Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Башкаларга Жахабанын көзкарашы менен карайсыңбы?

Башкаларга Жахабанын көзкарашы менен карайсыңбы?

Башкаларга Жахабанын көзкарашы менен карайсыңбы?

«Дене мүчөлөрү өз ара бөлүнбөш үчүн, мүчөлөрдүн бардыгы бири-бирине кам көрүш үчүн... жайгаштырылган» (1 КОР. 12:25).

1. Рухий бейишке биринчи жолу келгенде кандай сезимде болдуң эле?

БУЗУЛГАН дүйнөдөн чыгып, Жахабанын элине биринчи жолу аралашканда, алардын ортосундагы сүйүүсү, бири-бирине чындап кам көрүүсү бизди таасирленткени шексиз. Шайтандын бийлиги астындагы орой, бири-бирин жек көргөн, ыркы кеткен адамдардан алар кандай гана айырмаланышкан! Ошондон тартып биз тынчтык жана биримдик өкүм сүргөн рухий бейиште жүрөбүз (Ыш. 48:17, 18; 60:18; 65:25).

2. а) Башкаларга болгон көзкарашыбызга эмне таасир этиши ыктымал? б) Кээде эмне кылуу зарыл болушу мүмкүн?

2 Бирок убакыттын өтүшү менен биз рухий биртуугандарыбызга сын көзкараш менен карай башташыбыз мүмкүн. Жеткилеңсиздиктин айынан ишенимдештерибиздин жакшы сапаттарына эмес, кемчиликтерине көбүрөөк көңүл буруп калышыбыз ыктымал. Бир сөз менен айтканда, аларга Жахабанын көзкарашы менен кароону унутуп коёттурбуз. Эгер ошентсек, башкаларга болгон көзкарашыбызды көп создуктурбай текшерип, Жахабаныкындай көзкарашка ээ болууга аракет кылганыбыз абзел (Чыг. 33:13).

Жахабанын биртуугандарыбызга карата болгон көзкарашы

3. Ыйык Китепте жыйналыш эмнеге салыштырылат?

3 Элчи Пабыл 1 Корунттуктарга 12:2—26-аяттарда Ыйсанын майланган жолдоочуларынын жыйналышын «мүчөлөрү көп» бир денеге салыштырган. Дене мүчөлөрү бири-биринен айырмалангандай эле, жыйналыштын мүчөлөрү мүнөзү жана жөндөмдүүлүктөрү жагынан бири-биринен кыйла айырмаланат. Ошентсе да Жахаба аларды кабыл алып, ар бирин өзүнчө жакшы көрөт жана баалайт. Демек, Пабыл кеңеш кылгандай, жыйналыштагы «мүчөлөрдүн бардыгы бири-бирине кам көрүүгө» тийиш. Бирок ар кимибиздин кулк-мүнөзүбүз ар башка болгондуктан, кээде жогорудагы кеңешке кармануу кыйынга турат.

4. Биртуугандарыбызга болгон көзкарашыбызды өзгөртүү эмне үчүн талап кылынышы мүмкүн?

4 Кээде биртуугандарыбыздын алсыз жактарына көңүл бура берүүгө өзүбүз жакын болушубуз ыктымал. Мындайда биз айлананын чектелүү гана бир бөлүгүн тарта алган фотоаппаратты колдонгондой болобуз. Жахаба болсо бардыгына алда канча кенен карайт: ал адамды толугу менен, анын жакшы сапаттарын кошо көрө билет. Биз, андан айырмаланып, адамдын өзүбүзгө жакпаган жагына гана көңүл бура берүүгө жакын болушубуз мүмкүн. Эгер биртуугандарыбызга Жахабанын көзкарашы менен кароого умтулсак, жыйналышта сүйүү менен биримдиктин өкүм сүрүшүнө салым кошобуз (Эф. 4:1—3; 5:1, 2).

5. Башкаларды соттоо эмне себептен туура эмес?

