Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Макул боло бил, бирок теңсалмактуу бол

Макул боло бил, бирок теңсалмактуу бол

Макул боло бил, бирок теңсалмактуу бол

«Аларга мындан ары да эскерт: ...макул боло билишсин» (ТИТ. 3:1, 2, «ЖД», шилтеме).

1, 2. Ыйык Жазмада макул боло билүү жөнүндө эмне делген жана бул эмне үчүн орундуу?

АСМАНДАГЫ мээримдүү Атабыз Жахаба — чексиз акылман. Биз анын жаратуусу болгондуктан, жетекчилик издеп ага кайрылабыз (Заб. 47:15). Ыйсанын жолдоочусу Жакып асмандан келген акылмандыктын «баарынан мурун таза, андан кийин тынчтыкты сүйүүчү, момун [«макул боло билген», «ЖД», шилтеме], тил алчаак, боорукер, жакшы жемиштүү, калыс, эки жүздүү эмес» экенин айткан (Жкп. 3:17).

2 Ал эми элчи Пабыл: «Эстүүлүгүңөр [«макул боло билгениңер», «Падышалыктын сөзмө-сөз котормосу», англ.] бардык адамдарга белгилүү болсун»,— деген * (Флп. 4:5, «ЖД»). Ыйса Машайак — Эгебиз жана жыйналыштын башчысы (Эф. 5:23). Ошондуктан анын жетекчилигине эстүүлүк менен баш ийгенибиз жана башкалар менен мамилелешүүдө макул боло билгенибиз кандай маанилүү!

3, 4. а) Макул боло билүүнүн кандай пайдасы бар экенин мисал менен түшүндүр. б) Азыр эмнени карап чыгабыз?

3 Теңсалмактуулук менен макул боло билгенибиз өзүбүзгө эле пайда алып келет. Мисалы, Британияда террордук чабуул өз убагында токтотулгандан кийин, самолётто учкан жүргүнчүлөрдүн көбү мурда эркин алып жүргөн айрым буюмдарды алууга тыюу салган эрежелерге даярдуулук менен кармана башташкан. Же машине айдап баратканда, мисалы, көчөлөрдүн кесилишинде кырсыкка кабылбаш үчүн жана жол тыгыны пайда болбошу үчүн башка айдоочуларга жол бошотуп берүүнүн зарылдыгы көрүнөт.

4 Анткен менен көпчүлүгүбүз үчүн ийилчээк болуп, макул боло билүү оңойго турбайт. Ошон үчүн, келгиле, макул боло билүүгө байланыштуу үч нерсени, тактап айтканда, ниетибиз, бийликке карата болгон маанайыбыз кандай болушу керектигин жана канчалык деңгээлде макул болушубуз керектигин карап чыгалы.

Эмне үчүн макул боло билишибиз зарыл?

5. Кулга кожоюнунун бийлиги алдында калууга эмне түрткү берчү?

5 Ыйсанын жолдоочуларынын убагына чейин жашаган кишилердин мисалында макул боло билүүдө туура ниетте болуунун маанилүүлүгү баса белгиленет. Мусанын мыйзамы боюнча, кул болгон эврей жети жылдан кийин же юбилей жылында эркиндикке чыгарылышы керек болчу. Бирок ал эркиндиктен баш тартып, кул бойдон калууну чечиши мүмкүн эле (Оку: Чыгуу 21:5, 6). Андай кылууга ага эмне түрткү берчү? Камкор кожоюнуна болгон сүйүү.

6. Макул боло билүү менен сүйүүнүн кандай байланышы бар?

6 Ошол сыяктуу эле, Жахабага болгон сүйүү бизге өмүрүбүздү ага арноого жана арналуубузга ылайык жашоого түрткү берет (Рим. 14:7, 8). Элчи Жакан: «Кудайды сүйүү деген — Анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу кыйын эмес»,— деп жазган (1 Жкн. 5:3). Мындай сүйүү өз кызыкчылыгын көздөбөйт (1 Кор. 13:4, 5). Башкалар менен мамилелешүүдө жакыныбызга болгон сүйүү макул боло билүүгө же ийилчээк болууга, алардын кызыкчылыгын өзүбүздүкүнөн жогору коюуга түрткү берет. Ошондуктан биз өзүмчүл болбой, башкалардын жыргалчылыгын ойлойбуз (Флп. 2:2, 3).

