Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Азыркы убакта үйбүлө курууга жана балалуу болууга кандай кароо керек?

Азыркы убакта үйбүлө курууга жана балалуу болууга кандай кароо керек?

Азыркы убакта үйбүлө курууга жана балалуу болууга кандай кароо керек?

«Аз убакыт калды» (1 КОР. 7:29).

1. а) Күрөшүүгө кыйын болгон кыйынчылыктарга эмнелер кирет? б) Үйбүлөдө баалуулуктардын алмашышы бизди эмне үчүн тынчсыздандырат?

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨ «акыркы мезгил» согуштар, жертитирөөлөр, ачарчылык жана жугуштуу оорулар менен өзгөчөлөнөрү алдын ала айтылган (Дан. 8:17, 19; Лк. 21:10, 11). Ошондой эле адамзат тарыхындагы бүтүп бараткан бул убакта коомдо чоң өзгөрүүлөр болору эскертилген. Үйбүлөдөгү баалуулуктардын алмашышы акыркы «оор күндөрдө» күрөшүүгө кыйын болгон кыйынчылыктардын бири болмок (2 Тим. 3:1—4). Мындай өзгөрүүлөр бизди эмне үчүн тынчсыздандырышы керек? Себеби үйбүлөдөгү асыл-нарктардын тебелениши кеңири кулач жаюуда жана бул Ыйсанын жолдоочуларынын никеге, ата-энелик милдетке болгон көзкарашына күчтүү таасир эте алат. Кандайча?

2. Дүйнөдө никеге, ажырашууга карата кандай көзкараш кеңири таралган?

2 Биздин күндө ажырашуу боло жүргөн нерсеге айланып, көп өлкөлөрдө анын саны барган сайын өсүүдө. Бирок биз Жахаба Кудайдын никеге жана ажырашууга болгон көзкарашы дүйнөдө кабыл алынган көзкараштан кескин айырмаланарын унутпайлы. Анда буга карата Жахабанын көзкарашы кандай?

3. Жахаба менен Ыйса Машайак никеге кандай карайт?

3 Жахаба Кудай үйлөнгөндөрдөн никелешүү убадасына бек карманышын күтөт. Ал биринчи эркек менен аялды баш коштуруп, үйбүлөнү негиздегенде: «Адам... аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот»,— деп айткан. Кийинчерээк Ыйса Машайак ушу ойду кайталап: «Ошондуктан Кудай кошконду адам ажыратпасын»,— деген. Анан минтип кошумчалаган: «Ойноштук кылуу себеби менен эмес, башка бир себеп менен аялын кетирип, башка аял алган адам ойноштук кылган болот. Күйөөсү кетирип жиберген аялды алган адам да ойноштук кылган болот» (Башт. 2:24; Мт. 19:3—6, 9). Демек, Жахаба менен Ыйса никени жубайлардын бири каза болгондо гана күчүн жогото турган өмүр бою созулуучу түзүлүш катары карашат (1 Кор. 7:39). Нике ыйык болгондуктан, ажырашууга жеңил ойлуу кароого болбойт. Кудай Сөзүндө Жахабанын ыйык китептик негизи жок ажырашууну жек көрөрү айтылат * (Оку: Малахия 2:13—16; 3:6).

Үйбүлө курууга жоопкерчилик менен кароо

4. Ыйсанын кээ бир жаш жолдоочулары эмне үчүн шашып үйлөнүп алганына өкүнүшөт?

