Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Никедеги мамилеңерден кубаныч алгыла

Никедеги мамилеңерден кубаныч алгыла

Никедеги мамилеңерден кубаныч алгыла

«Үй акылмандык менен курулат, акыл менен бекемделет» (НАКЫЛ 24:3).

1. Кудай эң биринчи адамга карата акылмандыгын кандайча көрсөткөн?

АСМАНДАГЫ акылман Атабыз биз үчүн эмне жакшы экенин билет. Мисалы, ал ой-ниетинин аткарылышы үчүн адамдын Эйден багында жалгыз болгону жакшы эмес экенин билген. Анын баштапкы ой-ниети боюнча, адамдар үйбүлө куруп, балалуу болуп, «жер жүзүн толтурушу» керек эле (Башт. 1:28; 2:18).

2. Жахаба адамзаттын пайдасы үчүн кандай түзүлүштү караштырган?

2 Жахаба Адамга «ылайык жардамчыны жаратууну» чечет. Анан аны катуу уктатып, жеткилең денесинен бир кабыргасын алат да, аял жаратат. Жахаба Обону, жеткилең аялды, Адамга алып келгенде, ал: «Бул — менин сөөгүмдөн чыккан сөөк, этимден чыккан эт. Ал „аял“ деп аталат, анткени эркектен алынды»,— деген. Обо, чынында эле, Адамдын жардамчысы катары аны толуктап турган эле. Алар Кудайдын бейнеси боюнча жаратылып, жеткилең болушкан жана ар бири өзүнө гана таандык кулк-мүнөзгө, сапаттарга ээ болгон. Жахаба ушундай жол менен биринчи үйбүлөнү негиздеген. Адам менен Обо бири-бирин колдоого өбөлгө түзгөн Кудайдын бул түзүлүшүн даярдуулук менен кабыл алышкан (Башт. 1:27; 2:21—23).

3. Көптөр никеге кандай карашат жана кандай суроолор туулат?

3 Тилекке каршы, азыркы дүйнөдө козголоңчулдук руху үстөмдүк кылгандыктан, көптөгөн көйгөйлөр пайда болууда. Бирок буга Кудай жооптуу эмес. Көптөр Кудайдын берген белегин — нике түзүлүшүн — барк албай, аны эскирип калган деп жана көңүл кайттыктын, чыр-чатактын булагы деп эсептешет. Ошондуктан баш кошкондордун көбү ажырашып кетет. Балдарга ата-энелер сүйүү көрсөтпөшү, атүгүл уруша кеткенде, аларды өз кызыкчылыгы үчүн колдонушу мүмкүн. Жубайлардын көбү жадагалса үйбүлөдө тынчтык менен биримдик сакталышы үчүн бири-бирине ийилчээктик көрсөтүп, макул боло билүүнү каалабайт (2 Тим. 3:3). Анда ушул оор убакта никедеги бакытты канткенде жоготпой сактап калууга болот? Үйбүлөнү буза турган нерселерге каршы турууда макул боло билүү кандай роль ойнойт? Никеде бактылуу болгон жубайлардан эмнеге үйрөнө алабыз?

Жахабанын буйругуна баш ийгиле

4. а) Пабыл никеге карата кандай көрсөтмө берген? б) Ыйсанын тилалчаак жолдоочулары Пабылдын көрсөтмөсүнө карманганын кантип көрсөтүшөт?