7. Кызматыбызда эстүүлүк кандай роль ойнойт?

7 Биз башкаларга, сөзүбүз же ишибиз менен болобу, кедерги болбошубуз керек (Эф. 4:29). Ооба, сүйүү бизге тек-тамыры, маданияты ар кандай адамдардын Жахабага кызмат кылышына тоскоол болгон иштерди жасоодон качууга түрткү берет. Бул көп учурда макул боло билүүнү же эстүүлүктү талап кылат. Мисалы, кээ бир миссионер эжелер кызмат кылган өлкөсүндө башкаларга кедерги болбошу жана өздөрүнүн адептүүлүгүнө шек туулбашы үчүн мурда көнүп калгандай боёнуп-жасанбашы мүмкүн (1 Кор. 10:31—33).

8. Кудайга болгон сүйүү өзүбүздү кичүүдөй алып жүрүүгө кандайча жардам берет?

8 Жахабага болгон сүйүүбүз текебердиктен арылууга жардам берет. Шакирттери кимиси чоң экени жөнүндө өз ара талашканда, Ыйса алардын ортосуна кичинекей баланы тургузуп, мындай деген: «Ким бул баланы Менин ысымым үчүн кабыл алса, ал Мени кабыл алган болот. Ал эми ким Мени кабыл алса, Мени жиберген Кудайды кабыл алган болот. Араңарда ким баарыңардан кичине болсо, ошол эң чоң болот» (Лк. 9:48; Мр. 9:36). Ырас, өзүбүздү кичүүдөй алып жүрүү, чынында, кыйын болушу мүмкүн. Тукум кууп өткөн жеткилеңсиздигибиз, текебер болууга жакындыгыбыз көрүнүктүү абалга умтулууга түртөт. Бирок момундук макул боло билүүгө жардам берет (Рим. 12:10).

9. Макул боло билүү үчүн эмнени түшүнүшүбүз керек?

9 Макул боло билген киши Кудай негиздеген бийликке баш ийүүнүн зарылдыгын унутпайт. Ыйсанын бардык жолдоочулары башчылык принцибинин маанилүүлүгүн түшүнөт. Элчи Пабыл корунттуктарга жазган катында муну мындайча баса белгилеген: «Муну билип алышыңарды каалайм: ар бир эркектин башчысы — Машайак, аялдын башчысы — эркек, Машайактын башчысы — Кудай» (1 Кор. 11:3).

10. Жахабанын бийлигине баш ийгенибиз эмнени көрсөтүп турат?

10 Кудайдын бийлигине баш ийүү менен асмандагы мээримдүү Атабызга таянарыбызды жана ишенерибизди көрсөтөбүз. Жахаба баарын көрүп-билип турат жана ошого жараша бизге сыйлык берет. Муну, өзгөчө, башкалар бизге ачууланып, жаман мамиле кылганда эстеп жүрүү маанилүү. Пабыл: «Мүмкүн болушунча, бардык адамдар менен тынчтыкта болгула»,— деп жазган. Анан бул кеңешин төмөнкү сөздөр менен баса белгилеген: «Сүйүктүүлөр, өзүңөр үчүн өч албагыла, тескерисинче, Кудайдын каарына орун бергиле. Анткени Ыйык Жазууда: „Теңир мындай дейт: Өч Меники, Мен тиешесин берем“,— деп жазылган» (Рим. 12:18, 19).

11. Ыйсанын жетегине баш ийип жатканыбызды кантип көрсөтө алабыз?

