Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакан китебиндеги урунттуу ойлор

Жакан китебиндеги урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Жакан китебиндеги урунттуу ойлор

КУДАЙДЫН шыктандыруусу аркылуу Машайактын жашоосу менен кызматы жөнүндө жазган кишилердин акыркысы — Ыйсанын сүйүктүү шакирти Жакан (Жкн. 21:20). Б.з. 98-жылы жазылган өзүнүн Инжилинде ал башка үч Инжилде баяндалгандарды кыскача кайталап өтөт.

Жакан өз Инжилин белгилүү бир максат менен жазган. «Булар болсо Ыйсанын Кудайдын Уулу, Машайак экенине ишенишиңер үчүн жана ишенип, Анын ысымы аркылуу өмүргө ээ болушуңар үчүн жазылды»,— деп түшүндүрөт ал (Жкн. 20:31). Андыктан анын билдирүүсү биз үчүн, чынында эле, абдан баалуу (Эвр. 4:12).

«БУЛ — КУДАЙДЫН КУРМАНДЫК КОЗУСУ»

(Жакан 1:1—11:54)

Чөмүлдүрүүчү Жакан Ыйсаны көргөндө эч шектенүүсүз: «Бул — Кудайдын курмандык Козусу»,— дейт (Жкн. 1:29). Самария, Галилея, Жүйүт аймактарын жана Иордандын чыгыш тарабын кыдырып кабар айтып, окутуп, улуу кереметтерди жасаган Ыйсага «көптөгөн адамдар ишенип калышат» (Жкн. 10:41, 42).

Анын көрүнүктүү кереметтеринин бири Лазардын тирилүүсү болгон. Көптөр өлгөнүнө төрт күн болуп калган кишинин кайрадан тирилгенин көргөндө Ыйсага ишене башташат. Бирок башкы ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлер Ыйсаны өлтүрүүнү чечишет. Аны билген Ыйса «чөлгө жакын жердеги Эпрайым деген шаарга» кетип калат (Жкн. 11:53, 54).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Жкн. 1:35, 40 — Чөмүлдүрүүчү Жакандын жанында Андрейден башка дагы ким бар эле? Инжилдин баяндоочусу Чөмүлдүрүүчү Жаканды дайыма «Жакан» дейт, бирок өзүнө келгенде, атын атабайт. Ошондуктан аты айтылбаган шакирт Инжилди жазган Жакандын өзү деп божомолдоого болот.

Жкн. 2:20 — Кайсы ийбадаткана «кырк алты жылда курулуп бүткөн»? Жүйүттөр байыркы Зоробабылдын, Жүйүттүн Ирод аттуу падышасы тарабынан оңдолуп жаткан ийбадатканасын айткан. Тарыхчы Иосиф Флавийдин билдирүүсүндө, оңдоо иши Ироддун башкаруусунун 18-жылында, тактап атканда, б.з.ч. 18—17-жылдары башталган. Ийбадаткананын ыйык жайы менен негизги бөлүктөрүнүн оңдолушу сегиз жылдын ичинде аяктаган. Бирок жүйүттөр б.з. 30-жылы Пасах майрамында ийбадаткананын курулуп жатканына 46 жыл болгонун айткан. Курулуш иши ошол маалга чейин жүргүзүлүп, андан кийин да улантыла берген.

Жкн. 5:14 — Адам өз күнөөсү үчүн ооруйбу? Сөзсүз деле андай эмес. Ыйса айыктырган кишинин 38 жыл бою оорушуна Адам атадан тукум кууп өткөн күнөө себеп болгон (Жкн. 5:1—9). Ыйсанын сөздөрү ага ырайымдуулук көрсөтүлүп жатканын, анын куткарылуу жолуна түшүшү зарыл экенин көрсөткөн. Эгер мындан ары билип туруп күнөө кетирсе, ал оорудан да жаман каргашага туш болмок: кечирилгис күнөө жасаса, өлгөндө кайра тирилмек эмес (Мт. 12:31, 32; Лк. 12:10; Эвр. 10:26, 27).

Жкн. 5:24, 25 — «Өлүмдөн өмүргө өткөндөр» кимдер? Ыйса бул жерде бир кездерде рухий жактан өлүк болгон, бирок анын сөздөрүн укканда ага ишенип, күнөө жолунан кайра тарткандар тууралуу айткан. Алар Кудайга болгон ишениминин аркасында өлүм өкүмүнөн бошотулуп, түбөлүк жашоо үмүтүнө ээ болгондуктан, «өлүмдөн өмүргө өткөн» (1 Пет. 4:3—6).

