Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Асман тиреген Анд тоолорунда жакшы кабардын таратылышы

Асман тиреген Анд тоолорунда жакшы кабардын таратылышы

Асман тиреген Анд тоолорунда жакшы кабардын таратылышы

БИЗ 18 киши болуп сыз жерде жатабыз. Эшикте жаан төгүп турат. Түнөк каптын ичинде жатсак да, үшүгөнүбүздөн калтырайбыз. Үстүбүздөгү темир чатырга дыбырап жааган жаандын дабышы тим эле кулак тундурат. Бул тар сарайда жатып, ушул жерге бизден башка эч ким деле түнөбөгөн чыгар деген ой келет...

Эмне үчүн биз ушул жакка келүүнү чечтик? Бизге, биринчи кезекте, Ыйсанын жакшы кабарды «бүт дүйнө жүзүнө» таратуу жөнүндөгү буйругун аткарууга болгон каалоо түрткү берди (Элч. 1:8; Мт. 24:14). Ошондуктан Боливиянын Анд тоолорунун алыскы аймагында жашагандарга кабар айтуу үчүн жөнөгөн элек.

Жол машакаты

Ошол жакка жетүү бир топ кыйынчылыктар менен коштолду. Андай алыскы аймактарга коомдук унаа атайын убакыт боюнча каттабайт экен. Акыры, күткөн автобусубуз келгенде, ал биз ойлогондон да кичине болуп чыкты. Айрымдарыбызга орун жок, туруп барууга туура келсе да, көздөгөн жагыбызга жетип алдык.

Биздин максат Анд тоолорунда жашаган адамдарга жолугуу эле. Автобустан түшкөн соң жүгүбүздү көтөрүп, тоо боорундагы жалгыз аяк жол менен өйдө карай жөө жөнөдүк.

Кыштактар чакан көрүнгөнү менен, үйлөрү бири-биринен алыс жайгашкан экен. Андыктан кыштактардын ар бирине жетүүгө бир нече сааттан талап кылынды. Канча алыс баспайлы, ары жакта дагы бир үй тургандай, кыштак бүтпөчүдөй сезиле берди. Коктулардын бири-бири менен кесилишкен, ийри-буйру чыйыр-жолдорунан адашкан учурларыбыз да болбой койгон жок.

«Эмнеге мурунтан эле келген жоксуңар?!»

Бир аял биздин ушунча алыс жол жүрүп келгенибизди билгенде, түшкү тамагыбызды даярдап алышыбыз үчүн ашканасын да, отунун да берди. Ал эми бир киши Ыйык Китептен өлгөндөрдүн абалы тууралуу билгенде: «Эмнеге мурунтан эле келген жоксуңар?!» — деди. Ал абдан кызыгып калгандыктан, бизди кыштагынан чыкканча узатып, жолду карай суроолорду берип барды. Анан дагы бир кишиге жолуктук. Ал Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө биринчи жолу укканын айтып, биздин адабияттарга чоң кызыгуу көрсөттү. Жанагы түнөгөн тар сарайдын ачкычын, ыраазы болгонунан, ошол киши берген.

Бир жолу түнүчүндө, көзгө сайса көрүнгүс караңгы болгондуктан, чатырыбызды так кумурскалардын уюугунун үстүнө тигип алыптырбыз. Тынчын алганыбыз үчүн, алар бизди туш-туштан чага баштады. Биздин болсо башка жакка көчүүгө шайыбыз жок эле. Бактыга жараша, көп өтпөй алар бизге үйүр ала түшкөндөй, тынчып калышты.

Башында жерге жатканда бели-башыбыз бир аз ооруду, бирок таң аткыча ага да көнүп кеттик. Анын үстүнө, эртең менен туруп, адам буту баспаган өрөөндү, асманда жай калкыган булуттарды, тээ алыстагы чокусунан кар кетпеген аска-зоолорду көргөндө, эмнең ооруп жатканын да унутуп калат экенсиң. Теребел жан эргите мемиреп, кулакка шылдырап аккан суунун дабышы, куштардын безеленип сайраганы гана угулуп турду.

Кашкадай таза сууга жуунган соң күндөлүк аятты чогуу талкууладык. Анан тамактандык да, өйдө жакта жайгашкан кыштактарды көздөй бет алдык. Өйдөгө араңдан-зорго чыктык. Биз барган кыштактардын биринен жашы өр тартып калган бир аялга жолуктук. Ага Кудайдын ысмы Жахаба экенин айтып бергенибизде, ал толкунданып, көзүнө жаш алып жиберди: эми ал Кудайга ысмын айтып кайрыла алат.