11 Кудай негиздеген бийликке жыйналышта да баш ийишибиз керек. Аян китебинин 1-бөлүмүндө Ыйса Машайак жыйналыштын «жылдыздарын» оң колунда кармап турганы сүрөттөлөт (Аян 1:16, 20). Негизи, бул «жылдыздар» аксакалдар кеңешин же жыйналыштагы көзөмөлчүлөрдү билдирет. Бул дайындалган көзөмөлчүлөр Ыйсанын жетекчилигине баш ийишет жана аны туурап, башкаларга боорукердик менен мамиле кылышат. Жыйналыштагылардын баары Ыйсанын өз убагында рухий тамакты берип турган «ишенимдүү жана акылдуу кулуна» баш ийишет (Мт. 24:45—47). Бүгүнкү күндө кул тобу берген адабияттарды окуп-изилдөөнү жана жашообузда колдонууну каалаганыбыз Ыйсанын жетегине баш ийип жатканыбызды көрсөтөт. Бул болсо тынчтыкка жана биримдикке өбөлгө түзөт (Рим. 14:13, 19).

Канчалык деңгээлде макул боло билишибиз керек?

12. Эмне үчүн макул боло билүүнүн чеги бар?

12 Бирок макул боло билүү же баш ийүү ишенимибизге каршы иш кылууну же ыйык китептик принциптерди бузууну билдирбейт. Диний жетекчилер Ыйсанын алгачкы жолдоочуларына анын атынан кабар айтпоону буйруганда, алар эмне кылышкан? Петир жана башка элчилер тайманбастык менен: «Биринчи иретте адамдарга эмес, Кудайга баш ийүү керек»,— деп жооп беришкен (Элч. 4:18—20; 5:28, 29). Ошол сыяктуу эле, бүгүн бийлик башындагылар жакшы кабар айтууга тыюу салганда, биз ал ишти токтотпойбуз; эстүүлүк менен кабар айтуу ыкмаларын өзгөртөбүз. Мисалы, үйдөн үйгө кабар айтууга тыюу салынса, үй ээсине жолугуунун башка жолдорун издейбиз. Ошентип, Кудай берген буйрукту аткарууну уланта беребиз. Ошондой эле «жогорку бийликтегилер» жыйналыш жолугушууларынын өтүлүшүнө тыюу салганда, башкалардын көңүлүн бурдурбай кичине топ болуп чогула беребиз (Рим. 13:1; Эвр. 10:24, 25).

13. Ыйса бийликтегилерге баш ийүү жөнүндө эмне деген?

13 Ыйса Тоодогу насаатында бийлик башындагыларга баш ийүү керектигин айтып: «Сени менен соттошуп, көйнөгүңдү алгысы келген адамга сырт кийимиңди да бер. Сени өзү менен бирге бир чакырым жол жүрүүгө мажбурлаган [«бийлиги бар», «ЖД»] адам менен эки чакырым жол жүр»,— деген (Мт. 5:40, 41) *. Башкаларды сыйлоо жана аларга жардам берүүгө болгон каалоо кошумча «чакырым жол жүрүүгө», башкача айтканда, сурангандан да көптү жасоого түрткү берет (1 Кор. 13:5; Тит 3:1, 2).

14. Эмне үчүн чындыктан четтөөчүлүккө эч качан макул болбошубуз керек?

14 Макул боло билген киши чындыктан четтегендердин таасирине алдырып, ыйык китептик принциптерди бузбайт. Биз бул маселеге карата бекем көзкарашка карманышыбыз керек. Бул чындыктын бурмаланбашы, жыйналыштагы биримдиктин сакталышы үчүн зарыл. Пабыл «жалган „бир туугандар“» жөнүндө: «[Аларга] бир азга да макул болгон жокпуз, көнгөн жокпуз. Жакшы Кабардагы чындык силерде сакталыш үчүн ошенттик»,— деп жазган (Гал. 2:4, 5). Чындыктан четтөөчүлүк пайда болгон учурда Ыйсанын ишенимдүү жолдоочулары чындыкка бекем карманып, туруктуу бойдон калышат.

Көзөмөлчүлөр макул боло билиши зарыл

15. Көзөмөлчүлөр чогулганда макул боло билгенин кантип көрсөтүшөт?