4 Биз жыныстык адеп-ахлаксыздыкка белчесинен баткан кудайсыз дүйнөдө жашап жатабыз. Ошо себептен сезимдерди козгогон адепсиздик абдан көбөйдү. Алардын бизге, өзгөчө, жыйналыштагы кымбаттуу жаштарыбызга тийгизген таасирин жокко чыгарууга болбойт. Ыйсанын жаш жолдоочусу жыныстык каалоолорун өзү каалабаса да ойгото турган мындай зыяндуу таасирлерге кандай карашы керек? Айрымдар андай сезимдерге алдырбоо үчүн өтө эле эрте үйлөнүп, жыныстык адеп-ахлаксыздык жасоодон качабыз деп ойлошкон. Бирок көп өтпөй алардын кээси чыгарган чечимине өкүнгөн. Эмне үчүн? Кызуусу суугандан кийин эле жубайлар экөөнүн жалпылыгы аз экенин, күнүмдүк жашоодо каалоолору төп келбээрин байкашкан. Андай жубайлар олуттуу кыйынчылыктарга туш болушкан.

5. Жубайларга никелешүү убадасына бек турууга эмне жардам берет? (Шилтемени да карагыла.)

5 Баш кошкон адамың, атүгүл ал Ыйсанын жолдоочусу болсо да, үйлөнгөндөн кийин сен күткөндөн башкача болуп чыкса, бул, чынында эле, кыйын болушу мүмкүн (1 Кор. 7:28). Бирок үйбүлөдө кандай гана көйгөй болбосун, Ыйсанын жолдоочулары бактысыздыкка алып келген никедеги кыйынчылыктарды ыйык китептик негизи жок ажырашуу менен чечүүгө умтулуу туура эмес экенин билишет. Ошондуктан никелешүү убадасына бек турууну каалап, никесин сактоо үчүн колунан келгендин баарын жасагандар жыйналыштагылардын сүйүү менен берген жардамына, урмат-сыйына татыктуу *.

6. Ыйсанын жаш жолдоочулары үйбүлө курууга кандай карашы керек?

6 Сен үйбүлө кура элек жаштардансыңбы? Анда никеге турууга кандай карашың керек? Үйбүлө курууга денелик, акыл-эс жана рухий жактан даяр болгуча башка жыныстагы ишенимдешиң менен сүйлөшпөй күтө турсаң, жүрөктү жаралаган кыйынчылыктардан кача аласың. Албетте, Ыйык Китепте канча жашка чыкканда үйбүлө курууга болору айтылбайт *. Бирок анда жыныстык каалоолор абдан күчтүү болгон курак өтүп кеткиче күткөнүң жакшы болору көрсөтүлөт (1 Кор. 7:36, «ЖД»). Эмне үчүн? Себеби жыныстык кумарлар акылды караңгылатып, кийин кайгыга сала турган акылсыз чечим чыгарууга түртүшү мүмкүн. Ошондуктан Жахабанын Ыйык Китептеги никеге карата акылман кеңештери сенин пайдаң үчүн, бактылуу болушуң үчүн берилгенин унутпа (Оку: Ышайа 48:17, 18).

Балалуу болууга жоопкерчилик менен кароо

7. Кээ бир жаш жубайлар эмнени баштан өткөрүшөт жана бул эмне үчүн алардын мамилесине бүлүк салышы мүмкүн?

7 Кээ бир эрте үйлөнгөн жубайлар өздөрү жаш болсо да, балалуу болуп калышат. Жаңы төрөлгөн балага 24 саат бою көңүл буруу талап кылынгандыктан, жубайлардын бири-бирин жакшыраак билүүгө мүмкүнчүлүгү болбой калат. Аялы көңүлүнүн баарын ымыркайга арнаганда, күйөөсү кызганышы мүмкүн. Андан тышкары, уйкусуз түндөр чарчап-чаалыгууга алып келип, алардын ортосундагы мамилеге бүлүк салышы ыктымал. Ошентип, жаш жубайлар эркиндиги чектелгенин жана мурдагыдай каалаган жагына бара албай турганын түшүнүшөт. Алар азыркы жагдайына кандай карашы керек?

8. Балалуу болууга кандай кароо керек жана эмне үчүн?