Жкн. 5:26; 6:53 — «Өмүр бар» деген эмнени билдирет? Бул Ыйса Машайактын Кудайдан эки өзгөчө мүмкүнчүлүк алганын билдирет. Алардын биринчиси — адамзатка Жахабанын жактыруусуна ээ болууга жол ачуу, экинчиси — адамдарга тирилтүү аркылуу кайрадан өмүр берүү. Ыйсанын жолдоочулары үчүн болсо ал түбөлүк өмүргө ээ болууну билдирет. Ыйсанын майланган жолдоочулары асмандагы жашоого тирилтилгенде «өмүргө» ээ болот. Ал эми Кудайдын жерде жашоого үмүттөнгөн ишенимдүү кызматчылары Ыйсанын Миң жылдык башкаруусу аяктаганда боло турган акыркы сындоодон кийин гана түбөлүк өмүргө ээ болушат (1 Кор. 15:52, 53; Аян 20:5, 7—10).

Жкн. 6:64 — Ыйса Жүйүт Искариоттун чыккынчы болуп кетерин элчиликке тандап жатканда эле билди беле? Сыягы, билген эмес. Бирок б.з. 32-жылы Ыйса элчилерине: «Араңардагы бирөө — шайтан»,— деген. Себеби ал ошол кезде Жүйүт Искариоттун тетири жолго жаңыдан түшө баштаганын байкаган көрүнөт (Жкн. 6:66—71).

Биз алчу сабактар:

Жкн. 2:4. Ыйса Кудайдын майланган Уулу болгондуктан, көрсөтмөлөрдү асмандагы Атасынан алууга тийиш экенин Мариямга билдирген. Ал кезде Ыйса кызматын жаңыдан баштаса да, дайындалган ишин аткара турган, ошондой эле курмандык катары өлө турган маалын же саатын жакшы билген. Ошондуктан Мариямга окшогон жакын адамы да анын Кудайдын эркин аткарышына кийлигишпөөгө тийиш эле. Биз да Кудайга ошондой чечкиндүүлүк менен кызмат кылышыбыз керек.

Жкн. 3:1—9. Жүйүт эл башчыларынын бири Никедим менен болгон окуядан биз эки нерсеге үйрөнөбүз. Биринчиден, Никедим момундук көрсөткөн, Жазманы да жакшы түшүнгөн жана өзүнүн рухий муктаждыгын сезе билген. Ошон үчүн карапайым жыгач устанын уулун Кудайдан келген устат катары кабыл алган. Бүгүнкү күндө да Ыйсанын чыныгы жолдоочуларынын момун болушу зарыл. Экинчиден, Никедим Ыйса жерде жүргөндө анын шакирти болуудан тартынган. Балким, анын антишине адамдардан коркуу, Синедриондогу ээлеген абалына байлануу же байлыгына болгон сүйүү себеп болгондур. Биз мындан да маанилүү сабак алсак болот: ошондой сезимдерибизге кыйноо мамысын алууга жана Ыйсанын артынан ээрчүүгө тоскоолдук кылууга жол бербешибиз керек (Лк. 9:23).

Жкн. 4:23, 24. Сыйынуубуз Кудайга жагыш үчүн, биз Ыйык Китеп барактарында жазылган чындыкка ылайык жашап, ыйык рухка жетектелишибиз керек.

Жкн. 6:27. Түбөлүк өмүр бере турган «түбөлүктүү тамак үчүн аракеттенүү» деген рухий муктаждыгыбызды канааттандыруу үчүн күч-аракет жумшоо керектигин билдирет. Ошенткендер бактылуу болушат (Мт. 5:3).

Жкн. 6:44. Жахаба ар бирибизге жекече кам көрөт. Ошондуктан жеке ар бирибиздин кабар угушубузга кам көрүп, Уулуна алып келген жана ыйык руху аркылуу Ыйык Китептеги чындыктарды түшүнүүгө жана аларды жашообузда колдонууга жардам берип жатат.

Жкн. 11:33—36. Күйүт тартуу алсыздыктын белгиси эмес.

«МЕНИН АРТЫМДАН ЭЭРЧИ»

(Жакан 11:55—21:25)

Б.з. 33-жылынын Пасахына аз калганда Ыйса Бетанияга кайра барат. Ал эми 9-нисанда кодик минип Иерусалимге кирет. 10-нисанда болсо кайрадан ийбадатканага келет. Атасынын ысмы даңкталсын деген анын тиленүүсүнө жооп катары асмандан: «Даңктадым, дагы да даңктайм»,— деген үн угулат (Жкн. 12:28).