5 Ыйса жеткилеңсиз адамдардын башкаларды соттоого ийкемдүү келерин жакшы билген. Андыктан ал: «Айыптабагыла, ошондо өзүңөр да айыпталбайсыңар»,— деп кеңеш кылган (Мт. 7:1). Бул жерде «Үмүт нуру» котормосунда: «Айыптабагыла»,— деп берилген, бирок түпнускада: «Мындан ары айыптабагыла»,— делген. Себеби Ыйса угуучуларынын көбүндө башкаларды сынга алуу адаты бар экенин билген. Андай адат бизде да барбы? Бар болсо, өзүбүз чоң айыпка тартылбашыбыз үчүн, ал адатты жоюуга бүт күч-аракетибизди жумшоого тийишпиз. Чынында эле, Жахабанын кайсы бир жоопкерчиликте колдонуп жаткан кызматчысын соттогудай же аны жыйналыштын мүчөсү болууга татыксыз дегидей биз кимбиз?! Албетте, бардык эле биртуугандарыбызда кемчиликтер болушу мүмкүн. Бирок Жахаба ошого карабай аларды кабыл алып жатса, биздин аларды жеригенибиз туурабы? (Жкн. 6:44). Биз Жахабанын өз уюмун жетектеп жатканына жана кайсы бир жагдайды оңдоо зарыл болсо, өзү туура көргөн учурда чара көрөрүнө чындап эле ишенебизби? (Оку: Римдиктерге 14:1—4).

6. Жахаба кызматчыларына кандай көзкарашта?

6 Кызыктуусу, Жахаба ар бирибиздин жаңы заманда жеткилеңдикке жеткенде кандай адамдардан болорубузду көрө билет. Ошондой эле ага буга чейин жасаган рухий ийгиликтерибиз да маалым. Андыктан ал биздин ар бир кемчилигибизге көңүл бура берүүнү зарыл көрбөйт. Забур 102:12ден: «Чыгыш батыштан канчалык алыс болсо, Ал биздин мыйзамсыз иштерибизди бизден ошончолук алыстатты»,— дегенди окуйбуз. Ооба, ан үчүн Жахабага баарыбыз кандай гана ыраазыбыз! (Заб. 129:3).

7. Жахабанын Дөөткө карата болгон көзкарашынан эмнеге үйрөнөбүз?

7 Ыйык Жазмадагы далилдер көрсөтүп тургандай, Жахабанын адамдын жакшы жагын көрө билген мыкты касиет-сапаты бар. Кудай Дөөттү: «Менин осуяттарымды аткарган, Менин алдымда Мага жаккан гана иштерди кылып, Мени чын жүрөгү менен ээрчиген кулум»,— деген (1 Пад. 14:8). Албетте, бизге белгилүү болгондой, Дөөт бир канча жолу чоң жаңылыштык кетирген. Ошентсе да Жахаба Дөөттүн жүрөгү таза экенин билгендиктен, анын жакшы сапаттарына көңүл бурууну туура көргөн (1 Жылн. 29:17).

Биртуугандарга Жахаба карагандай кара

8, 9. а) Кайсы жактан Жахабага окшош боло алабыз? б) Муну кайсы мисал менен түшүндүрүүгө болот жана андан эмнеге үйрөнөбүз?

8 Жахаба адамдын жүрөгүндө эмне бар экенин билет. Ал эми биз биле албайбыз. Ушунун өзү эле башкаларды соттобошубуз керек экенин далилдейт. Биз башка адамдын ички дүйнөсүн толук билбейбиз. Андыктан акыр-аягы жок боло турган жеткилеңсиздикке көңүл бурбоо менен Жахабаны тууроого аракет кылышыбыз керек. Бул жагынан Жахабага окшош болууга умтулуу арзырлык максат эмеспи?! Ошондо биртуугандар менен болгон ынтымагыбыз бекемделе берет (Эф. 4:23, 24).