8 Үйбүлө курууга олуттуу мамиле кылуу керек болгондой эле, балалуу болууну Кудайдан алган жоопкерчилик жана сыймык катары кароо абзел. Баланын төрөлүшүнөн улам үйбүлөдө кандай гана өзгөрүү болбосун, жаш ата-эне өздөрүнүн милдетине жооптуу карап, кыйынчылыктарды көтөрүү үчүн колунан келгенинин баарын жасоого тийиш. Жахаба адамдарды балалуу болуу жөндөмү менен жараткан. Андыктан ата-энелер перзентин «Теңир берген мурас» катары эсептеши зарыл (Заб. 126:3). Ыйсанын үйбүлө курган жолдоочулары «Теңирге жаккан» ата-эне катары өздөрүнүн милдетин аткарууга аракет кылышат (Эф. 6:1).

9. а) Баланы тарбиялап-чоңойтууга эмнелер кирет? б) Аялына рухий жактан бекем бойдон калууга жардам берүү үчүн күйөөсү эмне кылса болот?

9 Баланы тарбиялап-чоңойтууга бир нече жыл бою жанаябастык менен күч-аракет жумшоо талап кылынат. Ан үчүн ата-эне көп убактысын, күчүн сарптайт. Ыйсанын жолдоочусу болгон күйөө, наристе төрөлгөндөн кийин, аялынын бир нече жыл бою жыйналыш жолугушууларынан алаксышы, өздүк изилдөөгө жана ой жүгүртүүгө жетиштүү убакыт бөлө албашы мүмкүн экенин түшүнүшү керек. Ушундан улам ал рухий жактан алсырашы ыктымал. Андыктан жоопкерчиликти сезген ата баланы кароого жардамдашып, колунан келген аракетин жасайт. Ошондой эле аялы жыйналыштан укпай калган ойлорду аны менен үйдөн талкуулап, аны бекемдөөгө умтулат. Андан тышкары, аялы кабар айтууга жетиштүү катыша алышы үчүн баланы кароого көмөктөшөт (Оку: Филипиликтерге 2:3, 4).

10, 11. а) Балдар кандайча Жахабанын «акыл-насааты» менен тарбияланышы керек? б) Ыйсаны жолдогон көптөгөн ата-энелер эмне үчүн мактоого татыктуу?

10 Балалуу болууга жооптуу кароо аны кийинтип-ичинтүүдөн, денсоолугуна кам көрүүдөн да көптү билдирет. Өзгөчө, азыркы кооптуу убакта балдар ымыркайынан эле адеп-ахлактык принциптер менен жашоого үйрөнүшү керек. Ошон үчүн ата-энелер балдарын Жахабанын «үйрөтүүсү жана акыл-насааты менен тарбиялашы» зарыл (Эф. 6:4). «Акыл-насаат» менен тарбиялоого баланын акылына кичине кезинен татаал өспүрүм курагына чейин Жахабанын сөзүн, ойлорун сиңирүү кирет (2 Тим. 3:14, 15).

11 Ыйса жолдоочуларына «бардык элдерди... шакирт кылууну» буйруганда, ата-энелердин да балдарына Ыйсанын шакирти болууга жардам бериши керектигин айткан (Мт. 28:19, 20). Бул оңой эмес, себеби дүйнөнүн кысымы жаштарга күчтүү таасир этет. Ошондуктан балдарын жакшы тарбиялап, аларга Ыйсанын жолдоочусу болууга жардам берген ата-энелер, чынында эле, жыйналыштагы биртуугандардын мактоосуна татыктуу. Алар жоопкерчиликтүү ата-эне катары күчтүү ишеними жана Кудайга болгон берилгендиги менен бул дүйнөнүн таасирин «жеңишкен» (1 Жкн. 5:4).

Арзырлык максат үчүн үйбүлө курбоо же балалуу болбоо

12. Ыйсанын айрым жолдоочулары эмне үчүн кайсы бир убакка чейин үйбүлө курбоону чечишет?