15 Көзөмөлчү болуп дайындалган биртуугандарга коюлган талаптардын бири — даярдуулук менен макул боло билүү. Пабыл буга карата: «Көзөмөлчү... эстүү [«макул боло билген», шилтеме]... адам болсун»,— деп жазган (1 Тим. 3:2—4, «ЖД»). Жыйналыштагы маселелерди чечүү үчүн чогулганда алардын макул боло билиши өзгөчө маанилүү. Чечим чыгарганга чейин аксакалдардын баары өз оюн эркин, ачык айта алат. Бирок бул алардын ар бири каралып жаткан маселеге карата сөзсүз пикирин айтышы керек экенин билдирбейт. Талкуу маалында аксакал ошол маселеге байланыштуу ыйык китептик кайсы принциптер колдонуларына карата башкалардын оюн укканда көзкарашын өзгөртүшү мүмкүн. Жетилген аксакал башкалардын көзкарашына каршы болуп, өзүнүкүн гана туура деп эсептебейт, тескерисинче, макул боло билет. Талкуунун башында маселеге карата ар башка көзкараш болсо да, макул боло билген, момун аксакалдар тиленүү менен ой жүгүртүүнүн аркасында бир пикирге келишет (1 Кор. 1:10; Оку: Эфестиктерге 4:1—3).

16. Көзөмөлчү эмне кылууга аракет кылышы керек?

16 Ыйсанын жолдоочусу болгон аксакал бардык иштерде, өзгөчө, оторду кайтарууда теократиялык тартипке карманууга аракет кылышы керек. Бул ага башкаларга урмат көрсөтүүгө, жумшактык менен мамиле кылууга жардам берет. «Кудайдын силерге тапшырган үйүрүн кайтаргыла. Аны аргасыздан эмес, чын көңүлдөн, Кудайга жаккандай, өзүңөрдүн керт башыңардын кызыкчылыгы үчүн эмес, ынталуулук менен... кайтаргыла»,— деп жазган Петир (1 Пет. 5:2, 3).

17. Жыйналыштагылардын баары башкалар менен мамилелешүүдө макул боло билгенин кандай жолдор менен көрсөтө алышат?

17 Жыйналыштагы кары биртуугандар жаштардын берген жардамын баалап, аларга сый мамиле кылышат. Жаштар болсо Жахабага көп жылдан бери кызмат кылып келаткандарды терең урматташат (1 Тим. 5:1, 2). Ал эми жыйналыштагы аксакалдар кандайдыр бир жоопкерчиликтерди тапшырууга ылайыктуу биртуугандарды байкап, аларды Кудайдын оторуна кам көрүүгө үйрөтүшөт (2 Тим. 2:1, 2). Ыйсанын ар бир жолдоочусу Пабылдын төмөнкү кеңешине кулак кагышы керек: «Жетекчилериңерге баш ийгиле, моюн сунгула [«макул боло билгиле», «ЖД», «Шилтемелүү Ыйык Китеп», англ.]. Себеби алар силер үчүн жооп бере турган адамдар катары силердин жаныңар үчүн күндүр-түндүр кам көрүшөт. Алар үшкүрүнө эмес, кубаныч менен кам көрүшү үчүн баш ийгиле. Алардын үшкүрүнө кам көргөнү силер үчүн пайдасыз» (Эвр. 13:17).

Үйбүлөнүн ар бир мүчөсү макул боло билиши керек

18. Үйбүлөдө макул боло билүү эмне үчүн маанилүү?

18 Макул боло билүү сапатын үйбүлөнүн ар бир мүчөсү көрсөтүшү зарыл (Оку: Колосалыктарга 3:18—21). Ыйык Китепке ылайык, Кудай үйбүлөнүн ар бир мүчөсүнө тийиштүү роль караштырган. Алсак, күйөө — аялдын башчысы жана балдарды тарбиялоодо биринчи кезекте ал жооптуу. Ал эми аялы күйөөсүнө — баш ийиши, балдары болсо тилалчаак болушу зарыл. Мындай тартип Теңирге жагат. Үйбүлөнүн ар бир мүчөсү макул боло билип, ошол эле учурда эстүү болуу менен үйбүлөдө биримдиктин, тынчтыктын өкүм сүрүшүнө салым кошо алат. Бул ойду айкыныраак түшүнүүгө Ыйык Китепте камтылган мисалдар жардам берет.

19, 20. а) Макул боло билүү жагынан Жахаба менен Эйлинин мисалын салыштыр. б) Бул мисалдардан ата-энелер эмнелерге үйрөнө алышат?

