Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба зар-муңубузду угат

Жахаба зар-муңубузду угат

Жахаба зар-муңубузду угат

«Теңирдин көздөрү адил адамдарды көрүп турат, кулагы алардын зар-муңун угат» (ЗАБ. 33:16).

1, 2. а) Көптөр бүгүн өздөрүн кандай сезишет? б) Биз буга эмне себептен таң калбайбыз?

КАЙСЫ бир себептен улам жандүйнөң кыйналып, бушайман болуп жүрөсүңбү? Анда сен жалгыз эмессиң. Миллиондогондорго бул каардуу түзүлүштүн кысымы менен күн сайын алпурушууга туура келет. Буга чыдоо айрымдар үчүн мүмкүн эместей сезилет. Алар: «Алсырап, аябай кыйналып жатам, жүрөгүм сыздагандан кыйкырып жатам... Жүрөгүм титиреп жатат, күчүмдү жоготтум, көзүм да тунарып калды»,— деп жазган забурчу Дөөттүкүндөй сезимде болушат (Заб. 37:9, 11).

2 Биз Ыйсанын жолдоочулары катары жашоодо азап-кайгынын болуп жатканына таң калбайбыз. Анткени андай «кыйынчылыктар», алдын ала айтылгандай, Ыйсанын катышуусун билдирген белгинин бир бөлүгү экенин билебиз (Мр. 13:8; Мт. 24:3). Түпнускада колдонулган «кыйынчылыктар» деген сөз төрөт маалындагы улам күчөгөн ооруну билдирет. Бул азыркы «оор күндөрдө» адамдардын барган сайын кыйналып, азап тартып жатканын кандай гана таамай сүрөттөп турат! (2 Тим. 3:1).

Жахаба кыйналып жатканыбызды түшүнөт

3. Кудайдын эли эмнени жакшы түшүнөт?

3 Жахабанын эли кыйынчылыктар аларды кыя өтпөөрүн жана жашоо ого бетер оордой берерин жакшы түшүнөт. Жалпы адамзат кабылган азаптан тышкары, Кудайдын кызматчылары катары бизге ишенимибизди кыйратууга умтулган душманыбыз Шайтанга да каршы турууга туура келет (1 Пет. 5:8). Ошон үчүн көптөрдө Дөөттүкүндөй сезимдер пайда болот. Ал: «Шылдың сөздөрү жүрөгүмдү оорутту, алсырап калдым. Бирөө кайгыма ортоктош болор бекен деп күттүм, бирок андай болбоду; сооротуучуларды күттүм, бирок таба албадым»,— деген (Заб. 68:21).

4. Жандүйнөбүз кыйналып жатканда бизди эмне сооротот?

4 Дөөттүн бул сөздөрү анын эч кандай үмүтү жок экенин билдиреби? Жок. Анын андан ары эмне дегенине көңүл бурсаңар: «Теңир жакырларды угат, Өз туткундарын [«туткундалган кызматчыларын», «ЖД», «Шилтемелүү Ыйык Китеп», англ.] жек көрбөйт» (Заб. 68:34). Биз кээде өзүбүздү азап-кайгынын, сарсанаанын туткунунда калгандай сезишибиз мүмкүн. Андай учурда башкалар абалыбызды толугу менен түшүнбөгөндөй көрүнөттүр; ошондой да болушу ыктымал. Анткен менен Дөөт сыяктуу эле, жандүйнөбүз жабыркап, кайгырып жатканыбызды Жахаба жакшы түшүнөрүн билүүдөн сооронуч ала алабыз (Заб. 33:16).

5. Сулайман падыша эмнеден шектенген эмес?