Пасахтын кечки тамагын ичип жатышканда Ыйса жолдоочуларына акыркы насаатын айтып, алар үчүн тиленет. Көп өтпөй Ыйса камакка алынып, сот өкүмү чыгарылат. Андан соң мамыга кадалып, кайра тирилет.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Жкн. 14:2 — Ыйса ишенимдүү шакирттерине асмандан кандайча «орун даярдамак»? «Орун даярдоо» Ыйсанын Кудайдын алдына барып, төгүлгөн канынын баасын тапшыруунун аркасында жаңы келишим түзгөнүн билдирген. Ал Машайактын падышалык бийлик алышын да камтыган, ошондон кийин гана анын майланган жолдоочулары асманга тириле баштаган (1 Тес. 4:14—17; Эвр. 9:12, 24—28; 1 Пет. 1:19; Аян 11:15).

Жкн. 19:11 — Ыйса Пилатка: «Сенин колуңа салып берген адам...» — дегенде Жүйүт Искариотту айтты беле? Бул жерде Жүйүттүн же дагы башка бирөөнүн аты аталбаган соң, Ыйса, сыягы, өлүмүнө забын болгондордун баарын айткан. Алардын арасында Жүйүт да, «башкы ыйык кызмат кылуучулар жана синедриондогулар» да, Бараббаны бошотуп берүүнү талап кылган «эл» да бар эле (Мт. 26:59—65; 27:1, 2, 20—22).

Жкн. 20:17 — Ыйса эмне үчүн магдалалык Мариямга: «Мага колуңду тийгизбе»,— деген? Грек тилиндеги түпнускадагы, адатта, «кол тийгизүү» деп которулуп жүргөн этиш «жармашып алуу, акидей асылып алуу, этектөө, катуу кармап алуу» дегенди да билдирет. Андыктан бул жерде Ыйса магдалалык Мариямдын жөн гана кол тийгизип коюшуна каршы болгон деп божомолдоо акылга сыйбайт. Себеби Ыйса башка аялдар «бутун кучактай жыгылганда» каршылык көрсөткөн эмес (Мт. 28:9). Мариям Ыйсаны ошол замат асманга көтөрүлүп кетсе, экинчи көрбөй калам деген ой менен катуу кармап алган көрүнөт. Ошондуктан Ыйса өзүнүн асманга дароо көтөрүлүп кетпээрине Мариямды ишендирген жана көп жармашып турбастан, анын тирилгенин элчилерине кабарлап барууну тапшырган.

Биз алчу сабактар:

Жкн. 12:36. «Жарыктын балдары» же жарык алып жүрүүчүлөрдөн болуу үчүн биз Кудай Сөзүнөн — Ыйык Китептен — так билим алууга тийишпиз. Андан соң алган билимибизди башкаларга рухий караңгылыктан Кудайдын жарыгына чыгууга жардам берүү үчүн колдонушубуз керек.

Жкн. 14:6. Ыйса Машайакты четке каккан адам Кудайдын жактыруусуна ээ боло албайт. Ыйсага ишенип, анын жолун жолдогондор гана Кудайга жакындай алат (1 Пет. 2:21).

Жкн. 14:15, 21, 23, 24; 15:10. Кудайдын эркине баш ийсек, Анын жана Уулунун сүйүүсүнөн ажырабайбыз (1 Жкн. 5:3).

Жкн. 14:26; 16:13. Жахабанын ыйык руху бизге «баарын үйрөтөт» жана окугандарыбызды эсибизге салат. Чындыктарды да ачып берет. Демек, анын жардамы менен биз билимге, даанышмандыкка, түшүнүккө ээ болуп, туура баа бере билүүгө жана ой жүгүртүүгө үйрөнөбүз. Ошон үчүн биз талыкпай тиленип, ыйык рух сурай беришибиз зарыл (Лк. 11:5—13).

Жкн. 21:15, 19. Ыйса: «Мени буларга [балыктарга] караганда көбүрөөк сүйөсүңбү?» — деп сурашы менен Петирге убактысын толугу менен балык уулоочулук кесибине эмес, аны жолдоого жумшашы керек экенин түшүндүргөн. Инжилдеги билдирүүлөр бизге да кызыккан нерселерибизге караганда Ыйсаны жакшы көрүүгө чечкиндүү болууга түрткү берет. Ооба, баарыбыз Ыйсаны жолдоого мындан ары да бүт жүрөгүбүз менен умтулалы.

[31-беттеги сүрөт]

Никедимден эмнеге үйрөнүүгө болот?