19 Шемуелдин бала кезинде Эйли Ысрайылда ыйык кызмат кылуучу болчу. Бирок Эйлинин балдары Копни менен Пинехас «Теңирди билбеген» «начар адамдар» эле. Эйли алардын кылган жаман иштерин, анын ичинде жыйын чатырынын алдында кызмат кылган аялдар менен бузуктук кылышканын укчу. Ал кандай чара көргөн? Эйли уулдарына эгер Жахабага каршы күнөө кылышса, алар үчүн эч ким тилене албай турганын айткан. Анткен менен аларды тийиштүү түрдө тарбиялап, туура жолго салган эмес. Натыйжада Эйлинин балдары жаман жолунан кайтышкан эмес. Акыры, Жахаба алар өлүм жазасына тартылышы керек деген адилет чечим чыгарган. Уулдарынын өлгөнүн укканда Эйли өзү да кайтыш болот. Жыйынтыгы кандай өкүнүчтүү! Балдарынын жасап келген жаман иштерине Эйлинин көз жумуп, аларга орунсуз макул болуп койгону кесепеттүү болгон (1 Шем. 2:12—17, 22—25, 34, 35; 4:17, 18).

20 Эми Кудайдын өз уулдарына, периштелерге, кандай мамиле жасаарын карап чыгалы. Михей пайгамбар Жахабанын периштелер менен сүйлөшүп жатканы жөнүндө аян көргөн. Жахаба Ысрайылдын Ахап деген каардуу падышасын кыйратыш үчүн периштелердин кимиси аны адаштыра аларын сурайт. Жахаба бир нече рухий уулдарынын оюн угат. Периштелердин бири адаштыра аларын айтканда, андан аны кантип жасаарын сурайт. Анан жообун угуп, ал периштеге ошол ишти аткарууну тапшырат (1 Пад. 22:19—23). Бул билдирүүдөн үйбүлө мүчөлөрү макул боло билүүгө байланыштуу эмнеге үйрөнө алышат? Ыйсанын жолдоочусу болгон күйөө жана ата аялынын, балдарынын оюн, сунуштарын эске алганы жакшы. Ал эми аялы жана балдары өз ойлорун, каалоолорун айтууда Кудай чечим чыгарууга укук берген үйбүлө башчысынын көрсөтмөсүнө макул боло билиши керектигин түшүнүшөт.

21. Кийинки макалада эмне каралат?

21 Макул боло билүүгө байланыштуу сүйүү менен берген эскертүүлөрү үчүн Жахабага кандай гана ыраазыбыз! (Заб. 118:99). Кийинки макалада теңсалмактуулук менен макул боло билүү никедеги мамилелерден кубаныч алууга кандайча өбөлгө түзөрү каралат.

[Шилтемелер]

^ 2-абз. Элчи Пабыл колдонгон «эстүүлүк» деп которулган сөздү бир сөз менен берүү кыйын. Бир эмгекте: «Эстүүлүк өз ичине башкалардын пайдасы үчүн ийилчээктик көрсөтүүнү жана урмат-сый менен, жумшак мамиле кылууну камтыйт»,— делет. Демек, бул сөз макул боло билүүнү жана эстүүлүк көрсөтүп, «мыйзам тамгасынын» аткарылышын талап кылбоону же өз укуктарынан кечүүнү билдирет.

^ 13-абз. Карагыла: «Күзөт мунарасы», 2005-жыл, 15-февраль, «Сени „бир чакырым жол жүрүүгө“ мажбурлаганда...», 23—26-бб., ор.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Макул боло билүүнүн кандай пайдалары бар?

• Көзөмөлчүлөр макул боло билгенин кантип көрсөтө алышат?

• Үйбүлөдө макул боло билүү эмне үчүн маанилүү?

[Изилдөө суроолору]

[4-беттеги сүрөт]

Аксакалдар Ыйсаны туурап, башкаларга боорукердик менен мамиле кылат

[6-беттеги сүрөт]

Аксакалдар чогулганда тиленүү менен ой жүгүртүүнүн, макул боло билүүнүн аркасында биримдик сакталат