5 Дөөттүн уулу Сулайман Жахабанын адам баласын жакшы түшүнөрүн Иерусалимдеги ийбадаткананы арноодо баса белгилеген (Оку: 2 Жылнаама 6:29—31). Ал Жахабадан «кырсык менен кайгысын сезип» кайрылган жүрөгү таза ар бир кишинин тиленүүсүн угушун суранган. Кайгыга баткан андай адамдардын тиленүүсүнө Кудай кандай жооп кайтармак? Сулайман Жахабанын андай тиленүүлөрдү угуп эле койбостон, адамдарга жардам берүү үчүн иш-аракет кыларына шектенген эмес. Себеби Кудай «адам баласынын жүрөгүндө» эмне бар экенин жакшы билет.

6. Тынчсызданууларыбызды канткенде жеңе алабыз жана эмнеден шектенбесек болот?

6 Ошо сыяктуу эле, биз да жеке тынчсызданууларыбызды, башыбызга түшкөн «кырсык менен кайгыбызды» айтып Жахабага тилене алабыз. Анын жүрөгүбүздүн сыздап жатканын түшүнөрүн жана бизге кам көрөрүн билүү сооронуч берет. Элчи Петир муну мындай сөздөр менен ырастаган: «Бардык түйшүктөрүңөрдү Ага тапшыргыла, анткени Ал силер үчүн кам көрөт» (1 Пет. 5:7). Ооба, Жахаба биздин кыйналып жатканыбызга кошкөңүл карабайт. Ыйса Анын бизге кам көрөрүн баса белгилеп мындай деген: «Эки таранчы бир ассарийге эле сатылат эмеспи. Бирок Атаңардын эркисиз алардын бири да өлбөйт. Ал эми силердин башыңардагы чачыңар да саналуу. Ошондуктан коркпогула, силер топ таранчыдан кымбатсыңар» (Мт. 10:29—31).

Жахабанын жардам берерине ишен

7. Бизге кандай жардам көрсөтүлөрү убадаланган?

7 Кайгы-муңга батканда Жахаба бизге жардам берүүнү каалаарына жана жардам бере аларына толук ишенсек болот. Анткени «Кудай биздин баш калкалар жайыбыз жана күчүбүз, кыйынчылык учурунда тез жардам берүүчүбүз» (Заб. 33:16—19; 45:2). Кудай бизге кантип жардам берет? Ан үчүн 1 Корунттуктарга 10:13тө жазылган сөздөрдү карап көрөлү. Ал жерде: «Кудай ишенимдүү, Ал силердин көтөрө алгыс сыноо менен сыналышыңарга жол бербейт. Сыноону көтөрө алышыңар үчүн, сыноо учурунда чыгуу жолун да берет»,— делет. Жахаба бизди азап-кайгыдан арылтуу үчүн окуялардын жүрүшүн өзгөртүшү же чыдоого күч бериши мүмкүн. Кандай болбосун, ал бизге жардам берет.

8. Кудайдан канткенде жардам ала алабыз?

8 Кудайдан канткенде жардам ала алабыз? Ан үчүн: «Бардык түйшүктөрүңөрдү Ага тапшыргыла»,— деген кеңешке кулак кагышыбыз зарыл. Бул бардык тынчсыздануубузду, түйшүгүбүздү каймана мааниде Жахабанын колуна тапшырууну билдирет. Ошондуктан тынчсызданбаганга аракет кылабыз жана чыдамдуулук менен Жахабанын бизге кам көрөрүнө ишенип, ага таянабыз (Мт. 6:25—32). Бул момун болушубузду, өз күчүбүзгө жана акылыбызга таянбашыбызды талап кылат. Жахабанын «күчтүү колунун астында» моюн сунуу менен ага көзкаранды экенибизди түшүнөбүз (Оку: 1 Петир 5:6). Мындай көзкараш, Кудай эмнелерге гана жол бербесин, туруштук берүүгө жардам берет. Биз учурдагы кыйынчылыктардан дароо эле арылууну каалашыбыз мүмкүн, ошентсе да Жахаба качан жана кантип жардам берүүнү эң жакшы билерине ишенебиз (Заб. 53:9; Ыш. 41:10).

9. Дөөт Жахабага кайсы түйшүгүн тапшырган?