4 Элчи Пабыл жесир аялдарга эгер кайрадан турмушка чыгууну каалашса, «Теңирге ишенген адамга гана» чыгышы керектиги жөнүндөгү Кудайдын буйругун айткан (1 Кор. 7:39). Бул Ыйсанын жүйүт жолдоочулары үчүн жаңы парыз болгон эмес. Анткени Кудайдын ысрайылдыктарга берген мыйзамында тегерегиндеги бутпарас элдер менен «куда-сөөк... болбоо» керектиги ачык эле айтылган. Ошондой эле Жахаба анын нормаларына кошкөңүл кароо коркунучтуу экенин баса белгилеп: «Алар [бутпарастар] сенин уулдарыңды Менден алыстатат, уулдарың башка кудайларга кызмат кылып калышат. Ошондо Теңир каарданып, силерди тез эле кырып салат»,— деген (Мыйз. 7:3, 4). Жахаба азыркы кызматчыларынан бул буйрукка байланыштуу кандай көзкарашта болушун күтөт? Анын кызматчылары өмүрлүк жар катары «Теңирге ишенген адамды», башкача айтканда, Кудайга арналган, чөмүлтүлгөн ишенимдешин тандашы керек. Ооба, жар тандоодо Жахабанын буйругуна баш ийүү акылмандыкка жатат.

5. Никелешүү убадасына Жахаба жана Ыйсаны жолдогон жубайлар кандай карайт?

5 Никелешүү убадасы Кудайдын көз алдында ыйык болуп эсептелет. Биринчи нике жөнүндө сөз кылып, Кудайдын уулу Ыйса: «Кудай кошконду адам ажыратпасын»,— деген (Мт. 19:6). Ал эми забурчу убада берүүнүн олуттуулугун мындайча баса белгилеген: «Кудайга мактоо курмандыгын алып кел, кудуреттүү Кудайга берген убадаларыңды аткар» (Заб. 49:14). Үйбүлө куруу чоң кубаныч тартууласа да, үйлөнгөн күнү жубайлардын бири-бирине берген убадасы абдан олуттуу жана жоопкерчилик артат (Мыйз. 23:21).

6. Иптахтын үлгүсүнөн эмнеге үйрөнө алабыз?

6 Биздин заманга чейинки 12-кылымда Ысрайылдагы башкаруучу Иптах менен болгон окуяны карап көрөлү. Ал Жахабага: «Эгерде Сен амондуктарды менин колума салып берсең, анда мен амондуктардан тынчтык менен кайтып келе жатканда, үйүмдүн дарбазасынан, алдыман эмне чыкса, ал Сеники болот, Теңир, аны мен бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалам»,— деген убада берет. Иптах Миспага, үйүнө, кайтып келе жатканда алдынан жалгыз кызы тосуп чыгат. Ошондо ал берген убадасын аткарбоонун амалын издегенби? Жок. Ал: «Теңирге убада берип койбодум беле, эми андан баш тарта албайм»,— деп айткан (Башк. 11:30, 31, 35). Иптах тукумун улап кете турган туяк калбаарын билсе да, Жахабага берген убадасын аткарган. Албетте, анын убадасы никелешүү убадасынан айырмаланат, бирок убадасына бек турганы менен ал Ыйсаны жолдогон күйөөлөргө жана аялдарга мыкты үлгү калтырган.

Никени эмне бактылуу кылат?

7. Жаңы баш кошкондор эмнелерге даяр болушу керек?

7 Көптөгөн өмүрлүк жарлар сүйлөшүп жүргөн маалын жылуу сезим менен эскеришет. Болочок жубайы жөнүндө көбүрөөк билүү кандай жагымдуу эле! Экөө чогуу көп убакыт өткөргөн сайын, бири-бирине болгон ынактыгы өрчүй берген. Жубайлар сүйлөшүп жүрүп үйлөнүшөбү, же жокпу, аялы-күйөөсү болгондон кийин жашоосу өзгөрөрүнө даяр болушу керек. Бир үйбүлө башчысы: «Жаңы үйлөнгөндө бойдок кездегидей иш кылбоо керектигин моюнга алуу жана досторубуз, туугандарыбыз менен болгон мамилелешүүгө канча убакыт жумшоо керектигин чечүү кыйынга турду»,— деп ой бөлүшөт. Ал эми үйлөнгөнүнө 30 жыл болгон бир байке айткандай, ага жаңы үйлөнгөндө теңсалмактуулукту сактоо үчүн өзүнүн эле эмес, экөөнүн тең оюн эске алуу керек болгон. Ал бир жакка чакырылганда макул болордон же кандайдыр бир милдеттенме алардан мурун аялы менен кеңешип, анын да оюн эске алып, чечим чыгарчу. Ырас, мындай жагдайларда жубайларга ийилчээктик көрсөтүү же макул боло билүү жардам берет (Накыл 13:10).

