкүн. Элчи Пабыл Корунттагы жыйналышта ушундай көйгөй бар экенин билип: «Ортоңордо көрө албастык, уруш-талаш, келишпестик бар болсо, дененин каалоосун аткарып жашаган адам эмей кимсиңер? Силер адамдык кылып жаткан жоксуңарбы?» — деп жазган (1 Кор. 3:3). Ал жыйналышта ошондой кейиштүү жагдай бир канча убакытка өкүм сүргөн. Биз андай рухтун азыркы учурдагы жыйналыштарга жайылып кетишине жол бербешибиз керек.

13, 14. Кайсы учурларда күнөөкөр табиятка мүнөздүү рух чагылдырылышы мүмкүн экенин көрсөткөн мисал келтир.

13 Андай маанай эмнеден улам өрчүй башташы мүмкүн? Адатта, баары болор-болбос нерселерден башталат. Маселен, Падышалык залы курулуп жатканда, кайсы бир ишти кандайча аткаруу керектигине байланыштуу пикир келишпестиктер туулушу мүмкүн. Бир биртууган анын сунушу кабыл алынбаганы үчүн талашып-тартыша кетиши же чыгарылган чечимдерге карата сын пикирин айта башташы ыктымал. Атүгүл курулушка андан ары көмөк кылуудан да баш тартышы мүмкүн! Кыязы, андай маанайда болгондор жыйналышка байланыштуу иштерди аткарууда колдонулган ыкма эмес, биртуугандар арасындагы тынчтыкты сактоо маанилүүрөөк экенин эсинен чыгарып коёт көрүнөт. Жахаба батасын талашып-тартышкандарга эмес, момун рухту чагылдыргандарга берет (1 Тим. 6:4, 5).

14 Дагы бир жагдайды алалы. Аксакалдар жыйналышта бир топтон бери аксакал болуп кызмат кылган бир биртуугандын аксакалдарга коюлган ыйык китептик талаптарга тийиштүү түрдө жооп бербей калганын байкашат дейли. Ал биртууган мурун кеңеш алса да өзгөрбөгөндүктөн, аны аксакалдыктан бошотуу чечими кабыл алынат. Райондук көзөмөлчү келгенде да ал чечимди туура көрөт. Аксакал болбой калган биртууган буга кандай карайт? Аксакалдардын бир добуштан чыгарган чечимин жана Ыйык Китепке негизделген кеңешти момундук менен кабыл алып, кийин кайрадан ал кызматты аркалаш үчүн, коюлган талаптарга жооп берүүгө умтулабы? Же артыкчылыгынан айрылганы үчүн таарынып, ачууга алдырабы? Андайда аксакалдык талаптарга жооп бербеген биртууганга аксакал боло алам деп эсептөөгө негиз барбы? Андан көрө, момун болуп, жагдайга түшүнүү менен мамиле кылса, акылдуулук көрсөткөн болбойбу.

15. Кудайдын Жакып 3:15, 16-аяттардагы кеңеши эмне себептен абдан маанилүү?

15 Албетте, мындай маанай дагы башка жолдор менен да чагылдырылышы мүмкүн. Бирок кандай жагдай болбосун, биз терс сапаттардан алыс болууга тийишпиз (Оку: Жакып 3:15, 16). Шакирт Жакып ал маанайга мүнөздүү иш-аракеттерди «жердеги» деп атаган, анткени алар асмандан келген акылмандыктан эмес, күнөөкөр табияттан келип чыгат. Андай маанай «табигый», башкача айтканда, аң-сезими жок жаныбарларга мүнөздүү. Ошондой эле Кудайдын рухий душмандарына таандык сапаттарды көрсөтүүгө түрткөндүктөн, «шайтандан келет». Андыктан Ыйсанын жолдоочусунун андай маанайга ээ болушу туура эмес болор эле.

16. Биз кандай өзгөрүүлөрдү жасашыбыз керек жана ийгиликке канткенде жетебиз?

16 Жыйналыштын ар бир мүчөсү өзүн текшерип көрүп, андай терс маанайды жоюуга тийиш. Муну, айрыкча, көзөмөлчүлөр — жыйналыштагы окутуучулар — жакшы түшүнүшү керек. Жеткилеңсиздик жана дүйнөнүн таасири тоскоолдук кылгандыктан, бул оңойго турбашы мүмкүн. Аны ылай, сыйгалак дөңгө чыкканга салыштырууга болот. Андайда эч кандай тирөөч же кармооч жок болсо, артка сыйгаланып түшө бересиң. Ал эми ыйык китептик кеңештерге бекем карманып, Кудайдын жыйналыш аркылуу караштырган жардамын кабыл алсак, алга утурлай алабыз (Заб. 72:23, 24).

Акылдууларга таандык сапаттар

17. Акылдуу адам жаман иш кылууга азгырылганда, адатта, эмне кылат?