9 Мисалы, кароосуз калган бир үйдү элестетели. Анын суу түтүктөрү бузулган, терезелери сынган, төбөсүнүн айрым жерлери жаан-чачындан улам сууга желип калган дейли. Ал көркү кеткен үйдү көргөндөрдүн көбү аны бузуп таштоону эле туура деп табышы мүмкүн. Бирок ал үй тууралуу башкача ойдо болгон бир киши чыгат дейли. Балким, ал үйдүн сыртын эле карап чечим чыгарбастан, бышык курулганын жана аны кайра калыбына келтирүүгө болорун байкайттыр. Анан аны сатып алып, ичи-тышын оңдоп, көркүнө келтирет. Эми ары-бери өткөндөр, ал үйгө суктана карашат. Биз да ошол кишидей боло алабызбы? Биртууганыбыздын көзгө урунган кемчиликтерине көңүл буруунун ордуна, анын жакшы сапаттарын же али да рухий жактан өсүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин көрө билүүгө умтулабызбы? Ошентсек, Жахабага окшоп, ишенимдештерибизди рухийлиги, жакшы сапаттары үчүн жакшы көрөбүз (Оку: Эврейлерге 6:10).

10. Филипиликтерге 2:3, 4-аяттардагы кеңеш бизге кандайча жардам берет?

10 Элчи Пабыл жыйналыштагылардын баары менен ынтымакта болууга өбөлгө түзө турган кеңеш берген. Ал: «Эч бир нерсени атаандаштык жана көйрөңдүк менен кылбагыла, тескерисинче, момундук менен башкаларды өзүңөрдөн жогору санагыла. Ар кимиң өзүңдү гана эмес, өзгөнү да ойло»,— деген (Флп. 2:3, 4). Момундук башкаларга туура көзкарашта болууга жардам берет. Башкаларга жеке кызыгуу көрсөтүү жана алардын жакшы сапаттарын көрүүгө умтулуу да аларга Жахабаныкындай көзкараш менен кароого көмөк кылат.

11. Дүйнөдөгү өзгөрүүлөр айрым жыйналыштарга кандай таасир этүүдө?

11 Дүйнө жүзүндө болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн улам акыркы убактарда көптөр бөлөк өлкөлөргө көчүп барууда. Андыктан кээ бир шаарларда чет өлкөдөн келгендер көп кездешет. Алардын арасынан айрымдар Ыйык Китептеги чындыкка кызыгып, биз менен бирге Жахабага сыйынып жатышат. Алар — «ар бир улуттан, ар бир элден, ар бир тилден» чыккандар (Аян 7:9). Ошондон улам жыйналыштардын көбү ар улуттагы адамдардан турат.

12. Бири-бирибизге карата кандай көзкараш сактоого тийишпиз жана эмне үчүн бул кээде оңой эмес?

12 Биз жыйналыштагы биртуугандарыбызга карата туура көзкараш сактоого умтулушубуз зарыл. Андыктан элчи Петирдин: «Бир туугандык таза сүйүүгө ээ болуу үчүн... бири-бириңерди дайыма чын жүрөктөн сүйгүлө»,— деген кеңешин эсибизге салышыбыз керек (1 Пет. 1:22). Ар кайсы улуттагы адамдарга карата чыныгы сүйүү жана ынактык өрчүтүү кээде оңойго турбашы ыктымал. Маселен, ишенимдешибиздин улуту, маданияты, билими, экономикалык абалы биздикинен бир топ айырмаланышы мүмкүн. Айрым учурда алардын ой жүгүртүүсүн же кайсы бир нерсеге жасаган мамилесин түшүнүү сен үчүн кыйын болобу? Балким, алар да сенин айрым жактарыңды түшүнө албай жаткандыр. Кандай болбосун, баарыбыз: «Бир туугандарыңарды сүйгүлө»,— деген кеңешке кулак кагууга чакырылабыз (1 Пет. 2:17).

13. Ой жүгүртүүбүздө кандай өзгөрүүлөрдү жасоо талап кылынышы мүмкүн?