12 Убакыт аз калгандыктан жана «бул дүйнө» жакында жок боло тургандыктан, Кудай Сөзү бизди бойдок бойдон калуунун артыкчылыктары жөнүндө ойлонууга чакырат (1 Кор. 7:29—31). Ошол себептен Ыйсанын айрым жолдоочулары өмүр бою же кайсы бир убакка чейин үйбүлө күтпөөнү чечишет. Алардын бойдок кезиндеги эркиндигин жеке кызыкчылыктарга умтулуу үчүн колдонбогону мактоого арзыйт. Алсак, көптөр Жахабага «алаксыбай» кызмат кылуу үчүн үйбүлө курбайт (Оку: 1 Корунттуктарга 7:32—35). Андай биртуугандардын кээ бири пионер болуп же Бейтелде кызмат кылышат. Башкалары болсо Кызматка окутуу мектебинен билим алып, Жахабанын уюмуна көбүрөөк пайдалуу болууга умтулушат. Чынында, бойдок кезинде толук убакытта кызмат кылып, кийинчерээк үйбүлө курууну чечкендер мурда топтогон тажрыйбасынын пайдасын көрүшөт.

13. Ыйсаны жолдогон жубайлардын кээ бири эмне үчүн балалуу болбоону чечишет?

13 Дүйнөнүн кээ бир бөлүктөрүндө дагы бир өзгөрүүнү байкоого болот: көптөр балалуу болбоону чечишет. Айрымдары экономикалык себептерден улам, башкалары карьера жасоо үчүн ушундай кылышат. Ыйсанын жолдоочуларынын арасында да балалуу болбоону чечкен жубайлар аз эмес. Алардын максаты — эч нерсеге алаксыбай, Жахабага көбүрөөк кызмат кылуу. Анткен менен бул алардын бактысыз экенин билдирбейт. Ал жубайлар, чынында эле, бактылуу. Ошентсе да алар Падышалыктын кызыкчылыктарын башкы орунга коюу үчүн үйбүлөгө кубаныч тартуулаган айрым нерселерден баш тартууга даяр (1 Кор. 7:3—5). Андай түгөйлөрдүн кээ бири Жахабага жана биртуугандарына кызмат кылуу үчүн райондук, облустук көзөмөлчүлүк ишти аткарышат же Бейтелде иштешет. Башкалары пионер же миссионер катары кызмат кылышат. Жахаба алардын эмгегин жана анын ысмы үчүн көрсөткөн сүйүүсүн эч качан унутпайт (Эвр. 6:10).

«Дене жагынан азап тартуу»

14, 15. Ыйсаны жолдогон ата-энелер кандайча «дене жагынан азап тартышат»?

14 Элчи Пабыл Ыйсанын үйлөнгөн жолдоочуларынын «дене жагынан азап тартышарын» айткан (1 Кор. 7:28). Буга жубайлардын, балдарынын же алардын улгайган ата-энесинин денсоолугуна байланыштуу кыйынчылыктар кириши ыктымал. Ошондой эле бул балдарды тарбиялап-чоңойтуудагы жүрөктү сыздаткан көйгөйлөрдү да камтышы мүмкүн. Макаланын башында айтылып өткөндөй, Ыйык Китепте ушул «акыркы убакта» күрөшүүгө кыйын болгон кыйынчылыктардын көп болору алдын ала айтылган. Андай кыйынчылыктарга «ата-энесине баш ийбеген» балдарды тарбиялоо да кирет (2 Тим. 3:1—3).

15 Баланы тарбиялоо Ыйсаны жолдогон ата-энелер үчүн оңойго турбайт, себеби азыркы «оор күндөрдүн» терс таасиринен эч ким корголгон эмес. Ошондуктан ата-энелерге балдарына тийгизген «бул дүйнөнүн» зыяндуу таасири менен тынымсыз күрөшүүгө туура келет (Эф. 2:2, 3). Бул согушта жеңилип калуу да мүмкүн. Уулунун же кызынын Жахабага кызмат кылууну токтотушу балдарын чындыкта чоңойтууга умтулган ата-энени кандай гана кайгыга салат (Накыл 17:25).