8, 9. а) Ачык пикирлешүү эмне үчүн маанилүү? б) Кайсы жагдайларда ийилчээк болуу жардам берет жана эмне үчүн?

8 Кээде тек-жайы, маданияты ар башка болгон эки адамдын баш кошкон учурлары болот. Мындайда ачык пикирлешүү өзгөчө маанилүү. Бирок экөөнүн пикирлешүү стили ар кандай болушу мүмкүн. Жубайыңдын туугандары менен кантип пикирлешип жатканына байкоо салуу менен аны жакшыраак түшүнө аласың. Айрым учурларда адамдын эмнени айтканы эмес, кантип айтканы анын ички дүйнөсүн ачып берет. Кээде сөздөр айтылбаса да, көп нерсени билүүгө болот (Накыл 16:24; Кол. 4:6). Ооба, бакытка жетүү үчүн кыраакы болуу маанилүү (Оку: Накыл сөздөр 24:3).

9 Жакшы көргөн ишти, көңүл ачууну тандоого келгенде, көптөр ийилчээк болуунун маанилүү экенин байкашкан. Өмүрлүк жарың, балким, үйлөнгөнгө чейин бош убактысын спорт менен же көңүл ачуунун башка түрү менен алектенип өткөрчүдүр. Анда азыр кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү жасоо орундуудур (1 Тим. 4:8). Туугандар менен чогуу убакыт өткөрүү жөнүндө да ушуну айтууга болот. Анткени жубайлар рухий жана башка иштерди чогуу жасоого убакыт табышы керек (Мт. 6:33).

10. Ата-энелердин баш кошкон балдары менен мамилеси жакшы болушуна ийилчээктик кандай жардам берет?

10 Үйбүлө курганда эркек да, аял да ата-энесин калтырып, өз алдынча түтүн булатып кетишет (Оку: Башталыш 2:24). Анткен менен алар үйлөнгөндөн кийин да ата-энесин сыйлоого байланыштуу Кудайдын буйругун аткара берүүгө тийиш. Ошондуктан алар ата-энеси, кайната-кайненеси менен чогуу убакыт өткөрүшөттүр. Үйлөнгөнүнө 25 жыл болгон бир байке мындай дейт: «Кээде ата-энелердин, туугандардын жана кайын-журттун каалоолорун орундатууда, муктаждыктарын канааттандырууда теңсалмактуу болуу кыйынга турат. Мындай учурда мага туура чечим чыгарууга Башталыш 2:24тө жазылган сөздөр жардам берди. Туугандарым менен ынак мамиледе болуп, алардын алдындагы жоопкерчилигимди унутпашым керек болсо да, бул аяттан биринчи кезекте зайыбыма кам көрүшүм керектигин түшүндүм». Ошо сыяктуу эле, Ыйсаны жолдогон ата-энелер да ийилчээктик көрсөтүп, баш кошкон балдарынын өзүнчө бир үйбүлө болгонун жана анда биринчи кезекте үйбүлөнүн башчысы катары күйөө жетекчиликти колго аларын унутушпайт.

11, 12. Жубайлар үчүн үйбүлөлүк изилдөө жана тиленүү эмне себептен маанилүү?