13 Биртуугандарыбызга жүрөгүбүздү кенен ачуу үчүн ой жүгүртүүбүздү оңдоо талап кылынат (Оку: 2 Корунттуктарга 6:12, 13). Кээде: «Мен баарына эле бирдей карайм, болгону...» — деп, кайсы бир улуттагы биртуугандардын жеке сага жакпаган жактарын эстеген учуруң болобу? Мындай сезимдер жүрөгүбүздө тамыр алган улутчулдук сыяктуу жаман сапатты жоюшубуз керектигин көрсөтүшү ыктымал. Биз: «Маданияты меникинен айырмаланган кишилер менен таанышууга умтуламбы?» — деп ойлонуп көрсөк болот. Өзүбүздү бул жагынан текшерип көрүү эларалык биртуугандык түйүндү бекемдөөгө жана баалоого шарт түзөт.

14, 15. а) Башкаларга болгон көзкарашын өзгөрткөндөр тууралуу айтып бер. б) Алардан кандай үлгү алсак болот?

14 Ыйык Китепте туура эмес көзкараштарын өзгөрткөн адамдардын мисалдары жазылган. Алардын бири — элчи Петир. Жүйүт болгондуктан, ал бутпарастардын үйүнө жакын да жоломок эмес. Андыктан ага сүннөткө отургузулбаган бутпарас Корнелийдин үйүнө барууга көрсөтмө берилгенде, ал өзүн кандай сезгенин элестетсең. Бирок Петир Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышына, Кудайдын эркине ылайык, ар улуттун адамдары да келиши керектигин түшүнгөндүктөн, көзкарашын өзгөрткөн (Элч. 10:9—35). Кийин элчи Пабыл катары белгилүү болгон Шабылга да башкаларга болгон бейкалыс көзкарашын өзгөртүүгө туура келген. Ал Ыйсанын жолдоочуларын ушунчалык жек көргөндүктөн, аларды «ырайымсыздык менен куугунтуктап... жок кылууга аракеттенген». Ошентсе да Ыйса Пабылдын көзкарашын оңдогондо, ал чоң өзгөрүүлөрдү жасап, мурун өзү куугунтуктап жүргөндөрдүн жетекчилигине даярдуулук менен баш ийген (Гал. 1:13—20).

15 Демек, биз дагы Жахабанын рухунун жардамы менен туура эмес көзкарашыбызды өзгөртө алабыз. Эгер жүрөгүбүздө улутчулдуктун тымызын белгилери бар экенин байкасак, аларды түп-тамыры менен жоюуга жана «рух биримдигин тынчтык байланышы аркылуу сактоого аракеттенели» (Эф. 4:3—6). Ыйык Китеп бизди «сүйүүнү курчанууга» чакырат. Себеби сүйүү — «жеткилеңдиктин куру» (Кол. 3:14).

Кызматыбызда Жахабадан үлгү алалы

16. Адамдарга карата Кудайдын эрки кандай?

16 «Кудайда бет карамалык жок»,— деп жазган элчи Пабыл (Рим. 2:11). Жахаба ар улуттагы адамдардын ага биримдикте сыйынышын каалайт (Оку: 1 Тиметейге 2:3, 4). Ошол себептүү ал азыркы акыркы күндөрдө «бардык урууларга жана улуттарга, тилдерге жана элдерге» «түбөлүктүү Жакшы Кабардын» таратылышына чара көрүүдө (Аян 14:6). Ыйса: «Талаа болсо — дүйнө»,— деген (Мт. 13:38). Бул сөздөрдүн сага жана сенин жакын туугандарыңа кандай тиешеси бар?

17. Канткенде көптөргө жардам бере алабыз?

17 Албетте, баарыбыз эле дүйнөнүн алыскы бөлүктөрүнө барып, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды тарата албайбыз. Анткен менен биздин чет өлкөдөн келгендерге кабар айтууга жакшы мүмкүнчүлүгүбүз бар. Жакшы кабарды көп жылдан бери угуп келаткандарга эле эмес, баарына жеткирүү үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү пайдаланууга даярбызбы? Кабар толук жете элек аймактарда жашагандарга кабар айтууну максат кылууга эмне үчүн болбосун? (Рим. 15:20, 21).

18. Ыйса адамдарга кандайча кам көргөн?