Ошондо «чоң алаамат болот»

16. Ыйса кайсы «алаамат» жөнүндө пайгамбарлык кылган?

16 Бирок үйбүлө куруунун жана балалуу болуунун аркасында келүүчү кыйынчылыктар жакында боло турган алааматка салыштырмалуу эч нерсе болбой калат. Ыйса өзүнүн катышуусу менен бул түзүлүштүн акыры жөнүндө пайгамбарлык кылып: «Ошондо жер жаралгандан тартып, азыркыга чейин болбогон жана андан кийин да болбой турган чоң алаамат болот»,— деген (Мт. 24:3, 21). Кийинчерээк ал эбегейсиз көп адамдардын бул «чоң алааматтан» аман өтөрүн билдирген. Анткен менен Шайтандын дүйнөсү Жахабанын тынчтыкты сүйгөн Күбөлөрүнө акыркы жолу кол салганда бардык күчүн жумшап, аларга каршы күрөшөт. Бул убак бардыгыбыз үчүн: чоңдор үчүн да, балдар үчүн да оор болору шексиз.

17. а) Келечекке эмне себептен ишенимдүү карай алабыз? б) Үйбүлө курууга жана балалуу болууга карата көзкарашыбызга эмне таасир этиши керек?

17 Ошентсе да келечектен өтө эле коркуп, тынчсыздануунун кереги жок. Ишенимдүүлүгүн сактаган ата-энелер Жахабанын аларды балдары менен чогуу коргой аларына үмүттөнө алышат (Оку: Ышайа 26:20, 21; Сеп. 2:2, 3; 1 Кор. 7:14). Анда эмесе, акыркы оор күндөрдө жашап жатканыбызды билгенибиз үйбүлө курууга жана балалуу болууга карата көзкарашыбызга таасир эте берсин (2 Пет. 3:10—13). Ошондо үйбүлөлүү же бойдок болобузбу, балдарыбыз барбы же жокпу, жашообуз Жахабага жана жыйналышка даңк алып келет.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. «Жахабанын күнүн эсиңерде бек сактагыла» (ор.) аттуу китептин 125-бетиндеги «Ал ажырашууну жек көрөт» деген бөлүмчөнү карагыла.

^ 5-абз. Никедеги кыйынчылыктар менен күрөшүп жаткандар төмөнкү журналдардагы макалаларды карап чыгуудан пайда алышат: «Күзөт мунарасы», 2003-жыл, 1-октябрь жана «Ойгонгула!», 2001-жыл, 8-январь, ор.

^ 6-абз. «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонулуучу кеңештер» (ор.) аттуу китептин «Үйбүлө курууга даярмынбы?» деген 30-бөлүмүн карагыла.

Кайталоо үчүн суроолор

• Кудайдын жаш кызматчылары эмне үчүн үйлөнүүгө шашпашы керек?

• Баланы тарбиялоого эмнелер кирет?

• Ыйсанын көп жолдоочулары эмнеден улам үйбүлө курбоону же үйлөнсө, балалуу болбоону чечишет?

• Ыйсаны жолдогон ата-энелер кандай кыйынчылыктарга кабылышы мүмкүн?

[Изилдөө суроолору]

[17-беттеги сүрөт]

Чындыктагы жаштар үйбүлө курууга даяр болгуча күткөнү эмне үчүн акылмандыкка жатат?

[18-беттеги сүрөт]

Күйөөсү аялына рухий иштерге жетиштүү катышууга көп жагынан жардам бере алат

[19-беттеги сүрөт]

Ыйсаны жолдогон кээ бир жубайлар эмне үчүн балалуу болбоону чечет?