9 Дөөттүн Забур 54:23төгү: «Өз түйшүктөрүңдү Теңирге тапшыр, ошондо Ал сени колдойт. Ал адилеттүү адамдын олку-солку болуусуна эч качан жол бербейт»,— деген сөздөрүн эстесеңер. Бул сөздөрдү ал жанын коёрго жер таппай, кыйналып турганда жазган (Заб. 54:5). Анын мындай сезимде болгону түшүнүктүү, себеби бул забурду уулу Абышалом падышалыгын тартып алуу үчүн козголоң чыгарганда жазган. Анын үстүнө, Дөөттүн ишенимдүү кеңешчиси Акитопел да Абышалом тарапка өтүп кеткен. Ошондо Дөөт аман калыш үчүн Иерусалимден качууга аргасыз болгон (2 Шем. 15:12—14). Ушундай оор жагдайда да ал Кудайга таяна берген жана ошенткени үчүн өкүттө калган эмес.

10. Кайгыга батып турганда эмне кылышыбыз керек?

10 Кандай гана жүрөктү өйүгөн көйгөйлөргө кабылбайлы, Дөөткө окшоп, Жахабага тиленгенибиз абдан маанилүү. Буга байланыштуу элчи Пабыл бизди эмнеге үндөгөнүн карап көрөлү (Оку: Филипиликтерге 4:6, 7). Мындай жалындуу тиленүү кандай натыйжа берет? «Кудайдын акыл жеткис тынчтыгы силердин жүрөгүңөрдү жана ойлоруңарды Машайак Ыйса аркылуу сактайт».

11. «Кудайдын... тынчтыгы» жүрөгүбүз менен акыл-оюбузду кандайча коргойт?

11 Тиленүү жагдайды өзгөртүшү мүмкүнбү? Мүмкүн. Бирок Жахаба тиленүүлөрүбүзгө дайыма эле биз каалагандай жооп бере бербээрин билишибиз керек. Ошентсе да тиленүү кайгы-капага жеңдирип койбошубуз үчүн теңсалмактуу ой жүгүртүүгө жардам берет. Бизди ар кандай ой-санаалар басканда, «Кудайдын... тынчтыгы» жандүйнө бейкуттугуна ээ кылат. Аскерлер кошууну шаарды душмандардын кол салуусунан коргоп тургандай эле, «Кудайдын... тынчтыгы» жүрөгүбүздү жана акыл-оюбузду коргойт. Ошондой эле шектенүүлөрдү, коркуу сезимин, терс ойлорду жеңүүгө көмөк кылат жана ойлонбой акылсыз иш кылып алуудан сактайт (Заб. 144:18).

12. Адам жандүйнө бейкуттугуна кантип ээ боло аларын мисал менен түшүндүр.

12 Оор жагдайга кабылганда канткенде жандүйнө бейкуттугуна ээ боло алабыз? Бир мисал карап көрөлү. Жумушчу катаал, орой башкаруучунун кол алдында иштегендиктен, абдан кыйналышы мүмкүн. Ал жумушчу ошол ишкананын ээсине — боорукер, түшүнүктүү кишиге — өзүнүн абалын айтып түшүндүрүп берет. Ишкананын ээси анын жагдайын түшүнөрүн айтып, ал башкаруучуну жакында жумуштан кетирерине ынандырат. Муну уккан жумушчу кандай сезимде болот? Жакында жагдайдын өзгөрөрүн билүү ага учурдагы кыйынчылыктарга карабай иштей берүүгө жардам берет. Ошо сыяктуу эле, биз Жахабанын абалыбызды түшүнөрүн билебиз. Ал «бул дүйнөнүн төрөсү» жакында «сыртка куулуп чыгарыларына» ынандырууда (Жкн. 12:31). Бул бизди кандай гана жубатат!

13. Тиленүүдөн тышкары дагы эмне кылышыбыз керек?