Ал эми бир карыяга кабар айтсак, ал: «Кудай мени унутпаса керек» — деп, «силерди периштелер алып келди» деген сөздөрү бар бир ырды ырдап жиберди. Анан ооруусунан улам үйүнөн такыр чыкпаган бир кишиге жолуктук. Ал анын ал-жайын сурап тегерек-четте жашагандардын бири да басып келбээрин айтып, биздин алыстагы Ла Пастан бери келгенибизди укканда абдан таң калды. Дагы бир кишини Жахабанын Күбөлөрүнүн, элди чогултуш үчүн коңгуроо эле кагып койгон башка диндерден айырмаланып, адамдарга өздөрү келгени абдан таасирлентти.

Биз барган жактарда электир жок болгондуктан, элдер күн батканда жатып, таң атпай турушат экен. Андыктан үй ээлерине жолугуу үчүн кызматыбызды эртең менен саат 6да эле баштоого туура келди. Антпесек, көптөр талаа иштерине чыгып кетишет экен. Ал эми иш үстүндө жолуккандар жумушун токтотуп, өгүздөрүнө да жер айдоодон тыныгууга мүмкүнчүлүк берип, Ыйык Жазмадагы кабарды кунт коюп угуп жатышты. Үйүнөн кезиктиргендердин көбү алдыбызга көлдөлөң салып берип, үйүндөгүлөрүнүн баарын чакырып Кудай Сөзүнө кулак төшөп отурушту. Биз берген ыйык китептик адабияттарга ыраазычылык билдирген айрым дыйкандар баштык толо жүгөрү салып беришти.

«Мени унуткан жоксуңар»

Ыйык Китептен алган билимин тереңдетүү үчүн, адамдарга кайра баруу керек. Жолуккандардын көбү кайра да келип аларды окутууну суранышкандыктан, биз Боливиянын бул бөлүгүнө бир нече жолу каттадык.

Акыркы жолку барганыбызда бир улгайган аял: «Силер мага балдарымдай эле болуп калдыңар. Мени унуткан жоксуңар»,— деп аябай сүйүндү. Бир киши биздин кылып жаткан ишибизге ыраазычылык билдирип, эмки келгенибизде аныкына конуп кетүүгө чакырды. Ошондой эле мурунку баргандардын биринде кезиктирген бир аялдын шаарга көчүп барып, башкаларга жакшы кабар айтып жүргөнүн укканда, жасаган аракетибиздин акыбети кайтып жатканына ынандык.

Биринчи саякатыбыз аяктап, үйүбүзгө кайтарда, көтөрүп жүрмө мешибиздин майы да, азык-түлүгүбүз да түгөнүп бараткан эле. Отун терип келип, арткан-урткандардан тамак жасап жедик да, келген жагыбызга жөө жол тарттык. Автобуска түшүп кетүү үчүн шаарга чейин бир далай жол басып, ал жерге караңгы киргенде жеттик.

Үйгө жол тартуу

Үйгө баратканда да жолдо кыйынчылыктар болду. Биз түшкөн автобус бузулуп калып, бир канча убакыт жолдо турдук. Анан баарыбыз тыгылышып жүк ташуучу машиненин үстүнө түшүп келүүгө аргасыз болдук. Жолдо келе жатканда ал жакка эмне үчүн барганыбызга кызыгып сурагандарга кабар айтууга мүмкүнчүлүгүбүз болду. Ал жердин эли табиятынан көп сүйлөбөсө да, жалпы жонунан, жумшак мүнөз, сылык-сыпайы келишет экен.

Машине менен тогуз саат жол жүрдүк. Жолду карай жаан себелеп, суу болуп калгандыктан, үйгө жеткичекти тим эле көк муштум болуп тоңуп калдык. Ошентсе да убактыбыз текке кеткен жок. Келатып шаарда жашаган бир аял менен ыйык китептик изилдөө баштадык.

Алыскы аймакта жашагандарга жакшы кабар айтуу биз үчүн чоң сыймык болду. Төрт кыштактан тышкары, бир канча чакан айылдарда да кабар тараттык. Ошонун аркасында: «Куткарууну жар салган, кубанычты сүйүнчүлөгөн, тынчтыкты кабарлаган тоодогу жакшы кабарчынын буттары кандай сонун!» — деген сөздөрдүн калетсиздигине дагы бир ирет ынандык (Ыш. 52:7, Рим. 10:15).

[17-беттеги сүрөт]

Жакшы кабарды таратууга кетер алдында