17 Оку: Жакып 3:17. «Асмандан келген акылмандыкка» мүнөздүү болгон сапаттарды карап чыгуудан биз чоң пайда алабыз. «Таза» болуу иштерибиздин жана ниеттерибиздин актыгын, тазалыгын билдирет. Биз жаман нерселерди дароо, буйдалбастан четке кагышыбыз керек. Балким, сен доктурдун атайы балкачасы менен кимдир бирөөнүн тизесинен төмөнүрөөк жерине уруп, текшергенде, буту өйдө серпиле түшкөнүн көргөндүрсүң. Бут өзүнөн өзү серпилет, адам ал жөнүндө ойлонбойт дагы. Жаман ишке барууга азгырылып жатканда, биз да ошондой жооп кайтарышыбыз керек. Тазалыгыбызды сактоого болгон каалообуз жана Ыйык Китеп боюнча тарбияланган абийирибиз жаман нерсени шарт четке кагууга түрткү бериши талап (Рим. 12:9). Ыйык Китепте ошенткен кишилердин, алардын ичинде Жусуп менен Ыйсанын мисалдары бар (Башт. 39:7—9; Мт. 4:8—10).

18. а) Тынчтыкты сүйүүчү деген... б) тынчтыкты сактоочу деген эмнени билдирет?

18 Асмандан келген акылмандык тынчтыкты сүйүүчү болууну да талап кылат. Буга чорт кыялдан, жаңжалчыл болуудан же ортодогу тынчтыкты бузууга алып келген жүрүм-турумдан качуу кирет. Жакып: «Адилеттиктин уругу тынчтыкты сактагандарга тынчтык менен себилет»,— деген (Жкп. 3:18). «Тынчтыкты сактагандарга» деген сөздөргө көңүл бурсаңар. Жыйналышта биз тынчтыкты сактагандар катары белгилүүбүзбү же тынчтыкты бузгандар катарыбы? Качан болсо кимдир бирөөгө таарынып же тескерисинче, аны таарынтып, башкалар менен тил табыша албай жүргөн жокпузбу? Өзүбүздүкүн бербей өжөрлөнө беребизби же башкаларга жакпаган сапаттарды калтырууга момундук менен умтулабызбы? Башкалар бизди кечиримдүү, ак көңүл, тынчтыкка умтулган адам катары билишеби? Өзүбүздү калыс текшерүү менен асмандан келген акылмандыкты чагылдырууда жакшыруу керекпи, жокпу, аныктай алабыз.

19. Эстүүлүгүбүз канткенде айкын болот?

19 Жакып асмандан келген акылмандыкты чагылдырган сапаттарга момундук, Ыйык Китептин түпнускасына ылайык, эстүүлүк да кирерин айткан. Ыйык китептик принциптер бузулбаган учурда өзүбүздүн жеке көзкарашыбызды таңуулабайбызбы, ийилчээктик көрсөтөбүзбү? Башкалар бизди кичи пейил, сүйлөшө келсе жагымдуу адам катары билишеби? Эгер ошондой болсок, биздин чынында эле эстүү экенибиз айкын.

20. Аталган сапаттарды чагылдырсак, натыйжасы кандай болот?

20 Чынында эле, биртуугандар Жакып жазган сапаттарды көбүрөөк чагылдырууга умтулганда, жыйналышта кандай сонун рух өкүм сүрөт! (Заб. 132:1—3). Тынчтыкты сүйүп, кичи пейил, момун болсок, бири-бирибиз менен болгон мамилебиз сөзсүз түрдө жакшырат жана «асмандан келген акылмандыкка» ээ экенибиз айкын болот. Кийинки макалада башкаларга Жахабанын көзкарашы менен кароого үйрөнүү канчалык маанилүү экенин талкуулайбыз.

[Шилтеме]

^ 4-абз. Жакып бул жерде, алдыңкы аяттардан көрүнүп тургандай, биринчи кезекте аксакалдарга же «окутуучуларга» кайрылган (Жкп. 3:1). Алар Кудайдан келген акылмандыкты көрсөтүүдө үлгү болушу зарыл. Анткен менен Жакыптын кеңеши баарыбызга тиешелүү.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Ыйсанын жолдоочусу канткенде чыныгы акылмандыкка ээ болот?

• Кудайга жаккан акылмандыкты чагылдырууда кантип жакшыра алабыз?

• «Асмандан келген акылмандыкты» чагылдырбагандарга кандай сапаттар таандык?

• Кайсы сапаттарды өрчүтүүгө чечкиндүүсүң?

[Изилдөө суроолору]

[23-беттеги сүрөт]

Келишпестиктер эмнеден улам пайда болушу мүмкүн?

[24-беттеги сүрөт]

Жамандыкты дароо четке кагасыңбы?