13 Көйгөйлөрүбүздү айтып, Жахабага тиленип коюу эле жетиштүүбү? Жок. Тиленүүбүзгө ылайык иш-аракет кылышыбыз керек. Шабул падыша Дөөттү өлтүрүү үчүн үйүнө кишилерди жибергенде, Дөөт: «Оо Кудай! Мени душмандарымдан куткар, мага каршы чыккандардан корго! Мени мыйзамсыз иш кылгандардан куткар, канкорлордон сакта»,— деп тиленген (Заб. 58:2, 3). Тиленгенден тышкары, ал аялынын кеңешине кулак кагып, аман калуу үчүн тийиштүү иш-аракет кылган (1 Шем. 19:11, 12). Анын сыңарындай эле, биз кыйынчылыктарды көтөрүүгө Жахабадан акылмандык сурап тиленишибиз керек жана жагдайыбызды жеңилдетүү үчүн, балким, кандайдыр бир иш-аракет кылышыбыз зарыл (Жкп. 1:5).

Чыдоого күчтү кайдан алууга болот?

14. Кайгы-капага чыдоого эмне жардам берет?

14 Кайгы-кападан дароо эле арылбашыбыз мүмкүн. Алар атүгүл бир нече убакытка созулушу ыктымал. Мындайда чыдоого бизге эмне жардам берет? Биринчиден, кыйынчылыктарга карабай, Жахабага ишенимдүү кызмат кыла берүү менен ага болгон сүйүүбүздү далилдээрибизди унутпайлы (Элч. 14:22). Шайтандын Аюбга кандай жалаа жапканына көңүл бурсаңар. Ал: «Аюб Кудайдан бекеринен коркот бекен? Аны да, анын тукумун да, анын колунда болгонунун бардыгын коргогон Сен эмессиңби? Анын бардык ишине батаңды бердиң, анын жер жайнаган малы бар. Бирок колуңду сунуп, анын колунда болгонунун бардыгына колуңду тийгизип көрчү, ал Сени даңктаар бекен?» — деген (Аюб 1:9—11). Аюб берилгендигин сактоо менен Шайтандын айткандарынын жалган экенин далилдеген. Азап-кайгыга чыдоо менен биз да Шайтандын барып турган жалганчы экенин далилдейбиз. Ошондой эле чыдамдуулук көрсөтүүнүн аркасында үмүтүбүз, ишенимибиз бекемделет (Жкп. 1:4).

15. Кимдердин үлгүсү бизди бекемдей алат?

15 Экинчиден, «дүйнөнүн ар тарабындагы бир туугандарыбыз» да биз «сыяктуу эле азап тартып жатышканын» эсибизден чыгарбайлы (1 Пет. 5:9). Ооба, биз «адам баласынын башына келе турган эле сыноолорго туш болуп» жатабыз (1 Кор. 10:13). Кыйынчылыктарыбызды эле ойлобой, башка биртуугандардын үлгүсү жөнүндө ой жүгүртсөк, күч-кайрат ала алабыз (1 Тес. 1:5—7; Эвр. 12:1). Андыктан оор кыйынчылыктарга карабай берилгендигин сактап келген, сен тааныган биртуугандардын үлгүсү тууралуу ой жүгүртүүгө убакыт бөл. Ошондой эле биздин адабияттардан сеникиндей сыноолорду башынан өткөргөн ишенимдештерибиздин өмүр баяндарын таба аласың. Алардын үлгүсү сени бекемдээри шексиз.

16. Ар кандай сыноолорго туш болгондо, Кудай бизди кандайча бекемдейт?

16 Үчүнчүдөн, «боорукердиктин жана сооронуунун булагы болгон» Жахаба Кудай «бизди соороткондой эле, ар кандай кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткандарды соорото алышыбыз үчүн Ал бизди бардык кыйынчылыктарыбызда сооротуп жатканын» унутпайлы (2 Кор. 1:3, 4). Жахаба учурдагы кыйынчылыктарда эле эмес, «бардык кыйынчылыктарыбызда» жаныбызда тургандай бизди бекемдеп, күч-кубат берет. Натыйжада биз да башкаларды «ар кандай кыйынчылыктарда» сооротуп, бекемдей алабыз. Бул сөздөрдүн калетсиздигине Пабыл өз тажрыйбасынан ынанган (2 Кор. 4:8, 9; 11:23—27).