18 Ыйса бардык адамдарга жардам берүү зарыл экенин жакшы билген. Ошондуктан, Ыйык Китепте айтылгандай, ал өзү жашаган аймакты эле эмес, башка «айыл-кыштактарды жана шаарларды аралап» кабар айткан. Ал чогулган «элди көрүп... боору ооруп», аларга жардам берген (Мт. 9:35—37).

19, 20. Жахаба менен Ыйсанын бардык адамдарга болгон көзкарашын биз дагы кайсы жактардан чагылдыра алабыз?

19 Ал эми сен кайсы жактардан ушундай маанай чагылдыра аласың? Мисалы, айрымдар жыйналышындагы сейрек иштетилген аймактарда кабар айтууга аракет жасап жатышат. Андай аймактарга ишкер аймактар, сейилбактар, жүк ташуучу унаалар токтоочу жайлар же чоочундар кире албаган кабат үйлөрдүн эшигинин алды кирет. Башкалар болсо алардын жергесинде жашап жаткан же мурун көп кабар айтылбаган кайсы бир улуттагыларга кабар айтуу үчүн алардын тилин үйрөнүшүүдө. Биз башка улуттагы адамдар менен эне тилинде кантип учурашууга болорун үйрөнүү менен алардын жыргалчылыгына кызыкдар экенибизди көрсөтө алабыз. Ал эми бөлөк тилди өздөштүрүүгө өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүз жок болсочу? Анда тил үйрөнүп жаткан башка биртуугандарды кубаттоого даярбызбы? Башка улуттагы адамдарга кабар айтуу үчүн күч-аракет жумшап жаткан биртуугандарга карата терс маанайда болбойлу же алардын ниетинин тууралыгына шек санабайлы. Себеби Кудай ар бир адамдын өмүрүн баалайт, биз да ошондой көзкарашта болгубуз келет (Кол. 3:10, 11).

20 Башкаларга Кудайдын көзкарашы менен кароо бардык адамдарга жагдай-шартына карабай кабар айтууну да билдирет. Кээ бирөөлөр үй-жайсыз, эптеп эле күн көргөн же адеп-ахлаксыз жашоо өткөргөн адамдардан болушу мүмкүн. Ошондой эле кимдир бирөө бизге жаман мамиле кылса, аларды улуту менен ошондой деген тыянакка келүү туура эмес болор эле. Алсак, Пабыл кээ бирөөлөр тарабынан кордук көрсө да, ошол чөйрөдөн чыккан адамдарга кабар айтууну токтоткон эмес (Элч. 14:5—7, 19—22). Анткени ал алардын айрымдары жакшы кабарды кабыл аларына ишенген.

21. Башкаларга Жахабанын көзкарашы менен кароо сага кандайча жардам берет?

21 Ошентип, жыйналыштагыларга, дүйнө жүзүндөгү биртуугандарга жана кызматта жолуктурган адамдарга туура көзкарашта — Жахабаныкындай көзкарашта — болуу абдан маанилүү экенин көрдүк. Жахабанын көзкарашын канчалык жакшы чагылдырсак, өз ара ынтымагыбыз жана биримдигибиз ошончолук бекемделет. Ошондо башкаларга «баары Анын колунан чыккандыктан», «жүзүнө карабай» баарына кам көргөн Жахаба Кудай менен таанышууга жана Ага карата сүйүү өрчүтүүгө жардам бере алабыз (Аюб 34:19).

Жооп бере аласыңарбы?

• Ишенимдештерибизге карата кандай көзкараштан алыс болушубуз керек?

• Жахабанын кызматчыларына болгон көзкарашынан кандай үлгү ала алабыз?

• Эларалык биртуугандыгыбызга кандай көзкарашта болушубуз абзел?

• Кабар айтуу кызматында башкаларга канткенде Жахабаныкындай көзкарашта боло алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[26-беттеги сүрөт]

Маданияты бөлөк адамдар менен кантип тааныша аласың?

[28-беттеги сүрөт]

Жакшы кабарды кандай жолдор менен көбүрөөк адамдарга жеткирүүгө болот?