11 Үйбүлөлүк изилдөөнүн графигине кармануу да маанилүү. Муну көптөгөн үйбүлөлөрдүн тажрыйбасы тастыктап турат. Чынында, үйбүлөлүк изилдөөнү баштап, аны үзгүлтүксүз өткөрүү оңойго турбашы мүмкүн. Бир үйбүлө башчысы мындай деп бөлүшөт: «Эгер биз артка кайрылып, кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү жасай ала турган болсок, анда алгачкы күндөрдөн тартып эле үйбүлөлүк изилдөөнүн графигине бекем карманмакпыз». Анан сөзүн улап: «Аялымдын үйбүлөлүк изилдөөбүздөн тапкан кызыктуу ойлор менен кубанып бөлүшүп жатканын көрүү мени да кубантат»,— дейт.

12 Андан тышкары, бактылуу болууга чогуу тиленүү жардам берет (Рим. 12:12). Күйөөсү менен аялы Жахабага бирге кызмат кылышса, алардын Кудай менен болгон ынак мамилеси үйбүлө түйүнүн бекемдейт (Жкп. 4:8). Ыйсаны жолдогон бир күйөө: «Кетирген каталар үчүн дароо кечирим суроо жана чогуу тиленип жатканда ал каталар, атүгүл капа кылган кичинекей нерселер жөнүндө да айтуу чындап өкүнүүнү көрсөтөт»,— дейт (Эф. 6:18).

Никеде макул боло билгиле

13. Пабыл жубайлардын никедеги жыныстык мамилесине байланыштуу кандай кеңеш берген?

13 Адеп-ахлаксыздык кеңири таралган азыркы дүйнөдө Ыйсаны жолдогон жубайлар никедеги жыныстык мамилесин булгай турган иштерден алыс болушу керек. Пабыл буга байланыштуу мындай кеңеш берген: «Күйөөсү аялына карата, аялы күйөөсүнө карата жубайлык милдетин аткарсын. Аялдын денеси өзүнө эмес, күйөөсүнө таандык. Ошондой эле эркектин денеси өзүнө эмес, аялына таандык». Анан ал айкын көрсөтмө берип: «Өз ара макулдашкандан кийин, орозо кармоо жана сыйынуу үчүн гана бири-бириңерден убактылуу алыс болгула. Андан кийин кайрадан бирге болгула»,— деген. Эмне үчүн? «Өзүңөрдү кармай албаганыңардан пайдаланып, шайтан азгырып кетпеши» үчүн (1 Кор. 7:3—5). Тиленүү жөнүндө айтуу менен Пабыл Ыйсанын жолдоочусу үчүн эмнелер биринчи орунда турушу керектигин көрсөткөн. Ошол эле учурда Ыйсаны жолдогон жубайлардын бири-биринин денелик жана эмоциялык муктаждыктарына сезимтал болушу керектигин баса белгилеген.

14. Ыйык китептик принциптерди никедеги жыныстык мамиледе кандайча колдонууга болот?

14 Күйөөсү менен аялы бири-бири менен ачык сүйлөшүшү жана жыныстык мамиледе назиктиктин жетишсиздиги көйгөйлөргө алып келерин түшүнүшү керек (Оку: Филипиликтерге 2:3, 4; салыштыргыла: Матай 7:12). Бул жубайлардын бири чындыкта болбогон үйбүлөлөрдө да маанилүү. Бул жагынан алардын каалоолору ар башка болгон күндө да, Ыйсанын жолдоочусу жакшы жүрүм-туруму, боорукердиги жана ийилчээктиги менен ортодогу мамилени жакшырта алат (Оку: 1 Петир 3:1, 2). Жахабага жана өмүрлүк жарына болгон сүйүү менен бирге макул боло билүү сапатын чагылдыруу никедеги мындай өзгөчө мамилени жакшыртат.

15. Бактылуу никеде урмат-сый көрсөтүү канчалык маанилүү?