17. Ыйык Китеп жашоодогу кыйынчылыктарды жеңүүгө кандайча жардам бере алат?

17 Төртүнчүдөн, бизде «окутуу үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилдик жолунда тарбиялоо үчүн пайдалуу» болгон Кудай Сөзү — Ыйык Китеп — бар. Анын жардамы менен «Кудайдын кишиси ар тараптуу билимге ээ болуп, бардык жакшы ишке толугу менен даяр болот» (2 Тим. 3:16, 17, «ЖД»). Кудайдын Сөзү бизди «билимге ээ» кылып, «бардык жакшы ишке... даярдап» эле койбостон, жашоодогу кыйынчылыктарды жеңүүгө да көмөк кылат. Ошондой эле «ар тараптуу билимге ээ» кылып, «бардык жакшы ишке толугу менен даярдайт». Түпнускадагы «толугу менен даяр болуу» деген сөз айкашы түзмө-түз «жабдылган» деген маанини берет. Бул сөз байыркы убакта саякаттоо үчүн керектүү нерселердин баары менен жабдылган кайыкка же кандайдыр бир ишти аткарууга жарактуу шайманга карата колдонулчу. Ушу сыяктуу эле, Жахаба бизди өз Сөзү аркылуу ар кандай кыйынчылыктарды көтөрүп кетүүгө зарыл нерселердин баары менен камсыз кылат. Ошондуктан: «Эгер Кудай буга жол берсе, анда анын жардамы менен көтөрүп кете алам»,— деп айта алабыз.

Бардык кыйынчылыктардан арылуу

18. Ишенимдүү бойдон калууга дагы эмнени билүү жардам берет?

18 Бешинчиден, Жахабанын жакында адамзатты азап-кайгыдан толугу менен арылтарын дайыма эстеп жүрөлү (Заб. 33:20; 36:9—11; 2 Пет. 2:9, 10). Бул биздин азыркы кыйынчылыктарыбыздан арылууну эле эмес, жердеги бейиште же Ыйса менен асманда түбөлүк өмүр сүрүүнү билдирет.

19. Ишенимдүүлүк менен туруштук берүү кандайча мүмкүн?

19 Ал убак келгенге чейин, бизге азыркы каардуу дүйнөдөгү азап-кайгыга чыдоого туура келет. Алардын баары жок боло турган убакты кандай гана чыдамсыздык менен күтүүдөбүз! (Заб. 54:7—9). Андыктан, келгиле, кыйынчылыктарга ишенимдүүлүк менен туруштук бергенибиз Шайтандын жалганчы экенин далилдээрин унутпайлы. Тиленүүлөрүбүздөн жана биздикиндей эле кыйынчылыктарга туш болуп жаткан дүйнө жүзүндөгү ишенимдештерибиздин үлгүсүнөн күч-кайрат алалы. Кудай Сөзүнүн жардамы менен ар тараптуу билимге ээ болуп, бардык жакшы ишке толугу менен даяр болууга умтула берели. Ошондой эле «сооронуунун булагы болгон» Жахабанын бизге сүйүү менен кам көрөрүнө эч качан шектенбейли. Анын «көздөрү адил адамдарды көрүп турарын», «кулагы алардын зар-муңун угарын» унутпайлы (Заб. 33:16).

Жооп бере аласыңарбы?

• Кыйынчылыктарга туш болгондо Дөөт кандай сезимде болгон?

• Сулайман падыша эмнеден шектенген эмес?

• Жахаба жол берген кыйынчылыктарга туруштук берүүгө эмне жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги сүрөт]

Сулайман Жахабанын кыйынчылыкка кабылган кызматчыларына кам көрөрүнө шектенген эмес

[15-беттеги сүрөт]

Дөөт Жахабага өз түйшүгүн тапшырып, тиленүүсүнө жараша иш кылган