15 Боорукер күйөө башка жактардан да аялына урмат-сый менен мамиле кылат. Алсак, ал атүгүл майда-чүйдө иштерде да жубайынын сезимдерин эске алат. Үйлөнгөнүнө 47 жыл болгон бир байке: «Мен буга ушу күнгө чейин үйрөнүп келатам»,— дейт. Ал эми Ыйсаны жолдогон зайыптар күйөөсүн терең урматтоого чакырылат (Эф. 5:33). Күйөөсүн сындаганы, башкалардын көзүнчө анын кемчиликтерин баса белгилегени аны урматтагандыкка жатпайт. Накыл сөздөр 14:1де: «Акылдуу аял үйүн курат, ал эми акылы жок аял аны өз колу менен бузат»,— деген эскертүү камтылат.

Шайтанга моюн сунбагыла

16. Жубайлар Эфестиктерге 4:26, 27деги кеңешти кантип колдоно алышат?

16 Ыйык Китепте: «Ачууланганыңарда күнөө кетирбегиле: күн батканча, ачууңарды баскыла, шайтанга орун бербегиле»,— деп жазылган (Эф. 4:26, 27). Бул кеңешти колдонуу никедеги келишпестиктерди чечүүгө же аларды болтурбоого жардам берет. «Пайда болгон келишпестиктерди чечүүгө бир нече саат кетиши мүмкүн болсо да, жолдошум экөөбүз андай суроолорду талкуулабай койгон учурлар болгон эмес»,— деп эскерет бир ишенимдеш эже. Жаңы үйлөнгөндө эле ал экөө келишпестиктерди эртеңкиге калтырбай чечүүнү максат кылып алышкан. «Кандай гана көйгөй болбосун, бири-бирибизди кечирүүнү, таарынычты унутууну жана ар бир күндү жаңыча баштоону чечип алганбыз»,— дейт ал. Ушундай кылуу менен алар «Шайтанга орун беришкен» эмес.

17. Өмүрлүк жары ылайык келбегендей көрүнгөн жубайга эмне жардам бериши мүмкүн?

17 Бирок өмүрлүк жарың сага ылайык келбегендей көрүнсөчү? Балким, үйбүлөлүк жашооң башкалардыкындай бактылуу болбой жаткандай сезилеттир. Ошентсе да сага Жараткандын никеге болгон көзкарашын эстеп жүрүү жардам берет. Кудайдын шыктандыруусу менен Пабыл Ыйсанын жолдоочуларына: «Никеңер адал болсун, нике төшөгүңөр булганбасын. Бузулгандар менен нике бузгандарды болсо Кудай соттойт»,— деген кеңеш берген (Эвр. 13:4). Ошондой эле: «Үч катталган жип да оңой менен үзүлбөйт»,— деген сөздөрдү көңүлгө алуу маанилүү (Нас. 4:12). Күйөөсү да, аялы да Жахабанын ысмынын ыйыкталышына абдан кызыкдар болсо, алардын нике түйүнү да, Жахаба менен болгон мамилеси да бекемделет. Жубайлар никедеги мамиледен кубаныч алууга бүт күч-аракетин жумшашы керек; бул никенин Негиздөөчүсү Жахаба Кудайга жагат (1 Пет. 3:11).

18. Никеге байланыштуу эмнеден шектенбесек болот?

18 Ыйсанын жолдоочулары никеде бактылуу боло алары шексиз. Ан үчүн күч-аракет жумшоо, макул боло билүү сыяктуу Кудайга жаккан сапаттарды чагылдыруу зарыл. Үйбүлөдө бактылуу болуу чынында эле мүмкүн экенин Жахабанын Күбөлөрүнүн дүйнө жүзүндөгү жыйналыштарындагы көптөгөн жубайлар далилдеп жатышат.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Никеде бактылуу болуу эмне үчүн куру кыял эмес?

• Жубайларга бактылуу болууга эмне жардам берет?

• Жубайлар кайсы сапаттарды өрчүтүшү керек?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Кандайдыр бир чечим чыгарардан мурун жубайлардын кеңешкени акылмандыкка жатат

[10-беттеги сүрөт]

«Шайтанга орун бербей», келишпестиктерди ошол эле күнү чечүүгө аракет кылгыла